Эл аралык иликтөө комиссиясы (макалада мындан ары англис тилинен кыскартканда – IIC) 2010-жылдын июнь айындагы түштүктө орун алган кайгылуу окуялар боюнча өз изилдөөлөрүнүн корутундусун коомчулукка сунуш кылды. Кызыктын баары ушул 100дөн ашык барактан турган документте экен...
Отунбаева бийлиги Батыровду кантип эркелеткен?
IIC отчетунда Отунбаева бийлигинин, тагыраак айтканда Убактылуу өкмөттүн эбепке-себеп болуп, чоң жаңжал быша баштаганын билип турушса да, толук кайдыгерлигин көрсөтүп, чатакты ырбата турган кадамдарды байма-бай жасаганы айтылган: “Бул окуяларга эки ай калганда бийликти колго алган Убактылуу өкмөт түштүктөгү этникалык мамилелердин начарлап кеткенине көңүл бурган эмес. Президент Отунбаеванын өкүмзордук аракеттери чектен ашкандыктан Убактылуу өкмөттүн аны токтотууга чамасы чарк болгону тууралуу билдирүүсү, анткен менен, бийликтин өз элин коргоо милдетинен бошото албайт. Июнда кагылышуу болору күн мурунтан божомолдонгондуктан, өкмөт буга жол бербөө максатында өзгөчө план иштеп чыгышы керек болчу”.
Отчетто Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракетине да баа берилген. Маселен, УӨтүн түштүктөгү атайын өкүлү Исмаил Исаков иш жүзүндө Ош шаарындагы жана Ош областындагы бардык күч түзүмдөрүн башкарып турган. Бирок, анын күч түзүмдөрүн так тапшырма берип, тартип орнотууда атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин жеткиликтүү айта албагандыгынан улам, коогалаңдын биринчи күндөрү абалды турукташтырууга шарт түзүлгөн эмес. Оштун коменданты Бакыт Алымбеков болсо укук коргоо органдарын көзөмөлдөө вазийпасын И.Исаковго өткөзүп бере салган, демек, тартипти орнотуу учурунда адам укуктарын коргоо милдетин аткарган жок.
Учурда бийликтеги коррупция тууралуу резонанстуу билдирүүлөр менен чыгып жаткан Кубатбек Байболов да Жалал-Абад облусунун коменданты катары өкүмзордукту токтотуу үчүн жетиштүү чараларды көргөн эмес. IIC белгилегендей, коменданттыктан башпрокурорлукка секирген Байболов жада калса түштүк окуясына байланышкан тергөө, куугунтуктоо чараларынын Кыргызстандын эл аралык укуктук милдеттенмелеринин алкагында жүргүзүлүшүн камсыз кыла албаптыр. Байболовдун Акман айылында губернатор Бектур Асанов менен даамдуу тамак жеп, эс алып жүрүп алганын жергиликтүү калк ушул кезге чейин айтып жүрөт.
Эл аралык комиссия коогалаң учурунда 20дай зордуктоо фактылары орун алгандыгын белгилеп, бийликтин бул жагдайга көңүлкош мамиле жасап келгенин сындаган. Мындай өкүмзордук жаңжал басаңдагандан кийин да улантылганы айтылат.
IIC былтыркы кандуу окуялардын башаты майдагы Жалал-Абаддагы тополоңдо жаткандыгын белгилеген. Эсиңиздерде болсо, 13-майда экс-президент Бакиевдин жактоочулары толкуп, областтык администрацияны ээлешип, Кошбай Масировду элдик губернаторлукка олтургузушкан. Буга УӨ даяр болгон эмес. Өздөрүнүн күчү менен бийликти кайра алууга мүмкүн эместигин сезишкен үчүн, булар Кадыржан Батыров менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Каптагаев жана Бекназаровдун ошол кездеги өзбек диаспорасынын лидери К.Батыровго күнүнө бир нече ирет телефон чалып турушканы да отчетто жазылган. Акыры Батыров булардын талабына макул болуп, Жалал-Абад жана Ош областындагы өзбектерди мобилизациялай баштаган. 14-майда Батыровдун жактоочулары УӨнүн колдоочулары менен биригип, “бакиевчилерди” кууп чыгышкан. IIC эки тараптын тең куралчан болгонун белгилейт. Бул күнкү тополоңго 2 миңге чейин адам катышса, анын 30 пайызы өзбектер болгон. Ошол күнү Тейиттеги Бакиевдерге тийешелүү үйү өрттөлүп, кыргыздын туусу тебелендиде калган. Батыров бул окуяга тийешеси жоктугун айтып, актанганы да белгилүү. Ошентсе да, бийлик Батыровдун эмгегин баалап, ыраазычылык билдирген. Арийне, Батыровго колдоо көрсөткөнү үчүн бирдеңке убада кылынганын да божомолдосок болот. Жөнү-жок жерден башын тыга бергидей, аңкоо адам жок. Батыров да ошол сыңары, ар бир кадамын эсепке алган куйту киши.
Айтор, Бакиевдердин үйүнүн өрттөлүшү бийлик күткөндөн тескери эффект берген. Батыров канчалык актанбасын, Бакиевдердин ата үйүн өзбектердин өрттөгөнүн көргөн адамдар өтө көп. IICнин бул жагдайды эске албай, Батыровдун калпына ишенип алганы капалантат. Эмнеси болсо да, дал ушул факт эзелтеден ата үйүнө аяр мамиле жасап келген кыргыздардын наарзычылык сезимин ойготкон. 15-майда болсо Кадыржан Батыров бийликтин колдоосу, убадасына эреркеп кеткенби, өзүнүн Жалал-Абад шаарындагы университетинин алдына өзбектерди чогултуп, митинг өткөзгөн. Батыров өз сөзүндө шаардагы тартипти өзбектер гана орнотконун баса белгилеген. Ошондуктан, өзбектерге өзгөчө мамиле керек экенин айткан. Ошондой провокациялык кеп сүйлөп жатканда Батыровдун жанында губернатор Бектур Асанов бар болчу. Бу маалда Текебаев да Батыров менен байланышта болгонун көпчүлүк айтууда.
Батыровдун митингдеги провокациялык сөздөрүн ОшТВ, Мезон ТВ күнү-түнү көрсөткөн. IIC өз отчетунда, эмнегедир, “Ата-Журт” партиясынын бул провокациялык иш-аракеттерди токтотуу талабын бийликке койгонун белгилебептир. Эгерде бийлик коомчулуктун талабына көңүл бурганда, абал анчалык кагылышууга жетмек эмес. 17-майда 3 миңден ашуун адам Жалал-Абад иппподромуна чогулуп, Убактылуу өкмөттү от менен ойнобоого чакырышкан. Бул маалда Батыров, өзбек коомчулугу бийлик менен биргеликте, ипподромдогу чогулушту таркатуу менен алектенген. Анын эртеси ипподромго чогулган эл Батыровду, Ош ТВ, Мезон ТВ кожоюндарын улут аралык ынтымакка чок салуу аракети үчүн жоопко тартуу талабын билдирген. IIC бул окуяларды толук чагылдырган эмес. Отчетто, кыргыздар Батыровдун университетин талкалаганы, ал байкуштарга эч ким жардам бербей, сүрмөтоптон араң жанын аман алып калганы айтылат. А чындыгында, бийлик эл талабын укпай, Батыровдун таламын талашып туруп алгандыгы үчүн карапайым адамдар университеттин таш-талканын чыгарган. Ошондон кийин гана Башкы прокуратура Батыров баш болгон 5 өзбек лидерине кылмыш ишин козгогон.
Анткен менен, Батыров куйрук түйүп кеткенге үлгүргөн. IIC Батыров коогалаңды уюштурууга эң биринчи себепкер болгонун, акча каражаты, башка нерселер менен өзбектерди камсыз кылганын отчетто көрсөткөн эмес. Комиссия кыргыз тараптан кеткен күнөөлөрдү гана тизмектеп чыккандай. Айтмакчы, Батыровго козголгон кылмыш иши да өзү менен макулдашылышы мүмкүн. Болбосо, ал качан Кыргызстандан чыгып кетүүгө үлгүрүп калды? Же “Батыровду бийлик өзү чыгарып ийген”,- деген эл ичиндеги кептин чындыгы барбы?
Өзбектер начар жашаганбы?
Балээнин баары 80-жылдары башталганы белгилүү. Ошол кезде булар “Адолат” кыймылын тузүшүп, кыргыздар менен теңме-тең укукта болууну каалашкан. Анын жыйынтыгында 1990-жылы Ош окуясы чыккан. Бу чатактан кийин бийлик буларга жумшактыгын көрсөтүп, Өзбек маданий борборун ачкан, а анын филиалдары өзбектер жыш жашаган бардык аймактарда түзүлгөн. Чын-чынына келгенде, маданий борбор өзбектердин саясий жактан чыңалышына шарт түзүп берген. Бир күн болбосо, дагы бир күнү баары бир Ош окуясы кайталанмак.
Анын биринчи учкуну 2006-жылдын май айында башталган. Анда да Батыров өзбектерди уюштуруп, өз тилине расмий статусту талап кылган. IIC өз отчетунда өзбек улутундагылардан 1996-жылдан кийин бир да министр чыкпаганын белгилейт. Б.Фаттаховду болсо агенттик жетечиси гана болуп турганын айтышат. Комиссия өзбек диспорасынын кызыкчылыгын коргосо коргосун, а бирок, фактыларды бурмалап, Кыргызстанды шылдың көрсөткөнү кечиримсиз иш. Бизде Батыров, Мамасаидов, Салахутдинов, Абдуллаев, Хакимов, Сабировдон экөө ж.б. өзбек лидерлеринин депутат болуп турганы кимге жашыруун? Учурда да парламентте өзбек улутундагы депутаттар бир нече, Анвар Артыков баш болгон. Башка кызматтарда иштеп келген бул этностун өкүлдөрүн санабай эле коелу. Ошол эле учурда Өзбекстанда расмий маалымат боюнча 250 миң, а чындыгында 1 миллиондун тегерегинде кыргыз жашайт. Ал жактагы боордошторубуз кыргыз тилине расмий статус сурамак тургай, айыл өкмөтүнө башчы боло алышпайт. Кыргыз болуп төрөлгөн балдарынын улутун бийлик “өзбек” деп көрсөтсө да, чыдап келе жатышпайбы. Жашаган жердин тилин, мыйзамдарын сыйлоо ушунчалык болот. А биздеги өзбек этносуна бийлик жумшактык кылган сайын, төбөгө чыгып кетип жатышпайбы. Өзбекстанда мисалы, кыргы мектеп барбы? Жок. А Кыргызстанда ондогон өзбек тилинде окуткан мектептер, балдар бакчасы бар. Өзбек тилинде телеканалдар, гезиттер элге маалымат таркатууда. Ошондуктан, IIC өзбек этносунун укугун талашып, буларды бей-бечара кылганды койсо болмок. Улуттук азчылыкка түзүлгөн Кыргызстандагы шартты дүйнөнүн башка бир да мамлекетинен кездештире албайсың!
Ташиев, Келдибеков, Мырзакматов...
Эл аралык комиссия Бакиев кланынын түштүк окуясын уюштурууга тийешеси дээрлик болбогонун билдирген. Ошол эле учурда түштүк коогалаңын токтотууга чоң салымын кошкон Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековду, Ош мэри Мелис Мырзакматовду комиссия радикалдуу мүнөздөгү улутчул саясатчы катары айыптаган.
Ушул жерден эле эл аралык комиссиянын кимдердин ырын ырдаганы даана көзгө чалдыгат. Комиссия 750 окуянын күбөлөрү, 700дөн ашуун документ, миңдеген сүрөт жана видеотасмалардын негизинде тыянак чыгарганын айткан. А чындыгында, Ош, Жалал-Абадда окуянын чок ортосунда болгон адамдардын биринен да көрсөтмө алышпаганы көрүнүп турат. Себеп дегенде, кыргыздар мындай турсун, ошол өзбектер деле К.Ташиев, А.Келдибеков, М.Мырзакматовдун баатырдыгын көзгө сайып көрсөтүп беришмек.
Оштогу бир эле окуяны айтып берели. Автобекет. Кызуу кандуу сүрмөтоп өзбек улутундагы кемпирди, наристе кучактаган кызын курчап турат. Жаш энени дырдай жылаңачтап салышкан. Ошол учурда окуя болгон жерде Камчыбек Ташиевдин пайда болгонун, өзбек кемпирди кызы менен каардуу топтун арасынан сууруп чыгып, аман алып калганын өтө көп адам көргөн, видеотасмасы бар. Кыргыздар айткан: “Эй, Камчы аке, сиз билбейсиз да булардын бизди эмне кылганын! Кантип кордогонун! Кыздарыбызды зордуктап, тирүүлөй өрттөгөнүн”,- дешкен ошондо чогулгандар. А бирок, Ташиев сабырдуулукка чакырып жатып, булардын канын төгүүгө жол берген эмес. Мындай тынчтык миссиясын Ташиев, Келдибеков, Мырзакматов аткарып жүргөндө калганы кайда эле? Комиссия мактаган өзбек лидерлери эмне кылып жүрүшкөн? Сырттан бүлбүлдөп бараткан чокко от тамызып, тиктеп турушкан.
Жалал-Абадда кыргыздар Сузактагы өзбектерге кыргын салгысы келгенде да Ташиев өз өмүрүн тобокелчиликке салып жатып, миңдеген кыргызды токтотуп калган. “Кыргыз козголсо кылым козголот”,- деген кеп бар. Кыргызды оңою менен кызыта албайсың. Ашкере меймандос, момун калк. Ошол учурда кыргыздын жаны эмнеден кашайды? Себеби бирөө – тополоңду өзбектер баштаган. Биринчи күнү бейкүнөө жерден жүздөгөн кыргызды тишине чейин куралданган өзбек кыргынга алган. Буга далилдер жетиштүү болуп турса да эл аралык комиссиянын Батыровдун көз карашынан чыгалбаганы албетте өкүнүчтүү.
Булак: “Майдан.kg” гезити