Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2918
Өткөндө президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн маегинде “күзүндө коррупцияга каршы күрөш күч аларын” жана “коомдук кырдаалды курчутуу аракеттери” болорун билдирген болчу. Ажонун бул сөзүн уккандар коомдук-саясий кырдаалды баягы эле “кара жащик” элге желмогуз көрсөткөн оппозиция курчутуп, массалык толкундоолорду уюштурарына ишене баштаган болчу. Бирок, “бомбаны” бийлик өзү жарып, кырдаалдын курчушуна өздөрү себепкер болгондугу эл ичинде терс реакция жаратууда.
 
Кеп “Атамбаевдин кара жащиги” катары таанылып бүткөн Коомдук канал дүйшөмбү күнү кечинде көрсөткөн тасма тууралуу болууда. Буга чейинки тасманы эске түшүрсөк, анда соттун адилетсиз чечиминен улам мандатынан ажыраган Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун “Кумтөр” компаниясынан 3 миллион доллар пара доолаган Жети-Өгүздөгү митингдин уюштуруучулары менен байланышы бар экендиги айтылган. А жума башындагы КТРК аркылуу таркатылган жаңы, атайын кызмат тарабынан тартылып алынгандыгы айтылган тасмада августтун аяк ченинде Соң-Көлдө өткөн жаштар курултайынын уюштуруучуларынын бири Эрлан Өмүралиев оппозициянын шумдуктуудай, жети уктасаң түшүңө кирбей турган пландары тууралуу кеп курган. Өзүн Эдвард Сноуден эсептеген Эрландын айтымында, оппозициянын бийликти кулатууга багытталган үч планы бар экен.
 
Биринчи пландын аты “Куакы” аталыптыр. Ага ылайык, оппозиция 8-9-10-сентябрда “Куакы” капыгайына 600-700 адамды топтоп, окуя орун алган жерге таш жана арматураларды алпарып, Бишкектен Нарынга жана Ысык-Көлгө кетчү жалгыз жолду буумакчы болуптур. Бул акциянын башында акыркы кезде акыйкат сөздөрдү сүйлөп, элдин колдоосуна ээ боло баштаган “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров турмакчы болгондугун тасмадагы кыргыз Сноудени айткан.
 
Экинчи план “Юппи” деп аталат. Балдардын сууга кошуп, даамдуу лимонад жасап ичкен “юпписин” кимдер билбейт. Оппозиция болсо уу кошулган “юппини” Нарын дайрасына куймакчы болуптур тасмага ишенсек. Башкача айтканда, эл талабын талашкан оппозициядагы саясатчылар атайын Нарын дайрасын ууга чылап, буга бийликти жана “Кумтөр” компаниясын күнөөлөөгө даярданып жатышыптыр.
 
Үчүнчүсү кандай план экендигин Эрлан “Сноуден” билбейт экен. Бирок, ал план берки экөөнөн да коркунучтуу болорун Өмүралиев божомолдойт.
 
Акылы тунук адамдар бул тасмада айтылган нерселер бийликтин жана атайын кызматтын “жомогу” экендигин дароо түшүнөт. Бутунун астындагы жер көчө баштаганын сезген бийликтин түшүнө кирбеген нерсе жок. Дал ошондуктан, Аликбек Жекшенкулов айткандай, бийлик элди келесоо ойлоп, мурунку режимдердин ыкмасын колдонгондон башка айлап таппай жатат. Оппозициянын тасма баяндаган пландарын “аткара тургандардын” бири – КСДПнын экс-депутаты, ИИМ тармагында кадыр-баркы жогору К.Кадыров өз булактары аркылуу Эрлан “Сноуденге” минтип журт кадырлаган адамдарды мазактап чыгып бергендиги үчүн Бишкектен квартира берүүгө убада беришкендигин билген. Мына, иттин өлүгү кайда көмүлүп жатат?!
 
Оппозицияны жаманатты көрсөтүү максатында мурда да дал ушуга окшогон ыкмалар колдонулуп келген. Бийлигин сактап калуу  үчүн Атамбаев деле катуу аракет жасап жатат. А бирок, эмнегедир анын ар бир аракети “ит жыгылышка” айланып, кайра тескерисинче, бийликке көө сүртүлүп калып жатат. Буга бир жагынан ажонун өзү себепкер, устаттары Акаев менен Бакиевден жакшы жагын гана үлгү кылып алса болмок да. А бул жалаң жаман жактарын үйрөнүп алып, анын натыйжасында карапайым калк жабыр тартып жатат.
Негизи бул бийликтин жомоктору түгөнбөй койду. Кеп болуп жаткан тасмага чейин деле бийлик акең ар кандай жөө жомоктор, куру убадалар аркылуу элдин курсагын тойгузууга аракет жасаган. Бирок, күн өткөн сайын кооз сөздөрдүн эл турмушун оңдоп кете албастыгы ачык-айкын боло баштады.
 
Башында айтпадыкпы, Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө катуу киришерин. Чындыгында, бийлик коррупцияга каршы күрөш шылтоосу менен, кайрале саясий каршылаштарына согуш жарылап, аларды алсыратуунун амалына жасоодо. Жакынкы айларда Ахматбек Келдибековго иш козгоп камакка алуу, Мелис Мырзакматовду Ош шаарынын мэрлигинен учуруу пландары да ачыкка чыга баштады. “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровго, “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловго карата кылмыш иштери “коррупцияга” каршы күрөш шылтоосу менен ачылганы турат. Кечээки белекке квартира алуу максатында гана чуулгандуу кабар таркаткан Эрлан “Сноуден” айтып берген маалыматка таянып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди кайрадан камоо сценарийи бар экендиги да билине баштады.
 
Бирок, жалпы кыргыз журтчулугу жомокчулардын иш-аракеттерин колдойбу? Ачыгын айтканда, бийликке карата элдин ишеничи капкачан төмөндөп, азыр карапайым калк чечкиндүү өзгөрүүнү күтүп калгандай. Буга “Саясат.kg” маалымат-аналитикалык порталы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы күбө. Ага ылайык, сурамжылоого катышкандардын 62,2 пайызы күзүндө кезектеги бийлик алмашууну, 21,6 пайызы парламенттин таркатылышын, 16,2 пайызы өкмөттүн кетишин күтүп жаткандыгын айтышкан. Башкача айтканда, калктын басымдуу бөлүгү бул бийликтен үмүт этпей, алмашышын гана күтүп жатыптыр. Ушундан туура жыйынтык чыгарып, бийлик жүзүн элге карай бурса эмнеге болбосун? Дагы деле кеч эмес го... А оппозициянын планы тууралуу жомоктор аркылуу бийлик болгону өзүнүн кетер күнүн жакындатары атпаса да түшүнүктүү.
 
Автандил Белеков
Булак: “Майдан.kg” гезити, №032 (114), 2013-жылдын 4-сентябры