9-май күнү океандын ары жагынан кыргыз бийлиги үчүн суук кабар келди. Анткени АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бруклин прокуратурасы Максим Бакиевге карата козголгон кылмыш ишин токтоткондугу тууралуу билдирүү жасады. Эмнегедир алдын ала 13-майга белгиленген сот иши төрт күн эрте болгондугу да табышмактуу. Демек, М.Бакиев Лондондо кала бермекчи. Баса, ал өткөн жылы октябрда Улуу Британия соту тарабынан кармалып, айып тагылганда саясый качкын макамын алууга да жетишкендиги белгилүү.
 
Ошентип кыргыз бийлигинин кичүү Бакиевди Улуу Британиядан АКШга экстрадициялап, андан ары Кыргызстанга алып келүү боюнча кыялы таш капты. Демек, алардын элге “Америка аркылуу М. Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялап, анын өлкө казынасынан алып кеткен миллиондогон долларларын кустурабыз жана жазалайбыз”,- деген убадасы куру убарага айланды.
 
Ал эми 11-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев америкалык элчи Памела Спратлен айымды кабыл алып, “америкалык бийлик М. Бакиев тарабынан жасалган кылмыш баардык жагынан АКШ мыйзамдарына ылайык оор болуп саналарын мурда белгилегендигин, тилекке каршы демократиянын негизги принциптеринин бири – мыйзамдын үстөмдүүлүгү жана жазалоонун кайра артка кайтпай тургандыгы иштеген жок” деп Ак үйдүн ачуусун билдирди. Мындан тышкары Э.Абдылдаев кыргыз сотунун чечими менен М.Бакиев кылмыш жасагандыгы үчүн жазага тартылган жана кыргыз тарап кылмышкер сот алдында жооп берерине баардык аракетин көрөрүн,  М.Бакиевдин акырындап экстрадицияланышына жана мыйзамга ылайык жазалануусуна аракет кыларын кошумчалады.
 
Бирок, П.Спратлен айым М.Бакиевдин кылмыш ишинин жабылышына америкалык тараптан чогултулган айыптоодогу далилдөөчү базанын жетишсиздиги себеп болгондугун айтып, дипломатиялык сыпайылык менен жооп узатты. Ошол эле учурда АКШ элчиси кандайдыр бир кошумча түшүнүк берген жок. Бул жагдай, АКШ соту менен прокуратурасы кыргыз бийлигине түшүндүрмө берүүдөн баш тартуусу - “Манас” Транзиттик жүк ташуу борборунун келерки жылы аймагыбыздын чыгарылышына карата жообу эмеспи?
 
Биз билгенден АКШ, Европа сотунда мыйзам баарынан жогору турат жана эч кандай саясый максатты көздөбөйт. Эгер мыйзамды бузса, президент, депутат, министр жана башка чиновниктер мыйзам алдында бирдей жоопко тартылышат. Андыктан М.Бакиевди “Кыргызстанда сот жообуна тартылган” деген гана жүйөө менен АКШ аркылуу экстрадициялоо маселеси башында эле ишке ашпай турган аракет болчу. Деги коррупцияга белчесинен батып, ар кандай ишти кыйшык күзгү менен караган биздин сотко өзүбүздүн эл ишенбей калганда, АКШ бийлиги ишенеби? Анткен менен кыргыз бийлиги адатынча карапайым калкты убактылуу алдоо менен коомдогу саясый чыңалууну басаңдатууга жана өздөрүнүн позициясын чыңдоого жетишти.
 
Баса, өткөндө Кыргызстандан жоон топ ИИМ менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери “бакиевдерди жетимишке жакын жан-жөкөрлөрү менен айдап келебиз" деп Беларуска аттанды эле, алардан алигиче дайын жок.
 
Керек болсо бүгүнкү бийликтегилер өздөрү сыртка качырган бакиевдерди алып келүүнү каалашпайт. Анткени алар келе турган болсо, коомдо араң орной баштаган бейпилдикке бүлүк түшүп, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн далай былык иштери ачылат. Жок эле дегенде банктарды, бакиевдердин үйлөрүн  кимдер тоногону жана июнь окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрү белгилүү болот. Дал ушундай жагдайлардан улам апрель окуясынын “күнөөкөрлөрүнүн” соту да үч жылдан бери Чубактын кунундай чубалып, аягына чыкпай келүүдө. Андан көрө бүгүнкү бийлик 2010-жылы июнь окуясынын башкы күнөөкөрлөрүн таап, алып келүүнү ойлонушса болмок.
 
Кыскасы, М. Бакиевге карата  АКШ прокуратурасына козголгон кылмыш ишинин токтотулушу кай жагынан алып карабайлы кыргыз бийлигине урулган чоң сокку болду. Жок, биз анын кыргыз эли менен мамлекетине жасаган кыянаттыгын актагыбыз келбейт. Маселе  бүгүнкү кыргыз бийлиги менен эч кайсы чет мамлекет же эл аралык уюмдар эсептешпей же теңине албай жаткандыгында болууда... Анткени, алар деле азыркы бийлик башында Максимден кем калбаган “ажыдаарлар” олтурганын билишет.
 
С.Кадыров
Булак: “Майдан.kg”, №018 (100), 15.05.2013-ж.