Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2956
Коомдук Биринчи каналды көрүп отурсам, «Мекен чегинде» телеберүүсү башталып калды. Буга чейинкидей аскерлердин турмушунан бир үзүм эмес, бул ирет апрель окуясында курман болгон афган согушунун ардагери тууралуу экен. А дегенде эле алып баруучу: «2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдин кандуу бийлигин кулаткан азаматтарыбыз тарыхта үй-бүлөлүк, коррупциялык бийликти кулаткан азаматтарыбыздын эрдиги эч качан унутулбайт» деп баштады. Ооба, ал баатырлардын эрдиги эч качан унутулбайт. Унутууга акыбыз да жок. Ажал чачкан автомат менен снайпердин окуга каршы өзүнүн жашоодогу эң кымбат деп эсептеген кара жанын ала чуркаган адамдардын эрдигин кантип унуталы?
 
7-апрелдин максаты ушул беле?
 
Менин айтайын дегеним башка. Гезиттин 8-апрелдеги санында койгон суроомду дагы бир ирет кайталайм. Бакиев Кыргызстандан кетти. Анын бийлиги кулады. Парламент, өкмөт, соттор тарады. Ордуна жаңысы түзүлдү. Сотторду тандоонун акыркы этабына келип калдык. Бирок, 7-апрелдин максаты ушул беле? Эгерде биз өткөнгө кайрыла турган болсок, бул институттардын бардыгы түгөл иштеп жаткан да. 2010-жылдагы электроэнергияга болгон тарифтердин көтөрүлүшү, мобилдик операторлордун акысына а дегенде эле 60 тыйындан соруп тура турган балекет системанын киргизилиши сыяктуу эки-үч жагдайды эске албаганда, Кыргызстанда азыркыдай өп-чап бюджет таңсыгы да жок болучу. Тескерисинче бюджет профицит менен келе жаткан. Азыркыдай болуп бийликти бир жактуу мактаган дүжүр кошоматчылар, президент Курманбек Бакиев сунуштаган мыйзам, чечимдерди алеки саатта анча-мынча чуулдатымыш этип, заматта кабыл алып бере салган парламент, ажону айлангөчөктөй тегеренген чиновниктер армиясы, кыскасы баары эле жетиштүү болучу да. Кыскасы, экономикалык көз караш менен алганда, ал учурдун баасы азыркыдан төөчөлүк жогору болучу.
 
Ооба, 7-апрель бийликтин тең салмактуулугун, диктатуранын кыйрашын, мыйзамдын көзөмөлү орнотулушун максат кылган. Тилекке каршы анын бири аткарылган жок. Бакиевдин бийлиги көзөмөлдөгөн институттардын таш-талканын чыгарып, баарын тегиз тараткан Убактылуу Өкмөт «Кыргызстанда Бакиевдин убагындагыдан дагы майкөл-сүткөл заман болот» деп убада кылган. Тилекке каршы анын бири дагы жок. Ар кайсы коңулда жашынган жалаңкыч экс-чиновник, жарма патриотчалыштардан куралган Убактылуу Өкмөттүн чачкын позициясы, ынтымагынын жоктугу, көпчүлүгүнүн тажрыйбасыздыгы, акылынын тайкылыгы, ар бири өздөрүн болочоктогу президент элестеткендиги, мунун бардыгы Кыргызстандын ар тараптан тез арада кыйрашына алып келди. Бүгүн Кыргызстанда бардык тармактарда артка кетүүнүн анык илеби сезиле баштады. Айыл-чарба, соода, өнөр-жай айтор бардык тармактарда артка кетүү башталды. Ал эми президенттин аппараты менен өкмөт болсо чиновниктер даярдаган отчетторго кол коюп, анча-мынчасын иштен айдоо менен чектелип жатат.
 
Буга чейин Курманбек Бакиевдин башкаруусунан азыркы бийликтин башкаруусу айрыкча 2 артыкчылык менен айырмаланып келген. Эми кылмыш дүйнөсүндө «мыйзамдагы ууру» атагы бар Азиз Батукаевдин Кыргызстандан шашылыш чыгарылып кетиши менен криминалдык чөйрөдө кайрадан «передел» (кайра бөлүштүрүү) башталышы мүмкүн. Демек, ал иш-чара Кыргызстандын экономикалык стабилдүүлүгүн үркүткөн бир нече буйрутма адам өлтүрүү менен коштолушу ыктымал.
 
7-апрелден кийин көтөрүлгөн «Люстрация» мыйзамы ошол бойдон чаң басып жатат. Ал эми президенттин, өкмөттүн аппаратында, мамлекеттик структураларда бир кезде Курманбек Бакиевдин алды-артынан чыгып, анын диктатурасын бекемдеген, кыргызча айтканда аны шыкактап, кошомат кылгандар отурат. Өздөрүн аман алып калууну көксөгөн УӨ мүчөлөрү, андан кийин Акаев менен Бакиевди жарга түртүп, Отунбаева менен Атамбаевдин жака-белине чап кенедей жабышкан кошоматчылар Бакиев маалында жасалган бардык ыплас нерселерди Камчыбек Ташиевге, Ахматбек Келдибековго, Адахан Мадумаровго буруунун аракетин жасап келе жатышат. Учурда Бакиев десе көз алдына Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаровду элестеткендер көп. Эмне үчүн?
 
Анткени бул жерде эки максат бар. Биринчиси, өздөрүнүн чалмакейин жашырып, аны оодаруу үчүн өздөрүнө жакыныраак жүргөн күнөөкөрлөрдү табуу. Экинчиси, албетте регионализм оорусу.
 
Учурда камакта жаткан ЖК депутаты Камчыбек Ташиев жана анын фракциялашы Садыр Жапаров жана парламенттин экс-төрагасы Ахматбек Келдибековдор «бакиевчи» деген атка Бакиев убагында кетирген кемчиликтери үчүн эмес, тескерисинче 2010-жылдагы июнь коогалаңында жараткан эрдиктери, Отунбаева жана Атамбаев бийлигине карата курч позициясы үчүн конуп калды. 2005-жылы куралган 75 мандаттуу парламентке депутат болушкан бул үчөө Курманбек Бакиевдин алгачкы жылдарындагы саясатын жакшы эле колдошкон. Булар колдогон Бакиевдин ошол кездеги саясатын азыркы президент Атамбаев баш болгон саясатчылар дагы колдошкон. Бул тарыхый чындык. Ошондой эле бул үчөө Бакиевге жантыгынан жата калып кошомат кылгандардан эмес. Тескерисинче бул үчөө бир кезде Бакиевдин ачуусуна тие коюп, кызматтан дагы, парламенттен дагы куру жалак калып, өгөйлөнгөн жайы бар.
 
Мен эмне үчүн бул үчөөнүн таржымалын айткым келди? Анткени, булар Бакиев үчүн жантыгынан жата калып кызмат кылгандар эмес. Эгерде Ташиев менен Келдибековдун Бакиевди кайтарып келүү ниеттери болсо, анда 7-апрелден кийин Бакиев Тейитке барып, алардын жардамына суусап турганда Кошбай Масиров, Пайзулла Рахманов сыяктуу ачыктан-ачык жардам берип, анын бийлигин сактап калууга жан үрөшмөк. Булар андай аракеттерди жасашкан жок да. Анан калса буларга алыста жүргөн Бакиевди бул жакка алып келип, баш оору жаратуунун канчалык зарылчылыгы бар?
 
Кептин баары бул адамдарда эмес, кептин бардыгы учурда билмексен болуп бийликтин бийик чокусунда отургандарда. Эмне үчүн Ташиевди «бакиевчи» деп күнөөлөгөндөр 7-апрелден кийин Атамбаевдин өкмөтүндө акылдуусунуп, каржы министри боло калган Акылбек Жапаровду күнөөлөшкөн жок? Эмне үчүн учурдагы бийликтин колтуганда биринчи-вице-премьер, азыр болсо кадр кызматынын башчылыгын башкарып, эч нерсени билмексен болуп отурган Аалы Карашевди айтышпайт? Акылбек Жапаров Бакиев бийлигинде каржы, андан кийин экономика министри, андан соң биринчи-вице-премьер-министр болуп, ажосун айга-күнгө теңеп турбадыбы. Ал эми Карашев баспаган кызмат, чыкпаган чоку деле калбаса керек. Булардын артыкчылыгы, эч качан ажосуна дагы, кожосуна дагы каяша айтпайт. Булар бир ийинден чыгып, башка ийинге кире качкандардан. Анан да өздөрүн актап: «Биз Акаев, Бакиевге эмес, мамлекетке кызмат кылганбыз, азыр да кызмат кыла беребиз» деп койгондоручу. Ошондуктан учурдагы бийлик душманды камакта жаткандардан, оппозицияда жүргөндөрдөн эмес, өзүнүн коюнунан издегени туура болот.
 
Адилет Айтикеев
"Алиби" гезити