«Алганды эле билет, бергенди билбейт. Орусиянын алдындагы карызы үчүн Карадеңизден да кооз Ысык-Көлдү алыш керек» маанисинде Кыргызстан тууралуу айткан сөзүнө чычалап, Жогорку Кеңештин депутаттары белгилүү орус саясатчысы, ЛДПР лидери В.Жириновскийдин Кыргызстанга келүүсүнө тыюу салган чечим кабыл алды. Бул туура болдубу же жокпу? Ар ким өз бүтүмүн чыгарар. Бирок бир өлкөнүн эл өкүлдөрү кызыл чеке боло талашып, уу-дуу чыгара талкуулай турган маселе эмес эле. Бул улуттук парламенттин улук даражасына жарашпай турган иш болду. Эмне үчүн?
 
Саясый долбоор
 
Биринчиден, Жириновскийди реалдуу өз алдынча саясый күч эмес, саясый долбоор деп гана билем. «Саясый долбоор» түшүнүгү чама-чаркы жетиштүү куурчак ойнотуучулардын көшөгө артында туруп алып, саясый аренага бирөөнү чыгарып, ошол аркылуу өз кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруусун туюндурат. Айрым пикирлер боюнча: Грузия президенти М.Саакашвили АКШ долбоору. Талибдер дарга асып өлтүргөн Ооганстандын мурдагы жетекчиси Наджибулла да Москванын долбоору эле. Советтер Союзунун урашына салым кошкон М.Горбачевди ЦРУнун долбоору болгон деген каңшаарлар бар. Ал тургай террордук уюм катары белгилүү «Аль-Каиданы» да убагында геосаясый оюндарда колдонуу үчүн ири державалардын бири иштеп чыккан долбоор деп эсептешет кээ бир серепчилер.  
 
Аларды билбейм, бирок Жириновскийди долбоор деп айтууга толук негиз бар. Кээ бир серепчилер аны жана анын партиясын СССР убагындагы КГБ иштеп чыккан сценарий деп эсептешет. Советтер Союзунан башка бүт ири державалар: АКШ, Англия, Германия, Франция, Жапония (анда Кытай азыркыдай күчтүү эмес эле) ж.б. эки партия үстөмдүк кылган көп партиялуу саясый системада жашашчу. «Кайра куруу», «демократия» деп күпүлдөп турган учурунда СССР да, «саясый жаңылануунун» белгиси катары бирден-бир партиясы болгон Компартияга жасалма альтернатива кылып ЛДПР долбоорун түзгөн деген гипотеза бар.   
    
Советтер Союзу урады. Бирок Орусиянын кийинки жетекчилери үчүн да ЛДПР менен анын алмашкыс лидери Жириновский актуалдуулугун жоготкон жок. Б.Ельцин «ойлонбой сүйлөп, онтобой өлөт» деген типтеги адам эле го. Кытайга визити учурунда «АКШ Орусиянын атом куралы бар экенин унутпаш керек» деп балп эттирген. Антип алды артын ойлобой айткандары толтура эле жарыктык кишинин. Ельцин ошентип бир ишти туура эмес кылганда эле Жириновский чоң балээни баштачу. Коомчулуктун ою, пикири, көңүлү ЛДПР лидеринин шоулоруна ооп кетип, Ельциндин чалкеш кылыктары анын көмүскөсүндө бат эле унутулуп калчу. Жириновский Мамлекеттик Думада депутат аялдын чачын жулмалаган сценарий баарынын эсинде болсо керек. Бүт дүйнө көрүп турса да бул кылмышы үчүн аны эч ким соттогон жок. Анткени ал Борис Николаевич тышкы саясатта бир осол аракет кылып койгонун жаап-жашырыш үчүн даярдалган спектакль болгонун айтышат саясат таануучулар. Жириновский андан кийин деле канча жолу башка депутаттар менен жакалашып, мушташып, келтектеп, кээде келтек да жеп жүрдү. Бирок жакасы айрылып, мурду канамак турсун, бир топчусу да үзүлбөдү, бир жолу да бети көгөргөн жок. Ушундан улам чындап эле анын бардык кылган тополоңдору дыкат даярдалган сценарий боюнча жасаларына ишенбей коюу кыйын.
 
Ал тек гана саясый маскарапоз жана бийлик сигналы
 
Экинчиден, туруктуу электораты бардыгына карабастан Жириновскийди олуттуу саясатчы катары кабылдоого болбойт. Анын саясый бейнеси мамлекеттик ишмерге караганда көбүрөк өз ишинин устаты болгон сатирикти, куудулду эске салат. Ошонусу менен б.а. өзгөлөргө окшобогон, өзгөчө жолу жана образы болгону үчүн орус саясый олимпинин узактан бери өчпөгөн жаркын жылдызы болуп келет. Элдин да табити ар башка. Ансыз да жеңил эмес жашоодо саясаттагы киттердин арасында быкшыган түтүндү үйлөп күйгүзчүү, декорациясы жупуну, суз сахнаны жандантып, позитивдүү энергия берип турчу бир каармандын болушуна шайлоочулар да муктаж. Орусиядагы электораттын көңүлүндөгү ошол боштукту толтуруп, өз ролун мыкты аткарып келаткан бирден-бир чебер, чечен, акылдуу саясый актёр - бул Жириновский. Ал эгерде капыстан Путин сыяктуу сүр-сүлпөт күтүп, эмоциясын жашырып, рационалдуу ой-толгоп, сүйлөй баштаса дароо саясый өлүккө айланат. Анткени анын өзүнө гана тиешелүү кайталангыс имиджинен ажырайт да, көптүн бирине айланат. Шайлоочуларга мындай Жириновскийдин кереги жок. Ошон үчүн ЛДПРдын башчысынын айтканына анчалык күйүп-бышуунун, бушаймандануунун эч пайдасы да, кереги да жок.
 
Ал эми В.Путин Б.Ельциндей эмес, ар бир сөзүн жети ойлонуп айтчу, кыраакы, акылы тунук саясатчы. Демек, Жириновскийдин шоу кылыктарына азыркы орус бийлиги анчейин муктаж эмес. Ошон үчүн ЛДПР көсөмү музыкалык теле долбоорлордон чыгып ырдап, ток-шоулордо тилин безеп, Ысык-Көл тууралуу ойду-тоону сүйлөп өз саясый рейтингин сактоонун жан алакетинде. Андан тышкары чыныгы демократиялык, адилеттүү шайлоо деп атоого али арзый элек Орусиядагы парламенттик жана президенттик шайлоолордо бийликте турган фавориттерге электораты бар, бирок эч качан 50%га жетпей турган ыңгайлуу, «атаандаштар» дайыма керек. Жириновский Кремлге ушул жагынан да кызмат кылып атат. Акыркы президенттик шайлоодон соң, жеңилген башка талапкерлер нааразыланып митинг кылып жүрсө, Владимир Вольфович жеңип чыккан Владимир Владимировичти телефондон куттуктаганын бүт орус каналдары көрсөтпөдүбү.  
 
Орус бийлиги Жириновскийди айрым сигналдардын адресаттарга жеткирүү үчүн колдонушу ыктымал. Балким, Ысык-Көл тууралуу айтканы Кремлдин Кыргызстанга «кимдигиңди жана кимге канча милдеттүү экениңди биле жүр» деген сигналы болуп жүрбөсүн.
 
Чычалаган чын болот
 
Үчүнчүдөн, «чычалаган чын болот» дейт кыргыздар. Мамлекетибиз эгемендикке жеткенден бери «келе-келе» деп эле келатканы жалганбы? Ошентип отуруп тышкы карызыбыз дээрлик 3 миллиард долларга жетти. Же анын өлкө өнүгүүсүнө пайдасы тийгенинен кабарыбыз жок. А аласабыз канча? «Нөл». Алигиче сырттан техникалык жардамдар менен гранттарды, олчойгон кредиттерди алганыбызды тышкы саясатыбызда ийгилик катары көрсөтөбүз. Качан палан өлкөгө мынча, түкүн өлкөгө тигинче карыз бердик, инвестиция киргиздик деген деңгээлге жетебиз? Алган карызыбызды төлөөгө келгенде «кечип эле койгулачы» деп жалдырайбыз. Бир бөлүгүн коюшса, аны да дипломатиялык жетишкендик катары көрсөтүп мактанып чыгабыз. Карызды төлөбөйсүңөр десе кубанып ХИПКке кирип кетишибизге аз калып араң токтодук. Же «алмайдын бермейи бар» деген таасын накылды эстен чыгарып койдукпу? Бир сөз менен айтканда башка мамлекеттер менен алыш-бериште бечаранын саясатын жүргүзүп жатабыз. Ошондуктан, «кыргыздар алганды эле билет» дегенге арданбай, берип да үйрөнөлү. Пайгамбар да «берүүчү кол алуучу колдон жакшыраак» дегендей насыятын айткан.  
 
Төртүнчүдөн, Жириновский Ысык-Көл Карадеңизден жакшы деп кыргыз берметин чын дилден рекламалап да бербедиби. «Бирөөнүн тогуз жаман жагы, бир жакшы жагы болсо, көңүлүңдү ошол жакшы жагына бур», - деген экен адамзаттын акылманы. Ошондуктан, ЖК Жириновскийди Кыргызстанга киргизбейбиз деп чамынганынан биздин мамлекет уткан жок. Мындан провокациялык билдирүүсү резонанс жаратып, элдин эсинде өзүнүн бар экенин дагы бир жолу жаңырта алган ЛДПР көсөмү гана утту. Кыргызстанга келбей койгондон анын эч нерсеси кемип кетпейт. Ошондуктан, «ит үрө берет, кербен жүрө берет» деген накылды тутунуп, мынчалык майдаланбай, нарктуу өлкө катары өз жолубузду улаганыбыз дурус. 
 
24.kg