Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 9880
«Ата-Журт» мекенчил саясий партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев менен маектин экинчи бөлүгү
 
- Абакта жатканыңызда Атамбаев менен соодалашканыңыз чынбы?
 
- Эч ким менен соодалашкан жокмун. Президенттен башкасынын баары жолугуп турушту. Азыр ойлоп көрсөм, алардын пайдасынан зыяны көп болуптур. Абакта мага кандайдыр бир күч колдонуу болгон жок. Мени кыйнап, сындырып, жок кылууну көздөшкөн жок. Мына ушул жагынан Атамбаевдин колдоосу сезилип турду. Эгерде мен бул сөздү абакта жатканда айтсам, “аа кошоматтанып, чыгып алууну ойлоп жатыптыр”,- десеңер болот. Муну мен азыр баары бүткөндө айтып олтурам. Кудайдын алдында да муну айтып коюу парз. Абакта жатканымда Атамбаевдин атынан салам айтып, “сынбай, тагдырга жазылганды көтөрүп, башын бийик кармап олтурсун, мыйзам алдында ак болсо акталып чыгат, күнөөсү болсо камакта калат”,- дегенин айтышты. Бул жагынан президенттин моралдык колдоосу сезилди. Ал эми саясий жактан Атамбаев мени тегерегиндегилерге талатып, көмгөнгө толук шарт түзүп берди. Кол алдындагы прокуратура, сотторго басым көрсөтүп, саясий буйругун аткартты. Биздин бийликти басып алуу боюнча күнөөбүз далилденбесе да, жасаган аракетибиз ээнбаштыктан ашыкча болбосо да саясий чечим чыгартып, мандатыбызды алып тынды. Ээнбаштык боюнча да 5 жылга камаса болот. Парламенттен уруксат алып, соттоп, андан кийин мандатымдан айрылтып, камашса – анда чындыкка окшошот эле. Булар бирөөнү сөгүп койсоң, сени “адам өлтүрүүгө аракет жасадың”,- деп соттоп ийип атпайбы. Булардын атайын оор берене колдонгондугунун сыры акыры Жогорку сотто билинди. Көрсө, аларга биздин мандат керек болгон экен. Саясий таасирибизди азайткылары келиптир. Аны да юридикалык таза чечимдин негизинде жасай алышпады. Мына ушул арам ишке канчалаган таза адамдарды аралаштырды. Себеби, тергөөчү, прокурор болгон ылдыйкы буйрукту аткарган катмардагылар аргасыз колдорун булгап алышты. Мына ушундай арам ишке барышканын бийликтегилер мыкты билет жана ал үчүн убагы келгенде жооп беришет.
 
- Жогорку соттун чечими даттанууга жатпайт. Эми акыйкаттуулукка кантип жетесиздер?
 
- Эми бул маселе бийликтин чоң баш оорусуна айланды. Чындыгында, бийликте олтургандардын баш оорусу 2010-жылы Бакиевди кууганда эле башталган. Ошондо эле Текебаев айткандай, алар күчтүү саясий каршылаштарын жок кылууну ойлоп, баштары каткан. Жеке мага карата азырынча убактылуу гана максаттарына жетишти. Өмүрбек Текебаев азыр чыгып сүйлөп атат, “мандаттарынын алынганы буларга сабак болду”,- деп. Мен жеке Текебаевден, же элди кайгыга салып, кыйнап, адамдардын канын агызган Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнөн сабак алгым келбейт. Элди мыйзамсыздыкка түртүп коюп, карап олтура берген адамдардан сабак албай эле койдум. Эми булар мени камаганда бир баш ооруга кабылса, мандатымды алышкандан кийин, андан бешбетер ойлоно турган проблемага кабылышты. Бийликтен кеткенче, кеткенден кийин да эми ушул баш ооруну кантип жоюуну ойлоп, анын кесепеттери эмнеге алып келерине да кыжалаат боло беришет. Мени камагандан кийин 2-3 күндө чыгарып жиберишсе баштары азыраак оорумак. Райондук сотко басым көрсөтпөй, адилет болгондо, баш оору ошондо эле токтомок. Райондук соттун судьясы акыры бир күн кандайча басым жасалгандыгын, кимдин буйругун аткаргандыгын айтып берээр. Акыры ушул Жогорку сотко барганда туура эмес кылып жаткандарына түшүнүп, адилет чечим кабыл алышканда бул баш оору болмок эмес.
 
Булар адашты, анткени, мандатыбызды алышса, саясаттан алыстап, тынчып каларыбызды ойлошкон. Кана анда тынчтык орноп кеткени? Мандатты бизге эл берген. Президент мени бир кызматка коюп, соттун чечими менен алып койсо иш башка эле. Бул жерде бийлик жүз миңдеген адамдардын намысын тебелеп жатат. Себеби, эл бизге добуш берип, өкүл кылып парламентке жөнөткөн. Дал ошондуктан, бизге мандатты кимдер жана качан кайтарат, ошол негизги маселе болуп турат. Мен бул маселенин кандайча чечилерин билбейм. Экинчи жагынан соттун чечимине ылайык, мен 10 жыл мамлекеттик кызматка келе албайт экенмин. А эл ушуга чыдайбы? “Камчыбек балабыз биз үчүн иштеп берет”.- деп он жыл күтө алабы? Эл чыдабай, эртең күзүндө же жазында бул маселени өзүнүн пайдасына чечип коюшса эмне болот? Мына, Кулов, Исаков, Булекбаев, Бекназаровдорду камашты эле, эл бир эле күндө бул маселени чечип койду го. Болбосо, булар деле азыр да бийликке келе алмак эмес. Азыр да дал ушундай өңүттө маселенин чечилишине ким кепилдик бере алат? Булар бизди тагылган айып боюнча күнөөбүздү толук далилдеп, 10 жылдан көп мөөнөткө камаса да башка иш эле, эл түшүнмөк. Бирок, оор берене менен 1,5 жылга кескени эмне деген шумдук? Ошончолук принципиалдуу экен, анда эмнеге Жогорку сот райондук инстанциянын бизге берген мөөнөтүн 1 айга кемитип койду? Буга эмне негиз болду? Ошончолукка баргандан кийин, райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, бизди дагы 1 айга камашпайт беле? Мен моралдык жактан буга даяр элем. Булар бизди камагандан коркушту да, саясий буйрутманын негизинде чечим кабыл алып коюшту. Бизди кайрадан камашса көрөт элем ким темир тордо, ким Ак үйдө олтураарын. Биздин элдин трагедиясы – калыс бийликтин жоктугу.
 
- Депутат Равшан Жээнбеков: “Эң кыйын деген да Акаев менен Бакиевдин бийлиги бир күндө урап түштү. Атамбаевдин бийлигинин андай күчү жок, түртүп койсоң жыгылчудай болуп турат”,- деп атат. Ушуга кошуласызбы?
 
- Туура, бул бийлик элдин ишеничин жоготту. Эл ичинде кадыр-баркы бар адамдар жакшылап түртсө оңой эле урап түшөт. Чын-чынына келгенде, менин да буга чама-чаркым жетип турат. Бирок, башында айткандай, бийликтин күч менен оодарууну каалабай турам, булар өз каалоосу менен кеткени жакшы. Атайылап ызы-чуу уюштуруу жагын колдобоймун. Эл адилетсиздиктен чарчаганын көрсө да улам бир балакетти алып чыгып, бийликке караштуу КТРК менен ЭлТР каналдары элди кыжырдантып бүтмөй болду. Же буларда мамлекетти биротоло ызы-чууга салып, талкалоо планы барбы? Ким билет?
 
- Камчыбек Кыдыршаевич, жеке сиз башыңызга оорчулук түшкөндө жүзүн буруп кеткен же тескерисинче күтпөгөн жерден өтө жакындан кол кабыш кылган адамдар болдубу?
 
- Менден жүзүн буруп кеткендер сейрек кездешти. Досторумдун, туугандарымдын, партиялаштарымдын же болбосо бирге иштешкендердин арасынан ачык мага артын салган адамды байкаган жокмун. Ошол эле кезде мен элимдин ысыкка күйүп, суукка тоңуп, тикеден-тике туруп колдогонуна абдан ыраазы болдум. Айрыкча Баатыр энелердин өз баласынан да көбүрөөк күйүп, кыздары, балдары урушса да болбой ачкачылык кармап, Бишкекке чейин акыйкат издеп келишкенин белгилеп кетким келет. Аларга башымды ийип, таазим кылам. Ошол эле учурда бизди чын дилинен колдоп, акыйкат сөзүн айтып жүргөн Жылдыз Жолдошевага өзгөчө ыраазы болдум. Андан тышкары мен Ширин Айтматовадан мынчалык бетке айтаар акыйкатчылдыкты күткөн эмесмин. Ш.Айтматова эки жолу гана сүйлөдү, бирок, өтө таамай, бешенеге ок аткандай айтты. Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков, Равшан Жээнбеков, Бөдөш Мамырова, Курманбек Осмонов, Исмаил Исаковдун колдоп, чын дилден күйгөнүн белгилеп кетким келет жана ыраазычылык билдирем.
 
Ошол эле учурда кээ бир саясатчылардын интригаларды жасашканын айтып коюу зарыл. Мен табиятымдан куулук-шумдукту, адамдарды чабыштырганды билбейм. Түз жүрөм. А бирок, саясатта бардык учурдан пайда тапкысы келген адамдардын тобу бар экен. Жеке максатын ишке ашырыш үчүн ар кандай сунуштар менен келишип, башымды айланткандар болду. Жада калса, “партияны өткөзүп бер, ошондо дароо чыгарабыз”,- дегендер болду. Айтор, бул сыноо мен үчүн чоң турмуштук сабак болду. Камакка алынганымдын зыянынан пайдасы көп тийди. Ички дүйнөмдө төнкөрүш болду. Көп нерселерге көз карашым өзгөрдү.
 
- Дагы бир коомчулукту кызыктырган суроо -  саясатта Сиз мындан ары ким менен болосуз? Айрыкча, көпчүлүгү сиздин саясаттагы досторуңуз А.Келдибеков, Садыр Жапаров менен мамилеңиздин азыр кандай экендигине кызыгышат...
 
- Мен бул маселени атайын саясий аналитиктер, серепчилердин талкуулай баштаганына таң калып олтурам. Ахмат экөөбүздүн мамилебизди атайын талдап жатышкандыгынан улам, “биз камактан чыкканча элдин турмушу оңолуп кеткен окшойт, Кыргызстанда башка талкууга ала турган маселе жок болгон соң”,- деген таризде тамашалап да жүрдүм. Чынында бул маселе көп адамдар үчүн актуалдуу, айрыкча, биздин саясий каршылаштар арабыз алыстап, бөлүнүп, алсыз боло түшкөндүгүбүздү күтүп олтурушат. Буга чейин да Ахматбек Келдибеков экөөбүздү канча жолу кайраштырышты. Канча ирет “ортосун кара мышык аралаптыр”,- деген маалыматтар чыкты. Бирок, ошого карабастан биздин мамилебиз үзүлбөй эле келатпайбы. Ахмат экөөбүз 30 жылдан бери доспуз, мынчалык узак саясатта тагдырлаш, өмүрлөш эч ким болбосо керек. Ошол эле кезде Садыр Жапаров менен да мамилем баягысындай эле. “Камчы дарбазадан секирип, Садырды уят кылып койду, ошондон кийин сүйлөшпөй калды”,- деген сөздөрдү да уккам. Ортого эмне от ыргытышпасын, ачык айтуум керек, биздин мамиле сууган жок. Эртеңки күнү кандай болорун мен азырынча айта албайм. Анткени, жыл өткөн сайын саясаттагы көз караштар да өзгөрөт экен. Ошого жараша эртеңки күнү Ахмат же Садыр менен эки башка партияда болуп калышыбыз да мүмкүн, аны Алаа Таалам гана билет. Ошондо да достор катары адамдык мамиле улана берет деген ишеничтемин.
 
Дагы кимдер менен биригип кетишим мүмкүн? Мен кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн күйгөн, түпкү улутубуздун өнүгүп-өсүүсүн каалаган ар бир саясатчы менен бириге алам. Мен саясатка байлык же бийлик үчүн келген эмесмин. Менин максатым – кыргыз улутунун келечегине кам көрүү. Менин ушул позициямды кимдер колдосо, алар менен саясатта досмун. Бириге алам. Эмнеге мен кыргыз улутун баса белгилеп жатам. Анткени, түпкү кыргыз улутунун кызыкчылыгы Кыргызстанда биринчи планга чыкпаса, эзели эч өнүкпөйбүз. Кыргызстанда жашаган башка улуттар кыргызга карап түздөнүшү керек, тилибизди билиши шарт. Өзүн сыйлаган ар бир өлкөдө ушундай саясат жүрөт.
 
- Ошол эле мезгилде, Камчыбек Кыдыршаевич, түштүктүк саясатчылардын биригип жаткандыгы тууралуу сөз тарады. Түштүктүн аксакалдары “силерди бирикпесеңер бирден сындырып бүтөт”,- деп тынчсызданып, биригүү тууралуу бир документке кол койдурганын уктук. Ушуга комментарий берсеңиз...
 
- Сындырып жаткан жок, бул кырдаал кайра бизди курчутуп атат. Жеке мени курчутуп алышты. Ал эми түндүк-түштүк маселесине келсек, бизде мындай түшүнүк болбошу керек. Менин президенттик программамда биринчи чече турган маселелердин катарында ушул маселе турат. Бул маселе кийинки президенттик шайлоодогу платформамда болот. Биз бөлүнбөшүбүз керек. Мен үчүн бир гана Кыргызстан түшүнүгү турат. Кыргыз улутунун, элинин кызыкчылыгы үчүн болсо бардык партиялар, саясий топтор, жеке саясатчылар менен биригүүгө барганга даярмын.
 
- Мына ошол Мадумаров, Келдибеков, Мырзакматов, сиздин ортоңуздагы келишимди “Атамбаевге премьер-министр болом”,- деп сиздин бузуп койгондугуңузду айтып атышат...
 
- Мен кызматка жулунган адам эмесмин. Жалдырап барып премьер-министрликти сурабайм. Ошончолук мансап кызык болсо анда депутаттык мандатымды баарынан бийик коюп, учнукпай, Ак үй менен сүйлөшүп алып, тынч жыргап жата бермекмин да. Мага тийешелүү канча ушак жүрүп жатат. Андайларга маани бербейм.
 
- “Ата-Журт” партиясынын, фракциясынын келечеги эмне болот?
 
- Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясындагы абал жалпы парламентаризмдин абалындай. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, бизде башмыйзамга ылайык парламенттик башкаруу болгону менен, иш жүзүндө бийликтин баары бир кишинин колуна топтолуп калды. Азыр Жогорку Кеңештин ээси да ошол киши. Ошонун айынан чыныгы парламенттик башкаруунун даамын тата албадык. Айтып коюу шарт – азыркы “ата-журтчу” депутаттар кантип келгенин унутпасын. Элдин кызыкчылыгы үчүн иштеш керек. Өздөрү канча күчтүү личность болбосун, алар эл “Ата-Журт” колдобосо келе алышмак эмес. Мына ошол жагын эске алып, фракцияны ким жетектей тургандыгы тууралуу маселени “Ата-Журттун” саясий кеңеши жакында талкуулайбыз. Ошол депутаттардын арасынан бирин көрсөтөбүз. Партия менен фракциядагылар эсептешпесе, каршы чыккан “ата-журчту” депутаттар катарыбыздан чыгарылат. Ал эми жалпы партиянын келечеги тууралуу сөз кыла турган болсок, мен анын төрагасы катары ишти күчөтөм. Алла Таалам атайын “Камчыбек, ушул бийликтен, парламенттен алыстап, элиңе жакыныраак бол”,- дегендей мүмкүнчүлүк берип жаткан окшойт. Мен элден чыккан адаммын, анын ичинде болом. Мурда убакыттын тартыштыгынан бара албаган жерлерим болсо бүт кыдырып чыгам.
 
- Кыргызстандын ушу таптагы тышкы саясаттагы позициясы түшүнүксүз болуп жатат. Бийлик өз алдынча чечим кабыл ала албай калды.
 
- Туура айтасыз. Бирдеңке болсо эле “эми Россия бийликти алмаштырат” же “АКШнын жинине тийип алды”,- дей берип, элди коркутуп бүттүк. Ошондуктан, баарынан мурда биз Кыргызстандын өзүнүн башкаруу моделин курушубуз шарт. Чечим кабыл алууда башка өлкөлөрдүн кысымына, басымына кабылбаш керек, аларга теңата болсок гана ийгилик болот. Мурунку президенттер бирде коңшулаш мамлекеттердин, бирде АКШнын таасиринен чыга албай, көп зыяндуу келишимдерди түзүп алган. Анын запкысын азыркы бийлик тартканы аз келгенсип, булар ага кошумча дагы кыргыздын кызыкчылыгына туура келбеген чечимдерге барып алышты.
 
- АКШнын авиабазасын азыркы бийлик да чыгара албай убара тартып жатат...
 
- Акаев айтып атпайбы: “АКШнын базасын чыгара албай, аргасыздан Россияныкын да алып келгенге туура келди”,- деген тейде. Анда ушундай маселелерди чече албагандан кийин бизге президенттин эмне кереги бар? Ал адам Кыргызстандын кызыкчылыгын талап кыла албаган бир байкуш марионетка турбайбы. Азыр да ошол саясат уланууда. Минтип олтурсак, жакынкы келечекте Кыргызстандын президентин Москва, Вашингтон же Пекин шайлап калат.
 
- Камчыбек Кыдыршаевич, өкмөт сиздердин митингден кийин “Кумтөр” менен сүйлөшүүгө барды. Азыркы күнгө чейин бул маселе чечиле элек. Деги эле азыркы бийликтин “Кумтөр” маселесин чечүүгө эрки жетеби? Анан да кыргыздарды негрге, маймылга теңеген канадалык инвесторлор менен кантип иштешүүгө дитибиз барат мындан ары?
 
- Булар да кыргызды басмырлап көнүп алышкан. Бул инвесторду биз кетиришибиз керек да, толук мамлекеттин энчисине кайтарып алуубуз керек. Сотко береби, коркпой, ушуга барбасак, өзубүздүн алтынга өзүбүз ээ боло албай жүрө беребиз. “Кумтөр” кыргыз элиники, а биз тескерисинче канадалыктарга жалдырап, өз байлыгыбызга ээ боло албай жатабыз. Бул маселени чечүүгө азыркы өкмөттүн дарамети жетпейт. Бийликтин да эрки чамалуу. Болбосо, башынан эле “Кумтөр” боюнча митингдер өтүп атат, депутаттар камалып атат, реакция жасап, аны чечүүгө кам көрүшмөк. Атамбаевдин позициясы да табышмактуу. Эгер ал да унчукпай олтура берсе, эл ичиндеги “ал дагын “Кумтөрдөн” пара алып коюптур”,- деген ушактар чындыкка айланып кетет.
 
- Ал чындыкка айланганча башка “чындык” пайда болуп кетти го. КТРКдан Жети-Өгүздөгү митингди уюштуруучулардын сүйлөшкөнүн көрсөтүп, “Кумтөрдөн” 3 миллион доллар пара талап кылышканын, артында Ташиев менен С.Жапаров тургандыгын кыйытышты. Эми сиздерди да суракка алат экен. Бул сиздерди кайра камоо үчүн ойлонуп чыгарылган иштей кабыл алынууда.
 
- Мен бул балдарды таптакыр тааныбаймын. Сүйлөшкөн да эмесмин. Бул видеотасманын азыр жарылып жатканына караганда, бийлик дагы бир балакетти баштайт өңдөнүп калды. Ташиев, Жапаров, Мамытовдун аты менен коркутууга өтүп алышты. Ошол Жети-Өгүз окуясын балким бийлик өзү уюштурган чыгаар. Атайын абалды курчутуп кандалыктарды сүйлөшүүгө келтирүү максатында. Себеби ага чейин канадалыктар азыркы өкмөттү “пыш” деп мышыкты куугандай мамиле жасап коюшкан. Ошондуктан, бул тасманын толук провокация экендиги көрүнүп турат. Бийлик минтип мышык-чычкан ойной берсе эртең кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши ыктымал.
 
- Сиздер камакта олтурган маалда криматалык Азиз Батукаевди түрмөдөн чыгарып, кызыл килем төшөп, аэропорттон узатып коюшту. Муну кандай кабыл алдыңыздар?
 
- Бир бандиттин атынан чоң чуу жаралып, өз ара ичегибизди чукуп олтуруп, бүт дүйнөгө шылдыңыбыз чыкты. Мен үч нерсени белгилеп коюшум керек. Биринчиси, Батукаевдин чыгышы менен кыргыздын намысы тебеленди. Кыргыздардын кулагын кесип, кыйнап өлтүргөн бандитти чыгарып койдук сый-урмат менен. Экинчиси, азыркыга чейин “ажонун макулдугусуз мындай иштер жасалышы мүмкүн эмес”,- деген сөздөргө чекит коюла элек. Катыштыгы жок экендигине ишенейин десең, парламентте бул операцияга катыштыгы бар адамдарды аты-жөнү так аталса да жазалаган жок. Мага камакта жатканда жакындарынан айттырыптыр, “Камчыга айтып койгула, менин Батукаевдин чыгарылышыга тийешем жок”,- деп. Ишенейин эле дейм, бирок көп суроолордун түйүнү чечилбей калды. Үчүнчүсү, башпрокурор Аидса Салянова парламентте Батукаевге адвокат болуп, анын чыгарылышын мыйзамдуу деп атады. Ошол эле мезгилде кыргыздын, элдин маселесин көтөргөн үч депутаттын камакта жатканын ойлоп койбоду. Биздин олтурганыбыз да, Батукаевдин чыгарылып кетиши да мыйзамдуу боло береби? Логика каякта? Мен ушуну ойлоно албаган Саляновага аң-таңмын. А президент дагы деле унчукпайт.
 
- Атамбаев Жалал-Абадка барганда элге: “Жогорку соттун чечимине чейин менин колумдан эч нерсе келбейт. Андан кийин гана кийлигишсем болот. Ошондо мен акыйкаттуулуктун орношуна кол кабыш кылам”,- дегендей убада берген. Учурда жалал-абаддыктар Атамбаевден ошол айкөлдүгүн күтүп, сиздерди актап, мандатыңыздарды кайтарып берүүсүн талап кылып жатыптыр. Мындан кабарыңыз барбы?
 
- Мен Атамбаевдин бул сөздөрүн уккам. Абакта жактканымда да ушундай негиздеги сөзүн айттырган. Бирок, мен ага “айкөлдүгүңдү көрсөт”,- деп эч качан жалдырап барбайм. Бул менин принцибиме туура келбейт. Жалал-Абадка жакында эле барып келдим. Чынында абал өтө оор. Ош, Баткенде да ушундай. Жер-жерлерде атайын биздин укугубузду коргоп, талаша турган комитеттер, топтор түзүлө баштаптыр. Алар активдүү аракетке өтүүгө камынып жатышат. Жеке мен аларды токтотуп, мыйзамдуу жолдон чыкпоого үндөп жатам. А бирок, эл: “мандатты сага биз бергенбиз, алардын эмне тийешеси бар эле, кайтарып берсин, болбосо көрсөтөбүз”,- деп турушат. Ошондуктан, эл өзү эле бул маселени күтүп олтурбай чечип коюшу мүмкүн. А акталуу боюнча, бул убакыттын иши. Кудай буюрса ал күн да келет жакында.
 
- Атамбаев Нарынга барып сүйлөгөндө сизди “Камчы менин иним болот, өзу жакшы бала, бирок, кээде ушинтип бир иш жасап алып, атынан ойлонуп калат. Адам деген биринчи ойлонушу керек”,- деген эле. Нарын, Талас элин кордоп өткөн. Ушулар тууралуу эмне ой айта аласыз?
 
- Буга таң кылыштын кажети жок. Алмазбек Шаршенович менен мамилебиз жакшы, үйүнөн эчен жолу даам таткам. Андан кичүү болсом албетте иним дейт да. Бирок бул адамдык гана мамиле, жеке инсан катары адмгерчиликтүү киши, а саясатта башка. Саясатта ал жанындагы кошоматчылардын сөзүн угат. Ким жанында жүрсө, ошолордун тилинен чыга албай жатат. Ажо катары ал жанындагыларды жазалап, чындыкты айткан адамдарды топтобосо – келечеги кыйын болуп калды. Ал эми Нарын, Талас эли жолу айттыңыз. Мен Таластык туугандар тууралуу кебин уктум. Анын айтканы туура эмес. Таластыктар кыргыздын туу көтөргөн эли. Адилеттүүлүктү туу тутуп аздектеген баатыр эл. 2010-жылы Ошто тополоң башталганда да, түштүктүк туугандарга ушу таластыктар барышкан. Нарындын элин да сыйлайм. Эгер билсеңиз, мен президенттик шайлоодо ушул Нарындын Жумнал районунун Арал айылына барып добуш берген болчумун.
 
- Садыр Жапаров мындан ары бизнес менен алектенерин жар салыптыр? Сиз эмне кыласыз? Үй-бүлөнү багыш керек дегендей...
 
- Ачык айтайын, мен бизнес жасабайм.  Буга чейин ак ниетим менен тапкан байлыгым жетишет. Ошол үй-бүлөмдү бакканга жетет. Мен саясаттан кетпейм. Партиянын төрагасы катары “Ата-Журтту” күчөтүп, бекемдөө үчүн бардык аракетимди кылам. Кыргыз элимдин ишеничин актап, келечегине кам көрөм.
 
Маектешкен
Нургазы Анаркулов
Булак: "Майдан.kg" гезити, №33, 11.09.2013-ж.