Кайта-кайта президенттерди кубалап чыкмай жоругубуз өнөкөткө айланчудай болуп, бийликке карата нааразычылыктар күндөн-күнгө күч алып бара жатат. “Кумтөр” кени боюнча келишимди денонсациалоо, камактагы депутаттарды бошотуу талабы менен 24-апрелде митинг өткөргөнү жаткан «Эл үнү» кыймылыныкы жетишпей жаткансып, эми Батукаевдин бошонгонуна нааразы болгондордун калың катмары пайда болду. Бийликке ызырынгандардын саны күн санап өсүп жатышынан улам, “ахыбал кескин начарлап баратат, дагы бир революция болгону калды, бийлик үчүнчү жолу кучкө салуу жолу менен алмашса, арты тополоңго айланып, узакка созулган граждандык кагылышуулар менен коштолуп, акыры кыргыздар мамлекеттүүлүгүнөн ажырайт”,- деген божомолдорду айткандар көбөйдү.
 
Айрыкча криминалдык авторитет Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, кастарланып узатылгандан кийин элдин маанайы кескин өзгөрүлүп, бийликтен түңүлгөнү ачык байкала баштады. Бир оруска, бир АКШга жүгүнүүгө мажбур бийлигибиздин минтип криминалдын акчасына «жатып бериши» чектен чыккандык катары кабылданып, катуу ызы-чууну жаратып, Жогорку Кеңеш атайын комиссия түзүүгө аргасыз болду.
 
Мамлекеттүүлүгүбүзгө шек кетип, эл аралык деңгээлде “бу кыргыздарга баары бир, акча берсең энесин деле сатып ийгенге даяр”,- дегенсиген маанай жаралып, буга чейин орус шовинисттери тарабынан “биягын өзбекке, тиягын казакка, калганын кытайга берип салыш керек, булар баары бир мамлекет боло алышпайт”,- деп айтылган сөздөрдү эскеришип, “ошолор туура айтышыкан турбайбы”,- деген пикирлер жаралууда.
 
Андай сөздөрдү иш жүзүндө далилдегиси келгенсип, мамлекеттин пайдубалы катары эсептелген куралдуу түзүмдөр Бишкекте, Чүйдө ич ара согушуп, атышып, Жамбылда, Чалдоварда героин ташып кармалышып, камакка алынып жатат. «Балык башынан сасыйт» болуп жогору жактагылар мыйзамды бузуп акчага сатылып жатса, “биз деле өз билгенибизди кылбай жаныбыз жокпу”,- дешкенби (?), белгисиз.  Айтор, акыркы убакта Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга баам салсаң бийлик бутактары түгөл системалуу кризиске учурап, мамлекетибиздин пайдубалы эшиле баштагандай таасир калтырат.
 
Быйылкы жаздагы нааразычылыктардын күч алышы бийлик башындагыларды катуу убайымга салып турат. Жаалданып алгандардын жалыны бийликтин кайсы капталын куйкалап, кайсы бутагы садагага чабылаарын ким билсин, айтор бийлик башындагы үчөөнүн биринин «башын жемейинче» нааразылардын кычуусу канат деп айтыш кыйын. Аны сезген президенттин аппараты деле “өкмөттү салып берсекпи (?) же Жогорку Кеңешти (ЖК) таратууга барсакпы (?)”,- дегенсип, президентти соккудан буйтатып кетүү амалы менен гана алектенип, б.а. кырдаалга моюн сунууга даяр  болуп, «иши кылып Алмаз Шаршеновичти калкалап калсак болду» дегенсип эле калгандай көрүнөт.
 
Эки ортодо: “Кумтөр келишимин денонсация кылбаса анда ЖКны таркатабыз, кыргыздын кызыкчылыгын коргобогон депутаттардын кереги жок”,- деп, Азимбек Бекназаров маселени кабыргасынан койду. Митингдер күч алып, ЖКга кысым көбөйсө, башына күч келген депутаттар дооматтарды президент тарапка багыштап жиберип, жандарын калкалабайт деген да кепилдик да жок.
 
«Баарын президент билет, чечет» деп атышып, ажого ашыкча ыйгарым укуктарды берип, көптүрүп жиберишип, акыры азабын тартып, А.Атамбаевдин авторитардыкка багышталган кылыктарына тоюп бүтүп, чочулай баштаган депутаттар да толуп кетти. Андыктан президент өкмөттү эле салып берип кутулуу аракетин көрөөрү шексиз. Анүстүнө баш мыйзам боюнча ЖКны таркатуу укугу да чектелген. Ал берене боюнча ЖКны  кетире да албайт. Андан тышкары кетирүү  аракеттери башталса, араң турган депутаттарды козгоп жиберип, кара булут А.Атамбаевдин өзүнүн башына айланып калбайт деген кепилдик да жок.
 
Өлкө башчыларынын мыйзамды көзгө илбей жатышы, мамлекеттик кызыкчылыктар сатылып, бийлик бутактары жеке кызыкчылыктарды канагаттандыруу куралына айланып калышы эл ичинде катуу нааразычылыктарды жаратып жатышы бекеринен эмес. Апрель  элдик революциясынан кийин бийликке келгендердин аброюнун кургуйлап төмөн карай кулашына алардын өзүлөрүнүн кылган иштери, ачкөздүктөрү, мыйзамсыз жоруктары себеп болду десек жаңылышпасбыз.
 
Апрель элдик революциясынан кийинки президенттик шайлоодо фаворит катары аламанга аттанган А.Атамбаев “максатка жетиш үчүн шайтан менен болсо да кызматташу керек”,- деген принципти карманып, «мен сизди колдойм» дегендин баары менен алака түзгөнү жашыруун эмес.
 
“Мен сизди президент кылайын, мага премьерликти бериңиз”,- деген Максимдин «токолу» деңгээлиндеги «шылуун» менен макулдашып, анын миллиондорун алып, өкмөт башчы кылып, акыры анысы жергиликтүү шайлоолордо жеңип,  көчүгүнө суу куярына көзү жеткенде «ата-мекенчи» торпедолорунун колу менен жайлады.
 
Андан соң, самынсыз көчүгүнө кирип кеткен кийинки «кредиторунан» кутулуу максатында Жантөрө Сатыбалдиевди өкмөт башына алып келди. ЖКдагы соратниктери ушунун баарына моюн сунуп, чыдап, колдоп берди. Анткени алар деле ишенип, “экинчи элдик революциянын жыйынтыктары, жаштардын суудай аккан каны ушунчалык арзан бааланып, «Ата-Бейитттеги» анттар тез арада унутулат”,- деп ойлошпосо деле керек.
 
Тилекке каршы, “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет”,- деген бабалардын сөзү дагы бир ирет далилденип, А.Атамбаев өзүнүнүн накта жүзүн көргөздү. Элдин пикири, ой санаасы, талабы менен эсептешпей, куулук-шумдукка, арамза-амалкөйлүккө басым жасап, өзүм билемдикке, акчалууларга, пайдага ставка жасаганга өттү.
Алдым-жуттумдугу, амалкөйлүгү, арамзаалыгы менен астына ат салдырбай, бир эмес үч президенттин «көчүгүнө самынсыз  киргенге үлгүргөн» Ж.Сатыбалдиев бу сапар дагы «ат үстүндө» болду. Жеңил турмуш, эс алуу, чер жазууга ышкыбоз, дыкаттап иш кылганга көңүлү жок, ажоонун ар-жак, бер-жагына чыгып, «мен сендикмин агатай» деген обонду чозуп, «собутылнигине» айланып, ансыз да «протекает» болуп атала баштаган «крышаны» бүлдүргөн адамга кор болгон кыргыз коомчулугуна деле убал жокпу (?), дегиң келет. Болбосо, борбордук аянтта жүзгө чамалуу жаш кырчындардын каны төгүлүп, түштүктө жарым миңге чукул адам жабыркап, өлүп, үй-жайынан ажырап жаткан жагдайда, эгерде эл экенибиз чын болсо кой-ай дегенге жарайт элек го, эмгиче! Же калппы? Бул эми, ушуга чейин жеткизген үчүн,  коомчулук деле күнөөсүн  моюндоосу керек дегенден улам чыккан сөз. Бирок, «мамлекет өз арбайын сого берет, мен бийлигимди кандай жол менен болсо да коргоп алайын» деп, жеке керт башынын кызыкчылыгын баарынан жогору койгон А.Атамбаев, чындап келгенде ал куулугунан пайдага караганда көп зыян тартты десек да болот.
 
Кыргыз айткан тура, «бүлүнгөндөн бүчү алба» деп. Андыктан, «Бишкек-Ош жолунун туурасынан жети сантиметр, калыңдыган бир сантиметр жеп алды, эзели тоюнбаган ачкөз, коррупционер» деп ЖМКлар далай ирет жазган «шумпайды» колтугуна киргизүү менен А.Атамбаев деле жыргап кеткен жок. Тетирисинче ишпалдасы чыгып, түштүктө кырылып аткандарга жардам иретинде мамлекеттик бюджет эсебинен Жалалабад, Ошту калыбына келтирүү дирекциясына бөлүнгөн каражаттардан уурдалган акчаларды, «эс-учун» анча аңдай албай жүргөн ажого кандидатка «бурдап сугунтуп» салганын, иш жүзүндө, обьектилердин чарчы метринин баасы (жардамга келген темир, цементти эсепке алганда) 240 АКШ долларынын тегерегинде болгонуна карабай, 650 долларга чыгып, эки ортодо «шору каткандардын» териси дагы бир ирет сыйрылгандыгы кызуу талкууланып, эл ичинде «амиий, балакет жегир, өз башы менен кетсин» деген кептер айтылууда.
Анан, ашкере амалкөйдүн изин суутуу максатында ал контораны шашылыш жаба салганы, депутаттар маселе көтөрүп, кайра текшерүү талап кылып жатканы, «сорпосун ичкен да ууру» деген  бабалардын сөзүнө, «шумпайдын» айынан аргасыз кириптер болуп калган ажо да байкамаксан, укмаксан-көрмөксөн болуп, айласы куруп жатканы коомчулук ичинде кызуу талкууланууда.
 
Учурда, «шумпайдын» А.Атамбаевди акча менен гана азгырбастан, «мен түштүккө туруп берем, буруп берем, баарын колго алам, тейлейм», деп башын айландырганы, иш жүзүндө бакиевдердин Жанышы менен Максиминен калган алты-жети «прошмондовкалардан» башкаларга кадыр-баркы жок экени деле тастыкталды. Ага кыйыр далил иретинде, жада калса, баягы «кыздын сыры төркүнгө малым» демекчи, Жантөрөнүн кичи мекени болгон Өзгөндүктөр отставкасын талап кылып чыгышты го. Анан ошонун баарын көрүп, билип туруп ылгай албаса, кыйың кезеңде, бакиевдер «түштүктү бөлүп алабыз» дегенде арка бел болгондорду унутуп,  жерип жатса не деш керек? Өз убалы өзүнө» дегенден башка арга жок (!), да туурабы?
 
Сабыр МУКАНБЕТОВ