Кымбатчылык күч алып, карапайым элдин жашоо-турмушу оорлогон сайын көчөлөрдө кайыр сурагандар, уурулук кылып, кылмыштуулук жолуна түшкөндөрдүн саны да көбөйүүдө. Күн сайын ички иштер органдарынын маалыматын окуп отуруп, төбө чачың тик турат.
 
Бишкек башка жагынан болбосо да, кылмышкерлер менен каракчылардын ордосуна айланып калгандыгы жашыруун эмес. Алыскы айылдардан келип, шаардыктарды талап-тоногон, уурулук кылган, керек болсо өмүрүн кыйганга чейин барып жаткан өзүбүздүн бандиттерди айтпаганда да, эл аралык издөөдөгү “мыйзамдагы уурулар” көп кармалып жатышы бул сөзүбүздү тастыктап турат. Мисалы, грузиялык “мыйзамдагы ууру” Илья Самсоня, былтыр Алматы облусундагы жыйырма чакты чек арачынын өлүмүнө шектелген адамдын бизден кармалышы дагы бир ирет Бишкек катардагы уурулардан тартып, эл аралык издөөдөгү “Мыйзамдагы ууруларга” чейин из жашырууга ыңгайлуу жай экендигинин далили. Себеби алар акча менен байлык Бишкекте көп экендигин, укук коргоо органдарынын  начар иштей тургандыгын, эгер кармалсаң, сатып алууга боло тургандыгын билишет жана уурулук, кылмыш кылган соң изин жашырып кетишет.
 
Кечээ эле, 25-августта Бишкектин Келечек конушунда жашаган адам эртең менен ажатканага баратып, короосунда 25-30 жаштардагы аялдын өлүп жаткан денесин көрүп жүрөгү түштү. Ал ошол замат кошуналарына кабар берип, милиция чакырган. Свердлов районунун милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө ал өлтүрүлгөн аял 1990-жылы туулган Баткен облусунун А. Бурул аттуу жараны экендигин аныкташкан. Жаш кыздын өмүрүн кыйган мыкаачы да колго түштү. Ал да 1990-жылы туулган Ош облусунун К.Кылыч аттуу жашоочусу болуп чыкты. Көрсө, алар радиодогу таанышуу кызматы аркылуу таанышышып, жолугушкан.
 
Андан соң, кечке маал аялзатына кандай мамиле кылууну билбеген эркек кызды аталган конуштагы үйлөрдүн бирине таандык короого алдап алпарып, зордуктап, айбандык кумары канган соң муунтуп өлтүрүп, уюлдук телефонун алып качып жоголгон. Ошентип бир кем акыл, түркөй эркектин беш мүнөттүк айбандык кумары үчүн  он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек кыздын өмүрү кыйылды. Балким, ал айылдан келген уяң кыз тигүү цехтеринин биринде иштеп, шаарда өз теңин таап, турмуш курсам, балалуу болсом деген жакшы максаты болгондур. Тилекке каршы анын бул аруу тилеги менен үмүтүн айбандык кумарынан башканы ойлобогон эркек сөрөй муунтуп салды. Адам баласынын колу менен жасалган мындай мыкаачылыкты сөз менен жеткире айтууга мүмкүн эмес.
 
Деги, азыркы адамдар, өзгөчө кыргыздар эмне болуп баратабыз? Бул бир гана борборубузда жасалган кылмыштын эпизоду. Ушундай болор-болбос жан кумарын кандыруу, бирөөнүн акчасы менен уюлдук телефонуна көз артуудан кыйылган өмүрлөр, жарадар болгондор күн сайын жүздөп саналат. Ошондуктан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов “Канткенде адам уулу адам болот?” деп айткандай, баарыбыз баланы чоңойтуп, анын эр жеткендигине эле кубанбай, тарбия берүүнү, акыл-эстүү болушуна, керек болсо өз теңине кандай мамиле жасоого да көңүл бурсак ушундай трагедиялар аз болор беле?
 
Бишкектеги дагы бир көйгөйлүү көрүнүш – бул кайырчылар менен тилемчилерди улам көбөйүп кеткендиги болууда. Айрыкча борбордун жер астынан өткөн жолдорунда, мечиттердин кире беришинде эмчектеги баласын алдына коюп алып, кайыр сурап отургандарды көрүп, бир чети аясаң, бир чети жийиркенип, кыжырың келет. Алардын үмүттүү сунган колуна тыйын-тыпыр таштабагандыгың үчүн өзүңдү күнөөлүүдөй да сезип, башыңды жерге салып өтөсүң.
 
Бул көрүнүш жогору жактагыларга да жеткенби, 14-25-август күндөрү Бишкек шаарында ИИББнин жашы жете электер менен иштеген инспекциясы тарабынан көчөлөрдө жана базарларда кайырчылык, тилемчилик менен алектенген, жашаган жери жок адамдарга карата “Кайырчы” аттуу рейд жүргүзүлдү.
 
Текшерүү негизинен Жибек-Жолу, Жаш Гвардия, Байтик баатыр, Манас проспекти, Ахунбаев, Токтогул, Киев, Ибраимов, Москва көчөлөрүндө, ошондой эле Ош, Орто-Сай, Дыйкан, Аламүдүн, Ак-Эмир базарларында жүргүзүлүп, тилемчилик менен алектенген 176 адам аныкталды жана алардын баардыгы Бишкек ШИИББнин кабыл алуу-бөлүштүрүү жайына жеткирилди. Ал эми мындай жан багуунун ыкмасына өткөн дагы 48 адамга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
 
Бишкек ШИИББнин кабыл алуу-бөлүштүрүү мекемесине жеткирилгендердин арасында чет элдик жарандар - 14, ал эми баласы менен кайырчылык кылгандар 19 экендиги аныкталды. Алар негизинен Өзбекстан жана Тажикстандан келгендер экен. Көрсө, Кыргызстан кайырчылар менен тилемчилерге да “кеңири жайыт” окшойт.
 
Укук коргоо органдарына жеткирилгендердин баардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн тышкары фотосүрөткө тартылып, венерикалык жактан оорусу бар же жок экендигин текшерүү үчүн медициналык кароодон өтүштү.
 
Бирок “молдо келип окуду, короз келип чокуду” дегендей, бул “Кайырчы” рейди бүткөн менен борборубуздун көчөлөрү менен жер астындагы өткөөлдөр тазаланып калган жок, кайра эле толуп калды. Болгону бир нече саатка алардын “иши” токтоду. Анткени мамлекеттин, мамлекеттен олчойгон акча алган социалдык мекемелердин бул багытта атайын түзүлгөн максаты менен программасы болбогондуктан, кайра коё беришти. Бир гана бийликтегилер ММК менен шаардыктарга “иштедик” деген отчет берип, актанып алышты.
 
Биз деле мамлекет экендигибизди, Бишкек ошол мамлекеттин борбору болуп саналарын түшүнүп, Россиядагыдай мыйзамсыз жүргөн мигранттар менен кайырчы, тилемчилерди топтоп, келген жагына депортация кыла турган деңгээлге жетип калдык деп ойлоймун.
 
Ж.Кадыров
Булак: “Майдан.kg”, №31, 28.08.2013-ж.