Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3999

“Кыргызстанда эки жолу “революция” болду, аны биз жасадык…”- деп артыбыз куру сөз менен дале ооз көбүртө мактанып келсек, алдыбыз “Эл баатыры” төш белгисин көкүрөгүбүзгө тагып, корстон болуп отуруп калдык. Ондогон адамдар босоголуу боз үйүн “боз топуракка” алмаштырып, кара жерди жазданып кала берди, жүздөгөн кишилер майып болушту. Бирок, андан эл башчылары да, мамлекеттин экономикасы да, элдин саясый-социалдык турмушу да оңолбоду.

 

Баягы эле “итке минген” карапайым эл, “салык” — деген жарлык менен алардын жонунан жоон кайыш тилген мамчиновниктер. Кырк шырдак болуп жамачылаганга мүмкүн болбой калган мамлекеттин бюджети. Күн өткөн сайын кокодон алып муунтуп, көбөйгөндөн-көбөйүп бараткан 3,5 (үч жарым) миллиардды чапчып калган (АКШ доллары менен) мамлекеттин чет өлкөлөргө болгон карызы. Адам каны менен, куралдуу төңкөрүш жолу аркылуу келген өлкө башчынын мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө эч аракет көрбөй, алакан жайып туруп “Кудай буюрса Кыргызстан оңолот! Ишенип койгула алтындарым…” — деген парадоксалдуу мамлекеттик программасы…

Кыргызстанда 2005-жылдын 24-мартында чындап элдик революция болгон деп айтууга негиз бар. Анткени Кыргызстандын эли акаевдик режимге эмес, “Майрамизм” менен “Айдаризмге”, андан да казакташкан “Берметизмге” каршы болуп, А. Акаевдин алсыздыгына, үй-бүлөөсүнүн текеберчилигине кейип, арданып, намыстанып жабыла көтөрүлүп күрөшкө чыккан. Анда эч ким А. Акаев качып кетет деп ойлогон эмес, Алланын амири экен, көлдүн тосмосу жарылып каптап келе жаткан сел сыяктуу элдин сүрүнөн эси чыккан А. Акаев кантип качып барып Москвадан баш паанек алганын өзү да түшүнбөй калган. Тарыхында революцияны башынан кечирбеген Кыргыз эли, А. Акаев үй-бүлөөсү менен Кыргызстанды таштап качып кеткенине ыраазы болуп, калпагын көккө ыргытып, революция деген ушул турбайбы, сүлүк курттай элдин канын соргон бир ууч топ качып жоголду, эми чындап заман оңолот, турмуш оңолот деп кубанып отуруп калган.

Революция алгачкы 2–3 жылдын (2005–2006–2007-жж.) аралыгында өз жемишин берип, мамлекеттин саясий экономикалык абалы оңолуп, Нарын облусунун Жумгал, Кочкор райондоруна жогорку технологиядагы заманбап асфальт-бетон заводдору курулуп, алардан өндүрүлгөн продукциялар менен Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолун реконструкциялоо жолго коюлуп, 539 чакырым жолду Япониядан алынып келинген гранттык (кайтарымсыз) акча каражаты менен Кытайдын “Чайна Роуд энд Бридж Корп” компаниясын подрядчик кылып 200 (эки жүз) млн долларга контракт түзүп, жеңилдетилген келишим менен кайра курууну баштаган. Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Иркештам, Тараз-Талас-Суусамыр авто жолдорун реконструкциялап, республика боюнча жалпысынан 2650 чакырым жолду оңдоткон. Кытай Эл Республикасынан 250 (эки жүз элүү) млн доллар инвестиция тартып келип Чүй облусунун Кара-Балта шаарына 1 жылда 850 миң тонна чийки мунайды кайра иштетүүгө жөндөмдүү нефтини кайра иштетүүчү завод курдурган. “Камбар-Ата-2” ГЭСинин курулушуна 3,19 млрд сом жумшап, негизги курулуш иштерин аягына чыгарган…

Республика боюнча 250 жаңы мектеп курулуп, аймактагы мектептер 5800 компьютер менен жабдылган. Бардык айыл кыштактарга ФАПтар ачылган. ИИМдин райондук ИИБдеринен сырткары шаардык жана айылдык (ГОМ, ПОМ) милиция бөлүмчөлөрү, айыл өкмөттөрү кызматтык авто машиналар менен камсыздалган. Туруктуу экономикалык өсүштүн натыйжасында мамлекеттин бюджети 2,5 эсеге өсүп, 2009-жылы 50,7 млрд сомду түзгөн. Кыргызстандын сырткы карызы 2005-жылдын 24-мартында 2 миллиард 700 млн доллар болсо, 2010-жылдын апрель айында 1 млрд 970 млн долларга түшкөн. Демек 730 (жети жүз отуз) млн доллар сырткы карызды төлөп берген. Айлык эмгек акылар, пенсия, пособиялар 55–60% көбөйтүлүп элдин социалдык турмушу көз көрүнө жакшыра баштаган. Кыргызстандагы революциянын мындай жакшы саамалыгы А. Акаев менен анын тарапташтарынын жүрөгүнө канжар болуп сайылып турганын алабарман К. Бакиев ал учурда капарына алган эмес. Кара басып революциянын 4-5-жылдарында (2008–2009жж.) өз баласы Максим Бакиев жетектеген жөөттөшкөн “максимизм” саясатын К. Бакиев маңыроолук менен Кыргызстанга киргизип жибергени А. Акаев үчүн мыкты курал болуп берген.

Кыргыз Эли жөөттөшкөн саясатты мындай кой, казакташкан же өзбектешкен саясатты да жээрип турганын мыкты түшүнгөн А. Акаев, К. Бакиевди мына ушул талуу жеринен кармоону туура көргөн. Анын натыйжасында 2009-жылы 23-июлда өткөргөн К. Бакиевдин президенттик шайлоосунун соңу андагы Боршайкомдун төрайымы Клара Кабилова жана уулу Максим Бакиевдин араздашуусу менен аяктаган. Бул 2010-жылдын 7-апрелинде боло турган куралдуу төңкөрүшкө жасалган А. Акаевдин алгачкы кадамдары эле. Клара Кабилованын “… мени Максим Бакиев коркутуп, шайлоо учурунда фальсификация жасоого аргасыз кылды…” таризиндеги билдирүүсү РФнын расмий электрондук маалымат каражаттарынан дүйнө коомчулугуна жайылтылышы үчүн “ОРТ”, “РТР” теле каналдарынын эфирдик убактысынын ар бир мүнөтүнө 300 (үч жүз) миң орус рублинен төлөп Аскар Акаев алып чыкканы ФСБнын кызматкерлери аркылуу бүгүн кыргыз коомчулугуна маалым болуп жатат. Аны телевизордон көргөн ар бир кыргыз ал учурда Клара айымды аяп, ата-бала Бакиевдерди жек көрүү сезими ойгоно баштаган… Кыргызстандагы 2- жолку куралдуу төңкөрүштү расмий Москва жасаганы эбак эле ачыкка чыкпады беле. Ошол расмий Москвага маалыматтык-материалдык жактан көмөк көрсөтүп, шыкак болгон РФнын Ломоносов атындагы университетинин профессору, “РФнын ардактуу жараны” Аскар Акаев экени да чындык болуп чыгууда. А. Акаев 2010-жылы 7-апрелде кубанганын жашыра албай, апкаарып чыгып алып, РФнын электрондук маалымат каражаттарынан К. Бакиевди табалаганы да жөн жерден болгон эмес…

А. Акаев төңкөрүштөн кийин Кыргызстанга кайра келүүнүн айла-амалын издеген. Анын маалыматтык-материалдык колдоосуна ээ болгон 2010-жылдын 7-апрелиндеги “куралдуу төңкөрүшчүлөрдүн” арасындагы ишенимдүү кишилери, “Аксы окуясында” куралсыз тынчтык митингине чыккан элди Аксы районунун ээн талааларында кийик аткандай кууп жүрүп аттырып, кирпигине чейин канга боёлуп калган А. Акаевди оңой эле Кыргызстанга алып келе коёбуз деген жеңил ойго жетеленген. 2010-жылы Аскар Акаев Бишкекке келсе, Курманбек Бакиев да Кыргызстанга кайра келээри талашсыз болчу. Маселе чиелешип, мезгилден эрте сүйүнгөн Аскар Акаев Кыргызстанга келүү мумкүнчүлүгүнөн ажырагандан кийин, ич ара келишпестиктен такташуу-эсептешүүлөр башталганда, заматта РФны жээрип АКШнын чоорунун алдында бийлей баштаган саясатчылар Аскар Акаевге Курманбек Бакиев койбогон оор күнөөлөрдү коюп, андан биротоло кутулууга баш уруп турган чагы. Бийликтеги анын санаалаштары дээрлик четтетилүүдө. Түлөгөн түлкү кейиптенген Аскар Акаев да жөн эле алакан жайып туруп бербеси турган иш. РФнын Князев баштаган Кыргызстандагы “десант” саясат таануучулары азыркы бийликке ЖМКлар аркылуу дүйнө коомчулугунун алдында акаарат айта баштаганынын өзү жакшылыктын жышааны эмес… Коңулда бугуп жаткан аспиранттары, өкүл балдары көз көрүнө саясый активдешип, азыркы бийликке каршы жасаган ишин толугу менен Бакиевдерге оодарууга жан далбас уруп аракет кыла баштаганын да кокустук деп айтууга болбойт…

Март айынын 24үндө Жалал-Абад облусунда 15 000 (он беш миң) ден ашуун адам катышкан жалпы элдик курултайды каржылагандар да Аскар Акаевдин тарапташтары менен аспиранттары болгонун эл айтып чыкты. “Кумтөр алтын кени боюнча айтсак, 2005-жылдын март айына чейин “Центерра — Голд” жеке ээлик кылып, Кыргызстанга алтын кенинен түшкөн кирешенин 13% гана берип келген болсо, 2005-жылы К. Бакиев бийликке келгенден кийин мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде 33% төлөй баштаган. Ага чейин “Кумтөрдөн” түшкөн киреше мамлекеттин бюджетине эмес, Аскар Акаевдин үй-бүлөөлүк бюджетине түшүп турган. Ошондой эле “Манас” аба майданын АКШнын аскерий авиа базасы ижарага алгандыгы үчүн 2005-жылдын март айына чейин жылына болгону 15 млн доллардан ижара акы төлөп келсе, К. Бакиев бийликке келген 2005-жылдан баштап кайра түзүлгөн келишимге ылайык жылына 60 млн АКШ долларын төлөй баштаган…” — деп Рысбек Өмүрзаков өзүнүн расмий булактарга таянып жазган китебинде кеңири токтолуп кеткен. (Р. Өмүрзаков. “7-апрель жана түштүк коогалаңы — 2010 журналисттин көзү менен”. ЧП Абдылдаев басмасы-2013)

Демек, финансы каражаты учурда Бакиевдерге караганда Акаевдерде жана анын жакын санаалаштарында арбын экени талашсыз. Алардын чет өлкөлөрдөгү банктарда сакталган акча каражаттары, кыймылсыз мүлктөрү эле эмес, Кыргызстандагы мал-мүлкү, бизнеси да кандай болсо ошол бойдон сакталып калганын жакшы билебиз. “Шымын булгаган колун аябайт” болуп, 2010-жылы апрелде сарптаган каражатын актай албай калган Аскар Акаев бу сапар “катуу иштеп жатат” деген сөз да эл арасында бекер жерден айтылып жаткан жок. Көлөкөсүнөн корккон аспиранттары да көкүрөгүн көтөрүп, эрдемсинип ишенимдүү басып, көпчүлүктү үмүттөндүрүп калганына караганда дагы бир балээнин үстүнөн чыгат өңдөнүп калды. Бул өңүттөн алып караганда үчүнчү “революцияны” жасаганга кызыкдар тарап кайра эле Кыргызстандагы позициясын АКШга көз көрүнөө тарттырып жиберген расмий Москва менен А. Акаев жана анын жек-жааты болуп чыгууда. Владимир Путин баш болгон КМШ өлкөлөрүнүн бир катар төбөлдөрү, Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпей, бирок, 3-революцияны 2010-жылдагыдай дагы бир ирээт таанып берсе гана болду. Калганы баягыдай эле революция каармандарынын ички иши. Төңкөрүштү эми бир жолу фанаттар жасап, анын жыргалын кайра эле бир ууч шылуундар көрөбү?.. Төңкөрүштөн кийинки мамлекеттин, элдин абалы кандай болот? Деги эле Кыргыз Эли үчүн 3-революциянын зарылчылыгы барбы?.. Бул ар бир кыргыз жараны терең ойлонуучу олуттуу маселе…

 

Асанкул Жапишев

"Жаңы Ордо"