Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3905
Ажо Атамбаев оппозицияда жүргөндө Кумтөр алтын кени боюнча дал ушул “атажуртчу” депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов көтөрүп жаткан маселени көзүр кылып пайдаланып келген. Керек болсо Кумтөр кенин улутташтырабыз дегендердин бири болгон. Ал эмес, “Ак үйгө киргендер баардыгын унутуп жети баштуу ажыдарга айланып калат экен” деген тариздеги сөздүн автору Алмазбек Шаршенович эмес беле. Мезгил көп күттүргөн жок, арийне, Атамбаев Ак үйгө киргени Кумтөр алтын кени тууралуу айткан сөздөрүнөн тангандай унчукпайт. Же ажобуз дагы ажыдаарга айландыбы?
 
Ушундан улам, бу азабың түгөнгүр алтын кенин, ал саясый курал катары колдонуп келген го деген ой жаралбай койбойт. Себеби, чын эле элге күйгөн саясатчы болсо, өзү Бакиевдин учурунда өкмөт башчысы болуп тургандагы “Кумтөрдүн” алтынын иштетип жаткан “Камеко”, “Центерра голд инк” компаниялары менен түзүлгөн жаңы келишимдерге кол койгондо мынчалык алешемдик кетирбес эле. Анда эмесе сөз ирети менен болсун.
 
Алмазбек Атамбаев 2007-жылы Премьер-министр болуп турганда канадалык компания менен жаңы келишимди түзүү боюнча мамлекеттик комиссия түзгөн. Комиссияга  Акылбек Жапаров, Орозбек Дүйшеев, Арсланбек Малиев, Ишенбай Кадырбеков  жана башка бир топ Өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кирген. Чынын айтыш керек ошол учурдагы экс-премьер-министр Алмазбек  Атамбаевдин түзгөн келишими Танаев түзгөн келишимдеги Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшүнүн 13 пайызга түшүп кеткенине караганда Кыргыз өкмөтүнүн позициясын мурдагыдан кыйла жогорулаткан. Ошол эле маалда келишимде бир топ түшүнүксүз маселелер бар. Мисалы, биздин өлкөнүн үлүшүнө бериле  турган кошумча акциялар кантип өткөрүп берилери, кимдин эсебинен болору ийне-жибине чейин так жазылган эмес. Атамбаевдин Өкмөтү түзгөн макулдашууга ошол учурдагы Жогорку Кеңештин сунуштары дагы кирбей калган. Мурдагы карыздарды жоюу, экологиялык маселелер боюнча жарытылуу сөз жок. Алмазбек Шаршенович мурунку түзүлгөн комиссиянын,  өзү түзгөн мамлекеттик комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн көзүнчө “Центерра голд инк” компаниясы менен болгон эки тараптуу келишимге кол коем деген убадасын аткарган эмес. Ошондуктан аталган макулдашуу кандай мазмунда түзүлгөнүнөн, керек болсо, комиссия мүчөлөрү кабардар болбой калган.
Ошол учурдагы өкмөт башчысы А. Атамбаев макулдашууга кол койгондон кийин Жогорку Кеңешке келишимди бекитүү боюнча мыйзам долбоорун алып келгенде  бир эле келишим  жөнүндө сөз болгон. Көрсө, ал жерде бир нече келишим болгон деген сөздөр айтылып жүрөт азыр. Макулдашуунун ичинде акцияларды бөлүштүрүү тууралуу беренелер бар экенин депутаттар билген эмес. Маселен, акцияларды бөлүштүрүүдө “Центеррадагы” “Камеконун” үлүшүнө тиешелүү 32 305 238 акцияны кыргыз өкмөтүнө бериш керек болгон. Анан дагы кызыгы “Камеко” “мөөнөтү күчүнө киргенге чейин” деген бүдөмүк талап менен кыргыз өкмөтүнө 15 000 000 гана акцияны бермек болот. Калган 17 305 238 акцияны дагы кайдагы бир күчкө кире турган мөөнөттү белгилеп, эскроуга жайгаштырат. Эскроу дегенди кандайдыр бир шартты аткармайынча  акциянын белгиленген үлүшүн үчүнчү тарапка берип туруу деп түшүнүш керек. Ошол эле учурда кыргыз өкмөтүнө бердик деген 17 305 238 акциянын үлүшү үчүн “Камеко” компаниясы добуш берүүгө укуктуу болот. Кыргыз бийлиги аталган суммадагы акциянын үлүшүн күрөөгө же, башкарууга акысы жок эле. Бир сөз менен айтканда, кыргыз өкмөтү ал акцияларга толугу менен ээ боло алган эмес. Анысы аз келгенсип, “Камекодон” кыргыз Өкмөтүнө 15 000 000 акция өткөрүп берилгени менен, ошол эле маалда “Центерра” “Камеко” үчүн 10 000 000 акцияны кайра чыгарып бермек болушат. Бул бир чөнтөктөн алып, бир чөнтөккө салуунун амалы. Андан сырткары, “Центерранын” кандай ишкана экенин, ага кайсыл кендер кирерин, казылган кендерден Кыргызстан канча пайда көрөрүн аныктаган маалыматтар жокко эсе. Негизи мына ушундай жагдайды эске алып, анан келишимдин долбоорун бекитиш керек эле да. Бирок, Атамбаев жогоруда белгилегендей алешем келишимге кол койгон. Бул факт.
 
Маанилүү жагдайды эске алалы. Ошол учурда “Центерра” компаниясына кирген Монголия, АКШдагы алтын кендери жөнүндө Кыргыз бийлиги толук кабардар болгон эмес. Атамбаевдин өкмөтүнүн чет өлкөдөгү алтын кенинин техникалык-экономикалык негиздеринин көрсөткүчтөрүнө кызыкканын дагы билүү кыйын. Ушундан улам, Кыргызстан “Центерранын” акционери катары чет жактагы алтын кендеринин таржымалы менен тааныш болушу зарыл болчу. Анткени, “Центерраны” багып аткан Кумтөр алтын кени болгон экен.  Кумтөрдүн кени Монголиядагы, АКШдагы бардык кендерди кошкондо 6 эсе көптүк кылат дешет. Мына ушунун бардыгын так изилдебей макулдашууга шашыла кол койгон Алмазбек Атамбаевдин бир билгени барбы? Дагы жакшы Жогорку Кеңештин депутаттары Атамбаевдин макулдашуусун жактабай койгон. Эгерде ушул макулдашуу парламент тарабынан колдоого ээ болгондо, анда, баягы Акаев "Камекодон" карыз алып жеп койгон Кыргыз өкмөтүнүн мойнундагы 4 миллион 400 миң доллар карызы жоюлмак эмес. Экологиялык чыгымдарды төлөп берүү чечилбей калмак.
 
Эми маселени саясый өңүтүнөн алып карайлы. Себеби, бүгүнкү күндө парламенттик өлкө аталып, Жогорку Кеңеш аркылуу көп маселелер чечилип келатат. Азыркы мыйзам чыгаруу бийлигиндеги Садыр Жапаров түзгөн “Кумтөр” алтын кенин иликтөө боюнча комиссиянын ишмердүүлүгү өзүнүн анык баасын албай жаткан шартта, партиялык принциптер тууралуу кеп кылуунун удулу келип турат. Анткени, Атамбаев кол койгон келишим 2007-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан колдоого ээ болбой калгандан кийин, ошол учурдагы өкмөт башчысы И.Чудиновдун башчылыгында жаңы келишимге кол коюлган. Мына ушул макулдашуу депутаттардын талкуусуна алынганда парламенттеги СДПК фракциясы сын айтып, мындан дагы мыкты макулдашууга жетишүүгө болор эле деген домматтарын айтышкан. Керек болсо бийликке оппозиция болуп жүргөн СДПКнын саясатчылары улутташтыруу демилгесин көтөрүшкөнүн унутпайлы. Ал эмес депутаттык комиссия менен бирге Американын Невада штатына чейин барып, “Рен” алтын кенинин таржымалын иликтөөгө түздөн түз катышкан, андагы СДПК партиясынан депутат болгон Роза Отунбаева жагдайды эң жакшы билгендердин бири эле. Тилекке каршы, Жогорку Кеңеште жаңы келишимдин долбоору жактырылып жатканда фракциянын атынан Роза Отунбаева өз оюн төмөндөгүчө билдирген: (стенограмма)
 
“... Но я хочу, в этом зале присутствует и представитель канадской стороны уважаемые депутаты, я хочу сказать, что мы очень далеки в то же время оттого, что будем здесь воздовать аплодисменты. Потому что, имея крупнейший вот такой золото проект в мире, эта страна Кыргызстан, который занимает самый низкий показатель по многим параметрам. Так и не может поднятся на какой-нибуд более, менее достойный уровень жизни. Развития страны имеет здесь двойные стандарты и вот этот закон, который сейчас в коррупционном  моменте приводится канадской закон о том, что нельзя значит, чиновников коррупционными методами брать. Этот закон должен был бы работать с 1994 года. Сейчас вот он вписан. Я не вижу что с нашей стороны в  этой части как бы это сказать, что нас будет спасать от коррупции. Вчера на фракции Премьер-министр и вся эта  комиссия говорили о выигрыше, о том, что канадская сторона якобы находится сейчас далеко не в выигрышном состоянии, а выигрыше нашем говорилось. Я все-таки продолжаю утверждать, что у нас Кыргызстан и вообще вот этот весь договор он остался на том же тракте, как вот это было в 1994 году и 2003 году подписано. А именно мы речь ведем об увеличении числа акций, при этом мы не добились и не добиваемся полных платежей в бюджет. Хочу это подтвердить примером, Канадцы добыли 2008 году 17,10 тонн золота, более полумиллиона унций, это по их данным, они заплатили налогов и обязательных платежей в бюджет один миллиард 869, т. е. 46 миллион. Если бы Игорь Витальевич, они платили бы НДС за произведенное золото, то мы получили бы еще плюс 93,7 пусть канадцы слушают, что если мы идем на такое подписание, это не означает, что мы нечего не понимаем в этой стране. В Казахстане 28% налоговая нагрузка, в России 46% налоговая нагрузка. Мы 13% и это вот вы просите у нас аплодисменты, не будет аплодисментов. Я считаю что мы в таком случае могли бы получить 39,7 млн. долларов, это 30% налоговой нагрузки, это нормально было бы, мы этого не получаем. Вы говорите о 18%, еще раз хочу сказать 4%, это Центерра распоряжается этими 4%, Центерра не будет на геологические изыскание теперь отныне деньги давать и средство выпускать, это все будет делаться на наш счет. Кумтор вводит 5,5 тыс. тонн цианида ежегодно, горючего 20-30 тонн, взрывчатки все это не облагается НДС. Все кыргызские предприятия платят НДС. По налоговому режиму который вы считаете, он для них не выигрышное, он на самом деле преференциальные и очень жаль, что такой налоговый режим будет распространяться и дальше...”. деп маселени кабыргасынан койгон болчу.
 
Кийин мына ушундай сынды айткан Роза Отунбаева төңкөрүштөн кийинки Убактылуу өкмөттүн башчысы, Президент болду. Тилекке каршы, “Кумтөр” алтын кени боюнча бир дагы маселе көтөргөнүн уккан жокпуз. Улутташтыруу жөнүндө сөз кылууну унутушту. СДПКнын өкүлдөрү оппозицияда жүргөндө И.Чудинов түзгөн келишимде  салык төлөмдөрү жагынан мүчүлүштүктөр кеткенин айтышып келген. Атамбаев баш болуп, андагы оппозициянын өкүлдөрү азыр бийликте отурушат. Эмне үчүн азыр өзгөртүү киргизишпейт? Эмне үчүн “Центеррадан” Монголиянын “Бороо” кенинен түшкөн пайданы сурабайт?
 
Эмне үчүн кыргыз Өкмөтүнүн “Центеррада” 33 пайыз үлүшү бар туруп жарыбаган суммада гана дивиденд алат? СДПК эмнеге унчукпай калды? Же мурда коюп келген талаптары жалган беле? Же булар бийликке келери менен Кумтөрдө коррупция жоюлдубу? Калыстык үчүн айта кетүүчү нерсе, 2007-жылдары Атамбаев өкмөт башчысы болуп тургандагы мурунку келишимдерге караганда, 2008-жылы Чудиновдун өкмөтү  канадалык компания менен түзгөн келишими сүрөттөгү (таблицаны салыштырып кара)  салык жатында айлана чөйрөнү коргоого Ысык – Көл  өрөөнүнө төлөмдөр бир нече эсе көбөйгөн. Азыркы Өкмөт деле ошонун үзүрүн көрүп жатат.  Ушул макулдашууну сындап келген  азыркы Атамбаев баш болгон бийлик  алтын кенинен мындан да көп киреше алышына ким каршы болуп жатат түшүнүксүз.
 
Дагы бир жагдай, кыргыз Өкмөтүнүн энчисиндеги 32 пайыз үлүштүн 17 пайызын 96 миллион канадалык долларга сатып жиберген жана «Центерра» компаниясынын түзүлүшүнө түздөн-түз күнөөлүү болгон экс-Өкмөт башчысы Николай Танаев Убактылуу бийликтин учурунда Кыргызстанга келип сурак берген. Бирок, кийин кандайдыр бир себептер менен өлкөдөн чыгып кетти. Эми азыр ал Россиянын жараны. Анын эркин жүрүшүнө ким жооп берет? Убактылуу бийликпи, же СДПКнын башында турган Алмазбек Атамбаев жооп береби? Ал эми «Центерраны» түзүүгө зор салым кошкон, Николай Танаевдин юристи болуп жүргөн Елена Беловская деген айым азыр Ак үйдө жогорку кызматта кеңешчи болуп иштеп жүрөт дешет. Н.Танаев түзгөн келишимди “эң туура” деп чечим чыгарып берген ошо кездеги Юстиция министри Неля Бейшеналиева “сдпкчы”-шаардын мэри Иса Өмүркуловдун кеңешчиси. Партиялык принцип деген кайда? Же эптеп эле бийликке жетүү үчүн “Кумтөр” алтын кенин курал катары пайдаланыш керек беле?
 
Эми депутат “атажуртчулар” неден жазды? Ошого токтололу. Депутат С.Жапаровдун комиссиясы мурункулардан айрымаланып, “Кумтөр” алтын кениндеги экологиялык кризистин апогейине жеткенин далилдегени үчүн жаза тартып атышат. Эгерде Жапаровдун комиссиясы алтын кенин улутташтыруу маселесин ачык койбой, жымсалдаган отчет менен чыкканда, “атажуртчу” депутаттарды азыркы тагдыр күтпөс эле. Арийне, комиссиянын отчетун эксперттер дагы далилдеп, коомчулукка коңгуроо кагып жатат. Тоо кен адиси, белгилүү эксперт Ганы Асаналиевдин билдиргенине караганда, канадалык компания 15 жылдын аралыгында 5,3 миллиард долларлык алтын сатып, кирешесин 4,5 пайыз деп көрсөтүптүр. Бул не деген шумдук? Ал эми дагы бир эксперт Исакбек Торгоев, ондогон жылдардын аралыгында Кумтөр кенинин айланасында 1 миллиард тоннадан ашык уулуу зат топтолгонун айтты. “Алтын өндүрүшү – таштандысы көп өндүрүш. 11 миллион куб-метрди түзгөн суюк заттар Нарын дарыясына куюлуп булгап жатса, катуу ташдандылар 1,5 миллиард тоннаны түзөт. Кумтөрдө дүйнөдөгүгө салыштырмалуу эки эсе көп цианид колдонулат” – деди эксперт И.Торгоев. Г.Асаналиев болсо, дал ушул “Жаңы Ордо” гезитинин бир санындагы маегинде, “Адис катары айтсам, 0,05 грамм цианид натрий адамды өлтүрөт. “Кумтөрдө” алтын өндүрүшүндө жылына 5 миң тонна цианид колдонулат. Ошондо 15 жылдын аралыгында 75 миң тонна цианид колдонулду. Андан башка дагы колдонула турган химикаттарды айтпай эле турайын. Ошол 75 миң тоннанын 70 миңи “Кумтөрдүн” айланасында калды. Образдуу айтканда дүйнө жүзүнүн бардык калкын үч-төрт жолу ууландыра турган затты Кумтөргө топтоп койду десем болот. Экологияга зыян келтиргени үчүн Канадалык компаниянын жылына 310 миң доллар төлөгөнү көз жаштын тамчысы. Экологияга болгон чыгым жүздөгөн миллион долларга барабар болуп жатат. Аны биздин бийлигибиз билгиси келбейт. Булар иштеп бүткөндөн кийин кете берет, уулуу заттар бизге калат. 50, же 30 жылдан кийин Кыргызстан үчүн, көлдүн эли үчүн болуп көрбөгөндөй трагедия болот...” деген эле.
 
“Кумтөр” алтын кенин иштетүү боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюу таржымалына көз жүгүртсөк, Кыргыз өкмөтү өзүнө өзү ор казганга маш экенин байкайсың. Керек болсо эл аралык сотко буту-колун байлап алып барганга шарт түзүп беришкен. Же элдин ырыскысын талап-тонош үчүн ушундай жолдорго барганбы? Себеби  дегенде, аталган келишимди Жогорку Кеңештен ратификациялаганда бир депутат, “Муну Канаданын парламенти дагы ратификациялайт бекен?” деп сурап койбогонуна акылым айран. Жаңы түзүлгөн ар бир келишимди биздин парламентибиз үргүлжү колдоп бергени менен Канадалык коллегалары бул макулдашуу тууралуу ак, көк дегенин уга элекмин. Деги эле бу келишимди Жогорку Кеңештин колдоосунан өткөрүп келгенине канадалык ишкерлер деле таң калышат сыягы. Неге дегенде, ар бир келишим кабыл алынган сайын Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланып жатканынын мыйзамдуулугун дагы бир жолу тастыктап алыш үчүн Юстиция министрлигине кайрылып келишкен. Танаев түзгөн келишимди Жогорку Кеңеш бекитип берген эмес. Анын мыйзамдуулугунан шектенишкенби, айтор канадалык тарап  макулдашууга кол коюлгандан кийин “Танаевдин келишими туурабы?” деп кат менен кайрылса, андагы Юстиция министри  Неля Бейшеналиева “Конституцияга дал келет” деген бүтүм чыгарып берип жатпайбы. Кеп ушунда жатат. Биздин бийлик өзү чуркап мыйзамдаштырып берген десек болот. Андан кийин И.Чудинов жаңы келишимге кол койгондо дагы “акжолчу” депутат М.Исанованын колу менен Жогорку Сотко кайрылып аны дагы мыйзамдаштырышкан. Ушуну менен алар кыргыз бийлиги эл аралык сотко өзүнүн буту-колу байланып барганга шарт түзүп келишкени аңдаса болот. Ошондой эле “Кумтөр” алтын кенин иликтеген канчалаган комиссия түзүлбөсүн суроолор дале көп. Алардын чети оюла элек. Комиссиянын маалыматына таянсак, азыркы күндө 356 гектарды ээлеген калдыктарды сактоочу жайда 300 миллион куб-метр уулуу зат жатат экен. Алтын кенин дагы кеминде он жыл иштетерин эске алсак, анда ал жерде дагы миллиард кубду түзө турган уулуу зат топтолобу? Буга Өкмөттүн позициясы кандай? Атамбаевдин, СДПКнын көз карашычы? Кен чыккан жерди рекультивациялоо, же болбосо, калыбына келтирүү иштерин ким жасайт? Ал келишимде көрсөтүлгөн эмес. Канадалык компания рекультивациялоого тиешелүү каражатты бөлүп жатабыз дешүүдө. Бирок, ал сакталган каражаттын эсеп-чоту  Англиянын банкына ушул күнгө чейин Кыргызстанга которулуп келе элек дешет. Мына ушунун өзү экологиялык абалга болгон кайдыгерликтин бир белгиси. Ансыз деле “Кумтөр” кенинен 200 тоннадан ашык алтын казылып алынганы менен, андан жарытылуу пайда көрбөгөн Кыргыз бийлиги, дагы бир шордуу ишти башына үйгөнү туру. Себеби, деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикке уулуу көлдү куруп алышты. Бул кийин экономикалык диверсиянын нагыз куралы болушу мүмкүн. Орто Азиянын элин коркутуш үчүн атом бомбаны пеш кылуунун зарылчылыгы жок болуп калды. Ниети бузук адам “Кумтөрдөгү” уулуу көлдү кетмен менен эле ачып жиберсе, аталган чөлкөмдө болуп көрбөгөндөй экологиялык кризис болорун айтуудан корком. Ага Кыргыз бийлигинин түйшөлгөнү байкалбайт. Аттиң...
 
Элтуран Чалов,
эркин журналист