Президент Атамбаевдин саясаттагы башкы атаандашы катары дүйнөлүк коомчулук тааныган Камчыбек Ташиев баш болгон “Ата-Журт” фракциясынын депутаттарынын, генерал-майор Кубатбек Кожоналиевдин жана үч жансакчы: Бекзат Исаев, Каныбек Камчыбеков жана Заирбек Кадырбаевдин үстүнөн сот ишин Бишкек шаардык соту 2-майда карай баштады. 
 
2-майдагы сот процесси Ташиевдин жардамчысы К.Камчыбековду тийешелүү кызматтар сот залына алып келбей калгандыгына байланыштуу болбой калуу коркунучуна кабылды. Бийликтин кандай жол менен болсо да сотту созуп, элдик саясатчыларды чыгарбоо амалын жасаары күн мурунтан дайын болчу. Ошондуктан да, соттолуп жаткандардын жактоочулары бир ооздон бул башаламандыкка каршы чыгышты. Маселен, К.Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов соттун ишин үзгултүккө учуратууга батынган жооптуу адамдарды жазалоо талабын коюп, Камчыбековду алып келүү, сот ишин улантуу талабын койду.
 
“Кумтөр” маселесине коомчулуктун көнүлүн буруу максатында саясий кадамга барып, анын айынан камакка түшкөн депутат Камчыбек Ташиев сотту үзгүлтүккө учуратуу талабын “бийликтин буйрутмасы” катары баалады.
 
“Мен парламенттик шайлоодо биринчи орунга ээ болгон саясий партиянын төрагасымын, элдин колдоосуна ээ болгон депутатмын. Ошондуктан да, мен бул процесстин саясий өңүттө жүрүп жатканына басым жасап келгем. Мына бүгүн да соттолуп жаткан жардамчыларымдын бирин бул жакка алып келбей калышкандыгын түздөн-түз саясий буйрук катары эсептесек болот. Максаты - атайылап ушул сот ишин үзгүлтүккө учуратуу, узак мөөнөткө созуу.Себеби, биздин сот ишибиз 2-май күнү болорун эки жума мурун эле бүт калайык калк уккан. Ошого карабастан мамлекеттин айыпталуучуну сот залына алып келе албай калганы таң калтырат жана бул түздөн-туз саясий буйрук болуп саналат. Бизди бул жакка бир саат мурда алып келишкен. Ошол убакыт ичинде эле Камчыбековду алып келип коюшса болмок.Ошондуктан,бүгүн айыпталуучуну алып келип, сотту баштайлы. Ачык айтып коюум керек: мен Батукаев эмесмин. Башкы прокурор баш болуп, өмүр бою адамдарды, депутаттарды, мамлекеттик кызматкерлерди өлтүрүп жүргөн, 18 жылга соттолгон адамга адвокат болушуп, өлкөдөн чыгарып жиберишти. А мен эл колдогон депутатмын жана саясий туткунмун. Буга чейин биздин жактоочулар, коомдук ишмерлер, парламент депутаттары тарабынан бир канча жолу баш коргоо чарабызды өзгөртүү өтүнүчү келтирилген. Арабызда катуу оорудан жапа чегип олтургандар бар. Ошого карабастан бизди угушпай, өтүнүчтөр канааттандырылбай келүүдө. Бирок, өзгөчө коркунучтуу кылмышкерди мамлекеттик деңгээлде узатып жүрүшөт. Биз бул сот залына дагы да болсо акыйкаттык издеп келип олтурабыз. Сот коллегиясы ошондуктан баштан-аяк калыс болууга умтулса, бүгүнкүгө окшогон көрүнүштөргө жол бербеши зарыл. Жок, болбой эле саясий тапшырыкты аткарууну гана көздөй беришсе, учуру келгенде сөзсуз жазасын алаары турган иш экендигин белгилеп кетким келет. Мен башынан бери эле айтып келе жатам: бизди темир тордун ичинде кармап, сындырабыз дегендер катуу жаңылышат. Мен сынбайм! Аягына чейин адилеттүүлүк үчүн күрөшкөнгө даярмын”,- деди Камчыбек Кыдыршаевич.
 
К.Ташиевдин сөзүн депутат Садыр Жапаров да колдоду. “Камчыбек Ташиев бул сот процессин саясий тапшырык катары мүнөздөп өттү, мен анын сөздөрүнө толугу менен кошулам. Ошондуктан, аны “бөйрөктөн шыйрак чыгарып”, жөн гана созо бербестен, тез-тез карап, бүтүрүү керек. Силер сот коллегиясы, бизди актап чыгара албайсыңар. Ак үй кандай айтса, дал ошондой чечимди чыгарасыңар. Жүз пайыз ошолорго көз карандысыңар. Эгерде биз соттордун колунда болсок, Биринчи май райондук соту эчак эле актап чыгарып коймок. Айтайын дегеним, күн сайын карагыла да, узакка калтырбай, аяктайлы”,- деди ал.
 
Сот коллегиясы өйдөдө келтирилген өтүнүчтөрду канааттандыруу менен сот процессинде саат 14.00гө чейин тыныгуу жасады. Болжолгон убактыттан бир аз кечигүү менен болсо да сот иши башталды. Тийешелүү кызмат сот залына Камчыбековду алып келгени дайын болду.
 
Сот иши башталаар замат соттолуп жаткан кыргыз баатырларынын жактоочулары алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабын коюшту. Маселен, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров бийликти Батукаевдин бошотуп, президенттерден бетер узаткандыгы үчүн айыптады. “Өзгөчө оор кылмыш жасаган адамды гумандуулук кылып Кыргызстандан узатып койдук. А биз Жогорку Кеңештин депутаттарын кыргыз элинин байлыгы болгон”Кумтөр” маселесин көтөргөндүгү үчүн камакта кармап олтурабыз. Бийлик акылына, эсине келүү ниети бар болсо, гумандуулукту ушул депутаттардан башташы керек, кылмышкерден эмес. Менин байкаганым, мурункудай бул депутаттарга катаал мамиле деле жасашпайт экен. Башкача айтканда, экинчи инстанциядагы сот караганча эптеп жатып тургула таризинде мамиле болууда. Ушунун өзүнөн эле бул депутаттарды темир тор ичинде кармап туруунун зарылчылыгы жоктугу көрунүн турат. Бийликтин да башы ооруп, “кашааны” кайнатып алып, эми кантип чыгарыштын айласын таба албай тургандай. Балким, азыр ушу табышмактын жандырмагын жандыруу жагын ушу сот коллегиясындагы үч судья силер чечип берээрсиңер?! Биринчи май райондук сотунунт чечимин деле угуп атасынар канчалык деңгээлде негиздүү, акыйкаттуу экендигин. Башында судья Субанкуловдун чечими жазылып келе жатып, аягында бийликтин өкүмү чыгып кеткен. Мындай өкүм сот тарыхында болгон эмес. Ошондуктан силер бүгүн буларды чыгарып койсоңор, өйдө жактан ырахмат гана угушуңар мүмкүн. Эң негизгиси уруш укпайсыңар”,- деди Бекназаров.
 
“Ата-Журт” фракциясынын лидеринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Мыктыбек Абдылдаев мындай деди: “Эгерде силер бүгүн соттолуп жаткан депутаттарга 12, 20 жыл берсеңер да анын эффектиси жок болуп калды. Өзгөчө Батукаевди чыгарып жиберишкенден кийин Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүнүн бар экендигине эч ким ишенбей калды. Өмүр бою соттоп жиберсеңер да ага эл ишенбейт”. 
 
Баарынан да ачуу чындыкты депутат Жылдыз Жолдошева айтты. “Бүгүнкү күндө: “Кыргызстан өз мамлекеттүүлүгүн сактап кала алабы?”- деген маселе баарынан маанилүү болуп турат. Биздин өлкөнүн тарыхында эки жолу мамлекеттик төңкөрүш орун алды. Анын болушуна ушул соттордун дагы кошкон салымы зор. Алардын адилетсиз чечиминен улам чоң чырлар чыккан. Биздин, Жогорку Кеңештин чон кемчилиги – ошол соттордун ишин биз караган жокпуз. Булар жазасыз кала тургандай мамиле жасашууда. Бирок, ошол соттордун жоопкерчилигин карай турган учур азыр келип турат. Урматтуу соттор! Бүгүн Батуеаевди сот бийлиги камактан бошотуп, аны бийлик кызыл килем төшөп узаткандыгы тууралуу сөздөр көп. Буга сот бийлиги жол бергендиктен, ага ишенич жок. Батукаев кыргыздын балдарын өлтүргөну аз келгенсип, кулактырын кесип шылдыңдаган. Ага салыштырмалуу, бүгүн темир тордо олтурган инсандар 2010-жылдагы июнь кооглаңында өз өмүрүн тобокелчиликке салып олтуруп, улутубуздун мамлекеттүүлүгүн сактап калышкан. Эмнеге кыргызга күйгөн азаматтар темир тордо олтуруш керек да, кыргызды тебелегендер бошоп кетиши керек?! Бул инсандар эрдик кадамдары Убактылуу өкмөткө да абалды турукташтыруу ниетинде жардам берген. Коомчулукта Батукаев чыгып кеткенден кийин мына ушул эр азаматтардын темир тордо олтурганы чоң нааразычылык жаратып жатат. Ошондуктан, өлкөбүздүн эртеңки күндөгү туруктуулугу силердин колуңарда. Кыргызстанды ойлосок, өлкө кадыр-баркын билсек, туура чечим кабыл алалы”,- деди ал.
 
Баш коргоо чарасына байланыштуу маселеге сотто Камчыбек Ташиев да кайрылып, мындай деди: “Буга чейин бул жакта катышып олтурган жактоочулар “булар өз мөөнөтүн өтөп бүтүштү, демек, чыгышы керек”,- таризинде белгилеп өтүштү. Бирок, мен ачыгын айтайын, маселени бул өңүттөн койгон туура эмес. Анткени, биз күнөөсүз адамдарбыз. Бул жерден толугу менен гана акталып чыгышыбыз зарыл. Менин кабатыр болгонум, ысыкта да, суукта да биздин таламды талашып жүргөн адамдар. Ошолорду кыжаалат кылбастан, элдин эртеңин ойлоп, салмактуу чечим чыгаруу учурга чак. Мен го бул жерде саясатчы катары олтурам. Бирок, темир тор артында саясатка таптакыр тийешеси жок балдарды кармап, балдарынан ажыраткан туура болбой турат го. Ошон үчүн да аларды чыгарыш керек. Мен кепил болуп, ушул жерде аягына чейин олтурганга даярмын. Бирок, башкаларды чыгаргыла!”.
 
Натыйжада, соттук коллегия К.Ташиевдин үч жансакчысы Бекзат Исаев, Каныбек Камчыбеков жана Заирбек Кадырбаевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды, бирок, үч депутатты камакта калтырды. Бишкек шаардык сотунун бул чечиминен кийин, коомчулук, “акыры адилеттүүлүк орнойт да, эл депутаттары боштондукка чыгат”,- таризинде ой жорууда. Бирок, С.Жапаров айткандай, үч жансакчыны чыгаруу чечимин кабыл алууда да соттун Ак үйдүн тапшырыгын аткарбаганына ким кепилдик бере алат? Негизи, Атамбаев бийлиги турганда адилеттүүлүктөн үмүт этип кереги жоктугун мектептеги бала деле айтып жүрбөйбү. Иш жүзүндө баары кандай болоорун 16-майда сот иши улантылганда билербиз...
 
Автандил Белеков
Булак: “Майдан.kg”, №017, 2013-жылдын 8-марты