Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2603
Өлкөдөгү саясый-экономикалык абал кескин начарлап, “Кумтөр” менен камалган депутаттар боюнча нааразычылыктарга, кылмыш чөйрөсүнүн аталыгы аталган Азиз Батукаевди кастарлап узатуу боюнча көтөрүлгөн ызы-чуу кошул, ташыл болуп жатканда Жогорку Кеңеш (ЖК) май майрамдарынын шылтоолоп эки жумалык өргүүгө баса берди. Маалымат чордонуна айланган “саясый казандын” оту тартылганынан коом бир аз дымый түшкөнсүгөнү менен, “көйгөйлүү шишик” тарап кеткен жок. Туюк жарага айланчудай болуп баратат.
 
ЖКнын минтип: “көзүм көрбөсө, көчүгүмү бөрү жесин” дегенсип, кулагын жапырышы да жөн жерден чыкпагандай. Президент тараптан: “Батукаев, сатукаев деп ызылдаганыңарды токтоткула”,- деген көрсөтмө түшкөндөн улам дымып калышкандыгы да айтылууда. Башкаруучу коалициянын курамындагы “Ата-Мекен” менен “Ар-Намыс” фракциялары кырдаалдан пайдаланып, комиссия түзүп, вице-премьер, баш прокурор, акыйкатчы ж.б. кызмат адамдарынын отставкасын талап кылып, өкмөттү отставкага кетирүүнү пландап, “коалициядан чыгабыз” деп шантаж жасап жатып эле капыстан күйүп кеткен лампочкадай жалп өчтү.
 
“Кетсеңер кете бергиле, “ата-журтчулар” менен “республикачылар” эшигимде сагаалап турганда силерден коркок билишим жок! Каалаганымды кошуп алам”,- деген ажонун сөзүнөн кийин айлалары куруп отуруп калышкандай. Ошондон улам, “ар-намысчылардын” демилгеси менен коалицияны бузуу аракеттери жетиштүү колдоого ээ болбой, ЖКнын аброю урап, “Атамбаевдин гареми” десек деле боло тургандай деңгээлге түшүп бараткандай.
 
Анткени, азыркы кырдаалда, чынында эле КСДПсыз коалиция куруу эч мүмкүн болбой, тетирисинче идеянын авторлору Ө.Текебаев менен Ф.Куловдун фракцияларынын сыртта калуу коркунучу бар. Айгырынан ажыраган үйүрдөй болуп, көрүнгөн желени сагаалап, бириндеп кеткен “Республика” менен “Ата-Журт” фракциялары баш учун жыйып, сөзгө тура алат деген кепилдик жок.
 
“Ымдаганга зар болуп тургандары арбын немелер, бөлөк-бөлөк бойдон эле чубуруп, Атамбаевдин акырына кирип кетет,”- деген пикирлер арбын.  Ишеним жок.
 
Камчыбек Ташиев камалгандан кийин ичинен ыркы кетип жаткан “ата-журтчулардын” бир тобу “Ар-Намыс” менен “Ата Мекенге” караганда бийлик башындагы А.Атамбаевдин КСДПсына (колунда токочу бар бала сүймөнчүктүү) ыктаары айдан ачык. Ахматбек Келдибеков менен Ө.Текебаевдин жеке мамилелери да биригүүгө каршы негизги кедергилердин бири болуп саналат. Оңой эмес. 4-5 депутатына гана кадыры бар “Республика” фракциясынын азыркы лидери А.Сулайманов деле өз алдынча өңдөнүп короктогону менен жалпы фракция атынан чечим кабыл ала албайт. Кексе саясатчылардын куралы болуп кала берет. К.Исаевдин тобу “ата-мекенчилерге”, Б.Төрөбаевдин “Өнүгүүсү” Атамбаевге ыктап, ар кимиси өз көмөчүнө күл тартууда. Бокоев баштаган таластык үч-төрт  депутат гана Ө.Бабановду кыйа албай кыйналууда. Бул топ дагы “ата-мекенчилер” дегенди укканда итатайы тутула түшүп, биригүүгө тоскоол болушат.
 
Ал эми, “ата-мекенчилерди”  кошпой “Ар-Намыс”, “Ата-Журт”, “Республика” фракцияларынан башкаруучу коалиция куруу кыйын жана кооптуу. Биринчиден айдама болуп калган карт генерал, идеалардын булагы болгон Ө.Текебаевсиз ордунан козголоору күмөн. Экинчиден КСДП менен “Ата Мекенди” оппозицияда калтыруу өтө опурталдуу. Тажрыйбалуу партиялар күн көргөзбөйт. Тез эле астын-үстүн кылып жиберишет.
 
Ошентип, элдик көтөрүлүш жасап, “демократия орнотобуз”.- деп желпинип, жаңы баш мыйзам кабыл алып, “парламенттик системага өттүк”,- таризинде дерделеңдеп жатып, кайра эле таз кейпибизге кетип, мыйзам сакталбай, ара туулган парламентибиз алеки заматта президентке көз каранды болуп, кайрадан авторитардык заман башталып, бир адамга кулдук уруп, бийлик бутактары жеке адамдын гана кызыкчылыгы үчүн кызмат өтөй тургандай болуп бара жатат.
 
Апрель элдик революциясынын эң негизги максаттарынын бири болгон сот реформасы да ишке ашпай, тетирисинче соттордун толук көз карандылыгына айланып бара  жатканы тууралуу  коомчулук кан какшап, тынчсыздануу менен коңгуроо кагууда. Бийлик башындагылар болсо, көрмөксөн-билмексен болуп, өз арбайын согуп, мурдагы экөө салган “даңгыр” жол менен бара жатат. Ал жолдун бараар жери белгилүү экени деле ойлондурган жери жок.
 
Анан, минтип, өзүм билемдик өкүм сүрө берсе, өнүгүү башталып, келечекке үмүт пайда болбосо кантебиз? Кыргыз мындайга чыдачу эмес эле...
 
Сабыр МУКАНБЕТОВ
Булак: “Майдан.kg”, №018 (100), 15.05.2013-ж.