Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2470
Бизге жеткен маалыматтар боюнча, азыр президент А.Атамбаев башында турган бийликтин КСДП партиясынын карапайым мүчөлөрүнүн жетекчилерине нааразычылыгы күч. Алар мындан бир аз күн мурда азыр Ак үйдүн кол тийгис, үн жеткис жетинчи кабатында отурган бир кездеги үзөнгүлөштөрүнө кайрылышып, “биз өлүш үчүн эле керекпизби?” дешип, нааразычылык митингин өткөрүү талабын коюшкан. Ошондо гана көзү көрбөс, кулагы укпас аткаминерге айланган “жакшылар” түшүнөн чочугандай чукул өзгөрүп, нааразы болгон партиялаштарын кабыл алышып, бир топ талаптарын аткарууга убада беришкен.
 
Карапайым КСДПчыларды тынчсыздандырган жагдай - А.Атамбаев баш болуп, эски бийликтин кордугун тартып жүргөндө өздөрүнө каршы иштеген же алгач “Алга, Кыргызстан!”, андан соң “Ак Жол” партияларында жүргөн көпчүлүк ноёндордун 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин “оптом” КСДПга өтүп, андан ары майлуу-сүттүү кызматтарды, депутаттык мандатты ээлеп калышкандыгында болууда. Ал эми А.Атамбаевди бийликке алып келүү үчүн көкүрөгүн окко тоскондор, пикет, митинг өткөрүп, тээ Ат-Башы, Түптөн бери таманы тешилип, өтүгү жыртылып Бишкекке келгендер ошол эле бойдон кала беришүүдө. Баарынан да 90го жакын адамдын өмүрү кыйылып, бир жарым миңдейи жарадар болуп, орноткон бийлик баягы эле эски жолго түшүп, жалаң шылуундар менен шумпайларды депутат, министр кылып жаткандыгы өкүнүчтүү.
 
Бүгүнкү күндө парламентте көпчүлүк коалицияны президенттин атынан башкарып, эки тизгин, бир чылбырды бекем кармаган депутат Чыныбай Турсунбеков 2010-жылга чейин катардагы эле бизнесмен эле. Ал тургай Бакиевдин тушунда Кыргызстан бизнесмендер бирикмесинин жетектеп, эски бийликке каш кайтармак турсун, ооз ача алчу эмес. Кийин гана акчанын күчү менен Атамбаевдин жакын досуна айланган. Аны жоро-жолдоштору менен ага-инилери “тегирменчи” деп тергеп коюшчу.
 
Бүгүнкү күндө ошол эски “тегирменчи” өлкөнүн жарым паашасына айланып, ага катардагы депутаттар менен министрлер, губернатор, акимдер эки бүктөлүп салам айтып калышкан. Орустар айтмакчы, “наабайчынын өтүкчү болгону” жакшы эмес эле. Албетте, эгер бул адам түз, калыс жүрүп, адилет бийликти орнотсо сөз жок эле. Бирок ал алгач эле 2010-жылы апрель тополоңу басылбай жатып бир тууган кайнисинин колу менен Бишкектин чок ортосундагы аянты эле үч гектарды ээлеген арак заводун жарым баасына менчиктештирип алууга үлгүрдү. Андан бери бир топ убакыт өтсө да же арак чыгарбай, же башка бир завод курбай, Бишкектин каймактуу жерин “кысыр” калтырып жатат.
 
Чыныбай Акунович эски бийликти өкүртө сындаган менен, өзү деле ошолордон кем калышпай, жакындарын, өкүл балдарын бийликтин бийик тепкичине отургузган кландык, жердештик илдеттен кур эмес экен. Мисалы, мурда аты-жыты билинбеген, Аламүдүн базарында эт чапкыч болуп иштеп жүрүп юридикалык окуу жайды бүткөн Марат Аманкулов деген өкүл баласын Бишкек шаардык кеңешинин төрагалык кызматына жеткирди. Бирок жомоктон пайда болгон баатырдай бул жигит мурда муниципиалдык, мамлекеттик кызматтарда иштебегени аз келгенсип, кыргыз тилин да билбейт экен. Анын айынан азыр бүтүндөй Бишкек шаардык кеңешинин жыйындары расмий тилде өткөрүлүп, котормочуларга бюджеттин олчойгон акчасы кетүүдө. Андан ары Марат мырза мэрлик кызматты мелжеп тургандыгы деле белгилүү.
 
Мындан тышкары учурда Бишкек шаардык кеңешине КСДП партиясынан өткөндөрдүн катарында мурдагы “Ак Жолдун” жети депутаты бар. Алар: Н.Щербакова, Т.Өмүрбеков, А.Иванов, В.Лисниченко, В.Дашков, С.Шин, П.Десятниковдор. Эми кайсы бийлик келбесин кулдук уруп, өзүнүн улуттук өзгөчөлүгүнөн гана саясый карьера же соода жасаган ушул адамдардын жүзүнөн эле бүгүнкү бийликтин деңгээлин билсе болот да.
 
КСДПнын ич ара “разборкасы” ал тургай парламенттик деңгээлге чейин жетип, дайыма популисттик сөзү менен гана көрүнүп келген Данияр Тербишалиев деген депутат Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун кемчиликтерин, кантип борбордун парктарын сатканы, ижарага бергенине чейин бийик трибунадан айтып, комиссия түздүргөнгө чейин жетти. Бир жагынан бийликтин үзөнгүлөш партиясы эсептелген “Замандаш-Современник” да Бишкек мэриясынын бала бакчалар менен кенже класстардын бөбөктөрүнүн сүтүнө бөлүнгөн акчаны кантип жеп жаткандыгын ачыкка чыгырып, Иса “пайгамбардын” шаштысын кетиришүүдө.
 
Албетте, мындай “жорук” Бакиевдин тушунда болгон эмес. Парламенттеги көпчүлүк коалицияны түзгөн “Ак Жол” фракциясынын депутаттары Акүй тараптан кандай буйрук болсо, кайсы мыйзамды өткөрүү боюнча көрсөтмө түшсө, кыңк дебей аткарып, тартиптүү окуучулардай болчу. Минтип эл алдында, массалык маалымат каражаттары аркылуу бири-биринин быкыйын чукулоо дегеле түшкө кирчү эмес.
 
Албетте, бул көрүнүш бүгүнкү президент А. Атамбаевдин командасы аталган КСДП партиясынын пайдубалы урап, карапайым мүчөлөрү менен жетекчилеринин бири-бирине нааразычылыгы күчөп бараткандыгын көрсөтүп турат.
 
К. Жайчибеков
Булак: “Майдан.kg», №013, 2013-жылдын 10-апрели