Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 7189
Эмне үчүн өлкөбүздөгү адилетсиздик менен кандуу окуялардын, революциялардын башаты болгон 2005-жылдын мартындагы алты адам атылган Аксы окуясынын жана 2010-жылдын июнь айында беш жүздөн ашык адамдын кырылышына жана мамлекетибизге миллиарддаган сом зыян келтирген  Ош окуясына саясый баа берилип, күнөөлүүлөр жоопко тартылбашы жана унутулуп калышы керек!? Же бул каргашалуу окуялардын курмандыктары экинчи сортпу? 
 
Өткөн жумада Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев алыскы АКШга жасаган иш сапарынын алкагында БУУга караштуу ПРООН уюмунун Европа жана КМШ мамлекеттери боюнча бюросунун директору Ж.Султаноглу менен жолукту. Алар алгач  азыр Кыргызстандагы парламенттик башкаруу, демократияны бекемдөө тууралуу пикир алышты. Ж. Султаноглу биздин өлкөдөгү жетишилген ийгиликтерди жогору баалап, туура жолдо бара жаткандыгыбызды белгиледи. Анысына шүгүр. К. Иманалиев  болсо жогорку даражалуу БУУ өкүлүнөн көптөн бери биз тараптан сунуш кылынып, бирок эл аралык уюмдар ак же көк деген жообун айтпай келаткан Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү кыйынчылыгынан улам тышкы карызды тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө алмашуу мүмкүнчүлүгүн иликтөө зарылдыгын дагы бир ирет билдирди.
 
Андан соң К.Иманалиев көңүлдү 2010-жылдын 7-апрелинде 80ден ашуун кыргызстандыктын курмандыгына алып келген тынчтык демонстранттарга каршы курал колдонууга буйрук берген К.Бакиев режимине эл аралык коомчулук саясый баасын бериши керектигине бурду. “Мындай массалык адам өлтүрүү – адамзатка каршы кылмыш катары таанылышы керек жана ал улутук мыйзамдар менен эле эмес, эл аралык трибунал менен дагы тиешелүү жазасын алышы керек”,- деген К.Иманалиев БУУӨПкө эксперттик колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.
 
Өз кезегинде Ж.Султаноглу Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, ошондой эле кыргыз эли үчүн маанилүү болгон трагедиялуу окуяны эске алуу менен БУУнун тиешелүү адистешкен мекемелеринин эксперттерин тартууга көмөктөшөөрүн убада кылды.
 
Албетте, биз Каныбек мырзанын бул жүйөөсүн толук колдойбуз. Анткени бейкүнөө адамдарды атууга буйрук бергендер ким болбосун эртеби-кечпи жоопко тартылыш керек. Кыргыз элинде “кан куткарбайт” деп бекер айтылган эместир. Бирок, экинчи революциядан кийин такка отурган бүгүнкү бийликтегилер жана К. Иманалиевге окшогон эски-жаңы бийликтин жан-жөкөрлөрү эмнегедир Кыргызстандын тарыхындагы мындай кандуу окуяларга “тандалма” мамиле жасап жатышы таң калтырбай койбойт жана элдин кайсы бир бөлүгүнүн нааразычылыгын жаратууда.
 
Мисалы, эмне үчүн өлкөбүздөгү адилетсиздик менен кандуу окуялардын, революциялардын башаты болгон 2005-жылдын мартындагы алты адам атылган Аксы окуясынын жана 2010-жылдын июнь айында беш жүздөн ашык адамдын кырылышына жана мамлекетибизге миллиарддаган сом зыян келтирген  Ош окуясына саясый баа берилип, күнөөлүүлөр жоопко тартылбашы жана унутулуп калышы керек!? Же бул каргашалуу окуялардын курмандыктары экинчи сортпу? Болгондо да алар бийликтин зөөкүрлүгү жана кайдыгерлигинен улам каза болушпадыбы?
 
Эгер 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдүн алдында каза болгон сексенден ашык адамды ким аткандыгы жана буйрук бергендиги так аныкталбай, сот иши үч жылдан бери бүтпөй келатса, 2005-жылдын 17-мартында Аксыда Үзөнгү-Кууштун Кытайга берилишине нааразы болуп, тынч митингге чыккан элге ошол учурдагы бийликтин буйругу менен түз эле ок атылып, алты жигит каза болгон. Ал эми 2010-жылдын июнь окуясына ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жооп берүүгө тийиш. Мындан тышкары 2010-жылы 6-7-апрель күндөрү Ала-Тоо аянтында каза болуп, депутат Ж.Жолдошева айткандай алардын ата-энелери кепинге ак материал таппай жатканда бакиевдердин байлыгын, банк кутучаларын чөөлөрчө талап-тоногон “морадёрлор” канчалык актанбасын, К.Осмонов жетектеген депутаттык комиссиянын ишин митайымдык менен үзгүлтүккө учуратпасын, карапайым эл кимдер тарабынан талап-тоноочулук болгондугун көрүп-билип эле турат. Болгону адилетсиздик менен митаймдык өкүм сүргөн бүгүнкү бийликтин тушунда “уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат” болуп, алардын бети расмий түрдө ачылбай жатат. Ошон үчүн бүгүнкү бийликтин эки жүздүүлүгүнө жана тоодой күнөөсү барларды жашырып, Ак үйдүн темир торунан аша койгондорго болгону “хулиганчылык” гана беренеси коюлушу керектигин далай дасыккан юристтер кашкайта далилдесе да  “кылым кылмышкерине” айландырып, Ак үйдүн буйругун аткарган прокурор К.Ташиев, С.Жапаровду он жылга, Т.Мамытовдорду тогуз жылга, генерал К.Кожоналиевди 8 жылга, алардын жансакчыларын 4-5 жылдан эркинен ажыратууну соттон суранып жатышат.
 
Себеби бүгүнкү бийликтин 2010-жылдын июнь окуясы, банк кутучаларын, бакиевдердин байлыгын тоноо жана башка кылмыштар үчүн жоопкерчиликтен кутулуу үчүн мындан башка аргасы жок. Ошондуктан айласыз “ва-банкка” барышууда. Ал тургай өткөн жумада президент А.Атамбаев да жалал-абаддык аксакалдарды кабыл алып, соттун ишине кийлигишүүгө укугу жок экендигин билдирди. Бул аралыкта ошол эле А.Атамбаевдин 2010-жылы “Кумтөрдөн” түшкөн “Кыргызалтындын” эсебиндеги 300 млн. акчага бул мамлекеттик ишкананын ошол кездеги директору О.Артыкбаев экөөнүн тиешеси бар экендиги абактагы депутат С.Жапаров тарабынан айтылды. Биз билгенден бул эки адам илгерттен бери жакын достордон. Ошол замат бийликтин КСДП фракциясы бул жагдайды териштирүүнү укук коргоо органдарына тапшырды. Эми бийликтин көзүн караган укук коргоо мекемелери кандай жыйынтык чыгарар экен? Бирок ушул эле бийлик “Кумтөр” маселеси боюнча Кыргызстандын үлүшүн жеке кызыкчылыгына алмаштырган эски бийликтердин тушундагы “алтын мафиясына” тиешеси бар чиновниктердин жада калса атын ачык айтуудан “уялып” отурат. Депутат И.Исаковдун: “Кумтөр” маселесин иликтөөнү тунгуч премьер-министр Насридин Исановдун өлүмүнөн баштоо керек!” деген кыйкырыгы да көңүлдүн сыртында калды. Парламентте “Кумтөр” маселеси каралганда депутат А. Калматов да үч тонна алтын Түркияга чыгарылып кеткендигин айтты эле. Бул суроо да жоопсуз калууда.
 
Ошентип бүгүнкү бийликтегилер эч кандай элдик революциянын идеяларын ишке ашырбай эле, өздөрүнүн былык иштерин жашыруунун амалын көрүп, оппозиция өкүлдөрүн кандай да болсо камоо, жамандоо сыяктуу эски бийликтин жолуна түшүп кетти. Эгер ушул айткандарыбызга ишенбесеңиз, 18-мартта президент А.Атамбаевдин жетекчилиги астында өткөн Коргоо кеңешинин жыйынына көз салып көрүңүз. Анда А.Атамбаев өзү энергетика тармагында дале болсо “Ширшовдун системасы” иштеп жаткандыгы тууралуу сөз кылды. Ал эми энергетика министри А.Калманбетов электр тармагындагы жоготуулар дале азайбай жаткандыгын жана техникалык жоготууларды түз эле “уурдоо” деп ачык айтты. Демек, бизде Ширшовдун түзүп кеткен системасы иштеп жатса, уурулар менен коррупционерлер жоголгон эмес турбайбы? Болгону Максим менен Ширшовдун ордуна жаңы “энергобарондор” келиптир. Ушул көрүнүштү ооздуктай албаган бийликке кантип ишенүүгө болот? Ууруларды тыя албаган соң алар  кантип кылмышкерлерге каршы күрөшөт?
Же болбосо “Илбирс” фабрикасынын имаратында жайгашкан “Трибуна” газетасынан “табылган” үч гранатанын эле икаясын алып көрөлү. Өмүрүндө колуна граната эмес, тапанчаны кармап көрбөгөн Ы.Өмүрзаков иш бөлмөсүнө бул жардыргыч затты сактап башына таш тийиптирби? Болгондо ал окуяны кайсы бир белгисиз аял телефон аркылуу милицияга билдириптир. Бул жагдайга психологиялык талдоо жүргүзгөндө деле “граната операциясы” бийлик тарабынан атайлап уюштурулгандыгы көрүнүп турат. Анткени жалаң колуна калем кармап, курч макалаларды жазган журналист эч качан граната, тапанча деген куралдарга жакын болбойт. Анын үстүнө Ырысбек мырза арак, аял, акча деген азыткыларга да жакын жолобойт. Болду-болбоду бул ишти ушул “заттарга” жакын жогор жактагылар Ак үйгө жагыныш үчүн жасагандыгы да ачыкка чыгууда. Бул да бүгүнкү бийликтин эски бийликтин жолуна адашпай түшүп жаткандыгынын бир далили.
 
Баса, А. Акаевдин тушунда мамлекеттик маалымат каражаттарын дирижёрдой башкарып, “маленкий суслик” деген атка конгон азыркы ЖК депутаты К.Иманалиев Аксы окуясы тууралуу көп маалыматтарды билет болуш керек. Ал тургай А. Бекназаровду бошотуу, Үзөнгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы чыгып, ошол 2005-жылдын каардуу мартында Бишкекке келген аялдарды эки автобуска милициянын күчү менен салып, Суусамырдын суугуна төгүп таштаган учур боюнча да сөз кылуунун мезгили келип турат. Мындан тышкары Бишкектин чок ортосундагы “Эркинтоо” басмаканасынын имараты аламан байгеге түшүшү, “Учкун” концерни кантип “банкрот” болушу жана башка толгон-токой “ишмердүүлүгү” тууралуу изилдеп жатабыз. Ал тууралуу өзүнчө айтарбыз.
 
Эми ушундай “тарыхы” бар адам өткөн чакты унутуп калып эле, айдан түшүп келгендей океандын ары жагына чейин чапкылап барып адилеттик издегенде тообо деп жакаңды кармайт экенсиң. Дегеле, бүгүнкү кыргыз бийлигинин таржымалын бери жагы казактар, ары жагы орустар менен америкалыктар эң сонун билишет. Ошондуктан жарытылуу инвестор келбей, чек араларыбыз жабылып, экономикабыз итке минип отурат.
 
Ж.Саматов
Булак: "Майдан.kg"