3-майда Американын “Манас” Транзиттик жүк ташуу борборунун КС-135 май куючу самолетунун Кыргызстан менен Казакстандын чек арасына жакын аймакка кулап түшүп, күм-жам болушу океандын ары жагынан келген куралчандарды кетирүү маселесин кабыргасынан койду. 
 
Мындай демилге менен алгач жаштардын «Жөн эле» аттуу демилгелүү тобу чыкты. Алар алгач бул жагдайга коомчулуктун көңүлүн буруп, эгер андай коркунуч элдүү пунктта же ошол “Манас” аэропортунун өзүндө орун алса, көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылып, өлкөбүзгө оңбогондой материалдык жана моралдык зыян алып келерин эскертишти. Ким билет, чындап эле жаштарыбыздын мекенчилдик сезими ойгонуп, өлкөбүздүн келечегине тынчсызданып жатышабы, айтор кай жагынан албагын туура эле демилге көтөрүшүүдө. Анткен менен алардын бул кадамы АКШнын кыжырын келтирген менен Россия бийлигине майдай жагууда. Бирок, азыр президент А.Атамбаев баштаган кыргыз бийлиги “АКШ базасы келишим мөөнөтү 2014-жылы бүткөн соң өзү эле чыгат” деген куру сөзүн кайталап гана отурушат. 
 
Бир чети биздин бийлик бай катыны менен ажырашып, кайра жарашкысы келген эркектей АКШ базасынан биротоло кол үзүүнү каалабайт. Анткени ансыз деле  экономикабыздын ишенген тиреги болгон “Кумтөр” ишканасы өзүнөн-өзү аварияга кабылып жатышы бийликтегилердин айласын кетирүүдө. Эгер кокус жыл сайын бюджетибизге жүз миллион долларга жакын киреше түшүргөн НАТО авиабазасы менен өлкө ИДПсынын жарымына барабар “Кумтөрдөн” ажырасак, анда Кыргызстан дефолт абалына туш келери бештен белгилүү. Анда эч кандай революциясыз эле Атамбаев, Жээнбеков, Сатыбалдиевдер “капитуляцияланган” немистердей Ак үйдү оппозицияга бошотуп берүүдөн башка аргасы калбайт. Бирок, болбой эле бийликке тырмыша берсе, Атамбаев Түркияга, Жээнебеков Кара-Кулжага, Сатыбалдиев Кара-Шоронун жайлоосуна, “морадёрлор”  Арсланбапка  качууга аргасыз болот.
 
Дегеле дүйнөлүк  практикада бир дагы мамлекет жарандык аэропортуна АКШ сыяктуу ири державанын аскердик самолетторун жайгаштырган эмес. Акча дегенде баарына даяр кыргыз бийлиги гана ушундай тобокелчиликке барууда. Ал тургай алар Кыргызстандын аймагында каалаганын жасоого, кала берсе жарандарыбызды эриккенде атып салса, “Джип” машиналары менен тооктой тебелеп кетсе да жоопкерчиликке тартылбаган келишимдерди түзүп алышкан. Алардын кыздарыбызды каалагандай мазактап, А.Иванов деген жараныбызды ит аткандай атып салып, БГУ тарапта эже-сиңдилерди машинасы менен өлтүрө басып кеткен окуялар орун албадыбы. Бул деле дүйнөнүн эч бир мамлекетинде кездешпей турган көрүнүш болсо керек. Эр болсоң Американын жеринде Кыргызстандын мыйзамы менен жашап көр. 
 
Тилекке каршы, Бакиев президент кезинде Акаевдин учурунда янкилерди кутурткан мындай башаламандыкты жоём деп, азыркы бийлик – ал кездеги Атамбаев башында турган оппозициянын колу менен бийликтен кол жууду. Болгондо да колу канга булганып кетти. Эми Атамбаев да “оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң” деген эки айрылыш жолдо турат. Ал Бакиевге окшоп АКШ аскер базасынын аталышын өзгөртөт же “тойдум байдын кызына” деп мөөнөтү бүткөнчө келишимди узартып отуруп кутулат. Бирок АКШ базасы оңой менен же тынч-аман чыга коюшу арсар. АКШнын максаты – Афганистандан аскерлери чыккандан кийин Борбор Азия аймагында да жарандык согуштун отун тутандыруу. Ансыз деле Сириядагы максатына жетпей калып, күндөн-күнгө алсыраган АКШнын жалданма согушчандарынын абалынан улам тактиканы өзгөртүүгө туура келүүдө. Башкача айтканда дүйнөлүк державалар саясый полигонго айланткан Кыргызстан кылдын учунда турат.
 
Экинчиден, 20 жылдан ашык убакыт боюу чээнде жатып ойгонгон аюудай, СССРдин ордуна кайра дүйнөлүк держава тактысына умтулган Россия жоготкон жайытын кайра тапкандай, эски союздашы Кыргызстанды ар кандай ыкмалар менен торго түшүрүү амалдарын жасоодо. Биз ансыз деле аскердик жактан ШКУнун алкагындагы кызматташтык аркылуу Россияга көп жагынан көз карандыбыз. Ал эми келерки жылдан тартып Бажы союзу менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулсак, ошондо биротоло туткундалып, Кремлди карап каларыбыз шексиз. Ага чейин Москванын “сыйкырдуу таягы” менен обон созуп, макала жазган А. Князев сыяктуу эксперт сөрөйлөр кыргыз бийлигин ийге келтирүүнүн амалдарын жасоодо. Бирок Отунбаева сыяктуу Атамбаевдин бийлиги да океандын ары жагынын долбоору менен иш жүргүзсө, анда Акаев менен Бакиевдин тагдырын кайталап калышы мүмкүн. Кыскасы, Кыргызстан үчүн Америка коркунучунан “жөн эле” кутулууга болбой калды...
 
Ж. Жайнаков
Булак: “Майдан.kg”, №017, 2013-жылдын 8-марты