Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 5473
Баардык эле өнүккөн өлкөлөрдүн тарыхына кайрылсак, алар чет элдик инвестиция, кредиттин эсебинен бутка тургандыгына күбө болобуз. Ал тургай эң чоң держава болуп саналган АКШнын карызы триллиондогон доллар менен эсептелет. Экономикасы экинчи орунда турган кошунабыз Кытай деле чет элдик капиталдын эсебинен дүркүрөп өнүгүп жатат. Себеби алар акчаны алганды да, туура пайдаланганды да билишет. Ошондуктан өздөрүндөгү жана башка жактагы миллиардерлер бул мамлекеттерге акчасын коркпостон чегеришет. Эң негизгиси аларда мыйзам иштейт жана баарынан жогору турат. Коррупция, рейдерлик басып алуу, тигил же бизнеске “жашыл жарык” ачып бергендиги үчүн кайсы бир чиновникке пара беришпейт.
 
Тилекке каршы Кыргызстандын экономикасы күн сайын эңшерилип, “банкрот” абалына келип калды. Өзгөчө Отунбаева, андан соң Атамбаев бийликке келген 2010-жылдан бери бир да ири инвестор келе элек. Адатта президенттерибиз кыйынчылык башка түшкөндө кайырчынын кебетесин кийип, дүйнө кезип калчу эле. Азыркы башчыбыз Атамбаев ишенген Россия менен Түркия былтыр куру кол кайтаргандан кийин тилемчиликке да жарабай калды окшойт. Ооба, түрк боордоштор 51 млн. доллар, орус туугандар  жарым миллиард долларга жакын карызыбызды кечти. Түрктөр андан тышкары дагы 105 млн. доллар узак мөөнөттүү кредит берип, ал акчанын кайда, кантип жумшалгандыгын каттуу көзөмөлдөп жатат. Калкынын үчтөн бир бөлүгү дүйнө кезип өлбөстүн күнүн баштан өткөрүп жүргөн биздин чакан өлкөбүзгө ушул жардам эле экономикабыздын бутка туруп кетишине бир топ түрткү бермек.
 
Бирок, өлкөнүн  экономикасын жүрүп бараткан арабага салыштырсак, анда Кыргызстандын абалы ошол арабаны тарткан эшек ачкалыктан өзөрүп басалабй калгандай абалга келип калган. Анткени бир да туруктуу иштеген завод, фабрика же ишкана жок. Ишенген “Кумтөрүбүз” бир четинен экологиялык кырсыкка кабылып, экинчи жагынан мурдагы келишимди кайра кароого байланыштуу толук иштебей жатат. Мындан тышкары жыл сайын мамлекеттик бюджетке 60 млн. доллар киреше түшүргөн АКШ баш болгон НАТО өлкөлөрүнүн аскердик базасы келерки жылы каалайбы, жокпу чыгарылат. Андыктан чет жактан келип жаткан аз өлчөмдөгү жардамдар кайра эле газ, көмүр, нефти сатып алууга жана кытайлар менен түрктөрдүн ишканаларына кетип жатат.
 
Эң негизгиси канкорлук, мародёрлук жана шайлоонун жыйынтыгын бурмалаган алдамчылык жолдор менен келген азыркы бийликтин эл аралык деңгээлдеги ишеним кредити түгөнгөн. А.Атамбаев Германия, Япония сыяктуу дүйнөдөгү экономикасы дүркүрөп өнүккөн алдыңкы мамлекеттерге расмий иш сапарлар менен барып, эки тараптуу кызматташтык тууралуу бир нече келишимдерге кол коюп келди. Бирок, ошол бийик деңгээлдеги документтердин бири да ишке ашпай, кагаз жүзүндө гана кала берүүдө. Ал тургай А. Атамбаевдин 2013-2017-жылдарга карата түзүлгөн Өнүгүү стратегиясы да жөн гана ооздун жели менен ак кагаз булганган убарекерчиликке айланды. Себеби үнөмчүл жана кыраакы немистер менен япондор үчүн бүгүнкү  бийлик башкарган Кыргызстанга инвестиция чегерүү - акчаны шамалга чачканга барабар. Эгер мисал катары айта турган болсок, кошунабыз жана боордошубуз Казакстандын экономикасы дүркүрөп өнүгүп, өткөн жылы 16 млрд. доллар чет элдик инвестиция чегерилиптир. Эң негизгиси, Н.Назарбаевдин туура саясаты жана казак баурдастардын мекенчилдигинин арты менен ал каражат бир нече эселеп кайтарымын берип жатат.
 
Биздин Ж.Сатыбалдиев башкарган кашаң өкмөт жада калса жолдордун жыртык-тешигине каражат таба албай, оозунан “секвестирование” дегенден башка сөз чыкпайт. Ал эми министрлер менен аким, губернаторлор жалаң жалган статистиканы бетке кармап, күнүмдүк көйгөй менен эле убара. Ошол эле Казакстан өткөн жылы буудайдын дүйнөлүк баасы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу бир топ киреше тапса, биз жада калса өзүбүзгө жетерлик буудай өстүрө албадык. Агрардык өлкө деп эсептелген Кыргызстан азык-түлүк менен өзүн 40-50% гана камсыз кылышы бир гана завод, фабрикалар эмес, дыйкан, фермерлердин да жерге жумшаган чыгымын кайтарып алалбай жаткандыгын далилдеп турат. Себеби бизде оозу менен орок оргон академиктердин теориясы иш жүзүндө эч нерсеге жарабайт.
 
Кыскасы, бүгүнкү күндө карапайым адамдан тартып, министр, депутатка чейин эртеңки күнгө же Кыргызстандын өнүгүп кетишине ишеничи жоголгон. Ар бир адамдын оптимисттик маанайы жоголуп, деградацияга кабылган. Себеби акыркы жыйырма жылдан бери, өзгөчө 2010-жылдан кийин коррупция, жердешчилик өтө жогорку чекке жетип, эл тагдырын чечкен же майлуу, сүттүү кызматтарга жалаң шылуундар менен шумпайлар, кошоматчылар менен эки жүздүүлөр келип, мамлекеттик түзүлүш да узун-туурасынан коррупциянын тузагына чырмалган. Ошондуктан жумушсуздук жана жакырчылыктын сазына кабылган калкыбыздын төрттөн бир бөлүгү наркомания менен аракечтиктин, кыздарыбыз сойкулуктун сазына кабылган. Ал эми бүтүндөй коом мындай социалодык кризиске кабылган мамлекеттин келечеги жок...
 
Ж.Белеков
Булак: “Майдан.kg” гезити, №020 (102), 29-май 2013-жыл