Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 9002
2013-жылдын жазы. Жаз, күз менен таасирленүү, ашкере саясатташуу көнүмүшкө айланып калган кыргыз мамлекетинде баардыгы адаттагыдай. Быйылкы нааразычылыктар камактагы «Ат-Журт» партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, 2013-жылдагы октябрь айындагы оппозициянын митингисине келип модератор боло коём деп, кайып каскагынан камакка алынган, кезинде Берия деген каймана атка кабылган, отставкадагы генерал-майор Кубатбек Кожоналиев ж.б. бошотуу талабы менен өтүүдө.
 
2012-жылдын 3-октябрында өткөн митингдин арты ызы-чуу менен аяктап, оппозиция лидерлери камакка алынгандан бери алты айдан ашты. Кышы бою, борбордо, жер-жерлерде, тынымсыз, чакан-чакан нааразычылыктар өткөрүлүп, «Кумтөр» кенин мамлекетке кайтаруу, камактагы депутаттарды бошотуу талабы коюлуп келди. Жаз келип, күндүн жылышы менен нааразычылыктардын масштабы кеңейе баштады.
 
2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция күнүнө утурлай өткөрүлгөн Жалал-Абаддагы элдик курултайга келген адамдар «Телтору» ат майданына сыйбай, жарым жартылайы жерге отурса, башкалары курултай тараганча тикесинен тик туруп катышты. Эч ким кеткен жок. ЖМКлар деле  6 миң, 10 миң, 15 миң, 20 миң адам катышканын айтып, түрдүү сандарды беришти. Ат майданындагы 7 миң орундук-отургучтар толуп, дагы ошончо адам отуруп, туруп катышканын эсептесек (өзүм катышып, санаганым боюнча), болжол менен 13-14 миң адам келди.
 
Оппозициялык гезиттердин, түштүктө рейтинги кескин жогору турган “7-каналдын” жана ошондой эле курултайга чейинки өткөн жыйындардын таасириненби, ким билсин (?), айтор элди маалыматсыз калды дегидей эмес. «Революциянын бешиги» аталган аймактын калкы кайтадан борбордук бийликке ичи чыкпай, катуу нааразы болуп, эки кишинин башы кошулган жерде эле: «Ташиев, Жапаровду бошотуш керек, Кумтөрдү» алыш керек, «убактылууларды» айдаш керек» деген сөздү угасың. Мындай маанай Кыргызстандын калган баардык аймактарына жайылып бара жатканын байкоого болот. Жалал-Абад, Ош, Баткен тарапта кадыр-баркы жокко эсе болуп жаткан Алмазбек Атамбаев түндүк тарапта сүймөнчүктүү деп айта албайсың.
 
«Өз балабыз» деп жүрүшүп, «Солтолор деле жок болуп калыптыр» дегенди угуп, өпкөлөрү кара казандай болуп, ичтен кекенип калган Чүйдүн момун эли бир күнү «жарылчудай» болуп, жума сайын жыйын курууда. «Бирикпесек болбойт, антпесек бийлик тийбейт экен» деп, Бабанов «жайлангандан» кийин, ылгоосуз, «ити кушуна» карабай үйгүшүп-бириге баштаган Таластыктар да түбүндө А.Атамбаевге тиш салууну көздөшөөрү айтылууда.
 
«Бешсарынын» кожоюну Камчыбек Жолдошбаев белекке берген кеңседе «Долон бий» коомун түзүп, Адигине, Сарбагыш, Солто, Бугу, Саяк, Черик, Азык, Чертки, Моңолдор болуп, ар шаршембиде жыйын куруп, күжүлдөшүүдө. «Бир ата, бир энеден туулган Адигине менен Тагайдын урпактарын бириктирип, бир тууган экенин түшүндүрсөк, «кыргыздардын түндүк-түштүк деп бөлүнүүсүн токтотобуз, трайбализм деген оорусунан сакайтабыз» деген аруу тилек менен уюштурулган «Долон бий» коому деле бара-бара саясатташып, бийликке ичи чыкпай, акыры, сындоого өтүштү. Айтор Кыргызстандын кайсы тарабына барсаң да бийлик тууралуу оң сөз укпайсың. Баары эле нааразы.
 
“Бийликтин мындай, кыска мөөнөттө аброюнан ажырап жатышынын себептери эмнеде?”,- деген суроону талдоого алган серепчилер негизги фактор катары 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик көтөрүлүштүн майнапсыздыгын айтышат.
 
Адилеттүү заман, өсүү-өнүгүүнү көксөгөн коом, морадерлукту, июнь айындагы улут аралык кагылышууларды, эски бийликтердин тушунда булганып, жаманатты болуп, коррупцияга малынып калгандардын кайрадан бийлик башына келип жатышын, коррупцияга каршы күрөштө өз дегендер калкаланып, андайлардын кылы кыйшайбаганы,  иргеп жазалоо орноп, саясый оппонентерди камап, эски ыкма менен өч алуу жүрүп, акыйкаттык жок болуп жатканы, жаңы бийликтин жакындарына майлуу орундар устукан болуп тартылып, алар эч нерсени көзгө илбей, мурунку замандагы жоруктарды кайталап жатышын көрүп жатат. Ошондон улам, «элдин келечекке болгон ишенимин өлүп, бийликке болгон кыжырдануусу күч алууда» дешет.
 
Шайланганына бир жыл толуп толо электе эле А.Атамбаевдин аброюнун  эңшерилип кетишине да, анын өзүнүн элге кылган жаман-жакшы иштерине караганда, Убактылуу Өкмөттүн ишмердилүүгүнүн таасири көп болду десек жаңылышпасбыз. Анан, анысы аз келгенсип президент өзү да «ойду-тоону» сүйлөп, жок жерден көйгөй туудуруп, башына үйүлгөн балээнин көбүн тилинен тапты. Болбосо Акаев менен Бакиев жасаганчылык касчылык деле кыла элек, элге. Чийкилигинин эле азабын тартат өңдөнүп калды.
 
«Музда тайгаланган уйдай болуп», төрт аягы сегиз тарапка тайрайып, түз жерден мүдүрүлүп, жок жерден башына балээ таап алмайы, өзүнүкүн бербей, акылдуусунуп, алдынан чыккандын баарын “алдап жеңем”,- деген сокур ишеними, алаңгазарлыгынын айынан адам ылгоону аңдабай, качан болсо ит-кушту жыйып алмайы, журт башыларга мүнөздүү айкөлдүк сапатынын жоктугу, кекчилдиги өз башына тийип жаткандай.
 
Мисалы, былтыр президенттикке жаңыдан шайланып, өзү айткандай, «эми ажыдаарга айландым го», деп, эски соратниктеринен кегин алып, оппонентерин «оп» тартып жутам деп, «булут минип, муз бүркүп» турган кезинде, жыл айланбай рейтинги урап, шайы ооп, элге жек көрүндү болоорун ойлогон да, сезген да эмес.
Анан эле, капыстан, Камчыбек Ташиев өзүнүн стандарттан тышкаркы секириги менен ажыдардын оозуна түшүп, кокосуна тыгылган сөөк болуп турду да калды. Анан эки, үч ай өтсө деле ажыдаар эч нерсе жебей, эч кимди сорбой калганын байкашты. Ошондо билишти ажыдаардын какап калганын. Болбосо, башын оңго, солго чулгап, жерге койгулап жатканын коркутуу катары эле кабылдап жатышкан.
 
«Кезексиз ажыдардын оозуна кирип кетүүсү менен К.Ташиев коррупцияга каршы күрөшкө залалын тийгизди деп айтпасак чындыктан алыстап кетебиз. Ажыдардын табити бузулбай, куйругунда чындап калбыры бар ичип-жегичтерди соргондо коом да тазаланып, А.Атамбаевдин аброю көкөлөп турмак» дегендер да бар. Бирок алар башка нерсени эске алышкан жери жок. Ажыдаар катуу күчтөнүп алып, “жеп-ичкичтерге аралаштырып, саясый оппонентерин жута баштабайт, авторитаризм кайрадан жанданбайт”,- деген кепилдик, өз жакындарынан чыккан коррупционерлер оозуна түшүп калса, “акырын, байкатпай, тишин да тийгизбей, кусуп коёт”,- деген кепилдик да жок. Мындай көз караш менен караганда “Камчы туура эле кылды, коррупция менен күрөшүүнүн башка да жолдору толтура. Аны менен укук коргоо органдары күрөшүшү керек”,- дегендердики да оңдуудай.
 
Ошентип, акыры соттун чечими да чыкты. Бийликтин «сотко таасир эте албайм, алар өзүлөрү чечет» деп, канча какшанып,  актанганын Биринчи Май райондук соту тарабынан чыгарылган өкүм жокко чыгаргандай болду. Жогорку Кеңештин макулдугусуз сот жоопкерчилигине тартууга мүмкүнчүлүк берген 295-статья (10-15жыл) менен соттошту да, ал статьяга дал келбей турган мөөнөткө -1,5 жылга (отуруп бүтүп калган убагына ылайыктап) кесип коюшту. Кыязы, Жалал-Абаддагы болгон акыркы жолугушууда эл  Алмаз Шаршеновичтин жүрөгүнүн үшүн алып койгон сыяктуу. Анан маселе ырбаса арты катуу кетээрин байкап, эптеп маселени бир жаңсыл кылуу жолуна түшкөндөй.
 
Эми соттолучулар экинчи инстанцияга апелляция жолдошууда. «Аз берип коюшту» деп, анткорлонгон прокуратура да апелляция жолдоп, ансыз да бөксө абийирин айрандай төгүп жатат. Эгерде соттун өкүмү акырына чейин өзгөртүүсүз калтырылса «ата-журтчулар» мандаттарынан ажыратылат да, “күздө болот”,- деп көлөкөсү көрүнө баштаган парламенттик шайлоого катыша албай калат. Эрендер оңой менен андай тагдырга моюн сунуп, саясаттан четтөөгө көнө койбойт. Андыктан, баары али алдыда десек болот. Айтор, ажонун өзүм билемдиги менен саясатчылардын амбициясынан стабилдүүлүк бузулуп, тополоң болуп кетпесе экен, деп тилейли.
 
Сабыр МУКАНБЕТОВ

Булак: “Майдан.kg”, №012 (094), 03.04.2013