Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 8153
“Ата-Журт” мекенчил партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев коомчулукка атайын билдирүү менен чыгып, башпрокурор Салянованы жарга такады. Камактан чыкканына бир айдын жүзү эми болгон “ата-журтчу” депутат башпрокурорду өзүн актоо максатында фактыларды бурмалап, коомчулуктун башын айландырганы үчүн жоопкерчиликке тартуу керектигин катуу айтты.
 
К.Ташиевдин маселени кабыргасынан коюп жатканына башпрокурор Аида Салянова өзү күнөөлүү. Анткени, Аида айым “ата-журтчу” депутаттардын иши боюнча эң жогорку инстанцияда соттук териштирүү башталарына утурлап массалык маалымат каражаттарына үстөккө-босток маек берип, Ташиев, Жапаров жана Мамытовду митингге курал менен, бийликти басып алуу максатында келгендиги үчүн күнөөлөп чыккан. Анысы аз келгенсип, Ак үйдүн жанынан эмес, Бишкектин таптакыр башка бурчунан автоунааны тинтүү учурунда тартып алынган уруксаты бар курал-жарактарды “3-октябрда ушунча курал менен келген”,- таризинде сүрөткө түшүрүп, элге тартуулашкан. Фактыларды көз көрүнөө бурмалап жатса албетте, Ташиев тургай, бул жакта акыйкатты туу туткан ар бир жарандын кыжыры кайнайт. Анан саламына жараша жооп берүүгө аргасыз болот.
К.Ташиевдин айтымында, А.Салянованын кылмыш ишинде көрсөтүлгөн курал-жарактын баары (аларды санай кеткен) окуя орун алган жерде, тагыраак айтканда Ак үйдүн жанынан алынгандыгы тууралуу билдирүүсү чындыкка төп келбейт. “Чындыгында, бул курал-жарактын баары Таш-Көмүр көчөсүндө жайгашкан депутаттык үйдүн короосунан, унааны тинтүү учурунда алынган. Бул фактынын баары кылмыш ишинде так жана даана чагылдырылган. Башкача айтканда, Салянова айым билип туруп, атайылап калп жана чындыкка коошпогон маалыматты айтып жатат. Мындан тышкары, Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотундагы териштирүүлөр учурунда, бир дагы күбө (а алардын жалпы саны 200дөн ашты) тынч митингдин катышуучуларынын колунда курал-жарак болгондугун тастыкташкан жок. Бул күбөлөрдүн арасында 50гө жакын укук коргоо органдарынын кызматкерлери бар. Буга кошумча, 2012-жылдын 3-октябрындагы окуялар бир топ телеканалдар тарабынан тартылып алынган, укук коргоо органдарынын өздөрүнүн дагы оперативдик тасмалары бар. Мына ушул тасмаларда да митингчилердин колунда эч кандай курал-жарак болбогондугу ачык жана даана көрүнүп турат. Бул фактылардын баары райондук жана шаардык сот инстанцияларынын чечиминде чагылдырылган. Кошумчалап кете турган жагдай -  сөз болуп жаткан куралдардын баарынын расмий документтери болгон, башкача айтканда, кылмыштуу так тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес”,- дейт Камчыбек Кыдыршаевич.
 
Андан ары К.Ташиев сөзүн төмөндөгүдөй улаган: “Митингдин катышуучуларынын колунда курал-жарактар бар экендигин айтуу менен бирге, Салянова айым атайылап карапайым адамдардын башын айлантып жатат. Элибиздин укугун коргогондун ордуна, башпрокурор өзу баш болуп тескери жолго түшүп алса, анда биз эртең кимге барып акыйкаттык издейбиз? Канчалаган кылмыш иштери боюнча анда акыйкат чечимдерди күтүүнүн деле зарылчылыгы жок болуп жатпайбы. Ток этер жерин айтканда, Салянова айым кызматында канчалык көп кармалса, өлкөдө акыйкаттуулуктун жолу ошончолук тыйылып, калп, көз көрүнөө көө сүртүү кадимки көрүнүшкө айланат. Бүгүн Салянова айым өзүн актоо жана коргоо максатында коомдук тынчтыкты бүлүндүрүүдөн да тартынбай турат. Суроо туулат: чектен чыккан башпрокурорду тизгинге сала турган адам Кыргызстанда жокпу?”.
 
Ташиевди жасалма кылмыш ишинин негизинде камакка алынып, чогуу 9 ай түрмөдө чогуу олтурган кесиптеши Талант Мамытов да колдоп, атайын басма сөз жыйынын өткөзүп, “Аида Салянованын максаты – бизге айып тагуу эмес, эптеп өзүн коргоо”,- экендигин билдирди.
 
“Бизге кылмыш иши мыйзамсыз козголгон. Парламентарийлерге кылмыш ишин козгоо укугуна бир гана башкы прокурор ээ. Ал эми бизге анын милдетин аткарып турган, орун басары Нурлан Жээналиев кылмыш ишин козгогон. Ага кайсы мыйзам укук бергенин көрсөтүп бере алышкан жок. Экинчиден, Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси боюнча айыптоо туура эмес, анткени анда жазылгандай, бийликти басып алууга чакырыкты бийлик адамдары жасабайт да, аны жөнөкөй, катардагы эле, бийликке суусап турган адам жасашы мүмкүн. 3-октябрдагы митингге эл бийликти басып алуу үчүн эмес, бир гана “Кумтөр” маселесин оңунан чечүү чакырыгы менен чогулган. Ал жакка баргандардын баары жеке субъективдүү ой менен ар бири өзүнчө барышкан. Эч кандай алдын ала бийликти басып алуу сүйлөшүүлөр болгон эмес. Анан кийин эле прокуратура өзүнүн «боекторун» кошуп, иш козгогон», - дейт Т.Мамытов. Андан тышкары, Талант Мамытов башпрокурор Салянова менен Жогорку Соттун төрайымы Жамашева “ата-журтчу” депутаттарды актаган судьяларга жана ишти карай тургандарга кысым көрсөтүп жаткандыгын билдирген.
 
К.Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов “Кыргызстандагы адам укугу жана сот реформасы” тегерек үстөлүнө катышып, башкы прокурор Аида Салянованы жоопкерчиликке тартуу керектигин билдирди. “Мен бир топ убакыттан бери башпрокурордун үстүнөн кайрылып жатам. Президенттин аппараты, парламентке чейин бардым. Бирок, биринин да Саляновага тиши өтпөй калган окшойт. Карышкырга кой кайтарткансып, менин арызымды кайра эле Башкы прокуратурага жөнөтүшөт. Анан алар кантип өз шефинин катачылыгын казат? Салянованын “ата-журтчу” депутаттар жана экс-министр Равшан Сабировго байланыштуу кылмыш ишинде кетирген кемчиликтери кечирилгис. Бул тарыхта болуп көрбөгөн нерсе”,- деди жактоочу.
 
Бирок, коомчулукта башпрокурор Салянова менен Жогорку Сот төрайымы Феруза Жамашева тууралуу канча сын-пикир айтылса да президент унчукпайт. Же булар ажо Атамбаевдин ишенимдүү адамдарыбы? Элестетип көрүңүз: президент айтат, Салянова камайт, Жамашева соттойт. Парламенттин күчү жетпей жаткандыгы да корккондуктан окшойт. Төрт депутат камалгандан кийин, биздин ишенген эл өкүлдөрү кысчу жерин кысып эле олтуруп калышкандай. Себеби, баарынын арты былык. Чукуса бирдеңкесин табаары бышык. Ошентсе да, азыр эч кимдин күчү жетпегени менен, жооп берчү күндүн келээри, андан эч ким качып кутула албастыгы белгилүү иш эмеспи.
 
А азырынча... Салянова менен Жамашева бул соттук процессти өздөрү каалагандай алып барууда. Маселен, 16-июлдагы биринчи соттук олтурумда залды жалаң гана “Мекен шейиттери” кыймылынын жактоочулары менен толтуруп алышыптыр. Ошол эле убакта “ата-журтчу” депутаттардын жактоочуларын Жогорку сот имаратына жакын жолотпой, бекем курчоого алып алышкан. Укук коргоо органдарынын кош кабат тирүү тосмосунан депутаттардын жактоочулары да араң өтүштү. Бул жагынана алып караганда, “Мекен шейиттерин” атайын буйрутма менен залга тыгышкан. Максаты – провокация уюштуруу менен, “Ата-Журттун” лидерлерин кандайдыр бир тартипсиздикке түртүү. Муну алдын-ала туйгандыктан, үч депутат сотко келбей, туура кылышкандай.
 
Аэлита Сатындиева
Булак: “Майдан.kg”, №026, 2013-жылдын 23-июлу
 
P.S. Бүгүн Жогорку Сотто “ата-журтчу” депутаттардын үстүнөн соттук териштирүү уланат. Өткөн жумада депутаттардын тжактоочулары залга бейтааныш адамдарды киргизбөөнү талап кылган. Бул талап канчалык деңгээлде аткарылат, аны көрө жатаарбыз.