Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2252
Эл аралык "Манас" аэропортундагы АКШ авиабазасы кыргыз бийлигинин илгертен келаткан "бакыты" да, баш оорусу да экени талашсыз.

Эске салсак, "Манастагы" базаны жабуу токтомун өкмөт ушул жылдын 4-февралында эле бекиткен. 9-февралда парламенттин Коргонуу, коопсуздук, укуктук тартип жана сот-укуктук реформа комитети өкмөттүн чечимин жактырган. АКШ авиабазасын жайгаштыруу чечимин толук жокко чыгаруу үчүн эми парламенттик дагы эки комитеттин жана бардык депутаттардын макулдугу керек. Мындан соң кыргыз бийлиги Пентагонго макулдашууну жокко чыгаруу боюнча билдирүү жөнөтүшү керек. Азырынча мындай билдирүү жөнөтүлө элек. Бирок президент Алмазбек Атамбаев президент болгону 2014-жылы авиабаза өлкөдөн чыгарыларын жана эки тараптуу макулдашуу узартылбай тургандыгын айтып келатат. Ажонун мындай билдирүүсүнөн соң Бишкекке Вашингтон бир нече чабармандарын да жөнөтүп үлгүрдү. Бирок азырынча Алмазбек Атамбаев база боюнча АКШга бир беткей, ачык жооп айта элек. Ал ортодо Россия эксперттери, саясатчылары бул жолу кыргыз бийлиги өз сөзүнө турушу керектигин кайра-кайра эскертип келет.Эл аралык "Манас" аэропортундагы АКШ авиабазасы кыргыз бийлигинин илгертен келаткан "бакыты" да, баш оорусу да экени талашсыз. 2009-жылы Ак үй мына жапканы калдык деп Россияны, АКШны, элди да дүргүтүп, акыры алчусун алып транзиттик жүк ташуу борбору кылып жаны тынган. Бул оюн акыры мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өзүн чалып жыгып, качууга аргасыз кылды. Эми мындай эки ача жолго азыркы президент Алмазбек Атамбаев кептелип отурат.
 
Чынында президент Алмазбек Атамбаевге азыр базаны чыгаруу өтө кыйын болуп турат. Чыгарайын десе Кыргызстан Америка эле эмес Европа өлкөлөрүнөн келип жаткан грант, кредиттерден кол жууганы турат. Башкасын айтпаганда да, база чыгарылса кыргыз казынасы 250 млн. долларга бөксөрөт. Март айында Коргоо министринин мурдагы орунбасары Мурат Бейшенов авиабазанын иштешинин аркасында былтыр кыргыз экономикасына 200 млн. доллар киргенин айткан. Бул 60 млн. доллар ижара акысын кошпогондогу сумма. Мурат Бейшеновдун айтымында, дүйнөлүк кризис күчөп турганда Бишкек транзиттик жүк ташуу борборун дагы эки-үч жылга калтыруу керек. Анткени Россия, Казакстандан Америка тараптан болгондой жардам болгон эмес. Эгер Кыргызстан базаны жапса Батыш өлкөлөрү менен көп жылдан бери түптөлүп калган мамиле, кызматташтыктарга доо кетет дегендер да жок эмес. Ал эми россиялык эксперт Алексей Власовдун пикиринче, эгер Алмазбек Атамбаев базаны чыгарбаса Москванын кыргыз бийлигине болгон ишеними биротоло жоголот. Россиянын дагы бир саясат таануучусу, тарых илиминин доктору Александр Князев болсо кокус кыргыз бийлиги база боюнча башкача пикирге келип, кыйшаңдаса Камбар-Атанын, кыргыз мигранттарынын тагдыры кыйын болуп каларын кыйытып турат. Саясат таануучу буга Россиянын Кыргызстанга берип жаткан арзан күйүүчү майын да кыпчый кетиптир.
 
АКШ бийлиги ачык кысым көрсөтпөгөнү менен авиабазаны дагы бир белгилүү мөөнөткө калтырууга кызыкдар. Буга чейин АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс "Манас" аэропортундагы аскердик база Афганистанга баруучу негизги пункт экенин, бирок аны алмаштыруучу жай бар экенин билдирген. Буга улай Роберт Гейтс бул альтернативаны издеп жатышканын, бирок АКШнын авиабазаны толук жаптырбоого ниети бар экенин айткан эле. Министрдин айтымында, АКШ бийлиги базанын кыргыз жеринде туруусун компенсациялоо жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн анализдеп жатат. Бирок Вашингтон "Манастагы" базаны кандай да болбосун калтырууга далалат жасабарын кошумчалайт Роберт Гейтс. Жыл башында мындай пикирди АКШ Коргоо министри Роберт Гейтс билдирсе, апрель айынын аягында АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк такыр башка оюн ортого салды. Анын айтымында, учурда АКШ кыргыз өкмөтү менен авиабаза боюнча сүйлөшүп жатат. "Бизге президент Алмазбек Атамбаевдин "Манастагы" транзиттик жүк ташуу борборун жарандык функцияларды аткара турган объектиге айлантуу максаты жакшы белгилүү. Ошондуктан биз кыргыз өкмөтү менен жалпы максатыбызга жетүү мүмкүнчүлүгү боюнча сүйлөшөбүз" дейт Роберт Блейк Ташкенттеги студенттер менен жолугушуусунда. Демек, АКШ авиабазасын калтырууга кызыкдар. Бирок, россиялык эксперт Аджар Куртовдун билдиришинче, Кыргызстан Бажы союзу менен Евразиялык экономикалык бирикмеге кирмейинче транзиттик жүк ташуу борборун жарандык жүк ташуу борборуна айландыра албайт.
 
Ал эми авиабазанын өзүнө келсек, ал жердеги аскер кызматкерлеринин кетүүгө даярданган маанайы азырынча билинбейт. Жума башында авиабаза жетекчилиги кыргыз ММК өкүлдөрүн чакырып, базадагы тартип, иш тууралуу маалымат беришти. Негедир ал жерде авиабазанын чыгышы тууралуу эч кандай кеп козголбой, АКШ база аркылуу Афганистандан баңгизат ташыбайт деген актануулар айтылды. Өкмөт, Ак үй негедир бул боюнча азыр ооз ача элек. Демейде болор-болбос нерсеге ызылдаган депутаттар да бул маселени көтөрбөй турат. Ал ортодо айрым коомдук уюмдар авиабазаны чыгаруу маселеси жалпы элдик референдумга коюлушу керек дешүүдө. Роберт Блейк айткан "сүйлөшүү" кандай чечилет, белгисиз.
 
URL: http://kyrgyz.vb.kg/223442