Эки жолку элдик көтөрүлүш кыргыздын кыйын чыкмаларына, өзгөчө эл башындагы эренге сабак болбогону элибиздин кабыргасын кайыштырып, эртеңин бүдөмүк кылып, өлкөнүн бүтүндүгүнө сокку уруп турган маал. Жок дегенде ондогон азаматтын каны менен бийликке жеткен азыркы журт башчыбыз мурункулардын жолоюна түшпөй, так иштесе түзүк болмок. Тилекке каршы, шорубуз каткан эл экенбиз, өлкөбүздү жеген мите курттардан арылбадык. Анын бир мисалы – «Кумтөр».
 
Андагы экологиялык былыкты казып чыккан Динара Кутманова эжени маекке тартып, баарлаштык. Динара эже Москвадагы Менделеев атындагы химия-технологиялык институн 1983-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн экен. Экология жаатын мыкты билген адис эжебиздин кебин тыңдап отуруп, келечектен үмүт үзүлдү. Уурулар бийликте отурганда, оңолууну ойлонбой деле койсок болчудай. Эмесе, кеп тизгини Динара айымда болсун....
 
- Айлана-чөйрөнү коргоо кызматы түзүлгөн күндөн баштап иштедим. 2006-жылдан бери эл аралык долбоорлордо иштеп келдим. Былтыр февраль айында Жогорку Кеңешке чакырып, «Кумтөрдү» текшерүү боюнча депутаттык комиссия  түзүлдү, экология боюнча эксперт болуп иштеп бериңиз дешти. Мен «чет элдик долбоордо иштеп жатам, мөөнөтү канча болот?» деген суроону койсом, С.Жапаров «үч ай болот, акчасын төлөйт» деди. Мен «Кумтөрдөгү» экология кандай болду экен?» деп көп ойлоп, аны текшергенге кызыгып, «бир көрсөм» деген адисттик кызыгуум бар болчу. Бирок, баарыңыздар билесиздер, ал жакка каалаган эле биздин жаран кире алчу эмес. Ошону ойлоп, мен дароо эле макулдугумду бердим, комиссиянын кароосунан өтүп, ишке кириштим, эмгектенип жаткан долбоордон чыктым. Анан «Кумтөргө» барганда «төбө чачың  тик тургандай» абалга туш болдум. Таштандыны каалагандай ыргытып, өтө начар абалга барыптыр. Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн чагып, талкалап жок кылышыптыр. Ал жерде Эрик Кожомкулов деген экологияга жооп берген бирөө бар экен, «бул не кылганыңар, мөңгүнү кескенге укугуңар жок да, таштандынын неге көмгөн эмессиңер?» деген суроону берсем, «бизге мамлекеттик органдар уруксат берген» деп , ар кайсыны чукулап жүрүп, кагаздарын көрсөттү. «Канаданын жарандары эртен кетет, бул таштандылар бизге калат, элибиздин келечеги жүрөгүңөрдү оорутпайбы?»- десем, камырап койбойт, “бизде мамлекет берген уруксат бар, бүттү”,- дейт. Убакыт бүттү, үч ай өттү, мен алынган маалыматтарга карата отчетту бердим. 
 
Баардыгыңыздыр көрдүңүздөр, Жапаров жетектеген комиссиянын сунушу парламенттен өтпөй калды. Депутаттык комиссиянын отчетундагы фактыларды аныктоо үчүн, кайра мамлекеттик комиссия түзүлдү, ага да чакырышты, июлдан баштап декабрга чейин иштедим. Мамлекеттик комиссияда экологияга жооп бере турган айлана-чөйрөнү коргоо агентствосу жана техника-экологиялык коопсуздук боюнча инспекциясы бирге иштеди. Бул эки органдын бири саякатка, бири көзөмөлгө жооп берет имиш. Күлкү келе тургандай жагдай экен. Анан комиссияны Темир Сариев түшүнүксүз түрдө үчкө бөлдү, юридикалык, экономикалык жана экологиялык кылып. Негизи, биз чогуу иштешибиз керек болчу, бизде суроолор болсо юристтерге , алардын суроосу болсо, биздин экологдорго кайрылышы зарыл болчу. Бөлүп койгон соң, кайрыла турган маселени Сариев аркылуу чече тургандай кылып койду. Дагы бир кызыгы, текшерүү үчүн эксперттерди Кыргызстандан, анан чет өлкөдөн ала турган болуптур. Жыйын болгондо суроо салдым, “чет элден келген экспертттерге акчаны ким төлөйт,”- десем, “мамлекеттин бюджетинен кетет” -деди. “Алардын эмне кереги бар, алар чоң акчага иштейт, биздин адилет министрлиги чыгарып бере албайбы, акчаны эмнеге коротосуңар?”- деп чыркырасам, угушпады. “Сиз өзүңүздүн ишиңизди билиңиз”,- деди. Экология боюнча конкурс жарыялап , “Эрнст энд Янг” деген Москвалык фирманы тааптыр. Мага чалып , “келиңиз, Москвалык фирма утту, экологиялык чыгымды эсептеп берет, сиз келишимге виза коесуз”,- деди, келдим. Фирманын өкүлү болуп Алматыдан бир казак кыз келген экен, документин карасам, юридикалык компания экен. “Силер юридикалык компания болсоңор, анан кантип экологиялык жыйынтык чыгарасыңар?”- десем, “биз келишим түзгөндөн кийин силерге экологиялык компанияны жалдап беребиз,”- дейт. Көрсө, алар ортомчулук кызматты аркалайт экен. Финансы көзөмөл агентине кайрылып, “эмне үчүн булар утту, экологиялык компания түз келишим түзө албайсыңарбы,”- десем, жооп бере албай, ачуусу келди. Болуптур, “силер экологиялык корутундуну канча каражатка чыгарып бересиңер?”- десем, “480 миң доллар” деди. Анын салыгын, келип кеткен жол чыгымдарын кошкондо 600 миң долларга келишим түзүлүптүр. “Мейли, силер кандай «оценка» кылып бересиңер?”- десем, келген кыз «билбейм» деди. Анан Осмонбек Артыкбаевге кайрылдым, “эмне үчүн юридикалык компанияны экологиялык тыянак чыгарат деп, тендерден уткурдуңуздар? Экологиялык чыгымды Кыргызстандын мыйзамдары менен чыгарыш керек, чет өлкөдөн келгендер биздин мыйзамдарды которуп , талдап чыкканча канча убакыт кетет?”- десем, “сиз пикириңизди билдирбей эле койбойсузбу?”- деди. Дагы бир кызыгы, утуп алган компания чыгарып берген экологиялык тыянагын компаниянын жеке чечими болгондуктан, эл аралык сотко көрсөтө албайт экенбиз, жана келтирилген чыгымды эсептеп бербейт экен. “Анда булардын чечиминин бизге эмне кереги бар?”- деп, кол койгондон баш тарттым. Айласы кеткенде кийинки күнгө жылдырып , Сариевге, Артыкбаевге чуркады. Болбоду окшойт, эртеси келип, “Чыгымды эсептей турган болсок, баш тартабыз”,- деп кетти. Ал эми юридикалык топко Израилден келген «Мушкат» деген компанияны 190 миң долларга , экономикалык топко «Барлиф» деген компанияны 237 миң долларга жалдады. Бюджеттен төлөп берди. Экологиялык топко жалдана турган компанияга 600 миң доллар кетмек, мен аны тытышып талашып жатып киргизбей, мамлекеттин акчасын үнөмдөп калдык. Өкүнгөнүм, миңдеген долларды алган компаниялар эч кандай иш жасап берген жок. Мен алардын отчетун көрдүм. «Акчабыз жок» деген өкмөт , болбогон нерселерге миңдеген, миллиондогон долларларды «жең ичинен кете турган иштерге» сарптап жатканын түшүндүм. Кызыгы, Жогорку Кеңеште аталган эки компаниянын чыгарып берген корутундусун Темир Сариев коомчулукка көрсөтпөй катып , «ал жашыруун» деп койду. Чыкканда мен сурасам, «мында жашыруун нерсе бар , «Центерранын» колуна тийбеш керек, бизди сотко берсе утулуп калабыз, соттон утуунун жолдору жазылган» деди. Мен карманып тура албадым, “Темир Аргенбаевич, эмнени айтып жатасыз, мамлекеттик комиссиянын максаты бөлөк , депутаттык комиссия казып чыккан мыйзам бузуулардан чын-бышыгын аныктоо, анан кайдагы жомокту айтасыз”,- деп талашып кеттик. Эртеси комиссияда иштеген Наристе Калчаев менен барып, “эки компаниянын тыянагын бериңиз, көрөлү?”- десек, Сариев: “сиз иштеген группаныкы эмес, ал маалымат мамлекеттик  сыр”.- деди. “Биздин салык төлөөчүлөрдүн акчасы кетти, эмнеге жаран катары сураганга акым жок? Израилден келгендер биздин сырды окуса болот, эмне үчүн бизге болбойт, мен түшүнбөй жатам”,- десем, “анда Динара , көчүрмө кылбай, жазбай ушул жерден карап кет”.- деди. Окуп көрүп, ал жерде мамлекеттик сыр бар экенин көрбөдүм. Эгер сыр болсо , Сариев тастыктап берсин! Жашыруун документ болсо, эмне үчүн эл аралык конкурс жарыялады? Анан да эл аралык сотко алып чыгат экенбиз. Бүт дүйнө билсе болот, биздин жарандар билгенге болбойт. Бул анекдот да . Албетте, мен кийин түшүндүм , Сариев эмне комиссияны үч топко бөлүп, чет элдик компанияларды бекеринен жалдабаганына.
Биздин жетекчилерде “мамлекеттин кызыкчылыгы” деген түшүнүк жоктугун көрүп, жүлүнүм зыркырады. Маселен, эксперттер менен келишим түзүп жатканда, “Сариевдин секретариатынан келдик, кол коюп бериңиз” деп, мага бир кагаз көтөрүп келиптир. “Бул эмне?” десем, “бул контракт, сиз азыр “Кумтөрдөн” уккан, көргөндөрүңүздү 50 жылга чейин мамлекеттик сыр катары эч кимге айтпаганга убада бересиз” деди. “Айланайындар, мен өз ишиме тыянак чыгарып, Жогорку Кеңешке беришим керек, андан жалпы эл угушу керек, мен мындай нерсеге кол кое албайм,”- деп баш тартсам, “эксперттердин баары кол коюп берди, сиз эле ушинте берет экенсиз” деп таарынды. “Эгер силердин айтканыңарды кылсам, анда менин “заключениямды” 50 жылдан кийин окуйсуңарбы? 50 жылга чейин мен жашай аламбы, жокпу?” деп, кол койбой койдум. Мына ушул жерден дагы, мамлекеттик комиссия канадалыктарга жан тарта баштаганы байкалды. 
 
Анан эле «Кумтөргө» барып-келип иштеп жаткан кезибизде, 27-сентябрь күнү президент «Кумтөрдүн» маселеси каралган, эми эч качан каралбайт» деп телеканалдан сүйлөдү. Мындан комиссиянын мүчөсү Мамбетов Шергазы деген профессор агайыбыз жыйынтык чыгарып, жыйында «Темир, мен бул комиссиянын ишине ишенбей калдым» деди эле, Сариев тарс жарылып, «эмнеге?» деп опурулду. «Биз «Кумтөр» боюнча карап баштайт элек, президент “каралбайт” дейт, мен силердин оюнуңарга түшүндүм” деди. Сариев кызаңдап, «мен элдин патриотумун, эл үчүн күрөшүп келгем» деген бир топ кооз сөздөрдү сүйлөдү. Анан эле жыйындын соңунда Сариев мага келип, “сөз бар, сүйлөшөлүк” деп калды, “эмнени?” десем, “жана сен эсептеген зыян 5 миллиард доллар болуп жатат, ал абдан көп” деди. “Темир Аргенбаевич, кандайча көп, Кыргызстандын мыйзамдары менен эсептеп чыктым (биздин мыйзамдагы экологиялык ставка  1 сом 20 тыйын, Жогорку Кеңеш киргизген, эсептөө эрежесин өкмөт №559-токтому менен акыркы  жолу 2011-жылдын 19-сентябрында бекиткен), эгер мен туура чыгарбасам, жалган эсепти берсем, мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылам, мен аны жакшы билем. Азыр сизге түшүнбөй турам, же сиз экологиялык чыгымды эсептегенди билесизби?”- десем, “жок, аны “Центерра” төлөй албайт”.- деди. “Ой, сиз “Центерра” төлөй алар-албасы менен кандай ишиңиз бар, же сиз “Центаррынын” адамысызбы, аларга эмнеге бооруңуз ачып жатат, мен сизге такыр түшүнбөй калдым!”- десем, “жок, эми азыраак сумма болсо, жылына 10 миллиондон график кылып бөлүп, 5-6 жылга бөлсөк, төлөп берет” деди. Мен ичимден абдан өкүндүм. “Кыргыздын кызыкчылыгын коргойт” деген адам канадалыктарга адвокаттык кылып, тентип жүргөн кыргызга боору ачыбай, миллиарддаган акчаны сусуп жаткан канадалыктарга жан тартканы, менин жүрөгүмдү сыйрып кетти, кармана албадым, “мен жөөттөрдүн анегдотундагыдай канчаны сураса жазып беришим керекпи? Кечирип коюңуз, «Кумтөрдүн» иштегени, Кыргызстандын мыйзамы, өкмөт бекиткен методика боюнча эсептедим, эми болгонун болгондой жазып беремин, калганын өзүңөр каалагандай жасап алгыла” деп кетип калдым.  
 
Кийинки жыйында Сариев “өкмөткө отчет бергенде, фракцияларда каралганда эксперттердин баары барбайт” деди. Биздин топто 7 эксперт бар эле, алардын алтысы тоо-кен боюнча, жалгыз мен экология тармагынан элем. “Анда ким барат?” дешти эле,  “алтынын  бирөөсү  Торгоев” деди. Мен сөз алып, “Темир Аргенбаевич, комиссия экологиялык зыянды эсептөө үчүн түзүлгөн, бул алты эксперт тоо-кен боюнча, экология боюнча мен жалгызмын, барышым керек” десем, “жок, Торгоев өзү барат, бүттү” деди. Барбай калдым. Отчетумду берип, 5 миллиард доллардан ашык экологиялык зыян тартканыбызды тактап жазып, 81 барак тапшырдым. Кезектеги жыйында Сариев “отчеттер аябай чоң экен, сиздикин кыскартабыз да, тиркеме кылып коебуз” деди. Сурадым, “тоо-кен эксперттери 200 барактан ашык жазышты, а мен бир эколог 81 барак жаздым. Меники аз болуп жатпайбы” десем, “кыскартыңыз” деген гана кыска жообун берди. Тарадык. Анан эле “өкмөткө отчет берди” деп калды, мен секретариатына чалып, “отчетту берипсиңер го, биз эмнеге билбейбиз, менин отчетумдун канчасын кырктыңар, бергилечи көрөйүн?” десем, беришпеди. Анан эле газетадан окудум, “мамлекеттик комиссия аныктады, «Кумтөр» 160 миллион доллар экологиялык зыян алып келген” деп жазылыптыр. (Муну Осмонбек Артыкбаев эсептептир.) Ал эми мен эсептеп берген 5 миллиард долларлык зыян боюнча сөз жок. Мамлекеттик инспекцияга чалдым да, “160 миллионду кайдан таптыңар?” десем, “Динара Асиевна, сиз ишиңизди аткардыңыз, эми жөн эле жүрүңүз, эмне эле кийлигишип жатасыз!” деди. “Анда менин жазганым отчетко кирбептир да” десем, “аны убагы келгенде көрөсүз” деп койду. Фракциялардын жыйыны болуп жатты. “Кайсы отчетту карап жатты экен?” деп таң калып жүрдүм. Анан Жогорку 
 
Кеңештин сессиясына караларда Темир Сариевге кирип, “эксперттер бүт кирсин” деп тытышып, араң дегенде уруксат алдык. 
 
Жогорку Кеңешке барганда, бир нерсеге таң калдым, “Кумтөрдүн” адвокаттары өтө кылдат иштегенине таң бердим. Мисалы, жыйын 9.30да башталды, отчетту саат 11де таратты. “Отчеттук китепчеңер азыр жасалып бүтүптүр, буга чейин эмнени карадыңар?” деп сурасам, “биз негизгисин жалпы эле талкуулап жаттык” деди. 500 баракты депутаттар 5 мүнөттө кантип карап чыксын? Бул баарына түшүнүктүү технология да. Негизи, кеминде үч күн мурун таратылыш керек эле. Депутаттык комиссиянын 400 барак отчетун Садыр Жапаров беш күн мурун берген да, аны окуп жетише алган эмес көпчүлүгү. Буга эми эл өзү тараза болсун.  
Мен дароо отчетумдун кайсы бөлүгү киргенин карап, таң калыштуу нерсени көрдүм. Отчеттун 327-барагында, “16 жылда «Кумтөрдөн» 5 миллиард доллардан ашык чыгымга учураганын өкмөт тастыктады” деп жазыптыр. Ал эми 477-барагында, жыйынтыгын чыгарып, “мамлекеттик инспекция эсептеди, баары 6,8  миллиард сом (бул 160 миллион доллар болот) зыян тарттык” деп жазган. Комиссия мүчөсү Наристе Калчаев буга таң калып, “эмнеге мындай эки башка?” деп карап, буга кол койбогонун айтты. Көрсө, Сариев комиссияны үч топко бөлгөнүнүн жөнү бар тура. Ар кимисине өзү жазганына кол койдуруп, аны жалпы жыйынтыкка тиркеп коюу максатында жасаган экен да. Өтө “хитрий” жол тааптыр. Калчаев сүйлөй турган убактысы бар экен, “буга таң калганын билдирди” эле бир депутат мага суроо узатты, болгон ишти айтып, “көрсө, октябрда Сариевдин 10 миллион дегенинин жөнү бар экен, 16 жылга көбөйткөндө 160 миллион болот турбайбы” десем, спикер А.Жээнбеков микрофонумду өчүрүп, “ар кимиси сүйлөй береби, Темир Аргенбаевич, кимиси сүйлөйт, айтыңыз?” деди эле, ал киши “Торгоев” деди. Ошентип, меникин өчүрүп салышты. Экинчи күнү Анвар Артыков "эмнеге эсеп эки башка” деп Осмонбек Артыкбаевге суроо берди эле, “биз 2000-жылдан беркисин эле эсептеп чыктык” деп, калпты шыпыртып койду. Анан “эксперттин өзүнөн сурабайлыбы?” деп мага сөз берүү маселесин депутаттар талашып-тартышып, добуш менен чечмей болушту. “10 мүнөт берели” деп добушка койду эле өтүп кетти. Анан Асылбек Жээнбеков “10 мүнөт көп, 5 эле мүнөт кылалы” деди. Дагы бири туурадан чыгып, үч мүнөткө түшүрдү. “Болуптур” деп 1,5 гана мүнөт сүйлөгөндө микрофонду өчүрүп салышты.  
 
Мен 1,5 мүнөттө “Жапаровдун комиссиясынан кийин кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтомунун 8-пунктунда тийиштүү кызматтагы адамдарга кылмыш козголсун (!) деген эле, 8 айдан бери эмне үчүн аткарылбай жатканына түшүнбөйм” дегенимде, Жээнбеков микрофонду өчүрүп, “аны биз өзүбүз чечебиз” дей салды. Ошондон бир аз күн өтпөй, “башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду” деген маалымат чыкты. Эгер аны мен парламенттен айтпасам кала бермек окшойт. Дегеним, 2012-жылы 27-июнда токтом чыккан, 2013-жылы 27-февралда иш козголду. Бул аралыкта, 8 ай бою башкы прокурор эмне кылып отурду? Бул  биринчиси. Экинчиси, башкы прокуратура “Кумтөр” келишимдери кандай түзүлгөнү боюнча гана кылмыш козгоду. Бул элдин башын айландырганы эле иш. Эң негизгиси, экологиялык зыяндын үстүнөн иш козголгон жок! Жасалма компанияларды жалдап, экологияга жалган кагаздарды алган “Центерага”, азыркы күндө мыйзамды бузуп иштеп жаткан канадалык жетекчилерге жана экологиянын бузулушун карабаган өкмөт жана мамлекеттик органдарга кылмыш иши козголушу керек болчу. Тилекке каршы, жөн гана “Акаев, Бакиев” деп бүттү. А азыркыны неге жашырат? Мына ушуларды көрүп, баардыгы “Кумтөргө” кекиртегинен илинип калганын туюп, жүрөгүм сыгылды. Маселен, мага саясаттын кыпындай да кереги жок. Бирок, «Кумтөргө» аралашкандан бери башаламандыкты, адилетсиздикти көрүп, жүрөгүм оорукчан болду. Нерв ооруусуна чалдыктым.  
 
Анан да Жогорку Кеңеште бир депутат “Темир Аргенбаевич, 5 миллиард менен 160 миллиондун айырмасы чоң да, эмне себептен мындай?” десе, «бирөө чыгып алып, 10 миллиард деп кыйкырса уга берелиби?» деп, мени бирөө кылып койду. Жыйын бүткөндө Сариевге барып, “сиз мени эксперт кылып, келишим түзүп иштетпедиңизби, мен отчетту бергенде, сиз “баары туура” деп кол коюп, кабыл алдыңыз, эгер туура эмес болсо, ошол жерден айтпайт белеңиз, анан бул жерде эмне деп сүйлөп жатасыз?” десем, “Динара, мага мамлекеттик инспекция маалыматты берди” деди. “Ал жерде эколог отурган жок да, аптекарь жүрбөйбү, сиз экологго ишенесизби же аптекаргабы?” десем, “эми калганын комиссия чечсин” дейт. “Комиссия чечип, отчету Жогорку Кеңеште каралып жатса, эми кайсы комиссия чечет, сиз Жапаров айткандан башка эч нерсени айта албадыңыз, эмнеге мамлекеттин акчасын сапырып, элди алдап, 8 ай иштедик анда! Айтыңызчы, Жапаровдун комиссиясында экологиялык зыян чыгарылып, экономикалык зыян чыгарылбай калган. Сиз “туура эмес келишимдер түзүлгөн, биз зыян тарттык, алгач акциябыз 67% болгон, анан 16га түштү, азыр 33гө чыкты” деп эл алдында какшап жатасыз. Биздин акцияларыбыз көтөрүлүп, кайра ылдыйлаганда өлкөбүз канча миллиард сом жоготту? Тарткан зыяныбызды экономист катары же комиссиянын төрагасы катары эсептеп чыгардыңызбы? Эсептей албагандай түр көрсөтүп, 237 миң доллар төлөп, чет өлкөлүк фирманы иштеттиңиз, алар эмнеге биздин тарткан зыянды чыгарып бербеди?” десем, Сариев “мен төрага катары гана ишимди аткардым” деди. “Мейли, сиз комиссиянын жетекчиси катары ишиңизди аткарыптырсыз, экономиканы өнүктүрүү министри катары милдетиңизчи? Сиз өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүчү министр катары биздин өлкө «Кумтөрдөн» канча зыян тартканын эмнеге эсептеп берген жоксуз?” десем, жооп бербей, тескери бурулду. Мен эл алдында ушул суроомду дагы беремин, эмнеге элдин акчасына четелдик «Барлиф» фирмасын жалдап иштетип, экономикалык чыгымды эсептеп чыккан жок? Экономиканы өнүктүрүү министри болуп отуруп, “Кумтөрдөн” 16 жылда мамлекетибиз канча зыян тартканыбызды эсептеп чыга албаган министр да министрби?
 
Иш жүзүндө мага «Кумтөр» көптөгөн маалыматтарды бербей койду. Маселен, тоо-кендерин иштеткенде көптөгөн химреактивдер колдонулат, анын нормалары болот. С.Жапаров менен иштегенде мындай факты аныкталган, булар химреактивди аябай көп сатып алышып, “жарабай калды, туура эмес алдык” дешкен, аны көзүбүз менен көрдүк, контейнерлерге тыгып коюшкан эле. Биз ошондо эсептегенде 1 миллион 300 миң сом болгон. Бул экономикага   (материалдык) жана экологияга өтө чоң зыян. “Ошонун норма реактивдери кандай”,- десем, айтышпай коюшту. Ал биздин экологдор менен келишим түзүлүп, алардын уруксаты менен гана киргизилиши керек. А бизде аны каалагандай алып кирип, талаага төгүп таштаган. Муну эмнеге мамлекеттик органдар көзөмөлдөгөн эмес? Анан эң уулуу зат бул – цианид! Муну канча колдонуп жатканы боюнча маалыматты эчен жолу сурадым, бербеди. Менин байкашымча, абдан көп пайдаланып, сууларга төгүлүп жатат. Ал мамлекеттин көзөмөлүндө болуп, пайдалануудан чыккан соң тазаланып, тазаланган суу арыктарга агызылышы керек. Цианидди канча коротуп жатышканын экологиянын органы көзөмөлдөгөн  эмес. “Маалыматты бербей жатат” деп Сариевге кайрылсам, “менин колумдан келбейт” деп, алып бербей койду. Алып берүү анын түздөн-түз милдети болчу. Эгер бербесе, Сариев прокуратурага кайрылып, алдырып берүү милдети болчу. Тилекке каршы, аны жасаган жок. Мен бул суроолор менен Сариевге душмандай болуп калдым. Ал канадалыктарды калкалаганга аракеттенип жүрдү. “Кумтөргө” барганда сөз бербей, “сиз эмне бырылдап жатасыз?” деп, Майкл Фишердин сөзүн жактап туруп алды. Бул эле эмес, “мени кемпир дейсиз” деп акаарат кылганга чейин жетти. Эгер элдин, улуттун кызыкчылыгын көздөгөндө анысына деле мейли эле.
А биздин жерибиз болсо, ыйлап жатканына өкүнөм. Мөңгүлөрүбүз жок болду. Эгер биз муну ачык айта албасак, анда эмнеге комиссия түздү? Биз «Кумтөрдүн» алдында алсыз экенбиз, аларга баарыбыз кул катары кызмат кылат экенбиз. Мунун түйүнү тээ жогорку жакта отурган бир адамга барып такалат турбайбы. Аттиң, кыргызымдын шору экен да. Мен эколгиябыздын талкаланып калганынын чекесин эле айттым, эгер майдалап айтсам, бир көзүңдөн кан, бир көзүңдөн ириң агат.
 
«Кумтөр» келгенде өлкөдө атайын «Экосервис» деген компания түзүлүптүр. Булар экологиялык-нормативдик кагаздарын жасап берет экен. «ПДВ» деген бар, аны 5 жылда бир жасаш керек, булар ар жыл сайын жасайт. Жыл сайын буларга чоң акчаларды которду кылып, чыгарып кетет. Анткени, келишимде ошондой түзүлүптүр, «Кумтөр» канча чыгым кетирсе, ошончолук сыйлыгы көбөйө бере тургандай кылып. Сариев жок дегенде ушуларды баса көрсөтүп, химреактивдер көп сатып алынганын айтып, зыянга учураган каражатты эсептеп берсе болмок.  
 
Монголиянын «Боро» кенинде “Центерра” иштеп жатат, азыр 50 тонна алтын алды. Монголдор өздөрүнүн эсептик сандарын так койгон, экологияны жыл сайын өкмөт бекитип берет. Экинчиси, рекультивация ишин тыкыр карайт, бизде болсо казып эле таштап кетип жатат. “Коенду” деген жерге кирип, чалгын жасап, жердин баарын талкалап чыгып кетишкен, рекультивация кылынган эмес. Биздин келишимде кен казылып бүтөрүнө эки жыл калганда гана көмөт экен, ага 29 миллион доллар каралыптыр. Бизден 300 тоннага чейин алтын казылып алынды. Монголияда 50 тонна алып, рекультивацияга 27 миллион долларды берди. Айырмасын караңызчы, бул бизди шылдындаган нерсе да. Биздеги арыктарга дренаж куруп, мурунку калыбында иштегенге шарт түзүш үчүн миллиарддаган доллар керектелет. 29 миллион доллар эч нерсеге жетпейт. “Центерра” эмне үчүн Монголияда жакшы иштеп жатат, бизде теңирден тескери кетти. Анткени, биздин бийлик шалаакы, чыккынчы турбайбы. Үчүнчүсү, «Кумтөр» жыл сайын эл аралык экологиялык аудит өткөрөт. Бул аудитти жабык жүргүзүп келишүүдө. Эл аралык фирмаларды жалдайт, алар “баары жакшы” деп жазып кетет. Жыл сайын «Призма» деген америкалык фирманы чакырат, ал каалаганын жазып берет. 2012-жылы сентябрда дагы “Кумтөр” Кыргызстандын бир дагы мыйзамын бузбастан иштеп жатат” деген бүтүмүн берди. А мен өлкөдөгү кайсы мыйзамдарды бузганын жөн гана тизмектеп бергеним 17 бет болуп турат. Буга эмне президентибиз унчукпайт, прокуратура текшербейт? Эмнеге бизде мынчалык башаламандык?  
 
Дагы бир кызыгы, комиссия жүрүп жаткан “ERM” деген америкалык фирманы чакырды. Булар да “жакшы” деп отчет берди. Алардан сурасак, өлкөдөгү мыйзамдарды талдаш үчүн жергиликтүү компанияны жалдаптыр. Бизде Талант деген жигит жетекчилик кылган «САИС» деген жергиликтүү компания бар экен. Алар Айтматова Жамиля жана Неронова Таисия деген эксперттерди жалдап, тыянак чыгартышыптыр. Алар  “Кумтөр” эч кандай эреже бузган жок, мыйзамдар бузулган жок, баарын жакшы иштетип жатат» деп беришиптир. Булардын “заключениесин” “Кумтөрдөгүлөр” алып, “неге эле сиз кыйкырып жатасыз, бизге америкалык компания аркылуу жергиликтүү экологдор тыянак чыгарып берген” деп берди. Мен аларга чалсам, жетекчиси Талант “сиз келип, экологдорго тууралыгыңызды далилдеп бериңиз?” дейт. “Кечирип койгула, мен далилдебейм, алар жалган тыянак чыгарып бергени үчүн жоопкерчиликке тартылышы ыктымал” десем, тоготуп да койбоду. Көрсө, Неронова дегени айлана-чөйрөнү коргоо инспекциясында жыйырма жылдан бери иштеп, “Кумтөрдү” дайым текшерип жүргөн инспектор экен. Эми жыл сайын “жакшы” деп акт түзүп жатканы кандай? Мамлекеттик кызматта иштеген неме өзү эксперттик тыянак бергенге болбойт да. Бул кылмыш. Эгер биздин мамлекет башчынын эл үчүн иштей турган ою болсо, азыр экологиялык туура эмес бүтүмдөрдү жокко чыгарып, аны жасап жүргөндөрдү жоопкерчиликке тартса, кантип болбосун?! Акыр түбү биздин президент, прокуратура нени карап отурат? Түшүнбөйсүң!  Айтор,ток этерин айтканда, мамлектти комиссиясы эч нерсени чечпеди, элди гана алдамай оюн жүргүздү. “Комиссиянын максаты азыр экология сакталып жатабы, буга чейин канча зыян тарттык?” деген суроону тактап чыгуу болчу, аны аткара албады. Эми азыр Темир Сариевге “Акшумкарды” берип, “баатыр кылабыз” деп жатыптыр. Бул адамдын эмнесине берет баатырлыкты, түшүнбөйм. Ал болгон маалыматты элге чыгарбай катканы үчүн, кыргыздын кызыкчылыгын эмес, канадалыктарды коргогону үчүн Атамбаев аны баатыр кылганы атабы? Мейли, элди алдады, жок дегенде Кудайдан коркпойбу? Канча жигит шейит кетти эле. Июнь окуясында эл-жер үчүн жүздөгөн жарандарыбыздын өмүрү кыйылды. Аларды неге ойлобойбуз? Кандай болгон күндө да, алдыга жылбай турганыбызга көзүм жетти. Мен көзүм менен көрүп, күбө болдум, президент, өкмөт, прокуратуранын жасап жатканы бүтүндөй элди алдамай. Булар турганда эч бир маселе чечилбейт. Анткени, «Кумтөрдүн» “адвокаты” Атамбаев менен Сариев экен! Мен бир жыл «Кумтөрдө» иштеген адам катара муну ачык айта алам. Айтканым үчүн башымды алса, алып салсын!
 
Жазып алган
Зулпукар Сапанов