Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3302
10-июнда 2010-жылы беш жүзгө жакын адамдын өмүрү кыйылып, миңдеген адамдар үй-жайынан ажыраган улуттар аралык кагылышууга үч жыл болду. Кыргыздар маркумдарга үч жыл аза күтөт. Бирок, бүгүнкү  кыргыз бийлиги алардын ашын берип, арбагына багыштап куран окуу мындай турсун, али кан жыттанган Ошко барып койгонго да жарабады. Президент А.Атамбаев Бишкекте туруп алып, узун сөздөрдөн куралган катын кайсы бир деңгээли төмөн гезитке жарыяласа, премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Жалал-Абаддын Топурак-Бел участкасына Санпа окуясында сепаратисттердин огунан каза болгон кыргыздардын эстелигине гүл коюп кайтты. Анткени алардын бул окуяга тиешеси болгондуктан, элдин жаалынан коркушат...
 
Албетте, июнь окуясынын курмандыктары, алардын артында жетим калган балдары, жесир калган жубайлары же ата-энелери көкүрөгүнө “Баатыр” орденин таккыла же маркумдардын кунуна миллион сом төлөп, үй салып бергиле деген талаптарды деле коюшпайт. Болгону азыркы бийликтегилердин кайдыгерлиги менен коркоктугунан жана бийликке жетүү үчүн бүтүндөй бир аймактын канга боёлушуна жол бергендиги үчүн арбактардын алдында кечирим сурап, куран окутуп коюшун гана күтүшкөн. Эң негизгиси ушул үч жылдын аралыгында каргашалуу күндөрү дайынсыз жоголгон же өлүгү табылбай калган 40ка жакын адамдын жок дегенде сөөгү табылып, жерге берилсе, бүгүнкү “жакшылардын” күнөөсү азаят беле?
 
Кыргызстандагы бөлүнүп-жарылуу, кайдыгерлик, маркумдарды тебелеп-тепсөө ушунчалык жогорку чекке жеткендигин ушундан билиңиз, ал тургай адатта короз кыйкырып койсо да аны чоң сенсация кылып чагылдырган кесиптеш журналисттерибиз Ош окуясына кош көңүл мамиле жасап коюшту. Эмне үчүн Бакиевдерди күн сайын, сан сайын айтып, жазуудан тажабаган алар Ош окуясынын түздөн-түз күнөөкөрлөрү, уюштуруучулары болуп эсептелген К.Батыров, К.Абдуллаева, К.Салахуддинов жана башкалар кайда экендигине кызыгып коюшпайт же аларды экстрадициялоо маселесин көтөрүшпөгөндүгү таң калтырат. Ушундай да карөзгөйлүк, маңкуртчулук болобу? Эмне, кыргызга кыргыз эле душманбы... Албетте, бүгүнкү бийликке, алардын ырын ырдап, саясатын жүргүзгөн айрым кесиптештерибизге бейпилдик, кызмат орду керек. Бирок тарыхта үчүнчү ирет  Ошто канабайрам уюштуруп, өзбек автономиясына айлантууну кылымдардан бери эңсеп келаткан сепаратисттердин планы биротоло ойрон болдубу? Тилекке каршы бул суроого “ооба” деп айтууга болбойт.
 
Мен ошол каргашалуу алгачкы күндөрү Ошко Бишкектен учуп барган адам катары окуя кантип, кимдер тарабынан  башталгандыгын эң жакшы билем. Бирок ал тууралуу гезит бетинде көргөн, билгендериңди ачык айтууга болбойт... Балким бир топ мезгил өтүп, азыркы бийлик алмашканда чындык айтылар. Ошондуктан бир гана кыска сөз – 2010-жылдагы июнь окуясы үчүн ошол учурда Кыргызстанды башкарган Убактылуу өкмөт мүчөлөрү толук жооптуу жана алар учуру келгенде Гаага трибуналында жооп берет...
 
Ооба, 2010-жылдагы Ош окуясы боюнча бир эмес, үч башка комиссия түзүлдү. Акыйкатчы Турсунбек Акун өз алдынча тыянак чыгарап, чындыкты алгач ачыкка чыгарууга аракет кылса, айласы кеткен ал кездеги президент Роза Отунбаева батыш өлкөлөрүнө кайрылып Финляндия парламентинин депутаты Кимо Кильюнен башында турган эл аралык комиссия кыргыздарды эл аралык коомчулукка жырткыч, геноцид жасаган деген тыянак чыгарды. Ал эми Абдыганы Эркебаев жетектеген мамлекеттик комиссия кыргызга күйбөгөн, ал тургай Оштун менталитетин билбеген, каргашалуу күндөрү түштүктө болбогон жарма патриоттордон куралган мүчөлөрү менен студенттин дипломдук ишиндей ошол-азыркы учурдагы бийликти актаган бүтүм чыгарды. Бирок А.Эркебаев кийин кайсы бир маалымат каражатына “Ал мамлекеттик комиссия болгондуктан, көпчүлүк чындыкты ачык айтууга мүмкүн болгон эмес”,- деп интервью берип, ошондон бери унчуга элек. Балким, ал Улуттук академиянын президенттик “миссиясын” аткарып бүткөндө чындыкты айтар?
 
Ошол 10-июндун кечинде Оштун Шейит дөбө аймагынан бир миңге жаштар жаалданып чыгышып, андан ары төрткө бөлүнүп, жолдогулардын баарын талкалап, өлтүрүп, кандуу каргашаны башташкан. Ал эми укук коргоо органдары алсыз болуп, бир чети ал кезде Кыргызстандын түндүгүндөгү Маевка жана башка окуяларга алагды болуп, сепаратисттерге каршылык көрсөтө алган эмес. Бир чети апрель окуясынан кийин бир гана милициялар эмес, армиябыз да деморализация болуп, өздөрүнүн алапайын таппай турган учур эле. К.Батыров баштаган сепаратисттер дал ушул мамлекеттин алсыраган абалынан пайдаланып, Ошту автономия кылып бөлүп алуу планын ишке ашырышкан...
 
Эгер эртеси күнү Ошко Алай, Кара-Кулжа жана башка четтеги айылдардан жаштар келип, сепаратисттерге сокку бербегенде, Камчыбек Ташиев сыяктуу мекенчил жигиттер көкүрөгүн окко тосуп, миңдеген жаштарды токтотуп калбаганда Ош окуясында курман болгондордун саны алда канча көп болуп, күтүлбөгөн кырдаал жаралмак...
 
“Майдан.kg” редакциясы