Бүгүнкү кыргыз бийлигинин жүргүзгөн саясатын, жасаган ишин кай жагынан алып карабайлы, азыркы жана эртеңки кызмат ордун сактап калуу үчүн элди түндүк-түштүккө, уруу-урууга бөлүп-жаруу менен алектенгендиги сокур адамга деле көрүнүп турат., А.Атамбаевдин тегерегиндегилер “Ата-Журттун” үч депутатына (К. Ташиев, С. Жапаров, Т. Мамытов) кылдай күнөөсү үчүн тоодой айып тагып,бүтүндөй мамлекетти бир жыл дүрбөлөңгө салып, КТР сыяктуу бакма маалымат каражаттарынан “заказной” материалдарды чыгартып, элдин башын айландырып, мойнуна “соттолгон” деген каргы тагылган соң депутаттык мандатынан да ажыратып моокуму канды го деп ойлогонбуз.
 
Жок, андай болбоптур, кезек башкаларга да келиптир. Кийинки күндөрү бийликтин ырын ырдап, сөзүн сүйлөгөн кайсы гана гезитти окубагын, телеканалды көрбөгүн жалаң оппозицияны мокочо кылып “шыбаган” макалалар менен көрсөтүүлөргө күбө болосуң. Мындай акмачылык менен трайбализм керек болсо биз кубалап кетирген эки экс-президенттердин тушунда да болгон эмес. Бир чети 1937-жылды элестеткен мындай “репрессиянын” артында кимдер турат жана көздөгөн максаты эмне? Албетте, бийлик жана байлык. А.Атамбаев күнү, сааты бүтүп баратанын сезип жатабы, айтор, президенттиктик бийликгин сактап калуу үчүн кылбаган аргасы калбады. Эгер мындай эл менен мамлекеттин келечегине жасалган чыккынчылык токтобосо, анда Кыргызстан экиге бөлүнүп же жарандык кагылышуу чыгып кетиши мүмкүн.
 
Ооба, кылмыш кылган, пара алган адам сот жообуна тартылыш керек. Бирок Атамбаевдин тушунда камалгандар да жалаң саясый буйрук менен болуп жатпайбы. Бир эле мисал, кечээ сот КСДПнын депутаты Ирина Карамушкинанын автожол кырсыгына кабылып, бейкүнөө адамдар жабыр тарткан айдоочусун “кылмыш мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу” деп эки жылга шарттуу кести. Ошол эле учурда ушундай жол кырсыгынын себепчиси болгон “Ата-Журттун” депутатынын айдоочусу 11 жылга кесилди. Мына, сага Фемиданын адилеттиги жана калыстыгы!
 
Ал эми 44  жаштагы келечеги кең К.Ташиевди саясый аренадан “крит” кылуунун негизги максаты, аны дагы төрт жылдан кийинки шайлоого катыштырбоо экендиги жаш баладан кемпир-чалга чейин эле түшүнүктүү. Ошол эле учурда эл берген мандатты БШКнын колу менен алган бийликтин арамзалыгын баарыбыз эле билип турабыз. Азыр Ак үйдөгүлөрдүн тынчын алып, түн уйкусун бузган көйгөйлүү маселе кантип Оштун мэри Мелисбек Мырзакматовду кызматтан алуу, “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаровду саясый жактан “банкрот” кылуу, күчтүү депутат, оппозициянын лидерлеринин көрүнүктүүсү Ахматбек Келдибековду элге жек көргөзүү болууда. Ак үйдүн бул тапшырмасын бакма жана жалданма басма  сөздөгү кесиптештерибиз “ийгиликтүү ишке ашырышууда”.
 
Калыстык үчүн айтып коюубуз керек, эгер 2010-жылдын июнь окуясында Ош шаарын М.Мырзакматов жетектеп турбаса, түштүк борборубуздун тагдыры кыйын болмок. Ал жаштыгына карабай, ошондой беш жүзгө жакын адамдын өмүрү кыйылып, урандынын астында калган шаарды 2-3 жылдын арасында кайра бутуна тургузуп, керек болсо Бишкектен да кооз шаарга айландырып койду. Эгер Сулайман тоого чыгып, айланага көз жүгүртсөң, кадимкидей курулуш жүрүп, жолдор оңдолуп, өнүгүү жолунда бараткан шаарды көрөсүң. Жолдор кеңейип, мурдагы мэрлердин тушунда сатылып кеткен эс алуу жайлар, парктар кайра шаардыктардын энчисине кайтарылды. Мындан тышкары Ошко кире бериш босогосунда улуттук баатырлардын айкелдери тургузулуп. Кыргыз элинин духун бир топ көтөрүп койду. Эгер бүгүнкү бийлик адилет болсо, анда М.Мырзакматовду кантип жоготууну ойлобой,  ушундай мекенчилдиги, иштермандыгы үчүн “Эл Баатыры” наамын берсе болмок.
 
Ал эми дагы бир келечегинен көптү үмүттөндүргөн “Ата-Журттун” лидерлеринин бири Ахматбек Келдибековду эл душманынан бетер бийлик тарабынан каржыланган ММКлар биринен бири жарышып жамандашууда. Биз билгенден А.Келдибеков деларациясында кыймылдуу, кыймылсыз мүлкү тууралуу толук маалымат берген. Башка чиновниктер менен депутаттарга окшоп, ал “үйүм жок, машинем жок, квартирада жашаймын” деп каратып туруп калп айткан жок. Тилекке каршы кожоюндарынын буюртмасын аткарган айрым кесиптештерибиз ага ар кандай жарлыктарды тагып, ал тургай ыплас жолдорго чейин барышууда. Эмне үчүн ошол жазмакерлер башка да Кыргызстандагы байлар менен саясатчыларды мынчалык бутага алышпайт. Мисалы, ошол эле жомоктогудай заматта байлыкка жетишип, анын арты менен саясат жасаган КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековдун Бишкектин чок ортосундагы арак заводун арзан менчиктештирип алгандыгы тууралуу ооз ачып коюшпайт? Анткени ал бийликтин, президент Атамбаевдин көздөй кишиси, кол тийгис адам. Ал эми Ахматбек мырзанын эл арасында кадыр-баркы болгондуктан жана келечекте президенттикке татыктуу талапкер катары кимдир-бирөөлөрдүн тынчын алууда. Жакында эле Ысык-Көлдө автокырсыктан каза болгон 16 адамдын үй-бүлөсүнө барып көңүл айтып, ар бирине 5 миң сомдон жардам бергендиги да анын эң оболу адамкерчилик сапаты жана колу ачыктыгы. Аттиң, башка саясатчыларыбыз да ушундай каада-салтты билишсе кана.
 
Айрыкча “Ата-Журттун” депутаттары БШК тарабынан  мандатынан ажыратылган соң бул партиянын мүчөлөрү аябай кыжырданып, бийликке карата ансыз деле көк таштай калган ишеними ого бетер жоголду. Алар “Эмне үчүн биз шайлап, ишеним арткан депутаттардын мандатын БШК аркылуу бийлик тартып алат?” деген суроого жооп берүүнү бийликтен талап кылышууда.
 
Ошол эле учурда бийликтин партияларынын чыныгы жүзү күн сайын билинип, абийири аштай төгүлүүдө. Бул айтканыбызга Кыргызстандын эл аралык деңгээлде күндөн күнгө кадыр-баркы түшүп бараткандыгынан жана экономиканын кургуйга кулагандыгынан тышкары өзгөчө КСДПнын жер-жерлердеги бандит-мүчөлөрүнүн атышкан, бычакташкан жоругу далил боло алат. Кара-Суу шаардык кеңешине болгон шайлоо эле кандай “шоу” менен өттү. Баарынан да ушул үч адам бычакталып, тапанча атылган шайлоону БШК “чатак шайлоо участогунан сыртта болгон” деп таанып коюшу кара-суулуктардын баарынын кыжырын келтирүүдө. Эгер бийлик ушунчалыгында элди бөлүп-жаруу, бир аймактын тың жигиттерин куугунтуктоону токтотпосо, анда Кыргызстандын келечеги коркунучта...
 
Ж.Белеков
Булак: "Майдан.kg" гезити