Канадалык ишкерлердин чыккынчылыгынын айынан Кыргызстандын келечегине чоң коркунуч жаралууда
 
Кыргыздын саткын саясатчылары (буларга канадалык ишкерлердин момпосуйуна алданган депутаттарды, “Центеррада” акциясы бар Акаев баш болгон, азыркы айрым чиновниктер төш болгон “Кумтөрдүн” адвокаттарын кошсок болот) жана улуттун келечегине тийешелүү эмне маселе болбосун “страустай” башын кумга каткан бийликтин кайдыгерлигинин айынан бүтүндөй Борбор Азия аймагына таасирин тийгизе турган чоң экологиялык кырсыктын учуна келип такалдык. “Кумтөр” кенинде бир жагынан борпоң тектер ордунан козголуп, административдик имараттарды “жутуп” жатса, экинчи тарабынан уулуу заттарды колдонуунун таасиринен мөңгүлөр ээрип, Петров көлүндөгү суунун көлөмү көбөйүп, уу сактагычты “жууп” кетүү коркунучу жаралды. Айрым маалыматтарга ишенсек, металл аралашпаган тектин күнүнө 5 метрге чейин жылып жатканы байкалган. Таш, кум жана муз аралашкан борпоң тек күнүнө 2-4 метр жылып жатканын техникалык көзөмөл инспекциясынын директору Осмонбек Артыкбаев да тастыктады. Экономикалык жагын алып караганда, өз шылаакылыгынын айынан ушул жагдай түзүлсө да, административдик имаратты коркунучсуз чекке жылдырууга 60 млн. доллар керектеле тургандыгы айтылып, аны канадалыктар кыргыз өкмөтүнө илүүгө кызыкдар. Бул эчтеке эмес. Эгерде жогоруда сөз кылганыбыздай, уу сактагычка бир жагынан Петров көлү, экинчи жагынан борпоң тектер жете турган болсо экологияга орду толгус зыян жаралат, анын баасын акча менен айырбаштоо кыйын болуп калаары айдан ачык.
 
Экологиялык нормаларды сактабагандыктан, Кыргызстан 2100-жылга карата мөңгүлөрдөн толук кол жууй тургандыгын Экономика министринин кеңешчиси Любовь Тен айткан болчу. “Кыргызстанда акыр-чикири жок өндүрүш маданияты жокко эсе. 2100-жылга карата Кыргызстан тоолуу мөңгүлөрүн жоготот. Биз бул байлыкты акыл эссиз жоготуп атабыз. Өз кезегинде бул энергетика жана айыл чарбасына коркунуч алып келет. Анын эсебинен айлана-чөйрө, суу жана жер тилкелери азаят», – дейт Любовь Тен. Бирок, Тен айымдын божомолу азыркы кырсыктын алдында шоона эшпей калаары бышык.
 
“Кумтөрдүн” айынан Кыргызстандын экологиясына, эн алды алтындан да кымбат мөңгүлөргө чон зыян келтирилип жаткандыгын буга чейин бир катар эксперттер жана Жогорку Кеңештин абактагы депутат Садыр Жапаров баш болгон депутаттык комиссиясы эскерткенде, бийлик адатынча кайдыгерлигин салып койгон. Атүгүл, муну ачык айткан С.Жапаров, К.Ташиев, Т.Мамытовду “коомчулукту козутуп жатасыңар”,- деп айыптап олтуруп, акырында абакка тыгып, камакта чириткени жатышат. Анткен менен, Кудай деле жаратылышка таш боордугун салган пендесин жаман көрөт окшобойбу. “Кумтөрдөгү” кырдаалды ошондуктан Жараткандыгын биздин бийликке карата эскертүүсү катары түшүнүү керек. Азыр да абалды туура кабыл албай, калктын башын тегерете берсе, келечекте бизди эмне тагдыр күтөөрү белгисиз.
 
“Эгер байлыгыбызды эле уурдап, талап-тоноп кетип жатышса, ток пейил кыргыздар, мейли байлык кайда калбаган деп бейкапар жата берсек болот эле. Андай болбой жатпайбы. Элибизге ууланган сууну ичиргени аз келгенсип төрт миң метр бийиктикте жайгашкан, көлөмү 360 гектар, тереңдиги 30-35 метр, көлөмү 100 млн тонна цианид жана башка уулуу химикаттар аралашкан коркунучтуу, капкара болгон көлдү кыргыздардын мойнуна өмүр бою илип кетип жатышпайбы. Азыр бизди Кудай эле сактап турат. Кокус Петров көлү жырылып кете турган болсо, бул хвостохранилищени кошуп туруп Нарын дарыясына куят. Нарын дарыясы жок эле дегенде 15-20 метрге көтөрүлүп агат. Бул деген эки жак жээгинде жашаган элди, ГЭСтерди кошо жууп барып, Арал көлүнө жетип токтойт деген сөз. Өзүн сыйлаган бир дагы мамлекеттен мындай көрүнүштү көрө албайсыңар. Ошондуктан, тез арада мамлекеттин көзөмөлүнө алыш керек. Канадалык бизнесмендер болсо эртең чемодандарын көтөрүп алып эч нерсеге жооп бербей баса беришет. Мамлекет катары биз жооп беребиз”,- деп парламент депутаты Садыр Жапаров канча какшагандыгына карабастан, бир дагы бийлик адамы буга көңүл буруп койбогондугун бүгүн ким тана алат. Ал эми эколог адис Динара Кутманова бир ай мурда: “Муз болгон Петров көлү Кыргызстан үчүн мааниси чоң көл, ал «Кумтөрдүн» уулуу заттарды кармоочу кампасынын кесепетинен эрип атат, ал көлдөгү суу ашып, ылдыйкы Нарын суусуна жана андан ары Сыр-Дарыяга уулуу заттары менен куюлушу мүмкүн. Бул чоң экологиялык кырсыкка алып келет”,- дегенде да жарытылуу көңүл бурушпады. Жыйынтыгында экөөнүн тең айтканы чындыкка айланып олтурат.
 
“Кумтөр” кениндеги уу сактагычтын көлөмү 360 гектар болсо, анын аздай бөлүгүнө гана талаптарга ылайык астына керектүү материалдар төшөлгөн. Калганы бош, башкача айтканда, “кыргыздарга боло берет”,- дешип, аң казып, ошого төгө беришкен. Бул уу сактагыч турган жерден мурда өзөн суу акчу экен. Демек, азыр деле жер астынан суулар жылат. Мына ошол суу уу менен кошо булак болуп чыгып, андан карапайым калк пайдаланып жатпайбы. Депутаттык комиссия барганда андан тышкары уу сактагыч толгон сайын акыр-чикир менен гана жасалма дамба жасашып, күн өткөзүп жатканын көрүшкөн. Негизи эле “Кумтөр” чоң таштанды шаарга айланып кеткени баарына маалым. Башкача айтканда канадалыктар алтынды алууга гана кызыгып, уу калдыктары, акир-чикирди келечекте биздин урпактарга калтырышууда. Мына ушунун баарын өкмөттүк Темир Сариевдин комиссиясы да көргөн. Бирок, парламенттик комиссиянын ишин бурмалоо максатында, чет элдик шылуундардын пайдасына түзүлгөн мамлекеттик комиссия бюджеттен 47 млн сом акча каражатын сарптаганы эле болбосо, толук бойдон кандалыктардын камын жегени ачуу чындык. Мамлекеттик комиссия өздөрү жалдап барган экологиялык эксперттер кен казуудан экологияга келтирилген зыяндын көлөмү Кыргызстандын баалары менен эле эсептеп, 5 миллиард долларды түзгөнүн айтышкан. 
 
Динара Кутманованын айтымында, ал 5 миллиард доллардан ашык экологиялык зыян тартканыбызды тактап жазып, 81 барак тапшырыптыр. Бирок, мамлекеттик комиссия аны да жашырып, «Кумтөр» 160 миллион доллар экологиялык зыян алып келгендигин айтып чыкканы эсибизде. Темир Сариев өз башы менен мындай чечим чыгара албайт. Ага өйдө жактан буйрук беришет. Ушул фактынын, экологиялык зыянды ачыктан ачык кемитүүнүн өзүнөн эле бийликтин кыргыз элине, келечегине кандай мамиле жасай тургандыгы ачык көрүнүп турбайбы.
 
“Кумтөр” коррупциянын айсбергинин туу  чокусуна айланып кеткендигинде, канадалыктардын кырсык жакындаса да камырабай тургандыгына караганда, булардын колунда чоң көзүр бар. Башкача айтканда, канадалыктар бийликте тургандарды капкачан колуна алып койсо керек. Болбосо, маңкурт адам да мынчалык өз элине кыянатчылык кылбайт го. А бул жерде касиеттүү мөңгүлөргө, “Сарчат-Эркештам” коругунда кызыл китепке кирген сейрек жаныбарларга, Нарын дайрасына, андан суу ичкен республиканын жарым калкына, Ысык-Көлгө чоң коркунуч жаралып жатса да президенти баш болуп ооздоруна талкан салып алгансып, унчугушпайт. Булар элге күйгөн, элди ойлогон лидер болсо, канадалыктарды кыргыз жаратылышын ушундай чекке жеткизгени үчүн токтоосуз кууп чыгышмак да, эл аралык сотко берип, кунубузду өндүрүшмөк. Эр болсоң ошол эле Канадага барып көрчү. Ал жакта бир арчаны жулуп койсоң камаласың, а минтип ажайып жаратылышка орду толгус зыян келтирсең “улут чыккынчысы” аталып, дароо атылаарың, жок дегенде уялганыңдан асынып өлөрүң бышык.
 
Казактардын 31-каналы “Кумтөрдө” жакындаган кырсыкка токтолуп, карапайым адамдар “жай өлүмгө” дуушар болгонун тастыктады. Алтын кенден ылдый аккан сууда цианид бар экени жалпыга маалым. Жергиликтүү адистер аны тастыктаган менен, “көлөмү калыбында эле”,- деген апыртманы айтышууда. Ал эми казак эксперттеринин айтымында, цианид канча көлөмдө болбосун, сөзсүз таасирин берет. Цианиддин көлөмү, - 0,00000001 көрсөткүчүндө болсо да, ал ден-соолукка, сууда жашаган жандыктарга таасирин берет. “Жай өлүм”,- аташканы да ошого байланыштуу чыккан сөз.
 
Мына ушундай оор кырдаал түзүлсө да, бийлик акең элин ойлобой, өз чөнтөгүнүн кызыкчылыгына тартып, “Кумтөр” менен сүйлөшүүлөрдү фарска айландырды. ЖК депутаты Ахматбек Келдибековдун айтымында, экологиялык кырсык орун ала турган болсо, буга биринчи кезекте бийлик жооп берет. “Эгерде мөңгүдөн ээрип аккан суу уу сактагычка жете турган болсо даана куруйбуз. Эмнеге бир да жетекчи бул маселени иликтөөгө албайт? Өкмөт болсо сүйлөшүү жүргүзбөй эле соодалашып олтурат”,- деди ал.
 
“Кумтөрдөгү” коррупция өзүнчө кеп. Баштаганда эле баарын “былгытышкан”. Биз коррупциялык схемаларды баарын санасак, гезитке батпайт. Бирок, эмнегедир, мамлекеттик комиссия да, азыр канадаклытар менен сүйлөшүү жургүзуп жаткандар да бул маселени көтөрүшпөйт. Ачык эле айтып коюу керек, азыркы сүйлөшүулөрдөн майнап чыкпайт, анткени, канадалыктар ачык эле 2009-жылкы келишимдин шарттарын өзгөртүүдөн баш тартышууда. Сүйлөшүү комиссиясынын башына болсо учурунда алтындын эсебинен 2 миллион АКШ долларын өз чөнтөгүнө уруп койгону айтылган Улуттук Банктын экс-төрагасы К.Нанаевдин тууганы Жоомарт Оторбаев дайындалганынан эле муну баамдасак болот.
 
КТРК берген маалымат боюнча, "Кумтөрдөн" саат сайын 2 кг таза алтын өндүрүлөт. 2 кг таза алтындын эл аралык биржадагы наркы 120.000 АКШ долларына бааланат. Ошондо: бир суткада "вахталык" ыкмада 48 кг алтын, башкача айтканда 2 миллион 880 миң АКШ долларына алтын иштелип чыгат экен. Ошондо бир айда 1440 кг, бир жылда 17280 кг таза алтын өндүрүлөт. Бир жылда алынган алтындын жалпы наркы 1 миллиард 36 миллион 800 миң АКШ долларын туюнтат. Ал эми элин укпай, сыртты уккан, көз каранды Кыргыз Республикасы деген коррупциялык мамлекет 20 жылдан бери 2 миллиард доллар сырттан карызга алып, жеп-ичип коюп, кутула албай жатса, быйыл өз бюджети да өчөшүп 32 миллард сомго жыртылып калды, эми эмне десе болот, эмнени үмүт кылса болот?
 
Эмнеси болсо да, “Кумтөрдү” иштеткен “аферисттердин” айынан азырКыргызстан экологиялык, экономикалык чоң кырсыкка кептелгени турат. Мунун таасири бүтүндөй Борбор Азияга тийери бышык. Кеч бололекте чара көрбөсөк, көргөн күнүбүз кор болуп кетүү коркунучунда. А бул кырсыкты токтотуп калуу биздин ар бирибиздин милдетибиз болуш керек.
 
Адилет Нуржигитов
Булак: “Майдан.kg”, №019 (101), 22.05.2013-ж