Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 8694
7-июнда, 10-11-июнда Бишкек шаардык сотунда “бийликти күч менен басып алууга аракет” жана “Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык” беренелери боюнча айыпталып, райондук инстанциядагы сотто 1-1,5 жылга эркинен ажыратылып, камакта олтурган “Ата-Журт” фракциясынын үч депутаты К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов, ошондой эле үч жансакчы, генерал-майор К.Кожоналиевдин үстүнөн жүрүп жаткан бийликтин “шоу-соту” уланды. Бүгүн болсо соттук коллегия өз өкүмүн чыгараарын коомчулук күтүүдө. Сот олтурумундагы кызыктар менен окурман журтун кабардар кылабыз.
 
7-июнь. Сот ишин Ак үй көзөмөлдөп жатканы далилденди
 
Бул күнкү сот процесси коомдук ишмер, камактагы “ата-журтчу” депутаттардын жактоочусу Азимбек Бекназаровдун ишти кароону тездетүү өтүнүчүнөн башталды. Анткени, 2-майда башталган сот ишинде 1 ай ичинде 3 жолу гана олтурум болуп өткөн. Анын экөөсү жарым күндөн, тагыраагы толук болгон эмес. Ушунун өзүнөн эле бийликтин абактагы депутаттардын темир тор артындагы жашоосун узартуу далалаты көрүнүп турбайбы. Жактоочулар, айыпталуучулардын, мамлекеттик айыптоонун позициясын уккан соң сот жуманын дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби күндөрү ишти карап, тездеип өкүм чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды.
 
Андан кийин А.Бекназаров Камчыбек Ташиевдин Ош, Жалал-Абаддагы 2010-жылдын июнундагы коогалаңды токтотуудагы баатырдыгын эске алуу менен Өзгөн районунун 20 айылдык кеңешинин бириккен жыйынынын чечимин сотко тапшырды. Ага ылайык, К.Ташиев “Өзгөн районунун ардактуу атууулу” катары табылган.
 
Азимбек Анаркуловичтен кийин сөз алган мамлекеттик айыптоочу Кубатбек Кожоналиевге карата Биринчи май райондук соту актоо чечимин чыгаргандыгын, демек, ал соттолуучу катары эмес, катардагы жаран катаары сотко катышуусу керектигин белгиледи. Ал соттон Кожоналиевдин статусун аныктоону суранды.
 
Бул өтүнүчтөн улам жактоочу Бекназаров кошумча сунуш менен кайрылды. “Мамлекеттик айыптоо өзү моюнга алып жаткандан кийин, мен соттон биринчи инстанциядагы сот өкүмүн, кылмыш ишинин козголушун мыйзамсыз катары таануу керектигин өтүнөм. Бул процессти мындан ары улантыштын кереги жок. Анткени, өкүм баарына бирдей чыгат. Ал жарымына мыйзамдуу, жарымына мыйзамсыз болбойт. Жаңы ачылган ушул жагдайдын негизинде сотту улантуунун канчалык зарылдыгы бар?”,- деди А.Бекназаров.
 
Депутат Камчыбек Ташиев кылмыш ишин иликтөө учурунда, соттук процесстерде баары бир гана максатта – депутаттарды абакта кармап туруу үчүн гана токулгандыгын белгиледи. “Башынан эле бул кылмыш ишинин козголушу, соттун саясий буйрук экендигин айтып келе жатам. Бул кепти мамлекеттик айыптоо өзу далилдеп берди. Чындыгында, бизге Кубат Азатович менен бир эле өкүм чыккан. Ага8 жыл, а мага 9 жыл сурашкан. Бир эле өкүмдүн негизинде Кубат Азатович акталып, биз 1,5 жылга соттолдук. Дал ошондуктан, урматтуу судьялар, бүгүнкү сотту токтотуп, туура эмес иш козголгонун, биринчи инстанциядагы соттун чечими мыйзамсыз экендигин билдирген токтом чыгарыш керек. Мындан сырткары, соттук коллегияга кайрылам, мен сиздердин сотту кандай алып бара жатканыңарга нааразымын. Себеби, мына май айында 3 гана процесс өттү, анын экөө толук эмес болгон. Ушундан эле бул процесстин саясий экенин билсек болот. Мени менен камакта террорчулук боюнча айыпталган жаран жатат. Аны күн сайын сотко алып чыгышат. Ошол эле мезгилде, сиздер урматтуу судьялар, жарым күн соттук териштирүү өткөзүп, бизди 14 күнгө таштап коёсуздар. А убакыт өтүп жатат. Кандай иш алып барасыздар тарыхта калат. Анан да мен башпрокурорду бул жакка чакыруу тууралуу кайрылгам. Качып келбей жүрөт. Аны катыштыруу керек. Кошумча процесске Коомдук каналдын башчысы Кубат Оторбаевди чакырыңыз. Себеби, биз камакта жатсак, Жети-Өгүз жана Жалал-Абаддагы толкундоолордун уюштуруучусу катары айыптаган көрсөтүүлөрдү берди. Мен сотко келгенче кулпуланган 15 эшиктен чыгып келем. Анан кантип митингдердин уюштуруучусу болом? Кантип Садыр Жапаров аны уюштурат? Ушуну тактоо иретинде Оторбаев сотко келсин. Алдыбызда Ош коогалаңынын үч жылдыгы турат. Ошондогу окуяларды урматтуу оштуктар, жалал-абаддыктар көз алдыңарга келтрип койгула. Мына ошол каргашалуу окуялар учурунда башын ийинге катып алган бийлик бүгүн бизди соттоп олтурат. Өздөрү жашырынганда ким токтотту эле кыргынды? 10 жыл, 15 жылга камагыла, бирок, мен эч качан ийилбейм, сынбайм”,- деди Ташиев.
 
Андан кийин сөз алган Садыр Жапаров Биринчи май райондук сотунунун өкүмүнүн урунтуу жерлерин окуп берди. “Өкүмдө биздин алдын-ала сүйлөшүп, мамлекеттик төңкөрүш жасоону пландагандыгыбыз далилсиз, божомол катары айтылган. Андан тышкары, колубузда таш, арматура, ок атуучу куралдар болбогондугу көрсөтүлгөн. Демек, кылмыштын учкуну да жок. Батукаевден бетер коркунучтуу кылмышкер катары кармашууда. Чындык баары бир ачыкка чыгат. Ошондо адилетсиз бизди соттогондор жооп беришет. Кандай корду көрсөк, алар да ошондой кордук көрөт. Мен принципиалдуу адаммын. Канадалык шылуундар 100 миллион долар сунуштаганда да албай койгом. Тарых алдында ошон үчүн бизге ырайымсыз мамиле жасагандар жообун берет. Ташиев туура айтты, ага кошулам, мен дагы ийилбейм. Сынбайм!”,- деди Садыр Нургожоевич.
 
Бул маселе боюнча соттук коллегия козголгон маселелердин бардыгы өкүмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, териштирүүнө мындан ары жалгаштыруу чечимин кабыл алды.
 
Мындан кийин сөздү Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева алып, өлкөдөгү оор абалды эска алуу менен, абактагы депутаттардын баш коргоо чарасын үй камагына алмаштыруу өтүнүчүн келтирди. “Айрыкча Батукаевди чыгарышкандан кийин, эл депутаттарын абакта кармап олтурганга булардын моралдык укугу жок. Мына ушул азаматтар 2010-жылдагы июнь коогалаңыдан өмүрүн тобокелчиликке салып, башын өлүмгө сайып жатып Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн сактап калышкан. Ошо окуялардын үч жылдыгы келе жатат. Мындан тышкары, жалал-абаддыктар эл депутаттары бүгүн чыгарылбаса, жолду кайрадан жаап салышаарын айтышууда. Мунун кесепетинен карапайым калк гана кыйналат. Демек, депутаттарды чыгарыш керек. Бул 3 миллион элдин суранычы. Андан тышкары, мен Камчыбек Кыдыршаевичтен суранам, элге кайрылып, тынчтыкты сактоосун сураныңыз. Соттор кыргыздардын кулагын кесип, өлтүрүп шылдыңдаган Батукаевди чыгарып ийишти. Булардын деле башы экөө эмес. Ошол себептүү, адилет чечим чыгараарыңыздарга ишенем”,- дейт Жолдошева.
 
Камчыбек Ташиев өз кезегинде кыргызстандыктарга кайрылып, мыйзамды бузган көрүнүштөргө жол бербөөсүн өтүндү: “Мен сиздерге түшүнөм, чыдамдын да чеги болот. Ошентсе да, сиздерден сот ишин аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк беришиңиздерди суранам. Канча ирет кайрылдыңыздар. 20-30 ирет митингге чыктыңыздар. Баатыр энелерди фашисттерге, аксакалдарды “дүжүр чалга” салыштырышты. Мен ага түшүнөм. Бирок, дагы бир жолу сабырдуулукка чакырам. Анан да мен соттордон “чыгаргыла” деп эч качан суранбайм, жалдырабайм дагы. Бул сот башынан саясий процесс. Менин максатым чындык үчүн аягына чейин күрөшүү".
 
Тараптарды угуп бүткөн соң сот коллегиясы кеңешме бөлмөгө кирип чыгып, “ата-журтчу” депутаттарды сот иши аяктаганча камакта калтыруу чечимине келди.
 
10-июнь. Түштүк коогалаңына 3 жыл. Аны токтоткон баатырлар темир тор артында...
 
Бул жолку сот процессинин башында коомдук ишмер Азимбек Бекназаров түштүк коогалаңында курман болгондорго арнап куран түшүрүү сунушун айтты. Бирок, сотто төрагалык кылуучу Курманбек Зулушев эскерүү мүнөтүн өткөзүүгө гана уруксат берди. Залдагылар бир мүнөт жымжырттыкты сактап, Ош окуясын дагы бир ирет көз алдынан өткөзүштү.
 
Эске салсак, туура үч жыл мурда, 10-июнда Ош жергесинде өзбек сепаратисттери чоң кыргын баштаган. А кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымы Отунбаева, төрайымдын орун басары Атамбаев ж.б. жетекчилер жеринде маселени чечкендин ордуна, Бишкекте жашырынып олтуруп алышкан. Бирок, учурда соттолуп жаткан Ташиев, Мамытов, Жапаров сыяктуу мекенчил саясатчылар өмүрүн тобокелчиликке салып, өрт кечип олтуруп, эки элди элдештирүүгө жетише алган.
 
Мына ушул эрдигин эске алып, Камчыбек Ташиевге Жалал-Абад шаарынын, Өзгөн, Чоң-Алай, Сузак райондорунун ардактуу атуулу наамы ыйгарылган. Андан тышкары, Ташиевдин кичи мекени Барпыда анын эстелигин тургузуу демилгеси көтөрүлүп, ишке ашууда.
 
Соттун жүрүшүндө, С.Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-бөлүмүнүн башчысы Замир Сабаев тарабынан депутат Талант Мамытовдун кантип сабалгандыгы тууралуу видеотасманы көрүүнү сунуштады. Сотто төрагалык кылуучу судья Курманкул Зулушев мамлекеттик айыптоонун каршылыгына карабастан, тасманы ишке тиркөө токтомун кабыл алды. Башкача айтканда, сот залында тасма көрсөтүлүп, ага юридикалык баа берилет. Эске салсак, 3-октябрь окуясы учурунда Сабаевдин бараткан жерден депутат Мамытовду сабап киргени буга чейин Биринчи май райондук сотунда айтылган. Бирок, Сабаев өзү депутатты таптакыр сабаган эместигин айткан.
 
Сотто бир топ жолу митингге чыккан элге укук коргоо органдары биринчи болуп күч колдонуп киргендиги, ошонун айынан кыжырданган эл аларды токтотуу максатында Ак үйдүн темир дарбазасынан ашып түшкөндүгү айтылган болчу. Сабаевдин мисалы ага таасын далил боло алат. Болбосо, Талант Мамытов парламент төрагасынын тапшырмасы менен митингге барып катышкан. Кайра келатканда өткөзбөй койгондуктан, тосмодон ашып түшүп, жумуш ордуна жөнөгөн. Мына ошол учурда Сабаев бир нече жигиттери менен тосуп алып, көптөп сабап салышкан.
 
Талант Мамытовдун сабалып, канга боёлушу, тынч митингге чыккан элге ок атылышы – Ташиевди дарбазадан ашып түшүүгө мажбур кылган. Анын: “ок атпагыла”,- деп кыйкырып, жоокерлерди кууганы, көп узабай, Ак үйгө кирбей, окуя болгон жерден кетип калгандыгына баары күбө. Ушунун өзүнөн эле эч кандай бийликти басып алуу планы үч депутатта болбогондугун айтсак болот.
 
Андан кийин сот олтурумунда парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков, башпрокурор Аида Салянова, ага орунбасар болгон Нурлан Жээналиев жана Жылдызбек Исмаиловдор суракка алынышы керек болчу. Бирок, спикер Асылбек Жээнбеков да, башкы прокурор Аида Салянова сот олтурумуна келбей койду. Жактоочулар менен абактагы депутататр айрыкча Салянованын келбей койгонуна нааразы болушту. Камчыбек Ташиев Салянованын түштүктө жол тосулуп, кырдаал кыйын болуп турганда сулуулук салонунда 6 саат олтурганын эске салды. “Жумушун таштап коюп сулууланса болот экен да, бул жакка 1 саатка келгенге убакыт таппай калыптырбы? Келбей жатканыннда мандем бар. Ал мыйзамсыз ишинин бети ачылып калышынан коркот. Азыр келбесе, 1 айдан кийин да келбейт. Ошондуктан, аны күтүүнүн кереги жок”,- деди ал.
 
Садыр Жапаров башпрокурорду күчтөп алып келүү зарылдыгын белгиледи. Буга Ташиев: “башпрокурорду күч менен алып келүү өтө осол жана уят иш”,- катары баа берди.
 
Андан кийин сотто башпрокурордун экс-орунбасары Нурлан Жээналиев менен тергөө тобунун башчысы Жылдызбек Исмаилов көрсөтмө беришти. Нурлан Жээналиевдин
 
айтымында, “ата-журтчу” депутаттарга карата кылмыш иши туура козголгон. “Башпрокурор Аида Салянова Украинада комнадировкада болгондуктан, менин кылмыш ишин козгоого толук укугум бар болчу. Себеби, кетээринде Салянова буйругу менен мени башкы прокурордун милдетин аткаруучу кылып дайындаган. 3-октябрда кечинде мага топтолгон материалдарды алып келишти. Карап чыгып, кылмыш ишин козгоо чечимин кабыл алып, ишти тергөө башкармалыгыны башчысы Жылдызбек Исмаиловго бердим. Андан кийин тергөө кандай жүргөнүн айта албайм. Анткени, 4үндө ишти Аида Саляновага өткөзүп бергем”,- деди ал.
 
“Мыйзам боюнча башпрокурор өз укуктарын өткөзүп бере албайт. Бирок, бардыгыбыз логикага таянып иш кылышыбыз керек. Факт боюнча иш козгоп, парламентке кайрылсак болмок. Бирок, кылмыш ишин козгоого негиз бар болчу. Маалымат каражаттарында, ИИМ, Мамлекеттик күзөт кызматы, УКМУ тарабынан берилген рапорттордо бийликти басып алуу аракети жөнүндө айтылып жатты”,- деди Жээналиев.
 
Мыйзамга ылайык, башпрокурордун милдетин аткаруучуну бир гана президент дайындай алат. Дал ошондой буйруктун жоктугунан Жээналиев ишти мыйзамсыз ачкан. Адвокат Икрамидин Айткулов белгилегендей, депутаттарга карата кылмыш ишин бир гана башпрокурор козгой алат. Же анын милдетин аткаруучу. Бул багытта президенттин буйругу керек. “Кылмыш иши башынан мыйзам бузуу менен козголгон. Андай кийин түшкө кирбеген, “целый букет” мыйзам бузууларга жол берилген. Прокуратура органдарынын бул ишти изилдөөсүн юридика факультетинин студенттери үчүн окуу куралына киргизсе болот. Ошондо алар кылмыш ишин мындай башаламан тартипте алып барбоо керектигин билип калмак”,- дейт Айткулов.
 
11-июнь. Салянова сулуулук салонунан бошобой калдыбы?
 
Сот ишинин башында депутаттардын жактоочулары кылмыш иши мыйзам бузуулар жана документтерди жасалгалоо жолу менен изилденгендигин айтып чыгышты. Жактоочу икрамидин Айткуловдун айтымында, иш менен толук тааныштырышкан эмес, айрым материалдар соткө өткөзүлүп жатканда кошулган.
 
Депутат Садыр Жапаров ишке тиркелген документтердин көчүрмөлөрүнүн электрондук варианты бар экендигин белгилеп өттү. Ошону эске алганда, Бишкек шаардык сотуна иш барганда башында жок материалдар тиркелип калыптыр.
 
Андан кийин сотто “ата-журтчу” депутаттардын ишин тергеген тергөөчүлөрдүн бири Орозбаев көрсөтмө берди. “Мен митингге катышкан эмесмин. Мага өйдө жактан айрым милиция кызматкерлерин жабырлануучу катары өткөзүү тапшырмасы келди. Бирок, сиздер буларды жабырлануучу катары тапкан токтомду мен чыгарган эмесмин. Мен болгону бланканы толтуруп, өткөзүп бергем”,- дегени залда күлкү жаратты. Айтор, Орозбаев да Жылдызбек Исмаилов, Нурлан Жээналиевге окшоп, берилген суроолорго жооп бере албай, же иш тууралуу тыңгылыктуу көрсөтмө бере албай, “мат” болуп кайтты.
 
Андан соң депутат С.Жапаровдун айдоочусу Матай уулу Нурбек көрсөтмө берди. Анын айтымында, 2012-жылдын 3-октябрында болжол менен саат 12.00дөрдө ал Жапаровду Ала-Тоо аянтына алып келген. Жапаров митингчилердин алдына чыгып "Кумтөр" боюнча пикирин билдирген. Андан кийин ал Жапаровду Ак үйгө алып келген жана алар ал жакта саат 17.00гө чейин болгон. Митингчилер темир тосмону аттап өтө баштаганда ал генерал Сабаев Мамытовду желкеге чаап атканын көргөн. "Сабаев Мамытовго бардыгынан тажаганын айтып, аны бир урган. Ошол убакта Мамытовду күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери кармап турушкан. Мен Мамытовго болушуп, тигил кызматкерлерге "бул депутат жана Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары" экенин айттым. Муну уккандан кийин алар Мамытовду дароо кое беришти", - деди ал.
 
Түшкү тамактанууга тыныгуудан кийин сотто Аида Салынова көрсөтмө бермек. Бирок, белгисиз себептерге байланыштуу, Салянова дагы келбей койду. Залдагылар: “чачын жасатып, сулуулук салонунда олтурса керек”,- деп тамашалашты.
 
Сот олтуруму бүгүн да уланат. Коомдук байкоочулардын баамына караганда, мамлекеттик айыптоо тарабынан тагылган айыптар толугу менен ыдырап бүттү. Демек, сот өйдө жактын буйругун аткарбаса, актоо чечими чыгуусу тийиш.
 
Адилет Нуржигитов
Булак: “Майдан.kg”, №021, 12.06.2013-ж