Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2954
Биз башында эле, маселени кабыргасынан коюп, “Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министрликке татыктуубу же ыңгайлуубу?” – деп жазган болчубуз.Атамбаевдин жакын досу, аппарат башчысы болуп турган жеринен Жантөрө Сатыбалдиевдин багы ачылып, Бабановду кетиргенден кийин түзүлгөн “Ырыс алды – ынтымак” коалициясынын колдоосу менен өкмөт башчысы кызматына бекиген болчу. Жүз күндүгүндө, мына азыр учуру келип жарым жылдыгында да анткен менен, Кыргызстанды бөлүп алып башкарып жаткан парламенттик КСДП, “Ар-Намыс” жана “Ата-Мекен” фракцияларынан турган коалиция дайындаган өкмөт чеке жылытарлык иш жасабагыны көрүнүп турат.
 
Премьер-министрдин жеке трагедиясы
 
А бирок, Сатыбалдиевдин доору аябай сонун башталганын эстен чыгаралекпиз. Айлана-чөйрөнү Чеховдун каармандарындай көз айнектин ары жагы менен караган, түштүктүн кулунуна анча мүнөздүү эмес табышмактуу бул адамды талапкерлиги каралып жатканда айрым бийликтин ырын ырдап, чоорун чордогон ММКлар менен кошоматчылар кыргыздын Данкосундай мактап, тажрыйбалуу өндүрүшчү, ал тургай акылман катары макташты эле. “Бакылдаган Текени суу кечкенде көрөбүз”,- дегендей, өкмөт Кыргызстанга жарытылуу пайда алып келбей, бюджетти да эптей албай жатканына күбө болгондон кийин мына ошол арзыматтардан дайын жок. Кыйын болушса эмнеге өтө көп сын-пикирге, талдоочулардын бутасына айланган Сатыбалдиевди коргоп чыкпай жатышат? Анткени, биринин да айтаарга кеби, коргоого колунда мактанарлык аргументи жок болуп турат. Муну колунан келбесин билип турса да, мансапты гана ойлоп бул кызматка барып алып, алапайын таппай калган Жантөрө Жолдошевичтин трагедиясы катары бааласак болчудай.

Чынында Ж.Сатыбалдиевдин өмүр баянын каза турган болсок, анын өкмөт башчы болууга тажрыйбасы, акылы, кесиби жетиштүү экендигине ынынбай койбойсуң. Бирок, көп адамдар анын бир кездеги "Бишкек-Ош" жол куруу дирекциясын башкарып, андан соң коррупция гүлдөгөн Акаев доорунда транспорт министри болгондо Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарына кошулганын эстешип, “ай, мындай таланты менен Кыргызстанды курутпаса болду”,- деп чочулашкан. Ошентсе да, Ө.Бабановдун алабармандыгы менен шоу-мендигинен сабак алган карт бөрү Ж.Сатыбалдиев бир топ чечкиндүү кадамдарды жасап, өндүрүштү алга тартып, тегерек-четине Акаев, Бакиев учурундагы аты булганган жетекчилерди жолотпой кырдаалдан чыгып кетишинен тилек кылганбыз. Жада калса, парламенттеги азчылык коалициядагы “Республика” менен “Ата-Журт” фракциялары да ушул ишеним менен Сатыбалдиевге добушун беришкен. Элдин үмүт эткенин айтпай эле коёлу. Эң өкүнүчтүүсү, кыска аралыкта эле бул өкмөт да жарамсыздыгын, колунан поктун да иши келбегендигин далилдеп, кабыргабызды кайыштырды. Мындайда, өкмөттү уламдан-улам алмаштыра берип жадаган жаныбыз, айла жоктон, жаңы министрлер кабинетин күтүп калдык.
 
Парламент да нааразы
 
Ушу тапта парламент комитеттери өкмөттүн 2012-жылдагы отчетун карай баштады. Сатыбалдиев даярдап келген отчеттун супсак болуп калгандыгына жада калса КСДП фракциясынын депутаттарынын да кыжыры келүүдө. Баарынан да башбакан өзү келбей, парламентти теңсинбей, Ш.Атаханов, Ж.Оторбаев, Т.Сарпашев, К.Талиеваны – вице-премьерлерди жөнөтүп койгону кызык болду. Депутаттар мындан улам Жантөрө Сатыбалдиевге огобетер өчөшүп, эл өкүлдөрүн сыйлабаган, келгенден бери жарытылуу иш жасай албаган премьер-министрди алмаштыруу керектигин кыйытып жатышат.
 
Парламентте деле өкмөт отчетун талкуулоо дал ушундай, Сатыбалдиевди кетирүү багытында бара жаткандай. Маселен, өкмөттүн 2012-жылдагы коопсуздукту камсыздоо тармагындагы отчетун Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитети "башаламан, тартипсиз түзүлгөн” деп баса белгилешип, “канааттандырарлык эмес”,- деп тапты. КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаковдун пикири боюнча, өкмөттүн 2012-жыл үчүн толук эмес отчету үчүн кимдир-бирөө жоопко тартылуусу тийиш. “Улуттук коопсуздук, коргонуу мүмкүнчүлүгү, конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча иш-чаралар сыяктуу түшүнүктөр тууралуу ныпым эч нерсе жок. Отчеттун пункттары башаламан, иретсиз жайгашкан», - ал. Батукаев чыгып кеткенден кийин кызматын убактылуу өткөзүп, Астанага барып жатып алып, эми пайда болгон вице-премьер Ш.Атаханов маалыматтын кыскалыгын моюнга алды, а бирок, “кеңири маалыматты угууга убакыт тар экендигин”,- белгиледи. Бирок, И.Исаков: Отчет 30-апрелде өкмөттүн токтому аркылуу жактырылган, демек, ал – акыркы документ катары саналат”,- деп Атахановдун отчетко өзгөртүү киргизүү ниетин четке какты.
 
ЖКнын коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде да өкмөттүн отчету сынга алынды. “Өкмөттүн коррупцияга каршы күрөш боюнча жүргүзгөн иши мени таптакыр канааттандырбайт. Бир дагы мамлекеттик орган коррупциялык аракеттер менен күрөшүүнү жайылтпай жатат. Кылмыш жоопкерчилигине 214 кызматкер, анын ичинде укук коргоо, сот, фискалдык органдардын, прокуратура кызматкерлери тартылган. Алардын 28и гана соттолгон. Бул дагы ишпи? Өкмөт кайда карап жатат? Мамлекет башчы аёсуз күрөш жарыялады, ал эми кызматкерлер жеринде эч нерсе кылбай жатышат”, - деди комитет мүчөсү, депутат Анарбек Калматов.
Ал эми парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети отчетту угуудан баш тартты. Буга баяндамачы катары премьер-министр көрсөтүлгөн болсо да, анын ордуна 1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди жөнөтүп койгону себепкер болду. “Парламенттик-президенттик башкаруу формасынын шартында министрлер кабинетинин отчетун анын жетекчиси берүүсү керек. Биздин айрым эскертүүлөрүбүз бар, анткени өкмөт биздин бир катар чечимдерди аткарган эмес», - деди комитет төрагасы Каныбек Иманалиев. Аталган комитет өкмөт отчетун премьер-министрдин катышуусунда гана карай турганын билдирди.
 
Бюджет жана финансы боюнча комитетинде да өкмөт иши сынга алынды. «Республика» фракциясынын депутаты Эльмира Жумалиева: “Республика экономикасынын абалын жакшыртуу боюнча өкмөттүн натыйжалуу ишин көрө алган жокмун. Өкмөт макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча эч кандай иш аткара алган жок”, - деди.
 
Саясий жактан да туура
 
Коомдук-саясий кырдаал да учурда кайсы бир бийлик бутагынын башын жемейин, тынчычудай болбой турат. Азыр элдин нааразы болуп жатышына эмне себеп болуп жатканын эсептей турган болсок, гезит бети түтпөй калат. Жарылганы калган эл дал ошондуктан “атаканы” кайсынысынан баштаарын билбей, ойлонууда. Президенттин кетишин ачык талап кылгандар азырынча пайда боло элек, андай талап азырынча кухняларда гана айтылууда. Бирок, президент да эл толкуну кайсы нукка карай өзгөрүп баратканын жакшы түшүнүп турат, ошондуктан, өзүн сактагысы келсе, илгертпей парламентти же өкмөттү “садагага” чабышы керек болуп турат. Парламентти таркатууну “Эл үнү” кыймылы көтөрүп, “Кумтөр” маселесине баш ооруткусу келбеген депутаттардын кереги жоктугун айтууда. Бирок, азырынча парламент президентке көп деле проблема кылган жок. Себеби, кантсе да, андагы күчтөрдүн жайгашышы президентке оорчулук жаратпайт. Тескерисинче, Асылбек Жээнбеков спикер болуп келгенден бери парламент Атамбаевдин администрациясынын бир бөлүмүнүн эле милдетин аткарып калды. Анан ушундай тил алчаак парламентти таркатып алса, Атамбаев кийинкисинде мындай бактыга туш келбестигин жакшы түшүнөт. Себеби, КСДПнын кадыры кескин төмөндөп кетти. “Союздашы” болгон “Ар-Намыс” партиясы лидери Куловдун паспорт бизнесине баш-оту менен кирип алганы үчүн, “Ата-Мекен” мародёрчулуктун айынан эл колдоосунан эчак ажыраган. Мына ушуну эске ала турган болсок, Атамбаев мындай тобокелчиликке эгерим барбайт.
 
А бирок, өкмөттү кетирүү менен кырдаалдан “минимум” жоготуулар менен чыгып кетсе болот. Сатыбалдиев деле шилекей алышкан досу. Өзү өкмөттү эптей албаганын туура түшүнүп турат. Өз ара кеңешсе, Сатыбалдиев деле кетерине каршы болбосо керек. Досу үчүн бир жаманатты болуп койсо Жантөрө Жолдошевичтин эч нерсеси кетпейт. Ансыз деле анын кадыр-баркы төгүлүп бүткөнүн айтпаган адам жок.
 
Ошентип, өкмөт тагдыры 23-майда парламенттин пленардык жыйынында чечиле тургандай болуп калды. 24-мартта Жалал-Абад облусунда өткөн Элдик курултайда эл ишениминдеги өкмөттү түзүү талабы коюлган. Башкача айтканда, партияга мүчө болбосо да, чынында эл үчүн иштеген кесипкөй кадрлардан түзүлгөн өкмөттү алып келүү талабы айтылды. Минтип коалициядагы партиялар бөлүшүп алган өкмөттө эч качан иш болбостугун үч жылда билип бүттүк. Эл үнүн уксак кантет? Баклим, ошондо иш оңолоор?
 
Адилет Нуржигитов
Булак: “Майдан.kg”, №018 (100), 15.05.2013-ж.