Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3503

Жалал-Абадда өткөн курултайга Бишкектен барган бир топ журналисттердин арасында мен да барып келдим. Курултай учурунда, түштүк жергесинде Атамбаевдин бийлигинин кымындай да кадыр-баркынын жоктугун байкадык. Ажону колдогондор бир ууч акимдер, айыл-өкмөт башчылары, азыркы жергиликтүү атка минерлер, анан КСДПнын убактылуу жалданма мүчөлөрү гана колдобосо президенттен эл жүзүн эбак эле буруп калганын журналисттер өз көздөрү менен көрүп, күбө болуп кайтышты. Элдин пикирин чогултуп жүрүп, президент, азыркы бийлик, парламент туурасында жакшы сөз деле уга алган жокпуз. Ажонун кадыр-баркы ушундай кыска убакыттын ичинде, байпакка чейин түшүп кеткенине өзүбүз да таң калдык.

 

 Чын-чынына келгенде Атамбаевдин саясый салмагы, калк арасындагы бедели, сый-урматы, өз айылы Арашан айылынан башталып, Ак үйгө чейин эле калган окшойт деген пикирде калат экенсиң. Элдин сүрүн көрүп, акыйкаттуулукка суусап, чаңкоосу канбай алоолонуп күйө албай, быкшып турган отко салыштырдым. Эл арасынан суурулуп чыккан өз лидерин издеп, аны тапса эле азыркы чалажан, итий болуп төрөлгөн бийликти аңтара салып, жаңы журт башчысын көтөрүп барып такка отургузуп койгондон кайра кайтпай турган түрү бар. Элдин ички кайратын, тоону омкоруп жиберчүдөй күчүн көрүп, Атамбаевдин бийлигинин сааты чукулдап калган окшойт деген ойго келесиң… Ал эми адашкан ажо кайпалактап өз жолун таппай келет.

“Суу жүрөк” ажо курултайга неге келбеди?

“Телтору” ат майданында, алма түшөргө жер жок, жыкжыйма толуп турган элдин жыйынга келгенин көрүп элдин биримдигине, туура талап койгонуна канааттандым. Карапайым элдин саясый деңгээли да кыйла өсүп, өз тагдырына, балдарынын келечегине кайдыгер эмес экенине ыраазы болосуң. Жети дубандан курултайга келген он беш миңден ашык эл өкүлдөрү катышты. Бийлик башындагылар ат майданга мынча эл келет деп ойлоп да коюшпаса керек. Бирок өз чындыгын издеген карапайым эл келди. Ал тургай, жол кире жоктугунан канчалаган карапайым адамдар бул жыйынга катыша албай кейип жүргөнүн да уктук. Курултайдын уюштуруучулары президентти баш кылып, ЖКнын төрагасын, өкмөт башчысын ж. б. бийлик бутактарынын өкүлдөрүн да чакырган болчу. Бирок, элдин арасынан “суу жүрөк ажо кайда, курултайга неге келген жок" деп эл арасынан кыйкырып сурагандар болду. Ошондой эле курултайга чакырылган парламент төрагасы, өкмөт башчысы элдин, чындыктын үнүн угушкан жок. Он беш миңден ашык элдин алдына алар келе алышмак беле? Албетте жок. Мамлекеттик чиновниктерден Турсунбек Акундан башка эч ким катышпаганы өкүндүрдү. Бийлик башындагыларга жакпаса да ачуу чындыктын үнү угулду. Турсунбек ажы болгонун болгондой кылып ажого жеткирип баргандыр…

“Телтору” ат майданына курултайга келген элдин түрүн теледен көргөн ажо, түшүнөн чочугандай Жалал-Абадга кеч болсо да барууга аргасыз болду. Өз элинен коркпогон, чыныгы элдик президент болгондо курултайга барып “чакырган экенсиңер, келдим. Кандай талаптарды коюп жатасыңар?”-деп өз жарандарынын алдына чыкпайт беле. Мындай чечкиндүү кадамга Атамбаевдин, керек болсо айлана-чөйрөсүндө жүргөн чиновниктеринин бирөөсүнүн да духу жетмек эмес. Ошончо эл топтолуп турганда, мен оппозиционермин дегендердин бетине болгон чындыкты айтып элди жетелеп кете алганда “а, бали, чыныгы эл шайлаган президент тура. Жүрөгү тоодой экен, таза экен, коркпой эл алдына келди…”-деп тамшанып кала берет элек. Президент ошол күнү ал жерге бара да алмак эмес. Анын президенттик шайлоодогу атаандашы Мадумаров, Алмаз Атамбаевди “компьютер шайлаган президент”- деп курултайда абдан туура баа берди. Чыныгы элдик президент болгондо ал жерге чагылган түшсө да жетип бармак. Мадумаровдун айткан сөзүндө да үрөн бар, ошон үчүн ал өз чындыгын кыйытып айтып жатат. Учурунда Акаевди президенттик шайлоодо Масалиевдин утуп чыкканы эми айтылып жатпайбы.Өткөн президенттик шайлоонун чындыгы да бир күнү айтылып калар…

Бир мисал, мындан көп жыл мурун Өзбекстандын президенти И. Каримов анын саясатына каршы болгон Фергана өрөөнүндөгү Халифат курабыз деген өз каршылаштарынын жыйынына коркпой эле, жиреп кирип барып, аларга жүзмө-жүз чыгып, бийликтин бар экенин көрсөтүп, өз чындыгын айта алган эле. Каримовдун бийлигин тартып алабыз дегендердин тилеги ишке ашпай, өзбек президенти өз позициясын бекемдеп Ташкентке кайтканы бар. Президент деген ошондой чечкиндүү болушу керек.

Мамлекеттик “иштен“ колу бошобогон Атамбаев үч жылдан бери (Убактылуу Өкмөттө иштегенин кошкондо) Жалал-Абад областына биринчи ирет буту басты окшойт. Андан мурун президенттик шайлоо учурунда Жусуп Жээнбеков менен келип, жанагы Мидике тергеп айткан “жинди суудан” көп жутуп койгонбу, Атамбаев ичип алып оозго албаган уят сөздөр менен сөгүнүп, тополоң кылганын укканбыз. Ал сөздөрдү гезит бетине берүүгө ооз барбай турат. Эртеси Акмандагы шайлоочулар менен жолугушууга үч саат кечигип барып уялбастан “мени ууландырып койду”-деп Кудайдан коркпой калп айткан жайы бар эле.Напсини тыйбай көп ичип алып “мени ууландырып койду”-деген оозунан Кудай түшпөгөн адам үчүн уят эле иш да. Адамды ууландырса ал өлүп калат эмеспи. Атамбаевдин түпкү теги түштүктөн болгону менен түштүктүн элине сөөгүнө өтүп кеткен кеги бардай мамиле кылат.

Атамбаев Жалал-Абадга караганда Анкара же Стамбул каттамына көп учкан жүргүнчүдөй ал жакка ат тезегин кургатпай барып турары элибизге деле жашыруун сыр болбой калды го. Аксы окуясы, 2005-жылдагы Жалал-Абаддын элинин баатырдыгы менен көтөрүлгөн элдик революция жеңип чыкпаганда Атамбаев Туркиядан келе албай жүрө бермек. Алмаз мырза деле бул чындыкты танып кете албаса керек. Аны азаттыкка алып чыккан Жалал-Абаддын эли экени болгон чындык. Бакиевди жек көрсө да түштүктүн элин жаман көрүүгө анын акысы жок болчу. Алмаз Атамбаевди мен Аксы окуясы болгондон кийин Боспиекте он миңден ашык эл жыйналган жыйында көрүп, учурашып сүйлөшүп калдым. Ал Туркиядан келгенин айтып, каза болгондордун үй бүлөсүнө акчалай жардам алып келгенин айтып калды. Топчубек Тургуналиев үстү ачык машинанын бортунда туруп, ошол жыйынды алып барып жаткан эле. Мен ага жакын барып:” Топчуке, Атамбаев атайын Туркиядан учуп келиптир, сөз берип койсоңуз?”-деп сурандым. Эки, үч кишиден кийин Топчуке Атамбаевге сөз берди. Аксынын, Жалал-Абаддын баатыр эли ошондо Акаевдик режимге каршы чыкпаганда, Алмаз мырза ошол жактан келе албай жүрө бермектигин айтып чыкты. Каза болгондордун жакындарына өз жардамын берди.

Бул ирет да ажо областка келгени гана болбосо, жалпы эл менен жолугуша албады. Губернатор да топтоп койгон, Акаев, Бакиев, Отунбаева мезгилинен бери элден чыгып калган “дүжүрлөр” менен КСДПнын мүчөлөрү алакандары кызыганча кол чаап тосуп алышыптыр. Алмаз мырза өзү да “Жалал-Абаддын эли абдан жакшы тосуп алды”- деп өтө ыраазы болуп кайтыптыр деп уктук. Чынында, президент болгондон бери Атамбаев Жалал-Абадга алгач ирет барышы болсо керек. Республиканын башка областтарына деле барып жарыта элек дечи. Илгери, көөп турган убагында Керексизов Бишкектен туруп Талас обласын башкарганы эсимде калыптыр. Ошондо Ташкул байкеге аябай таң калганбыз. Ал эми Атамбаев болсо, азыр республиканы ошол ыкма менен башкарып келет. Бекмамат Осмонов айткандай Атамбаев кызматты кор кылды. Курултайга келбеген себеби, балким, Бакиевдер кол салышы мүмкүн деп корккон чыгар. Ал деле пенде да.

Улуу Нооруз күнү Ала-Тоо аянтынан качып, филармониядан элге кайрылган Атамбаев

Биз билгенден, Кыргызстандын эгемендүү күнүнөн бери башкарып келе жаткан президенттер Нооруз күнү менен жалпы журтубузду ушул баш калаабыздын Ала-Тоо аянтынан куттукташчу. Салтка айланып калган бул күндү күткөн шаардыктар менен коноктор бул ирет президентти көрө алышпады. Андан да ушул аянтта Атамбаевди бийликке алып келебиз деген кыргыз жаштарынын каны али кургай элек экенин президент мырза унутуп калган го. Оппозиция тараптан кол салуу болот деп эси чыктыбы, айтор Атамбаев филармониядан жалпы элибизди Нооруз майрамы менен куттуктады. Балким коопсуздугун ойлоп аны филармонияга алып барышкандыр. Андан да сүйлөп жатканда Жаныш Бакиев эсине келип кетти окшойт оппозиция өкүлдөрүн кошо шыбап, залдагы чакырылган конокторго сөөмөйүн кезеп, ызырынып “Не дождетесь!”, “Не дождетесь!”- деп кыйкырып да алды. Ошону менен кыйла жеңилдеп алды окшойт. Негизинен А. Атамбаев элден качып, корунуп эле жүрөт. Анда эмнеге “элдик президентмин” деп көкүрөк кагып келет.

Парламенттик өлкө болсок да неге Атамбаев тизгинди бергиси келбейт

Дүйнөлүк коомчулукка, Кыргызстан чыныгы парламенттик республикабыз деп бийлик башындагылар ооз толтура мактанып чыккан жайы да бар. Мезгил өткөн сайын Атамбаев өлкөнү башкарууда өз укуктарын кеңейтип, президенттик башкарууну жандандырып, анын кубаттуулугун көтөрүп жаткан кези. Азыркы Конституциянын атасымын деген Текебаев да (ал эми апасы кадимки эле Мадлен Олбрайтбы деп ойлоп кетесиң) мындай мыйзам бузууну көрсө да көрмөксөн болгону таң калыштуу. Анткени, жөөттөрдүн каны кыргыз канына дароо аралашып кете албагандай парламенттик республика болуп толук кандуу иштеп кете албай жаткансыйт. Бир кезде “Акаевди румын президентиндей кылып, аялы экөөнү тең атып салыш керек!”-деген эле. Андан кийинки президент Бакиевди да “Ит болдуң, асынып өл!”-деген да ушул Текебаев болчу. Эмне үчүндүр Алмаз Шаршенович менен Текебаевдин өзгөчө жиндери келгенде токтоно албай ойду-тоону, башына эмне келсе сүйлөп жибермей окшош жактары бар. Медициналык жактан текшертсе да экөөнө тең окшош диагноз чыкса керек. Атамбаевге келгенде Текебаевдин тили да кыскарып турганы мародёрлук, финансылык маселелерге байланыштуу кызыкчылык гана бириктирип турат сыягы. Элдик курултайда Акматбек Келдибековдун, ”Морадерлор, миңдеген адамдардын өлүмүнө күнөөлүүлөр бүгүн камалбай, Кумтөрдү элдин пайдасына бергиле деген депутаттар түрмөдө жатат”-деген сөзү элге аябай жакты. Азыр гана Текебаев менен Атамбаев бирин-бири колдоп, эгиз баладай өтө ынтымактуу болуп жатканы өтө эле табышмактуу көрүнөт. Бул эки саясый фигуралардын мүнөздөрү өтө чукул, сиркелери суу көтөрбөгөн адамдар экени талашсыз. Өзү, Текебаев менен Атамбаев табиятынан бири-бирине балта көтөрө чуркай турган мүнөздүү адамдардан. Балким, Атамбаев “марадёрлук”, дагы башка иштер боюнча Текебаевди мүйүздөн бекем кармап, компроматтарды таап, колунда жандуу фактыларды даярдап цейфке катып койгондур. Кандай айткан күндө да азыркы күнү Текебаев Атамбаев үчүн таза абадай керек адам. Өз атаандаштарын ал Текебаевдин колу менен жок кылып келе жатканы элибизге белгилүү. Атамбаевдин макулдугу менен А. Келдибековду ЖКнын төрагалыгынан, Ө. Бабановду премьер-министрликтен, З. Рысалиевди ИИМдин министрлик кызматынан кетирүүгө Текебаев болгону аткошчулук маврдын арам кызматын гана аткарып берди. Эмесе, баарын былгыткан президент өзү экенин баары биле бербейт. Эл арасында “Ата-Мекен” “морадёрлор партиясы” аталып, коомчулук тараптан талкаланып жардын кырынан учуп кетерде Атамбаев канатына калкалап, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай калкалап калганы да белгилүү. Эмне үчүндүр президентибиз “Карга-карганын көзүн чукубайт”-деген принципти кармап келгени өкүндүрөт. Саясатта көз караштары такыр дал келбеген бул эки лөктүн саясый кызыкчылыгы канча мезгилге чейин созулаар экен күтө туралычы. Азыркы парламент Атамбаевдин чөнтөк парламентине, ал эми КСДП болсо экинчи “Ак-жолго” айланып калганы азыркы күндүн чындыгы.

Кайсыл Атамбаевге ишенебиз

Алмас Атамбаев Жалал-Абадга барганда облакимчиликтин имаратында өткөн “дүжүр жыйындан” кийин депутат Ташиевдин жактоочулары менен жолукту. Элдин арасынан берген суроолоруна президент мырза мындайча жооп кылды: “Келиңиздер, мыйзамды сыйлайлы, сотту сыйлайлы. Бардыгы, депутаттар да, министрлер да, жөнөкөй жарандарыбыз да, президент да мыйзам алдында бирдей”. Кандай гана алтын сөздөр. Тим эле Абсамат Масалиев тирилип келип сүйлөп жаткандай туюлуп кетти. Айла жоктон сөз эмес бекен дейсиң да. Ушул жерден генерал Өмүрбек Суваналиевдин “Жаңы Ордо” (№ -39 (383) 14-декабрь 2012-жыл) гезитине жарык көргөн маеги эсиме келе түштү. Ал маегинде Ө. Суваналиев:- “ Атамбаев биз менен чогуу жүргөн кезде баарыбызга “Конституциялык жол менен бийликти алалбайбыз. Ак үйдү басып алалы.”-деп ачык эле айтчу. 2005-жылы 29-октябрда Феликс Куловдун үйүндө баарыбыз чогулган күн эле. Ал кезде Кулов премьер-министр, Текебаев парламенттин төрагасы, мен шаарда Ички Иштер Башкармалыгынын башчысы элем. Атамбаев өндүрүш тармагына жооп бере турган министр болуп, кетем деп аткан кези эле. Ал жерде Сариев, Бабанов, ыраматылык Эшимканов, бүгүнкү атка минерлердин көпчүлүгү бар болчу. Элдин көзүнчө эле Атамбаев бийликти басып алабыз дегенде Кулов болбой койгон. Башынан эле бүгүнкү президент Конституциялык жол менен бийликти алмаштырганга каршы болгон. Эми болсо тынчтыкка чакырып жатканын көрүп күлкүң келет.”-деп биз билбеген чындыкты айтып жатат.

Кыргызда “Молдонун айтканын ук, кылганын кылба” деген өтө таасын сөз бар эмеспи. Ушул макал Атамбаев үчүн гана айтылгандай таасир калтырат. “Конституциялык жол менен бийликти алалбайбыз. Ак үйдү басып алалы”-деген Атамбаевдин сөзү үчүн муруңку бийлик камап салса деле болмок. Бакиев айланасындагы, ошол кездеги Атамбаевге окшогон котур ташы койнунда жүргөн саткын министрлерин айкөлдүк менен кечирип келе бергенинен бийлигин тарттырып жиберди. Атамбаев жакында Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевдин колдоочулары менен жолукканда айткан сөзүн (“Кыргыз туусу” гезити № 23 (“23714) угуп көрөлүчү: -“ Бирок биз соттун чечимин күтүшүбүз керек, анткени сот гана бул иш боюнча чечим чыгарууга укуктуу. Соттун чечими чыкканда мен мамлекет башчысы катары мыйзамга ылайык кайсы бир кадамдарды жасай алам.”-деп айтты. Атамбаев соттун чечимин эмес, Камчыбек Ташиев президенттин бутунун алдында үч бүктөлө чөгөлөп тизе жыртып, “Алмаз Шаршенович, кечириңиз иттик менден кетти. Мындан кийин кайталанбайт!”-деп кечирим сурашын гана күтүп отурат. Атамбаевден барган чабармандары да “Кечирим сурап кат жазып койсоң эле бүттү. Ошол күнү Алмаз Шаршенович айкөлдүк кылып эркиндикке чыгарат.”-деп суранып келип жатканын угуп калабыз. Камчыбек иним, көз жашын төгүп Атамбаевден кечирим сураса, анда анын карьерасынын бүткөнү. Анда саясатты жыйыштырып туруп, түштүккө барып солярка менен бензин сатып өз бизнесин кылып жүрө бергени оң. Анда чоң саясаттагы темир эшик жабылган бойдон Ташиевге эч качан ачылбай турганы ак сөз. Атасы Кыдырша аксакал да баласынын атын жөн жерден Камчыбек деп койбосо керек. Алымбек датка менен Курманжан датканын баласы Камчыбектей курч, өткүр, элинин башына түйшүк түшсө оор жүгүн көтөрө алган жигит болсун деп жакшы тилек менен койгондур. Мен дагы “Камчыбек иним, башыңды бийик көтөр! Артыңда калдайган калың журтуң турат!”-деп айткым келип турат. Бүгүн колунда бийлиги бар Атамбаев “Камчы Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдор качан көз жашын төгүп алдыма чөгөлөп келет”-деп ичинен күтүп отурса керек. Атамбаев бийликти кан менен басып алган саясатчы катары тарыхта кала турган адам. Балким бийлик алмашып, буга чейин мамлекеттик төңкөрүшкө ана башчы болгон Атамбаев өзүнүн “бандасы” менен Ташиевдердин ордуна түрмөгө отуруп калышы да мүмкүн. Генерал Артур Медетбеков “Революция жасадык деп жатышпайбы. Революция деп айта турган болсок, аны Убактылуу Өкмөт эмес, каза болгондор, жарадар болгон азаматтар жасады. Ошолордун каны менен булар бийликке келип алышты”- деп абдан туура баа берген эле. Тарых деген кызыктай нерсе болот. Ал көп учурда кайталанат. Ташиев басып алам деген бийликти, учурунда Атамбаев да он төрт бандасы менен басып алганын унутпайлы. Бүгүн Ташиевдерди соттоп жаткан биздин эки жүздүү сотторго эртең кызматтан кеткен Атамбаевди сотто деп буйрук беришсе аны деле кыңк этпей аткара берерине ишенем. Кечээ эле Акаев, Бакиевдердин алдында үч бүктөлө ийилип, кошомат кылып турган соттор, ак үй айткандай өз өкүмдөрүн чыгарып коюп отурушат го. Кечээ Максим деп атынан айтышпай принц деген кошоматчылар бүгүн кайда? Максим, Максим болуп турганда бирөөсү ага каяша сөз айта алат беле? Албетте жок.

Канткен күндө Атамбаев деле маңдайына жазып койгончо эл башкарат, ал деле бир күнү кан болгон тактысынан кетет. Ал жасаган иштери, Ала-Тоо аянтындагы, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жергесинде каза болгондордун кыйылган өмүрү үчүн сот алдында Атамбаев, Отунбаева, Текебаев ж. б. менен бир отургучта жанаша отуруп жооп берери бул сөзсүз боло турган иш. Сот өкүмүнөн эч кимиси качып кутула албайт. Жогорку Кеңештин муруңку төрагасы Мукар Чолпонбаев өз сөзүндө (“Жаңы Ордо” № 07 (392) 8-март 2013-жыл) ”Убактылуу Өкмөт алгач 87 адамдын өлүмүнө, морадёрлук, банктарды талкалаганына, андан кийин түштүктөгү миңдеген адамдын өмүрүн алган тополоңду алып келгени үчүн жооп бериши керек!”- деп айткан.

Тарых барактарын барактап карап көрсөң мамлекеттик төңкөрүштөр көп эле болгон. Кыргызстанда төңкөрүш эки ирет кайталанды. Мындай фактылар мисалы, Чилидеги мамлекеттик төңкөрүш жасаган Пиночеттин тагдыры эмне болгону окурмандарга белгилүү. Басалбай, карып калган кезинде да, буту сүйрөлүп соттон башы чыкпады го. Алыска барбай эле Атамбаевдин экинчи үйү болуп калган Туркияны карайлычы. 2012-жылы (мындан отуз жылдай мурун) 1980-жылы жарандык өкмөтүн кулатып мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликке келген генерал Кенан Эврендин үстүнөн башталган сот иши мамлекеттик оор кылмыштын эч кандай мөөнөтү жок экендигин ырастады. Азыр сотко жооп бербейт деген иммунитетинен ажыраган 94 жаштагы генералды бир кездеги мамлекеттик төңкөрүштү уюштургандыгы үчүн айыптап жатышат. Колунда бийлиги бар кезде Кенан Эврен мамлекеттик төңкөрүш жасаганы үчүн сот алдында жооп берет десе эч ким ишенчү эмес. Сааты келгенде Атамбаев жанагы “он төрт бандасы” менен мамлекеттик төңкөрүш үчүн сот алдында жооп берери бул чындык. Азыр баатыр болуп жаткан Атамбаев сот алдында өзү айткан “мыйзамдуулукту” кандай сактайт болду экен. Өтө оор кылмышы үчүн мезгил алдында жооп берери бышык. Кудай буйруса ал күнгө да аз калды. Ошондо, азыр Ташиев, Жапаров, Мамытовдорго өкүм чыгарган соттор көзүн ирмебей туруп Атамбаевге да мамлекеттик төңкөрүш жасаганы үчүн олчойто өкүмүн чыгарса, ага таң калбай эле койсок болот. Учурунда А. Жекшенкулов, И. Исаков, А. Бекназаров, Ф. Кулов ж. б. саясатчыларды ак үйдүн буйругу менен соттошуп кийин актаган да ошол эле соттор азыр деле иштеп жүрүшөт.

Сынык көпүрө… же Атамбаев өз таекеси Азим Исабековду кантип “аңтара салып” премьер-министр болгон?

Атамбаев табиятынан мансапкор адам. Бийликке жетиш үчүн ыйык нерсесин да аттап өтүүдөн кайтпайт. Ал элдешкис оппозицияда жүргөндө ага ак үй тараптан “көпүрө болуп бер”-деп суранышат. Ал түз эле “премьер-министрликти” мээлеп, ошол кызматты мага берсеңер гана силер менен иштешем деген жообун бийликтегилер алышат. Ошол кездеги премьер-министр Азим Исабеков менен Атамбаев экөө тең бир айылдын кулундары экенин көпчүлүк биле бербейт. Андан да Атамбаевдин чоң аталары түштүктөн тентип келген, багар-көгөрү жок жетим бала болуп чыгат. Анан Азим Исабековдун колунда бар чоң аталары ошол жетим баланы бооруна тартып жер бөлүп берип, ирденип кетишине мал-салын бөлүп шарт түзүп бергенин жердештери азыр деле айтып беришет. Ошентип алар боор тартып таеке-жээн болуп өсүп калышат. Атамбаевдер бекер жеринен Исабековдорду таеке деп айтышпаганы да ошондон. Ушундай тууганчылыгы бар экенине карабай анын үстүнөн тон бычат. Чоң аталары боор ооруп багып алган “ошол жетимдин” небереси боорго тээп жатканы өкүнүчтүү болуп жатат. Президент Бакиев Исабековду өзүнө чакырып:-”Азим, мамлекеттеги стабилдүүлүктү сакташ үчүн сенин ордуңду Алмаз Атамбаевге берели деп чечтик. Сен өзүм өстүргөн кадрымсың. Өзүңө ылайыктуу башка кызмат берем…”-деп сөз берет. Ал эми премьер-министр Исабеков макул болуп:-“Курманбек Салиевич, сиз кандай десеңиз өз каалоом менен өз арызымды жазып берүүгө макулмун. Бирок, мен бир нерсени айтып коёюн. Алмаз Шаршеновичти бала кезинен бери билем. Ал премьер-министр болгон соң, сиздин президенттик ордуңузга көз артат. Кандай арам жол менен болсо да алууга аракет кылат. Кийин өкүнүп калбаңыз, мени бир айтты дейсиз…”-деп айткан деп угуп жүрөм. Ошондо өз шакиртинин сөзүн укпай койгонуна Бакиев өкүнүп жүрөт деп уккан жайым бар...

Исабековдун айтканы бир аз убакыт өткөндөн кийин туура чыкты. Кызмат үчүн өзүнүн айылдашы, бир чети таекесин Атамбаев өтө арзанга сатып, пол жууган чүпүрөкчө көрбөй бут арчыгандай, тебелеп өткөн адам экенин көрсөттү. Мындайды кыргыз эли “туз уруп кеткир!”-деп бекер жеринен каргап айтпаса керек. Исабеков Бакиевге да кемчиликтерин бетине айтып жүргөн түз адам дешет. Бир ирет Атамбаев өз адамдарын Азим Исабековго жөнөтүп, “Менден кечирим сурасын, анан кызмат берем.Ошону айтып койгула”-деп салам дубайын айтып жөнөтөт. “Осурган кыз, осурбаган кыздын бетин тырмаптыр”-деген ушул да. Атамбаев өзү тууган экенине карабай кыянатчылык менен кызматын тартып алып, көчөдө калтырганы аз келгенсип, кечирим сурасын дегени өзү абсурд. Азим мырза, жээни президент болгон күндө да анын бутун кучактап, чөгөлөп кызмат сурабады. Канткен күндө да жигиттик намысы бар да. Анткени, Азим Исабеков тектүү жердин кулуну, канында өз элин коргогон баатыр адамдын каны бар эмеспи. Азыр деле өз тиричилиги менен өзүнүн үй-бүлөсүн ак эмгеги аркылуу багып жүрөт дешет. Өз жакынына жакшылык кылбаган Атамбаев, кыргыз журтуна жакшылык каалайт беле. "Бөлтүрүктү ит деп бакпа, иттей болбойт кыялы, душманыңа жакындаба, тийбей койбойт зыяны" - деген сөздү улуу кыргыз эли бекер айтпаган чыгар. Балким, ушундай кыянатчылыгы үчүн Атамбаевдин жолу кандуу болуп, каатчылыктан башы чыкпай келатканы да ошондон болуп жүрбөсүн. Бийлик менен оппозиция үчүн көпүрө боло албады. Өзү айтып жүргөн, эт комбинатын касапчыларына койлорду сойгону алдап алып барган “козёл провокатор” катары тарыхта калды. Кызмат үчүн ага ишенген оппозициядагы досторун да сатып жиберип “сынык көпүрө” деп аталып кала бергени бар.

Өз армиясынын жашыруун сырын ачып салган башкы кол башчы…

Президент Ала-Бука районундагы жаңы аскердик бөлүктүн ачылышында:

— “Бизге профессионал, мыкты жабдылган армия керек. Мамлекет армияны заманбап техника менен камсыздоого милдеттүү”-деп айтты. Баракелде, ушунтип айтса жарашат экен го. Мындай сөздөрдү укканда башта кайда элеңиз мырза президент! –дегиң келет. Атамбаевдин биздин армиябыз туурасындагы жакшы ойлоруна атуул катары жүрөгүң кыйла жылып калат экен. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты У. Кочкоров менен Атамбаев сүйлөшкөндө,“Бүгүнкү кыргыз армиясынын ал- акыбалын билесиң, Өзбекстандын ал-акыбалын билесиң. Эгер чындап согуш боло турган болсо бир күндө түштүктү толугу менен басып алып коёт”-деген сөзүнөн кийин кыргыз армиясы менен башкы командачыбыздын бедели кыйла түшүп калган эле. Чынын айтканда ушул да президенттин, башкы кол башчынын сөзү беле. Мындай сөздү көчөдөгү бир шпана бала айтса ага жарашмак. Президент ошондо, биринчиден өзүнүн, анан кол башчылык кылган армиясынын абийирин айрандай төгүп салган. Ошол сөзү үчүн Атамбаевге мөөнөтү бүткөнчө өз тагдырын, күч структурасын, армиясынын беделин кошо берген кыргыз элине чыккынчылык кылганы деп бааласа да болот. Анткени ал, өтө жашыруун делген мамлекеттик сырды ачып салды. Ал үчүн да башка мамлекетте болгондо сот алдында жооп бермек. Ажо башы менен ушинтип отурса бизге шпиондун кереги барбы? Албетте жок. Анткени, жашыруун маалыматты ажобуз өзү таратып жатса кимге барып арызданабыз. Күн өткөн сайын президенттин эл арасында сый-урматы кетип баратат. Эмне кылуу керек? Башкалардай мен деле унчукпай койсом болмок. Бирок,“Баш кесмек бар, тил кесмек жок” дегендей ички сезимдеги, кандайдыр бир күч ушул чындыкты айт деп айттырып жатат. Президентибиз өзү кыйналбай, үмүт эткен элин да кыйнабай, камчыны моюнга илип кыргыз элинен кечирим сурап өзү сүйгөн Туркиясын көздөй кетип калганы жеңил болгону турат. Ушундай кадамга бара алса, кыргыз эли аны кечирет. Атамбаевдин башка жолу жок. Көгөрүп мөөнөтүнүн аягына чейин отурам десе, тагдыры түрмө менен бүтөт. Россиянын аналитиги Князев жазгандай Атамбаевди Бакиевдин тагдыры күтүп турган жокпу… Кеч боло электе, ойлонуңуз, мырза президент.

 

Бекен Назаралиев