“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин бир күндө сот аркылуу чыгарылып, атайын чакырылган самолет менен Чеченстанга учурулуп жиберилиши бир гана бүгүнкү кыргыз бийлигинин эмес, бүтүндөй кыргыз элинин бетине сүртүлгөн кара так болду. Ал 2006-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек  Акматбаевдин, Жазаларды аткаруу башкармалыгынын төрагасы Икматулла Полотовдун, дагы эки парламент аппаратынын кызматкерлерин түрмөдө өлтүрүлүшүн уюштургандыгы үчүн 16 жылга соттолуп, Нарындагы абак жайда жазасын өтөп жаткан болчу. Мындан тышкары А.Батукаев баш көтөргөн кыргыздын кыйын жигиттеринин далайынын түбүнө жетип, көзүн тазалай албагандарынын кулагын, колун кесип шылдыңдагандыгын эл жакшы билет. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүн башкарып, баңгизаттан тартып, бизнесмендерге салык салган, байларды талап-тоногон уурулук, каракчылыкты толук бойдон көзөмөлдөө үчүн кыргыздын кыйын жигиттеринин башын кыйып турат. 
 
Эми душманга айла жок. Бирок ушул канкорду түрмөдөн жарым мөөнөтү бүтпөй жатып бир күндө сот аркылуу актап, мыйзам боюнча өкүм он күндө күчүнө киришин күтпөй, Нарындан Бишкекке чиновниктер өздөрү коштоп алып келип, бир туугандары менен аэропорттон VIP зал аркылуу учуруп жибериши бул “операциянын” мамлекеттик деңгээлде уюштурулгандыгын көрсөтүп турат. Эгер уяты болсо, бул маселе парламентте каралып, депутаттар калыс баасын берген соң, президент А.Атамбаев баш болуп, күч министрлери, далай чиновниктер отставкага кетиш керек эле. Мындан тышкары ансыз деле тарпы чыккан Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк тарап кетиши керек. Акүйдүн тосмосун аша койгон депутат К.Ташиевди “эл душманына” айлантып, эч кандай бийликке акаарат сөз сүйлөбөгөн, болгону “Кумтөр” маселеси боюнча митинг өткөрө коём, бүгүнкү бийликтин эки жүздүүлүгүн элге айтам деп, ур-тепкиге алынган, бир жылдан, бир жарым жылга чейин соттолгон Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун соттолушу кандуу жол менен келген бүгүнкү бийликтин ансыз деле ишеним кредитин түгөткөн болчу.
 
Белгилүү бир орус эксперти айткандай, “Атамбаевдин бийлигине Кыргызстанда карапайым эл ишенбей калды, эми ал криминалга гана таянышы мүмкүн”. Ошондуктан алар оппозицияны ооздукташ үчүн өлүм жазасына тартылган Эркин Мамбеталиевди (Атамбаевдин мурдагы жансакчысы) актап, дагы бир “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевди Дубайдан алып келип, “бир казанга башы батпаган” экинчи “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди  түпкү мекени Чеченстанга бутуна кызыл килем төшөп, сый-урмат менен узатып отурат. Айрым маалыматтар боюнча, А.Батукаев Россиядагы жакында жалданма киши аткычтын огунан каза болгон айтылуу Дед Хасандын ордуна татыктуу талапкерлердин бири экен. Эгер эле ал мындай дүйнөлүк деңгээлдеги “мыйзамдагы ууру” таажысын башка кийсе, анда бүгүнкү кыргыз бийлигин толук башкарып аларында шек жок. Бир чети А.Батукаев али жаш, болгону 46да. Экинчиден, кылмыш дүйнөсүнүн негизги акча булагы болгон Афганистан аркылуу өтүүчү Борбор Азиядагы наркокоридорду, аны кантип башкаруунун жолун эң жакшы билет. Баарынан да кыргыз бийлиги А.Батукаевди эркиндикке чыгаруу менен Кремльге сес көрсөткөнү же “медвежий услуга” жасаганы азырынча табышмак. Анткен менен “Батукаев операциясы Чеченстандын президенти Рамзан  Кадыровдун буйругу менен жасалгандыгы белгилүү болууда. Эгер мындай болбосо, анда ал өз аймагына аны киргизбейт болчу. Грузиндер жада калса Дед Хасандын сөөгүн да өзүнүн кичи мекенине коюуга уруксат бербей коюшпадыбы.
 
Узун кулак журналисттер А.Батукаевди чыгаруу үчүн кыргыз бийлигине 1,5 млн. доллар сунушталып жаткандыгын жыл башында, январь айында эле жазган болчу. Мындай белги Акыйкатчы Турсунбек Акун “Батукаев ак оорусу менен ооруп жатыптыр. Аны тез арада чыгаруу керек, өлүп калса ким жооп берет?”,- деп безилдей баштаганда эле белгилүү болгон. Бул адам акчасы, пайдасы болбосо жөн эле бирөөнүн таламын талаша бербей тургандыгын баарыбыз билибиз го.
 
Баарынан да парламентте бир күн кечке Батукаевдин маселеси каралганда Башкы прокурор Аида Салянова баш болгон аткаруу бийлигинин чиновниктери “баары мыйзамдын чегинде болгон” деп тотукуштай сайрап отурушу, бул “операциянын” жогорку, мамлекеттик деңгээлде уюштурулгандыгын кашкайта далилдеп койду. Андыктан президент Атамбаев иштин чоо-жайын алдын ала эң жакшы билген жана “добро” берген.
 
Парламенттик талкууда абийири айрандай төгүлгөн көпчүлүк коалициянын депутаттары (КСДП, “Ар-Намыс”, “Ата-Мекен” фракциялары) маселени изилдөө боюнча Болот Шер башында турган комиссия түздү. Бирок ага азчылык коалициянын депутаттары (“Ата-Журт”, “Республика” фракциялары) “өз богуңарды өзүңөр жегиле, элге өзүңөр жооп бергиле” деп кошулбай койду. Сыягы, элдин бетин кантип караймын деп айласы кетти окшойт, көпчүлүк коалициянын лидери Чыныбай Турсунбеков “Мындайда бирге болбойлубу, комиссияга кошулуп койгулачы” деп чырылдады. Бирок алардын “Кумтөр” маселеси каралганда Садыр Жапаровду парламентке алып келүү сунушун четке кагып, “Түрмөгө барып парламенттин жыйынын өткөргүлө” деп кесир сүйлөгөндүгүн кечире албаган азчылыкты түзгөн топ туурасынан туруп алды. Менимче алар туура эле кылды. Эми алар мактап-жактап кызматка койгон чиновниктеринин кан ичкич А.Батукаевдин бир жарым миллион долларына кантип “лезгинка” бийлегендигин же корккондуктан улам бошоткондугун элге түшүндүрүп беришсин.
 
Бул арада “Батукаев операциясына” катышты деп шектелип жаткан  Акыйкатчы Турсунбек Акун дүйшөмбү күнү Батукаевди тез арада боштондукка чыгарууда бийлик анын өтүнүч катын шылтоо катары пайдаланганын айтып чыкты. Бирок, “Эл үнү”  кыймылы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүнүн бири Азиз Батукаевдин бошотулушун атайын уюштурулган коркутуу акциясы катары баалады. Ошондуктан бул маселе 24-апрелге белгиленген оппозициянын курултайында талкууга алынат.
 
Аталган  кыймылдын штаб башчысы Мамбетжунус Абылов Батукаевди мөөнөтүнөн эрте бошотуунун артында бийликтин көмүскө максаты катылгандыгын айтты.
 
Батукаевдин бошотулуп, “Ата-Журт” партиясынын депутаттарынын дале абакта жаткандыгына нааразы болгон Өзгөн шаарынын эли 15-апрелде  митингге чыкты.  Ушул эле күнү Бишкекте “Таза коом”, “Кыргыз эл жаштар кеңеши” сыяктуу бир катар жаштар уюмдарынын өкүлдөрү Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга катышы бар жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылышты. Демек, бул бийликтин түбүнө Батукаев жете турган болуп калды же үчүнчү революцияга түрткү берүүдө.
 
Тилекке каршы бул окуя боюнча ушул кезге чейин президент Атамбаев менен өкмөт башчысы Сатыбалдиев расмий позицияларын ачык билдирише элек. 
 
14-апрель күнү айрым сайттарда Батукаевди Нарындагы тергөө абагынан бошотууга барган жогорку кызмат адамдарынын автоунаалары тартылган тасма тарады. Анын арасында Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин автоунаасы абактын ичинен чыгып келе жаткан жеринен тасмага түшүп калган. Буга чейин аталган кызматтын жетекчиси Зарылбек Рысалиев анын кол алдындагылар Батукаевди коштоп жүргөн эместигин билдирген болчу.
 
Турсунбек Акун өзүнүн актануу сөзүндө мындай деп айтты: “Мен парламентте мына ошол бийликтеги адамдардын катарына ошолор менен бир иш кылгандай болуп отуруп калыпмын. Ошон үчүн тыныгуудан кийин чыгып кетип калгамын. Бул жерде Батукаевди ушунчалык тездик менен чыгарып жиберет деп ойлобопмун. Аны Бишкекке алып келип дарылашат го дегем. Бирок аны чагылгандай тездик менен бошотконго караганда бул жерде бирдиктүү иш-аракет болгон окшойт. Мен бир эле Батукаев боюнча эмес, бир топ оорулуу адамдарды абактан бошотуш керек деп өтүнүч келтиргемин. Бирок ошолордун бири да бошотулбай, жалгыз Батукаев бошоп кетип жатпайбы”.  Эми кыйын болсоңуз, Акыйкатчыны актап же күнөөлөп алыңыз.
 
Бирок, Кыргызстандагы абак жайларында кургак учук, СПИД жана башка өлүм алдындагы ооруга чалдыккан жарандардын саны жүздөп саналат. Бүгүнкү күндө жалпысынан кургак учук менен жабыркаган 476 адам бар. Анын ичинен өткөн жылы 22 адам кургак учуктун айынан каза болгон. Көрсө, Акыйкатчы А. Батукаев да аларга окшоп өлүп калбасын деп чырылдаган турбайбы. Баракелде...
 
Шейшемби күнү шашылыш алгачкы жыйынга чогулган “Батукаев комиссиясынын” мүчөлөрү бир топ жагдайды ачыкка чыгарды. Көрсө, А.Батукаев учуп кеткен самолетту  вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун баласына караштуу APR деген компания тейлептир. 
 
Бирок Ш. Атаханов ал учурда баласынын Кыргызстанда болбогондугун, жакында эле Москвадан учуп келгендигин айтып актанды. Вице-премьер комиссия жалган документтерге таянганын кошумчалап, муну аны кызматтан кетирүү аракети катары баалады. Сыягы, бул жерде Болот Шер баштаган комиссия Ш.Атаханов кыска мезгилде ИИМ министри болуп турганда таластык мафияны тазалагандыгы үчүн өч алуу максатын да ишке ашырып жатат окшойт.
 
Ал эми APR жоопкерчилиги чектелген фирманын директору А.Зеличенконун билдирүүсү боюнча, "Гозен Эйр" компаниясы 9-апрелде Алматы-Бишкек-Грозный каттамы боюнча жасаган рейсти “АPR Хендлинг” компаниясы тейлеген. Көрсө, аба каттамдары боюнча Башкы борбордун дарегине толтурулган кагаздарда ката кетирилип, учакты Бишкекте тосуп алган фирма катары Данияр Атаханов жетекчилик кылган "Анилия" компаниясы көргөзүлүп калган. Данияр Атахановдун APR компаниясына эч кандай тиешеси жок экен.
 
Анткен менен комиссия мүчөлөрү Шамил Атахановду кызматтан убактылуу четтеттүүнү сунуштаган бүтүмүн өкмөт башчыга жолдоп жиберди. Комиссиянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаевдин айтуусунда, "Батукаевди Грозныйга жеткирген Challenger-300 учагын Кыргызстанга алып келүүнү жана тейлөөнү “Анилия” аттуу компания уюштурган. Аталган компанияга Шамил Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетекчилик кылат".
 
Кыскасы, А. Батукаевдин эркиндикке чыгарылышы кыргыз бийлигиндеги ич ара “разборкага” айланып, Атамбаевдин тегерегиндеги чиновниктердин таасир талашуу оюнуна айланды. Канткен менен бул ирет да бийлик артында электораты же колдоочусу жок Ш. Атахановду же дагы бир “байкушту” садага чаап кутулуп кетет окшойт. Бирок алардын бул эки жүздүүлүгүнө эл ишенер бекен?...
 
С.Жайнаков 
Булак: “Майдан.kg”, №014, 17.04.2013-ж.