“Кумтөр” алтын кен фабрикасы ишке киришкенден 2 жыл өтүп-өтпөй, 1998-жылдын 20-майында цианид жүгүн тартып бара жаткан кубаттуу автоунаа Барскоон суусуна кулаган. Цианиди менен сууга түшкөн контейнерди чыгарып алууга аракет жасалганда, ал кайра сууга түшүп кетип жарылбай, бирок экинчи ирет көтөргөндө, суу ичинде жарылып, андан 1762 килограмм цианид агым сууга аралашкан. Контейнерде калган цианид кошумча келген автокран менен көтөрүлүп чыккан сон, “Кумтөр Оперейтинг Компанисинин” ошол кездеги жетекчиси Герхард Граддын түздөн-түз көрсөтмөсү менен авария болгонун жаап-жашырып кетүүгө аракет кылынган. Бирок Барскоон тарапка жаңыдан сугатка деп салынган канал аркылуу суу менен кошо ачуу жыттагы киргилт агындылар агып кирген.
 
Ошо кездеги Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген Мухтар Мусаев контейнер жүктөлгөн автоунаанын артынан сая түшүп олтуруп, “Кумтөргө” жете барып, сууга төгүлгөн цианиддин так салмагын тарттырып калууга үлгүргөн. Болбосо бул чуулгандуу окуяга “Кумтөр” кен башкармалыгы тараптан дароо эле чекит коюлуп, «жабылуу аяк жабылуу тейден» калмак. Экинчи жагы Барскоон айылы гана эмес, ага коңшу айыл-кыштактардын тургундарынын багына кырсык болгон жерде күбө болгон чек арачылардын офицеринин кийлигишүүсү бул чуулгандуу окуянын ачыкка чыгуусуна жол ачкан. Жергилитүү калк ууланууга кабдылып, бир топ адам жапа чеккен, ал эми адам өмүрүн кыйган окуя эл аралык деңгеелге чыккан. Ууланууга негизги себепкер болгон дагы бир жагдай - мындагы уу түшкөн Барскоон суусу кеткен арыкты жууш үчүн хлордун арбын түрдө колдонулушу абалды ого бетер курчуткан. Анын акыры эмне менен бүткөндүгү тууралуу маселе күнү бүгүн ачыкка чыга элек.
 
Учурда “Кумтөргө” байланыштуу башка, кесепети бир топ окуя жарыкка чыгып отурат. Ал баамдап караган адамга шалаакылык же кайдыгерлик мамиледен келип чыккандыгын айгинелейт. Анткени “Кумтөр” алтын кен фабрикасы курула баштаган жылдардан тартып эле, мында алтынга чейинки пайдасыз казып алынган жер тектеринин калдыктары, кен иштетүүгө колдонулуучу складдарга жана иш имараттарына жакын жердеги аянтка доболонтуп, топтолгон. Акырындап отуруп ал добо муздуу аймакка чейин кирип келген. Буга Канадалык «Кильборн» компаниясынын эксперт-консульттантары Давыдов муз мөңгүсүнүн үстүнө төгүүгө болот деп, техникалык аныктама да чыгарып беришкен. Буга дүйнөнүн бир катар эксперттери макул болушкан. Натыйжада жер тектери нормадан ашык үйүлүп, анысы аз келгенсип, музду ээрите баштаган.
 
Жер кыртышы жылганы жаңыдан байкалган кез - 2012-жылдын ноябрь айы
Анын кесепетинен дөбө акырындап отуруп, кен иштетүү үчүн колдонгон техниканы оңдоочу мастерскойду жана башка инфраструктуралык объектилерди басып калган. Алдын ала көрө албай, азыркы абалга жеткирип, компания менен кошо анын акционерлерин, Кыргызстанга 33% акция таандык, жапа чектиртип, таба турган пайдасынан бирөөнүн шалаакылыгы үчүн кошумча чыгымга дуушар кылгандыгы үчүн, адистердин айтымында, компаниянын азыркы башкаруучулары жооп бериши керек. Алардын туура эмес эсептөөлөрүнүн натыйжасында, кен иштетүүчү компаниянын негизги имараттарынын бири 2002-жылдан тартып өзүнөн өзү жер кыртышына чөгө баштаган. Аны комбинат ээлери оңдоп-жалгап, бир аз бекемдеп туруп, кайра эле пайдалана беришкен.
 
Ири техника мастерскойлору кыйрай баштаган мезгили - 2013-жылдын апрель айы
Абалдын татаалдашып баратканын көргөн жетекчилик, 2010-жылдан тартып мындагы таштандыларды төгүүчү жайдын ал-ахвалы менен таанышуусу үчүн, дүйнөлүк «Би-Жи-Си» (BGC) компаниясынын эксперттерин чакырып, алар изилдеп-иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. “Кумтөрдүн” вице-президенти Родни Ступариктин айтымында, адистер ошондой эле алтын кен комбинатынын аймагындагы складдагы бүгүнкү күнгө чейин төгүлүп жаткан жер тектилеринин салмагы астында, анын астындагы жер катмарынын акырындап жылуусун көзөмөлгө ала башташкан. Башында жер катмарынын жылуусу аз болгондуктан, ага анчалык маани берилбегени, учурда чоң кесепеттин себеби болгонун көрсөттү. 2012-жылдын октябрь айынан баштап доболонгон тоонун жылышы ылдамдап, мастерскойдун бир дубалынын акырындап кыйрай баштаганына алып келген. Ал имараттын артында «Кумтөр» кен фабрикасынын бүткүл байлыгын өзүнө камтыган складдары, гаражы, медпункту, административдик корпусу жана башкалары бар ири имараттар жайгашкан.
 
Эгер жер кыртышы менен кошо доболонгон жер тектилердин азыркы ылдамдыгы суткасына 5 метрге жетсе, зарыл чараларды көрүп, керектүү имараттар менен инфраструктуралык объектилерди көчүрүү кыйынга туруп калаары байкалды. Анын арасында электр энергиясы менен камсыз кылуучу 110 КВаттык электрподстанцияны, ага энергия жеткирүүчү электрстолбаларды көчүрүүгө каражат эле жумшалбастан, ишке ашыруу үчүн убакыт да керек болот. Ал эми комбинаттын ишин үзгүлтүккө учуратпас үчүн, энергияны бензин же солярка менен иштей турган кубаттуу энергогенераторлорду колдонуу муктаждыгы келип чыгат. Ага кеткен каражат менен кошо, иштелип чыккан майдын калдыктары айлана-чөйрөгө канчалык зыян алып келеерин айткан адис чыга элек.
 
“Кумтөрдүн” шалаакылык мамиле кылган жетекчилиги эми аргасыздан “биз бул окуя болоорун билгенбиз, чара көрүүгө белденип, даярданып жатканда, мөңгүнүн ээришинен ылдамдап кеткен көчкү кыйнап салды. Ошондуктан Кыргыз Өкмөтү бизге колдоо кылышы керек, биргеликте маселени чечелик” маанайында атайын маалыматты, өкмөттүк комиссияга чейин эле парламент депутаты Эркингүл Иманкожоева Кумтөргө барып, келгенден кийин өз көзү менен көргөндөрүн мамлекет башчысына айтып, маалымат тараткан. “Кабар” агенттиги ошо эле күнү, 3-майда, “Кумтөрдөгү” абалдын татаалдыгын көрсөткөн маалымат чыгарган. Мамлекет башчысы абалга байланыштуу маалымат алган соң, эртеси эле, 4-майда, чукул арада өкмөттүк комиссия түзүүгө тапшырма берген, жана 20дан ашык адамдан турган ал комиссия Кумтөрдү жакындан көрүп, атайын жыйынтык чыгарып, өз чечимин Өкмөткө тапшырды. 
 
Учурдагы абалды байкап туруп, “Кумтөр” алтын кенин иштеткен башкаруучулардын шалаакылык ишинин жыйынтыгын көргөн соң, анын кесепетинен бир эле акционерлер эмес, бүтүндөй Кыргызстан жапа чегип калышы ыктымал. Андыктан алдын ала зарыл чараларды камсыз кыла албаган “Кумтөрдүн” учурдагы башкаруу менеджменти ээлеген ордуларында кала берсе, мындан кийинки абал кандай болот деген суроого өкмөттүк комиссия так жана кечиктирбестен жооп табышы зарыл.
 
К.Таабалдиев,
К.Мамбетов, 
"Кабар"