Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жасалма айыптар тагылып, мыйзамсыз  кылмыш иши козголуп, анын жайынтыгында дээрлик 9 ай бою камакта олтурду. Бишкек шаардык соту “ата-журтчу” үч депутатты актоо чечимин чыгарганы менен, Жогорку сот бийликтин ырын ырдап, Ташиев, Жапаров, Мамытовду күнөөкөр таап, 1,5 жылга соттоо менен аталган эл өкүлдөрүнүн мандатынан ажырашына жол ачып берди. Мына ушул чуулгандуу сот иши, деги эле өлкөдө болуп жаткан саясий процесстер тууралуу Камчыбек Кыдыршаевич көп убакыт тыныгуудан кийин бүгүн гана ооз ачып, айтып берип олтурат. 
 
- Камчыбек Кыдыршаевич, акыркы кездерде, тагыраагы, шаардык соттун сиздерди, үч депутатты актагандан кийинки басма сөз жыйынынан бери дайыныңыз билинбей кетти. Дегеним, бир да басылмага маек бербей, маалымат каражаттары менен байланышуудан баш тартып келесиз. Ушундан улам да, “көрсө Ташиев абактан саясат тууралуу ооз ачпоого убада берип гана бошоптур”,- деген ушактар пайда болду. Минтип саясий аренадан четтей түшкөндүгүңүздүн себеби эмнеде?
 
- Бишкек шаардык сотунун чечими үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда чыккан. 19-июнда шаардык соттун адилет чечиминен улам азаттыкка чыккан үч депутат -  Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана мен биргелешкен маалымат жыйынын өткөздүк. Ошондон бери сиз сурооңузда белгилегендей, мен бир да электрондук, басма, телерадиого маек берген жокмун. Анын эң негизги себеби, мен бул иштин эмне менен аяктаарын күттүм. Анан, асыресе, мен өзүн эптеп эле актап-жактап, улам болбогон бир шылтоо менен элге көрүнүп, арзан саясий упай топтогон саясатчылардын катарынан көрбөйм. Буга чейин деле айткан сөзүмдүн өтөөсүнө чыгып жүрөм. Гезит беттерине, телеге элге айта турган конкреттүү сөзүң болсо чыгышың керек. Ал кезде биздин иш Жогорку сотко өтүп, анын кандай бүтөөрү белгисиз болчу. Ошондуктан, алдын-ала көзү ачыктык кылып, кийин ал божомол туура эмес чыгып калса, элге эмне деп жооп берем? Ошондуктан, кеп качканда эмес, мен ачык суроолордон эч качан качкан эмесмин. Кыргызстанда саясий, экономикалык, социалдык турмушубузду оң жагынан чагылдырган мыкты журналисттер бар, мен алардын эмгегин ар дайым сыйлайм. Бирок, ошол эле кезде бөйрөктөн шыйрак чыгарып, кайсы бир топтордун буйрутмасын аткаргандар да бар. Мына ошолор аркылуу бир топ саясатчылар, бийлик адамдары менин позициямды алдын-ала билүүгө аракет жасашты. Провокациялык мүнөздөгү, сиз мисал келтиргенден да катуу кептерди чыгарышып, мени ачыкка чыгарууга жакшы эле аракет кылышканы сезилди. Менин өзүмдүн деле жакындарым, партиялаштарым, санаалаштарым: “сизди шыбап атат, жообун бербейсизби”,- деген учурлар болду. Бирок, мен биздин иштин акырында кантип чечилерин билишим керек болчу. Мына азыр ошол тыныгууну бузуп, сиз белгилегендей, абактан чыккандан кийин биринчи ирет ачык маекке макул болуп олтурам. Менде деле айта турган көп сөздөрүм бар. Ошол кебимди бурмалабастан, элге туура жеткизериңиздерге ишенем.
 
- 2010-жылы бийлик алмашкандан берки саясий карьераңызда ушуну менен экинчи ирет жеңилүү ызасын тарттыңыз. Биринчиси, 2011-жылкы президенттик таймашта (анын кандай өткөнүн эл жакшы билет), экинчиси 3-октябрдагы окуя боюнча кайрале бийлик менен күрөштүңүз. Жыйынтыгында экөө тең сиздин пайдаңызга чечилген жок. Ушундан улам саясаттан тажагандай, чарчагандай ой сизде пайда болгон жокпу?
 
- Азыр ойлосом, мен 2010-жылдан бери куугунтукка дуушар болуп келатам. Убактылуу өкмөт келген күндүн эртеси ушул азапты мойнума илдим. Ошол кезде бийликти басып алган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүнүн карапайым калк арасындагы кадыр-баркы жоктугун билген. Ошол себептүү да алар өздөрүнүн саясий каршылаштарын ар кандай аракеттер менен жок кылууга кызыкдар болушкан. Жеке менин мурдагы иштеримди канча ирет текшеришти, болбой калганда ойдон ар кандай жалааларды чыгарышып, ошонун арты менен камаганга аракет жасашты. Жакындарымды, санаалаштарымды, досторумду куугунтукка алып, кыйнашты. Салыштырсак, биз өтө ашкере тоталитардык коом курганы үчүн айыптап жүргөн экс-президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин тушунда да мынчалык бир адамдын артынан сая түшүшкөн эмес. Ошондуктан менин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен мамилем түзүлбөй келе жатат. Алар менен мамиле түзүүгө менин ички дүйнөм да жол бербейт, анткени, мен принципиалдуулукту, акыйкаттуулукту, чындыкты баарынан өйдө коём. Буларга окшогон апрель окуясы учурунда 80ден ашуун, Ош окуясында 500дөй адамдын өлүмүнө алып келген, түштүк коогалаңында миңдеген адамдарды ден-соолугунан ажыраткан, үй-жайсыз калтырган, ошого мамлекетти башкара албай себепкер болгон адамдарга мамилелеш болуу менин принцибиме туура келбейт. Элди башкаруу вазийпасын колго алып, мамлекетти оңдоого сөз берип алышып, жыйынтыгында кайгы-муңга салып, жаман ахыбалга алып келген адамдарга эч качан ынак боло албайм. Ошондуктан мен буларга каршымын, оппозициядамын. Аягына чейин ушунумдан кайтпайм. Ооба, парламенттик шайлоодон кийин биз булар менен бир коалицияда болдук. А бирок, ал биздин чечим болгон жок, муну ошол эле бийлик башында олтургандар бизге таңуулаган. Бир чети башыбыздан өткөн оор сыноолордон кийин акылдарына келгендир, эми элди ойлоп иш алып бараар таризинде сокур ишенич болгон. Фракция коалицияга кирген менен, мен өзүм оппозицияда болуп, ишмердүүлүгүмдү токтотпой, болгонун болгондой айтып келдим. Жыйынтыгында, 1 жыл чогуу коалицияда туруп, эч нерсе өзгөрбөгөндүгүнө көзүм жетти. Биздин кадрлар бир катар министрликте турган менен, алардын баары Ак үйдүн көрсөтмөсү менен иш алып барууга аргасыз болушту. Бул иш азыр дагы уланып жатат, элди эстен чыгарып коюшту. Мен ошону ачык айтып жатам. Болгон күнөөм ушул. Мына ушул бетке айтканымды кечире албай, канча ирет жок кылууну көздөштү, а бирок, мен бармын, күрөш уланып атат.
 
Мына сиз президенттик шайлоо тууралуу белгилеп кеттиңиз. Мен ал жарышка биринчи ирет катышып жаткан адам катары бул шайлоолор мурункудай ириген-чириген система менен эмес, эл өзү каалаган лидерин тандай ала турган шартта өтөөрүнөн үмүттөнгөм. Анткени, шайлоонун адилетсиздигин булар да баштарынан өткөзүшкөн болчу. Жалпы эл да ушуну күткөн. Жыйынтыгында, бул президенттик жарыш мурда болуп көрбөгөндөй ыплас технологияларды колдонуу менен аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясын Туйгуналы Абдраимов жетектей берсе, мындан кийин да ушул ыплас технология уланат. Акыркы мисалы Кара-Суудагы шайлоо. Т.Абдраимов Акаевге да, Бакиевге да кызмат кылган. Бакиевге президенттик күбөлүктү кандай тапшырган болсо, Атамбаевге да тапшырып олтурат. Мындан улам, эл ичинде “Абдраимов күбөлүк тапшырган президент аягына чейин иштебейт”,- деген сөздөр чыгып олтурат. Менде бул президенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу айныгыс фактылар турат. Сотко алып барсак, кайрале бийликтин кысымы менен аны кабыл албай коюшкан. Президенттик шайлоонун жыйынтыгында бийликке эл каалаган адам келбей калды, мына ошондуктан да мамлекет жакшылыкка келбей жатат. Жалпы журт колдогон, тандаган лидер келген болсо, бат эле өнүгүү жолуна түшүп кетмекпиз. Менин ал шайлоодон жеңилип калышыма ошондуктан бийликтин бир жагынан, экинчи жагынан акчанын кысымы таасир тийгизди. Бул жагынан мамлекеттик ресурс каршы турса, башка жагынан бир талапкер башка жактан келген миллиондорун чачып жүрдү. Азыркыга чейин мен таптазамын жана кедеймин деген адамдын бул акчаларды кайдан жана эмне максат менен алып келип чачып, добуштарды сатып алгандыгына эч ким кызыкпай келатат. Эки жактан ушундай чоң кысымга кабылсак да, элимдин гана таза ой-тилеги, колдоосу менен акырына чейин бардым. Мен бул шайлого катышканыма өкүнбөймүн. Келечекте дагы деле президенттик жарыштарга чыгам жана элдин колдоосу менен жеңип чыгаарыма ишенем.
 
- Cиз Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн куугунтугу тууралуу айттыңыз. Буга биринчи учурда кимиси кызыкдар болгон?
 
- Мен айтып өткөндөй эле, мени камакка алуу, саясаттан чететтүү планы 2010-жылдын апрель айынан ишке ашырыла баштаган. Акыры алар бул кыялына акыйыкатсыз, ыплас соттун чечими аркылуу жетип олтурушат. Мен биринчи жолу азыр сизге айтып олтурам: Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бийлик алмашаар замат эле Камчыбек Ташиевди камаш керектиги тууралуу маселе койгондугун өзү айтып берди. “Мен бир топ жолу Ташиевди камагыла деген маселени койгом. Бирок, биз башка иштерге алагды болуп олтуруп, силерди камаганга үлгүрбөй калып, депутат болуп кеттиңер, эми качан ыңгайлуу убакыт болоорун күтүүгө туура келип жатат”,- деп агынан жарылган. Бул маселени коомдук ишмер Азимбек Бекназаров да тастыктап бере алат. Акыры булар ушул максатына жетишти. Биз камала тургандай кылмыш жасаган жокпуз, эли-журттун маселесин көтөрмөкчү болуп ушул кырсыкка кабылдык. Болгону бул билйикке шылтоо керек болуп турган. Бөйрөктөн шыйрак чыгарышып, жасалма иш козгоп, соттоп, мандатыбызды алышты, Текебаев айткан план орундалды. А бирок, эң негизгиси, биз сынган жокпуз. Жеке мен сынган жокмун. Менин ички дүйнөм ушундай – кыйынчылыктар мени кайра курчутат. Мисалы, бычакты камырга салсаң мокойт, ал эми ташка салсаң курчуйт. Ошол сыңары, мени кыйынчылыкка салышкан сайын курчуп турам. Мүмкүн мен жакшы шартта жүрүп бийликке жетсем, азыркылардын бири болуп калмакмын. А азап-тозок менен көздөгөн максатыңа жетсең, анын кадырын жакшы билип каласың, ката кетирбей иштөөгө аракет жасайсың. Депутаттыкка аттанганда деле канча кыйынчылыктарды башымдан өткөздүм, үчүнчү жолу талапкерлигимди койгондо гана араң өтүп, депутаттыкка шайлангам. Бул окуя 2005-жылы болгон. Дал ошондуктан, мен депутаттык мандаттын кадырын жакшы билем. Мага депутаттык мандатты ар дайым эл берип келген, бүгүнкү күндө ошол эле элдин мандатын акыйкатсыздык менен тартып алып коюшту.
 
- Сиздердин камалышыңыздарга түрткү болгон, түз буйрук берип, башынан –аягына чейин көзөмөлгө алган адамдардын аттарын атай аласызбы? Бул адамдарга карата өч алуу сезими сизде барбы?
 
- Биздин камакка алынышыбызга эн биринчи учурда мамлекеттик бийлик системасы кызыкдар болгон. Башкача айтканда, баш-аягы көрүнбөгөн башаламан парламенттик башкарууну орноткон таасирдүү адамдардын колу менен жасалды. Мен бул кылмыш иши боюнча жалган күбө бергендерден баштап, жасалма юридикалык негиздемелерин түзүп берген, камакка алууга буйрук берген жана анын аткарылышын көзөмөлдөп турган 15 негизги фигуранттын аты-жөнүн тактап койдум. Фамилияларынын тушуна кандай роль ойношкондоруна далилдерди жазып, даярдап койгом. Мен өзүм табиятымдан жүрөгү кенен адаммын. Ошондуктан, өч алуу тууралуу ойлор жок. Бирок, алардын мыйзамдуу түрдө жоопкерчиликке тартылышына бүткүл күч-аракетимди жумшаймын, ал убакыт да келет. А эгер ошол адамдар (өздөрүн жакшы билишет) ушу тапта мага келип, көзмө-көз кылган катачылыктарын моюнга алып, кечирим сурай турган болушса, кечирүүгө даярмын. Мына ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланбай, убакытты өткөзүп жиберишсе өздөрүнөн көрүшсүн: мен мыйзам алдында катуу жазаланышына бардык аракеттерди көрөм. Азыркы мыйзамсыз иш-аракеттерине жараша моралдык да, юридикалык да баасын алышат.
 
- 3-октябрдагы окуялардын эмнеден келип чыкканы көп талаш жаратты. Сиздин Ак үйдүн дарбазасынан ашып түшкөнүңүздү ар кандай божомолдогондор бар. Бирок, эң популярдуу версиясы – сиздин чайыңызга кандайдыр бир дары кошуп койгону айтылууда. Анан да сиздерди Ак үйдөн кимдир-бирөөлөр: “жетекчилерден эч ким жок экен, ушундан пайдаланып бийликти алыш керек”,- деп күүлөгөнү жөнүндө сөздөр бар. Мунун канчалык чындыгы бар?
 
- Өмүрбек Чиркешович менен чай ичкенибиз тууралуу сөзгө акыркы чекитти коюп коеюн. Ооба, биз ал киши менен ошол күнү чай ичкенбиз. Болгондо да парламенттин залындагы жалпы бардыгы ичип жүргөн чайдан эле ичкенбиз. Ошондуктан, Текебаевдин чайга бир нерсе кошуп койгондугу жөн гана далилденбеген ушак сөз. Ал эми бийликти алууга эч ким чакырган эмес. Деги эле биздин кыймыл-аракетибиздин түп-тамырында бийликти басып алуу тууралуу эч кандай ой болбогондугун түшүнүү зарыл. Биздин негизги максатыбыз – жалпы журтчулуктун көңүлүн “Кумтөр” маселесине буруу болгон. Өз аракетибиз менен бийликтин, бул маселе канча жолу көтөрүлсө да кайдыгер болуп, чечим кабыл алгысы келбеген депутаттардын көңүлүн бурууну көздөгөнбүз. Эгерде биздин жаман оюбуз болсо, ошого ылайык даярдык болушу керек эле го. Бизге тагылган 295-берене, “Бийликти күч менен басып алууга аракет”,- боюнча айта турган болсок, анда бул айып коюлган адамда үч негизги кылмыштын белгиси болуусу шарт: курал-жарактын бар экендиги, алдын-ала сүйлөшүүлөрдүн болушу жана ал адамдын бийликте турбашы. 3-октябрда бул шарттын бири да болгон эмес. Бир да мамлекеттик имараттын айнеги сынган жок, митингге чын жүрөгү менен гана, патриоттук духта эл чогулган, аларды атайын дайындап эч ким алып келген эмес жана колдорунда курал-жарак тургай, таш да болбогондугу сотто толугу менен далилин тапты. Мына ушул тынч маанайдагы адамдарга ок атып, күч колдонуп, кайра өздөрүн күнөөлүү кылып чыга беришти. Президент өз сөзүндө Путиндин, Каримовдун же Назарбаевдин бийлигин тартып алууга аракет кылышса абдан катуу жазага тартылаарып кыйытыптыр. Ажобуз өз бийлигине коркунуч жаралып жаткансып, эмнеге мынча коркуп жатат? Эмне, ошол күнү аянтта эл чогулуп, Атамбаевдин кетишин талап кылыптырбы? Президенттин дарбазасынын жанынан өтүп баратып, бир да адам ал тарапка кылчайып, карап да койгон жок го. Андай бир дагы сөз чыккан жок го. Чогулгандар бир гана “Кумтөрдү” эл пайдасына чечип берүү жагын гана талап кылышкан. Бийликти басып алууну азыркы бийликтегилер өздөрү деле сопсонун билишет. Буга чейин эки жолу бийликти басып алууну уюштуруп, башында жүрүшкөн. Анын кесепети жаман болорун билебиз жана жеке мен буларга окшоп, мындай арамдыкка барбаймын. Кайра тескерисинче, мамлекетибизде тынчтык болушуна жан үрөп келе жатам. Бир далили катары 2011-жылкы президенттин шайлоодон кийинки абалды келтирсек болот. Канчалаган адамдар шайлоого катыша албай, берген добуштары болсо бурмалангандыктан, эл толкуганы турган. Баарына даяр, чечкиндүү аракеттерге барышмак. Мына ошондо да мен өз амбициямды жыйып, элиме кайрылуу жасап, тынчтыктын зарылдыгын белгилеп, аларды токтотком.
 
- Шаардык сот менен Жогорку соттун чечими эки башка чыккандыгы эле күмөн саноолорду туудурат экен. Эмнеге эки чечимдин айырмасы асман менен жердей болуп калды?
 
- Мыйзам бардыгына бирдей болушу шарт, ошондо биз укуктук мамлекет боло алабыз. А бул жерде бир эле мыйзам судьялар тарабынан эки түрдүү колдонулду. Башкача айтканда, шаардык соттун судьялары ар-намысын, абийирин ойлоп, тарыхый иш жасап, адилет чечим чыгарышса, Жогорку соттун коллегиясы Ак үйдүн буйругун аткарды. Бул чечимди токуган судьялар убагы келгенде мыйзам алдында жооп беришет. Мына ушул чечимди чыгартууга мажбурлаган Атамбаевдин тегерегиндеги чиновниктерди да катуу жазага кириптер кылуу керек. Антпесе, ушул эле адамдар убагында Акаевди, Бакиевди, эми Атамбаевди аңга түртүп жүрүшөт. Кийинки президент келсе да булар сууга чөкпөй калкып чыгышат. Дал ошол себептүү, биз булардан арылбасак, азоо чалма интригалардын айынан мамлекет сазга тыгыла берет.
 
Жеке судьялар боюнча айта турган болсок... 2012-жылдын сентябрында Жогору сот судьяларын кайра шайлаганыбызда да бул адамдардын келишине каршы болгондор көп болгон. Бирок, биз булардын адилеттүү, калыс судья болушун тилеп, шайлаганбыз. Бирок, алар бул ишеничке суу септи да, бийликтин ырын ырдап чыгышты. Ар бир чечим кабыл аларда аталган судьялар жердештерин, айылдаштарын, туугандарын, бала-чакасын ойлошу керек болчу. Абийирин ойлошу зарыл, эртеңки күнү “атам ушундай адам эле”,- деп балдары башын жерге салып жүргөнү жакшыбы? Адилетсиз чечим чыгарып, бийликтен ар кандай сыйлык алышканын кантип мактанып чыгышат эми? Бизге карата адилетсиз чечим токуган судьялар акылына келип, азыр арызын жазып чыгып кетсе, адамдык сапатын сактап калат. Антпесе, турмушунда өкүнө турган жагдайларга көп тушугуп калышат деп ойлойм.
 
- Мына сиз, Камчыбек Кыдыршаевич, Атамбаевдин тегереги тууралуу айтып атасыз. Бирок, Кыргызстанда көп саясий чечимдер ажонун буйругусуз кабыл алынбастыгын коомчулук деле байкап калды. Муну сиз деле жакшы билесиз. Ошентсе да, эмнеге президент Атамбаевге чаң жугузбай жатасыз? Ачык айтса эмнеге болбосун: ал саясий каршылаштарын куугунтуктап, мандатын алып жатпайбы...
 
- Бетке чаап сындап, “кетсин”,- десең эле ал чындыкка айланып кетпейт. Ошентсе да, жеке мен президентти таптаза дегенден алысмын. Мамлекет башчысы кол алдындагы башпрокурор, кеңешчилери бул иш боюнча маалымат берип жатса, “кылмышы оркоюп көрүнүп калды, камайлы, ошондо сиз да саясий каршылаштарыңыздан кутуласыз”,- деген тейде былжыраса, ошону жакшылап тактап, териштирбегендиги чоң кемчилиги. “Силер 295-беренени колдондуңар, анда эмнеге 12-20 жыл бербедиңер”,- деп койгонго жарабагандыгы чоң кемчилиги. Мен ажонун түздөн-түз бизди камоо тууралуу буйрук берген-бербегенин так айта албаймын, бирок, калыс мамиле жасай албагандыгын белгилеп кетүү абзел. Ага таасир эткен саясатчылар дагы бар. Мына ошолордун сөзүнө да кирип алды. Калыс кебин айта албагандыктан, эл арасында кадыр-баркын, шайлоочулардын ишеничин жоготуп олтурат.
 
- Абакта жатканыңызда Атамбаев менен соодалашканыңыз чынбы?
 

(Камчыбек Ташиевдин ушул суроого жообун, мындан аркы кадамдары, саясаттагы достору менен мамилеси, тышкы саясат тууралуу ойлорун маектин экинчи бөлүгүнөн окуй аласыздар).

 

Маектешкен Нургазы Анаркулов