Бүгүнкү күндө Кыргызстан бир гана экономикалык жактан алсырабастан, саясый кризистин да сазына белчесинен батып, океанга чөгүп бараткан “Титаниктин” абалын элестетип калды. “Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусун кулаттык” деп алардын ордун морадёрчулук, кандуу, төңкөрүш жолу менен басып алган бийликтин жогорку эшалонундагылар  майлуу, сүттүү кызматтарга өздөрүнүн жердештери менен партиялаштарын орнотуп, карапайым калкты унутту. “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыккан депутаттарга “кылым кылмышкери” деген айып коюлуп, ошол эле учурда кыргыздардын кулагын кесип, канын ичкен “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев жаза мөөнөтүнүн жарымы бүтпөй жатып сый-урмат менен Чеченстанга узатылды. Керек болсо бакиевдер деле ага мындай мамиле жасашкан эмес. Бул бүгүнкү кыргыз бийлигин эл аралык державалардан тышкары криминалдар да башкарып алгандыгынын далили.

 
Ал эми дүйнө жүзүнө “Парламенттик республика” деп таанылганыбыз менен иш жүзүндө бийликтин эки тизгин, бир чылбыры президенттин колунда. Өкмөтүбүз болсо улам аламша берип, же экономиканы көтөрө албай, же ичкичтер менен жегичтердин алкымын тыя албай, эшек суугарган апендиге эле окшошуп калды. Парламенттеги көпчүлүк коалиция болсо жыл сайын тарай берип,  күйөөсү менен улам урушуп, кайра жарашып тийген туруксуз келинге айланды. Анткен менен парламенттин төрүндө отурган төрага Асылбек Жээнбеков А.Келдибековду тээп түшүргөн бойдон эки коалиция алмашса да ордунан былк этпей отурат. Себеби жээнбековдор кланы менен президент АШАнын мамилеси камыр-жумур. Эң негизгиси эт менен челдин ортосундагы алар бийлик үчүн түштүктүк катары таразанын ташын теңдеп турат.
 
Асылбек мырза (ЖК төрагасы Жээнбеков) кала берсе окуучуларга тили өтпөгөн мугалимдей болуп, “сотко менин сөзүм өтпөйт” деп соттоло элек (демек, депутаттык мандаты бар) Садыр Жапаровду “Кумтөр” маселеси каралганда парламентке алып келип, сөзүн угууну талап кылган оппозициялык депуттардын талабын аткара алган жок. Ал мындай эл өкүлдөрүнүн сөзүн четке кагып, чечкинсиздигин көрсөтпөстөн, “Ата-Журттун” ак жеринен камалган беш депутатын калкалап калса, анда мынчалык кадыры түшпөйт болчу. Андан көрө  качандыр бир кезде бул спикерлик жумшак креслодон түшүп, ошол жаман эл менен жолугарын, алардын алдында отчет берерин ойлоп, жок дегенде камактагы депутаттарды үй камагына чыгарып койсо,  мынчалык жердештери нааразы болушпайт эле.
 
Көрсө ал ушул ишти да жасай албай, болгону бийликтин куурчагына айланган фигурасы экен. Ошондуктан өткөн жумада депутат Ж.Жолдошова парламентте “Эгер бийлик бейпилдикти ойлоп, өлкөдө өнүгүү болушун кааласа, спикер А. Жээнбеков кызматтан кетип, анын ордуна оппозициянын өкүлү келиш керек”,- деп маселени кабыргасынан койду. Эгер уяты, намысы болсо, төрага ушундай сөздөрдү уккан соң өзү эле отствакага кетип калыш керек болчу. Ошондо  буга чейин төгүлүп-чачылган кадыр-баркын чогултуп, катардагы депутат бойдон калмак. А.Келдибеков деле эч нерсе болбой жүрбөйбү.
 
Жылдыз айымдан тышкары  “Республика” фракциясынын депутаттары да ичтен нааразы болушуп, парламентти таратуу демилгесин өздөрү көтөрүп чыгышты. Албетте, “республикачылар” Өмүрбек Бабанов премьер-министр кезинде айыл өкмөтүнөн тартып, аким, губернатор, министрге чейин дайындалган партиялаштарынын четтен кызматтан алынып, кылмыш иши козголуп жатышына нааразы болушу мүмкүн. Анткен менен депутаттардын өздөрүнүн мындай жолго барышы, парламенттин ансыз деле кургуйга кулап бараткан абройун ого бетер төмөндөтүүдө.
 
Деген менен бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш бир да маанилүү маселени чече албай калды. “Көп суур ийин казбайт, казса да терең казбайт” демекчи, алар оболу тигил же бул маселени уу-дуу көтөрүп баштап алышат да, аягына чыкпай калышууда. Себеби бийликтин дежур депутаттары оппозия тарабынан козголгон көйгөйлүү маселелерге бут тосуп, добуш берүүгө келгенде буттан чалышууда. Башкача айтканда Ак үйдөн кандай буйрук келсе, көпчүлүк добушка салып, ошондой аткарып коюшат. Бери жакта азчылыкты түзгөн “Ата-Журт” жана “Республика” партияларынын өкүлдөрү чырылдап кала беришүүдө. Мисалы, бул окуя боюнча өкмөт менен токтоосуз түрдө отставкага кетүүгө тийиш болгон А.Батукаевдин чыгарылышына тиешеси бар Аида Салянованын жылдык отчетун ары-бери оодарып, сындамыш болуп, жыйынтыгында кабыл алып коюшту. Бул маселеде ошол эле оппозициялык депутаттар ачуу чындыкты бетке айтышып, бийликтин көпчүлүк коалициясын түзгөн депутаттары унчукпай отуруп берип, аягында баягы эле ыкма менен көпчүлүккө салып жактырып коюшту. Бир кезде “жеп-ичкендердин жегенин желим, ичкенин ирим кылам” деп оозунан ак көбүгү чачыраган “Ата-Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев унчугуп койгонго жарабады. Сыягы, ал эптеп эле элдин башын айландырып, бийликке жетсе болду окшойт. Төрага болсо аксакалдай болуп эле отуруп берди.
 
Күн өткөн сайын АША башында турган бийлик сырттан АКШ, Россия, Кытай жана Түркиянын кысымына кабылып, ичтен революциялык кырдаалга жакындап бараткан нааразы элдин толкундоосунан чочулап, айласы кетүүдө. Карапайым калк күн сайын кара тумандай каптап келаткан түрктөр менен кытайлардын экспанциясынан чочулап кабатыр болууда. Чет жактагы мигранттарыбыз көрбөгөн азапты көрүп, күн сайын мамонттордой эле өлүгү келип жатат. Парламент болсо Крыловдун тамсилиндей мамлекеттин тагдырын бири көлгө, экинчиси чөлгө, үчүнчүсү тоого тартып, биримдиги болбой жатат. Анткени төраганын же кадыр-баркы жок, же депутаттардын башын бириктирип башкарууга акылы менен деңгээли жетпейт. Ошондуктан парламент тарашы же спикер кетиши керек. Албетте, Атамбаев үчүн бул падышалыгынын жарымын оппозицияга өткөрүп бергенге барабар. Бирок туюк  жолго кабылгандай кырдаалга туш келген анын мындан башка айласы жок...
 
С. Жетигенов
Булак: “Майдан.kg”, №015, 2013-жылдын 24-апрели