Өткөн жумада, 26-апрелде Баткен облусунда алгачкы ирет эл аралык деңгээлде инвестициялык форум өткөрүлгөндүн эртеси күнү Ворух анклавы менен Ак-Сай айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр-чатак чыгып, тажик тараптан жети миң, кыргыздардан төрт миң адам чогулуп, аз жерден согушка айланып кете жаздады. Анткен менен жаалданган тажиктердин колунан төрт адам денесине келтирилген каттуу жаракаттан улам облусттук ооруканага жаткырылган. Мындан тышкары жол курулуш техникалары талкаланып, бир нече үйлөрдүн эшик, терезеси сынган. Бул окуя жыл башында Сох (Өзбекстан) анклавынын эли Чарбак айылынын жашоочуларын ур-токмоктогондой эле окуя болду.
 
Ошол эле күнү Тажикстандын жарандары Аксай айылына өтүүчү жолду казып салышкан. Көп өтпөй эки тараптан чогулган элдин саны 400-500гө жетип, Тажикстандын  “Чорку-Ворух” жолу жана Мачаи айылына өтүүчү жол таш, автомашина менен тосулган.
 
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жергиликтүү бийлик органдары, эки өлкөнүн айрым жарандары жана чек арачылары, Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы тарабынан жөнгө салынган. Эки тараптын бири-бирине кыжырданган сүрүн чек арачылардын асманга эскертүү иретинде атылган огу гана токтотуп калды.
 
Чатактын себеби Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылын айланып өтүүчү узундугу 27 км. Ак-Сай-Тамдык жолун курууга тажик тараптын каршы чыгышы болду. Алгач жол курулушунда иштеп жаткан подрядчик ишкананын жумушчуларына тажиктердин Ворух анклавынын жашоочулары топтолуп келип, жол курулушун токтотууну талап кылышып, 3 курулушчуну сабап, 2 кум-шагыл ташыгыч автоунааны талкалап салышкан. Мындан тышкары үйлөр, машиналар талкаланган.
 
Бирок, жол курулушу шарттуу делинген чек ара тилкесинен 500 метр алыстыкта жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан буга чейин 12-апрель күнү Тажикстандын чек ара кызматы айланма жолдун курулушун токтотуу боюнча кыргыз тарапка кайрылышкан экен. Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтүү кыргыз жарандарына жайытка көз карандысыз жол менен чыгууга мүмкүнчүлүк бере тургандыктан, жыл сайын жайлоого чыкканда жана күзүндө кайра түшкөндө Ворухту аралап өткөн мал көп жоголгондуктан, аксайлыктар айланма жол курулушун көптөн бери талап кылып келишкен.  Андыктан Ак-Сай-Тамдык айланма жолу курула баштаган. Жолдун 2217 метри сүрүлүп даярдалган. Тажиктердин жол курулушуна байланышкан каршы пикири боюнча эки тараптуу жолугушуу 29-апрель күнү өткөрүлмөк болгон.
 
Белгилей кетүүчү жагдай, Ворух анклавында калктын саны 38 минди түзсө,  Ак-Сай айылында 1,5 мин калк жашайт. Бул жерден көрүнүп тургандай, дээрлик 15-20 эсе калкынын саны көп тажиктер өздөрү Баткен облусунун аймагында анклав болуп жашап тургандыгына карабастан, психологиялык жактан үстөмдүк кылууда.
 
Чатактын эртеси күнү Баткен районун Ак-Сай айылындагы окуяга байланыштуу облусттук деңгээлде кыргыз-тажик тараптардын расмий адамдарынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга өкмөттүн Баткен областындагы өкүлү Жениш Разаков, ИИМдин министринин орун басары Курсан Асанов, Баткен районунун акими С.Калыков, КРнын Чек ара кызматынын Баткен областындагы башкармалыгынын башчысы, ал эми тажик тараптан Согди областынын Аткаруу комитетинин төрагасынын 1-орун басары Жумабай Сангинов, Согди ОИБнын орун басары, Исфара районунун акими, МУККнин, КР Чек ара кызматынын өкүлдөрү жана башка адамдар катышты.
 
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Согди областынын аткаруу комитетинин орун басары Ж.Сангинов болуп өткөн окуяга өтө кападар болгондугун билдирди. Эки тарап тең окуяны эки жактын тиешелүү органдарынын катышуусунда биргеликте  иликтеп чыгууну, кыргыз тарапка келтирилген чыгымды тажик тарап төлөп бере тургандыгын жана мындан ары чек ара айылдарында милициянын тыгыз иш алып баруусу үчүн эки тараптуу кайгуул күзөтүн жүргүзүү боюнча  келишимдерди макулдашышты.
 
Ошондой эле КРнын өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Согди областынын аткаруу комитетинин төрагасы Кохир Расулзоданын ортосунда телефон аркалуу сүйлөшүү болуп, окуяга байланышкан маселени жөнгө салуу боюнча эки тараптуу областтык деңгээлдеги  жолугушууну 3-майга өткөрүү пландаштырылды.
 
Азыркы учурда областтык оорукананын  травматология бөлүмүнө Ак-Сай-Тамдык  айланма жолунун курулушунда иштеп жаткан подрядчик ишкананын жумушчуларынан үчөөсү жана бир жергиликтүү айыл тургуну жаткырылды. Аларга  негизинен баш-көздөрү көгөргөн, мээси чайкалган деген диагноз коюлган.
 
5-апрелде тажик тарап кыргыз тараптын чек ара ведомствосу аркылуу жол-курулуш иштери пландаштырылып жаткандыгы боюнча расмий түрдө билдирүү алышкан. Бирок тажик тарап делимитация иштери бүткөнчө  эч кандай жол-курулуш иштери башталбаш керектигине жана бул Өкмөттөр аралык комиссиянын протоколу менен чечилишине таянып, курулуш иштерин баштоого каршы болгон.
 
Бирок, Кыргызстан жаштар кеңешинин өкүлү Жеңиш Молдокматовдун маалыматы боюнча, 27-апрелде талкаланган кыргыз айылына ошол замат жетип барып, кабар алган эмес. “Болгону бүгүн окуя болгондон 3 күн өткөн соң гана келип абал менен таанышып жүрөт. Биздин мамлекеттик кызматкерлердин ушундай кайдыгерлик иштеринен улам чек ара маселесин чечүү узак убакытка созулуп келет”,- деди Ж.Молдокматов.
Учурда абал тынч болгону  менен кайрадан эле коопту болуп  жатат. Себеби, жергиликтүү тургундар  абдан чочулап калышкан. Анткени, бийлик тараптан эч кепилдик жок болууда.
 
Бирок, тажик бийлиги өз элинин колу менен кылгылыкты кылып коюп, артынан оозеки кечирим суроо менен чатакты басып коюуга аракет кылган жокпу деген бүдөмүк ой жаралбай койбойт. Анткени жогоруда белгиленгендей, мындан мурда алар жолдун курулушуна нааразы пикирин билдиришкен. Бир чети азыр Тажикстанды тартипке салып, диктатуралык ыкма менен башкарып жаткан президент Эмомали Рахмандун макулдугусуз жергиликтүү бийлик эч кандай элинин мыйзамсыз аракетине жол бербеш керек болчу. Эң негизгиси алар азыркы кыргыз бийлигин ушундай коркутуп-үркүтүү менен жерин басып ала берсе болот деген план түзүп койсо керек.
 
Кыргыз-тажик чек ара чатагы экономикалык блокадага айланып, 30-апрелде Баткен бийлиги кошуна Тажикстандын Ворух айылы менен Исфара районунан ташылып жаткан азык-түлүктөр менен жер-жемиштер санитардык талаптарга жооп бербегендиктен, сатууга тыюу салды. Тажик тарап да бизге ушундай жооп кайтарып, Кыргызстандын товарларын өз аймагына өткөрбөгөн буйрук чыгарды.
Анткен менен биз Казакстан, Россияга көз каранды болгондой эле, артынан Афганистан курчаса, бир капталынан Өзбекстан чек арасын бекем тосуп, алака-катышты кан буугандай токтотуп салган. Ошондуктан тажиктердин сырткы дүйнөгө чыгуучу бир гана жолу Кыргызстан болуп саналат. Алар маңзатты биздин аймагыбыздан ташып өткөндөн сырткары, азык-түлүк, кийим-кечеге чейин бизден сатып алышат. Эмгек мигранттарынын көпчүлүгү да Казакстан менен Россияга биздин аймагыбыз аркылуу өтөт. Андыктан кыргыз бийлиги адатынча коркпой, колдо болгон мүмкүнчүлүктү колдонуп, кысымга алганды да билиш керек.
 
Жеңиш Сапаров
Булак: "Майдан.kg", №016, 1-май 2013-жыл