Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 9717
Укук-жазык кодексинин “Бийликти басып алууга аракет” жана “Мамлекеттик түзүлүштү кулатууга чакырык” беренелери боюнча айыпталып, дээрлик жарым жылдан бери абакта жаткан “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовдүн, үч жансакчынын жана генерал-майор, эксперт Кубатбек Кожоналиевдин үстүнөн жүрүп жаткан сот процесси боюнча өкүм 29-мартта чыгаары күтүлүүдө. 
 
Мамлекеттик айыптоочу Ташиев менен Жапаровду 10, Мамытовду 9, Кожоналиевди 8, жансакчыларды 3-4 жылга эркинен ажыратууну судьядан суранды. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыбы далилденбесе да мамлекеттик айыптоо тарабынан чектен чыккан талаптын коюлушу учурда бүтүндөй республика калкын тынчсыздандырып турат. Анткени, эгерде “ата-журтчулар” камала турган болсо, бул ансыз деле “ширеңке жаксаң дүрт эте түшчү” кырдаалды курчутаары шексиз.
 
Бийликти басып алуу болорун кайсы фракция башчысы айткан?
 
“Азаттык” үналгысынын кабарчысы Заирбек Бактыбаев парламенттеги фракциялардын биринин башчысы 3-октябрда төңкөрүш даярдалып жаткандыгын маалымдаганын айткан болчу. Буга байланыштуу, 14-марттагы сот олтуруму журналистти суракка алуудан башталды. Айыпталуучулар менен жактоочулар Бактыбаевден бул сөздү ким айткандыгын сотко атоону талап кылгандыгына карабастан, “Азаттыктын” журналисти маалымат булагын ачыкка чыгаруудан баш тартты. Баш тарткан себебин журналисттик этикага шылтады. Ошентсе да, депутат Ташиев журналистке макаласы 3-октябрь окуясынан кийин чыккандыгын айтуу менен, ишенбестигин билдирди. “Сиз бул маекти жаздырып алган эмессиз. Ошол фракция башчысынын чындыкты айткандыгын кантип далилдей аласыз? Фактыларды келтирбейсизби? Ал деги кайсы фракциянын лидери? Сиз сотто көрсөтмө берип жаткандыктан, бул маалыматтан көп нерсе көз каранды. Парламентте беш эле фракция бар. Алардын лидерлери: Өмүрбек Текебаев («Ата-Мекен»), Феликс Кулов («Ар-Намыс»), Алтынбек Сулайманов («Республика»), Чыныбай Турсунбеков (КСДП), жана Садыр Жапаров («Ата-Журт»). Ошондо кимиси айтты?”,- деди Ташиев. Бирок, З.Бактыбаев журналисттик этикасын бетке кармап, “мен айтпоого сөз бергем”,- дей бергендиктен, айыпталуучу-эксперт Кожоналиев мунун баары “көчө деңгэлиндеги ушак”,- атады. Жактоочулардын пикиринче, эгерде күбө өз сөзүнүн далилин келтире албаса, ал факт катары кабыл алынбайт, сот ишине да бул көрсөтмө тиркелбеши керек.
 
Коомчулук ушу күнгө дейре “Азаттыктын” журналистине атайылап ушак айткан фракция лидери ким экендигине баш катырып келет. Муну КСДП фракция башчысы, ун магнаты Чыныбай Турсунбековдон көргөндөр деле бар. Бирок, КСДП лидери өтө сак адам, буга окшогонду айтып алып, эртеси шылдыңы чыккандан корккон саясатчылардын катарына кирет. “Республика” лидери андайга барбайт, Алтынбек Сулаймановдун өзүнүн принцибине мындай жүрүм-турум туура келбейт. “Ар-намысчы” Ф.Кулов болсо сотко көрсөтмө берип, “ата-журтчу” депутаттарга жан тартканын билебиз. Ал эми “Ата-Журттун” лидери С.Жапаров камакта, макала 3-октябрдан кийин чыккандыктан, анын шыбырашы күмөндүү. Убактылуу “Ата-Журт” фракция лидери болуп турган Мыктыбек Абдылдаев мындай сөз такыр чыкпасы бышык. А “Ата-Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев болсо сотко келип, “мени 3-октябрь окуясы боюнча сурабай эле койгула”,- деп алаңдаганына караганда, ушу саясатчыда бир мандем бардай. Так айтуу мүмкүн эмес, бирок, мындай интрига ушу саясатчынын колунан келиши мүмкүн экендиги эл ичинде айтылууда. Ким билет... “Кыңыр иш кырк жылда”,- дешет го.
 
Сотто Заирбек Бактыбаев көрсөтмө берип бүткөндөн кийин мамлекеттик айыптоочулар “Патриот” жана “Охотникти” суракка алууну талап кылып чыгышты. Бирок, судья аталган күбөлөрдүн чындыкты айтаарынан шектенип, баш тартып койду. Дагы бир кызыктуу учур жактоочу Азимбек Бекназаровдун Ташиевге узаткан суроосу болду, ал кимдер ага келип, соодалашып жатканына кызыкты. “Мага Атамбаевден башка бардык бийлик адамдары, саясатчылар ортого түшүп келип жатышат. Эгерде мен чыга турган болсом, соодалашуу жолу менен эчак боштондук алмакмын. Бирок, мен булардан баш тарттым. Анткени, мага чындык керек”,- деди К.Ташиев.
 
Андан соң сотто тараптардын талкуусу башталды.
 
Камакта чиритүү башкы максатпы?
 
Талкууга биринчи чыккан мамлекеттик айыптоочу К.Ташиев менен С.Жапаровду 10 жылга, Т.Мамытовду 9 жылга, К.Кожоналиевди 8 жылга, жансакчылардын бирин 4, калганын 3 жылга эркинен ажыратууну талап кылды. Анын пикири боюнча, айыпталуучулардын бийликти басып алуу аракети соттук териштирүүдө толук далилденген. Андан кийин сөз жабырлануучуларга берилди. Алардын дээрлик жарымы айыпталуучуларга доосу жок экендигин билдиришип, мамлекеттик айыптоону колдоодон баш тартышты. Булардан соң сөз айыпталуучуларга, коомдук жактоочуларга, адвокаттарга берилди.
 
Камчыбек Ташиев: Митинг учурунда менде, менин жансакчыларымда курал болгондугу тууралуу эч кандай фактылар жок. Мамлекеттик айыптоочу айтып жатпайбы, бизди 25-сентябрда Жапаровдун кабинетинде төңкөрүш даярдаганыбызды. Бирок, мен ал күнү Жапаровдун кабинетинде болгон эмесмин. Менин болгонумду да далилдей алышкан жок. Митингчилердин колунда кандайдыр бир куралдар, таяк, союл, таш болгону тууралуу мамлекеттик айыптоонун сөздөрү да эч бир далилин таппады. Алардын пикири боюнча, мен митинг учурунда баарын бийликти басып алууга чакырыпмын. Орусча которгондо “захват” деп алышыптыр. Өзүңүздөр карап көрсөңүздөр болот: менин сөзүмдө бийликти басып алуу тууралуу эчтеке жок. Бийликти басып алуу, төңкөрүш кылуу оюмда болгон эмес. Болгону, “Кумтөрдүн” маселесине коомчулуктун көңүлүн бургум келген. 3-октябрда мен парламентте депутаттарга бул маселени күн тартибине киргизип, талкуулоону сунуш кылгам. Митингге деле мени эч ким чакырган жок. Өзүм келип, оюмду билдирдим. Досум Садыр Жапаровдун канчадан бери бул маселени көтөрүп келе жатканын, андан такыр майнап чыкпаганына кабыргам кайышып, жардам бергим келген. Митингде да ошондуктан жалгыз “Кумтөр” тууралуу сүйлөдүм, анын жүрүшүндө кандай аракеттерге барарымды ойлогон да жокмун. Болгону, Ак үй тарапка басып барып, депутаттардын көңүлүн ушул маселеге бурдургум келген. Бирок, ал жакка барганда, жоокерлердин куралчан экенине күбө болдум. Алар тынч элди ата баштаганда аргасыздан дарбазаны ашып түшүп, ок атууну токтотууга аракет жасадым. Бул менин колумдан келди. Жоокерлер мага айтып жатышпайбы, “токтотконуңузга рахмат, сиз болбосоңуз эмне болорун билбейт элек”,- деп. Анда резина ок менен атып атышабы же кадимки ок мененби, билген эмесмин. Мен адамдарды өлүмдөн сактап калууну гана ойлодум. Оштогу июнь коогалаңында да ушинтип төшүмдү окко тосуп, миңдеген адамдарды сактап калгам. Мен үчүн дал ошондо абал түзүлгөн болчу. Бул аракетиме сыймыктанам. Эгерде элге кайда ок атылбасын, мен бул аракетимден катпаймын. Дагы кайталайм, бизге тагылган айыптын баары жалган. Күнөөлүү эмесмин.
 
Садыр Жапаров: Эгерде биз “Кумтөр” маселесин көтөрбөгөнүбүздө, андагы уурулук, экологиялык кыйроонун масштабын эч ким билмек эмес. Мен бул маселе менен 2003-жылдан бери алектенем. Ошол жылы биринчи жолу “Кумтөргө” барып, ажайып жаратылышка зыян тийип жатканын сезгем. Депутат болгондон кийин керектүү документтерди топтоп жүргөм. Депутаттык комиссиянын түзүлүшүнө да ушул себеп болгон. Биз коррупциянын деңгээлин, экологияга орду толгус зыян болуп жатканын толук далилдедик. Бирок, бийлик буга көнбөстөн өкмөттүк комиссияны түздү. Анын отчетуна да күбө болдук, биздин комиссияныкынан эч айырмасы жок, көчүрүп алышыптыр. Анда да 80 пайызын гана алышкан, калган керектүү жагын калтырып коюшуптур. Мен депутаттык комиссияны түзүп барганымда мага бир эле суроо беришти: “Канча сурайсың?”. Эгерде мен аларга макул болсом, бул жерде олтурбастан, чардап жүрө бермекмин. Бирок, бул урпактар алдында кылмышка тете болмок. Канадалыктар алтынды казып кетип калышат, а бизге уулуу калдыктар калат. Мамлекеттик айыптоочу мени бийликти басып алууга чакырганымды айтты. Кайсы жерде ошентиптирмин? Кичине уялсаңар боло?! Анан мени Ак үйгө кирип, ал жактан Ташиевди курал менен күтүп турган адам кылышты. Бронежилет кийгенимди айтып чыгышты. Соттук териштирүүдө айтылбадыбы, мен эле эмес, депутаттардын көпчүлүгү жанында курал алып жүрүшөт. Эгерде менде кытмыр оюм болсо, өз каалоом менен куралымды тапшырып бермек белем? Мага келишкенде эле “жок” деп койсом эчтеке кыла алышпайт болчу, тинтүүгө уруксаттары да жок эле. А бронежилет тууралуу айтсам, “Кумтөрдө” милиларддаган акчалар жатат. Алар үчүн бир Жапаровду жок кылуу түккө да турбаган нерсе.  Азыр Ташиевдин дарбазадан ашып түшкөнүн ар кандай жоромолдоп жатышпайбы. Шылдындагандар да бар.. Бирок, 5-6 жыл өткөндөн кийин көрөсүңөр, Ташиевдин бул аракети калыс баага татып, баатыр аталат.
 
Талант Мамытов: Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу үч депутат дароо камакка алынып, соттолуп жатат. Жаманбы-жакшыбы, бул тарыхка айланат. Бизди бийликти басып алууга аракет жасагандай көрсөтүшүүдө. Өзүбүздүн кабинетти өзүбүз басып алабызбы анда? Бизгет андан кандай пайда? Региондордон адамдарды чакырды деп жатышат. Биз эч кимди алып келген жокпуз. Бул күнү кыргыздын келечегине, “Кумтөргө” күйгөн патриот атуулдарыбыз өз каалоосу менен митингге келишкен. Иш-чара тынч маанайда болгон. Видеодон деле эч кимдин колунда курал, союл, таш же арматура болбогондугун көрдүк го. Алдан-ала төңкөрүш туралуу маалымат болгонун айтышууда. Бирок, бул маалымат да далилденген жок. 25-сентябрда, мен документтерди бердим, мен Душанбеде иш сапар менен болгом. Ал жаккка таң эрте учуп кеткем. 27синде гана келгем бул жакка. Ооба, мен дарбазадан ашып түштүм. Бирок, эмне максатта ашып түшкөнүмдү эч ким сураган жок. Мен болгону элимди таштап кетким келбеди. Башка карасанатай ой деле жок болчу. Мамлекеттик айыптоочу айтып жатпайбы, менин бийликти басып алуу тууралуу оюм бар болгонун. Эмне алар көзү ачык болуп кетишкенби, адамдардын оюн аралыктан окуган жөндөмү бар бекен? Мен сотто калыс чечим чыгат деп ишенем. Анткени, бизге тагылган айыптар такыр далилденген жок.
 
Кубатбек Кожоналиев: Менин митингге катышуумдун себеби – чындыкты жеткизүү болгон. Дал ушул аракетимден айыпталуучуга айландым. Өкмөт учурда “Кумтөр” боюнча чечимин кечеңдетүүдө. Алар түзгөн комиссия деле “Кумтөр” боюнча айрым келишимдер мыйзамсыз түзүлгөнүн аныктаган. Ага карабастан, бизге “Кумтөрдү” бетке тутуп, бийликти басып алгысы келген”,- таризинде күнөө тагылууда. Видеотасманы көрдүңүздөр, митинг тынч маанайда болгон. Мамлекеттик айыптоонун бизге таккан айыптары канчалык негиздүү? Мыйзамга кайрылалы, ага ылайык, ички иштер органдары мыйзамсыз иш-аракеттерди болтурбоого, кайтаруудагы объектинин коопсуздугун сактоого милдеттүү. Бул милдетин аткарууга аларга ким тоскоол болду? Митинг болорун алдын-ала билишсе да, эч кандай чара көрүшкөн эмес. Эми болсо баарына мен күнөөлүү болуп каламынбы? Эмнеге алар тычн митингдин катышуучуларына курал колдонгондугун моюнга алышпайт? Эмнеге алар баарын жоопкерчиликке тарткысы келет да, өздөрүнүн кызматкерлерин коргоп жатышат? Бул кайсы жерде болгон? Жоопкерчиликти ардагерге, пенсионерге жүктөп койгон кайсы адамгерчиликке жатат?
 
Сот кылмыш ишинин мыйзамсыз козголгондугуна да баа бериши керек. Бул процесс жасалма, анткени кылмыш ишинин өзү туура эмес козголгон. Тергөө бир тараптуу жүргөн, эптеп бизди күнөөкөр кылуунун айла-амалы жасалган.
 
Күбөлөр Ташиев жана анын жактоочулары Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери ок аткандан кийин чуркап барганын, дарбазаны ашканын билдирүүдө. Соттук ишке тиркелген “Азаттыктын” видеосунда милиционерлер өздөрү митингчилерге таштарды ыргытканы көрүнүп турат. Ошондуктан да алар ким таш ыргытканын айтып бере албай жатышат. Өздөрүн өздөрү кантип көргөзүшсүн?! Видеотасмадан формачан адамдардын күч колдонгону далилденди. Бир митингчини муунтуп жатышканын деле көрдүк го. Мына ушундай провокация болуп жаткандыктан да Ташиев аларды кууган. Ташиевди мындай кой, Кулов деле мындай шарт болсо так ошол аракетти жасай тургандыгын айтпадыбы.
 
Митинг кантсе да өз максатына жетти. Анткени, мамлекеттик машина кыйчылдаса да, иштей баштаганы көрүнүп турат. Элдин көзү ачылды. Сот өкүмү ушактардын негизинде чыгарылбайт. Мен тагылып жаткан айыптар боюнча күнөөлүү эмесмин.
 
Курмантай Абдиев, ЖК депутаты: 3 октябрда бардыгыбыз тынч митинги өтөрүн болжогонбуз. Биз пленардык жыйын болуп жаткан залдан чыгып, 2-3 депутат эмне болуп жатканына көз жүгүртөлү дегенбиз. Бирок, көзөмөл-өткөзүү пунктунан бизди кое беришкен жок. Анадан кийин биз ок атылганын уктук. 6-кабаттагы кабинеттен “Россия” кинотеатрын көздөй “Камаз” жылганына күбө болдук. Анан Садыр Жапаровдун парламентте сүйлөгөн сөзүн уктум. Анын койгон максаттары туура болгон. Эл үчүн күйүп-бышканы байкалды. Митинг “Кумтөргө” байланыштуу болчу. Бул депутаттардын гана эмес, жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгындагы маселе. Митингден кийин “муз ээрий баштады”. Анткени, “Кумтөр” маселеси боюнча жылы байкалууда. Биз Башкы прокуратурага депутаттардык туура эмес кармалышы боюнча бир нече ирет кайрылганбыз. Бирок, алар иш сотко өткөнүнө шылтап коюшту. Ошондуктан, соттун адилет чечим чыгарарына ишенип турабыз. Камчыбек Ташиев боюнча айтсам, менин оюмча, ал ок атылгандан кийин дарбазадан ашып түшкөн. Негизи бизге ушул Ак үйдү курчаган тосмонун эмнеге кереги бар? Бул маселени эки ирет көтөрдүм. Эч жооп жок. Анан да Кубатбек Кожоналиевди эмнеге камашканы кызык. Мен да ошол жакка барган болсом, камаш керек беле анда? Учурда митингдер сезону күч алууда. Сизден, урматтуу судья, адилет чечимди күтөбүз. Анткени, кандай чечим кабыл албаңыз, тарых барактарына жазылат.
 
Мыктыбек Абдылдаев, ЖК депутаты: Мен сот башталган күндөн бери өкүм чыга турган учурду күтөт. Коллегаларыма жардам бере албай каларымдан корком. Мен ушул беренелердин (“бийликти басып алууга аракет”, “мамлекеттик түзүлүштү кулатууга чакырык) качан пайда болгонун изилдеп көрсөм, ал адамзат тарыхында 1845-жылы пайда болуптур. Бирок, ушул күнгө чейин бир да өлкөдө, бир да адамга каршы пайдаланылбаптыр. Ошого байланыштуу, соттон акыйкаттуулукту күтөм.
 
Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер, айыпталуучулардын жактоочусу: Мунун баары эмнеден башталды? Баарына парламенттик башкаруу күнөөлүү. Эгер парламентте күчү болсо Салянованы чакырып алып, үч депутатты эмнеге мыйзамсыз камакка алганын сураш керек болчу. Андай болгон жок. Бизде азыр системага ким каршы чыкса, ал заматта эл душманы болгон заман өкүм сүрүп жатат. Элибиз эки ыңкылапты башынан өткөздү, а бирок, эч нерсе өзгөргөн жок. 120 депутаттын баары Атамбаевдин бут алдына жыгылып турушат. Кылмыш кодексинин 295-беренси “бийликти басып алгандарга” гана колдонулушу керек эле. “Басып алган” менен “басып алууну каалаган” дегендин айырмасын билбейсиңерби? Эмнеге анда бул берене айыпталуучу депутаттарга колдонулуп жатат? Биз бардыгыбыз бир факультетте билим алганбыз, бир иш менен алекпиз, бир Кодекс менен иштейбиз. Анда эмнеге ушундайга жол берилет? Башпрокурор Аида Салянова мыйзамсыз үч депутатты камап олтургандан кийин Кыргызстан кантип укуктук өлкө аталат? Бул депутаттар кайсы бийликти басып алгысы келген? Өздөрү бийликтин чокусунда – парламентте олтурушат. Эмне өздөрүнүн бийлигин өздөрү басып алабы? Анан буларга чектен чыккан айып сурагандын эмне зарылчылыгы бар? Абийир, уят-сыйыт деген барбы? Анын үстүнө булардын депутаттык кол тийбестиги бар. Аны алып салмайын, буларды соттоого болбойт мыйзам боюнча. Биринчи ошол кол тийбестиктен ажыратып албайсыңарбы. Андан кийин соттой берсеңер жарашмак, тууру болмок мыйзам боюнча.
 
Үч жигит боюнча. Буларды соттоого мүмкүн эмес. Жапаров бийликти басып алууга чакырык жасадыбы? Видеодо да, стенограммада да бир да андай сөзү жок. Ал “Кумтөр” боюнча гана доклад жасаган. Талант Мамытов 25-сентябрда Кыргызстанда болгон эмес. Сот ушуну да текшергиси келбейт. Прокурорлор ушуну текшерип, бир аз чындыкка окшоштурбайт беле. Ал эми Камчыбек Ташиев аябай эмоционалдуу адам. 2010-жылы Камчы Сузакта элди токтотпогондо ал окуялардын аягы эмне менен бүтөт эле, белгисиз. 3-октябрда ал элге ок атпоого чакырган. Минтип элге ок жаап жатса Камчыдан башкасы да чуркап бармак элди коргош үчүн. Кыскасы, булардын соттолуп жатышы саясий буйрутма.
 
Мен “Кумтөрдүн” маселесинин да чечилишинен ниет кылам. Өкмөттүн эмнеге айыпталуучуларды коргобой жатканына түшүнбөйм. Анткени, өкмөттүн жакшы иштеши ушул “Кумтөрдөн” көз каранды. Садыр Жапаровдун аягына чейин барарын күтөм. Башыңарды жерге салбагыла, аяган чейин тургула!
 
Икрамидин Айткулов, К.Ташиевдин жактоочусу: Биз Кыргызстандын тарыхындагы эң бир уникалдуу процесстин аягында турабыз. Ошондуктан, терең ойлонуп чечим кабыл алуу керек. Бул кылмыш ишин – башпрокуратура менен тергөөчүлөрдүн ашкере мыйзамсыздыкты туу туткандыгынын үлгүсү. Өтө көп мыйзам бузууларга жол берилген. Кылмыш иши мыйзамсыз козголгоню Баш прокурордун орун басары кантип үч депутатка кылмыш ишин козгоого батынды? Бул укук Башкы прокурорго гана берилген. Бул мыйзамсыздыкты өкүмдө да белгилеп коюңузду өтүнөм, урматтуу судья.
 
Биз, Ташиев экөөбүз, митингде сүйлөгөн сөзүнүн лингвистикалык экспертизасынын жыйынтыгы менен таанышкан жокпуз. Эксперттер “Ата-Журтка” ачык эле каршы турушкан. Экспертиза жыйынтыгында “ата-журтчуларды” тап душманындай көрүшкөнү так даана байкалып турат. Кайсы юрист ушундай аныктама бере алат? Качантан бери эксперттер юридикалык баа берип калышкан? Дагы башка экспертиза жыйынтыгын алалы. Үч адам кол коюптур, аттарын атабай эле коеюн. Буларды жазгандарын окуган адам уялат. Булар корутундусунда “Жапаров менен Ташиев кызыксыз жана жай адамдай сүйлөдү”,- деп жатышат. Эски чийилген пластинканы кайра коюп алышып, “эл митингден тажады”,- деген сөздөрдү айтышыптыр. Булар эмне, эми элдин атынан сүйлөп калышканбы? Бул жеке адамдын пикири, ал эксперттердин корутундусу катары эсептелбеши керек. Эксперт бул корутундусу менен бизди тааныштырбай туруп, Биринчи май райондук сотуна жиберип ийет. 2 ноябрда болсо, кызыгы, алар экспертизанын корутундусун кайра кайтарып алышат. Мен башынан айткам. Булар аталган экспертизасы менен Ташиевди каралоо, жаманатты кылууну гана ойлошкон. Ошондуктан, бул экспертиза сот ишине тиркелбеши керек.
 
Эми негизги маселе – эмне үчүн Ташиев дарбазадан ашып түшкөн? Менин оюмча, мунун көптөгөн күбөлөр айтышты – ал дарбазадан ок атууну токтотуу максатында ашып түшкөн. “Кумтөрдүн” кыргыз эли үчүн мааниси зор. Ташиевдин бул аракети болбосо, биз бул чындыкты моюнга албайт болчубуз. Ташиев да, Жапаров да депутаттарды “Кумтөр” боюнча туура чечим кабыл алууга үндөгүсү келген. Ташиев “Кумтөр” жалпы улуттук маселе болушун каалаган. Ал максатына жетти. Ошондуктан, Ташиевдин аракетине суктанам. Ал эффективдүү саясатчы экендигин толугу менен далилдей алды. Анан албетте, Ак үйдү курчаган тосмонун өзү мыйзамсыз курулганын эске алуу зарыл. Урматтуу судья, сиздин адилет чечим чыгарууга укугуңуз бар. Ошондуктан, айыпталуучулар акталып, айыптоочу тараптын мыйзамсыз аракеттери боюнча кылмыш иши козголушу керек.
 
Жыргалбек Бабаев, К.Ташиевдин жактоочусу:  Бардык далилдер жасалгаланган. Аларды бышыктаган бир да факт жок. Жанында курал-жарак болгонун айтып жатышат, бирок, жарты таш да жок экенин көрдүңүздөр. 25-сентябрда төңкөрүштү пландаганын жазышууда. Бул прокурорлордун гана фантазиясы. Мына, Талант Мамытов ал күндөрү Душанбеде болгонун документалуу тастыктап берди, бирок, прокурорлор ушуну да текшерип койгонго жарашпады. Ак үйдүн тосмосунан 2005-жылы да, 2010-жылы да ашып түшүшкөн. Бирине ушул беренелер боюнча кылмыш иши козголдубу? Мыйзам баарына бирдей болушу керек. Тандалма колдонулбоосу керек. Башпрокурор ошончолук принципиалдуу экен, анда келсин, 2010-жылкы окуянын уюштуруучуларын да соттосун. 213-беренеде далилдер болсо гана адамдарды соттоого мүмкүн экендиги айтылат. А бул жерде мамлекеттик айыптоо тарабынан эч кандай далил келтирилген жок. Ташиевди кармоо, камакка алуу мыйзамсыз жүргөн. Нурлан Жээналиевдин депутаттарга кылмыш ишин ачууга укугу жок. Башпрокурор деле парламенттен уруксат алып гана козгосо болот.
 
297-берене анчалык деле оор эмес. Булар эмне, өздөрүнүн бийлигин өздөрү басып алгысы келгенби? Бул беренени канча жабыштырбасын, жарашпай турат. Айыпталуучулардын бийликти басып алуу планы болгон эмес. Ташиев болгону “барабыз да, депутаттардын кабинетине кирип, олтуруп алабыз”,- деген. Анда да колдорунда эч кандай курал, таяк, союл же таш болгон эмес. Мен да Ташиевдин ок аткандарды токтотуу максатында дарбазадан ашып түшкөнүнө ишенем. Депутаттарда кол тийбестик укугу бар. Биринчи ошол кол тийбестикти алып салып, анан гана сотко келиши керек эле. Ансыз буларды соттоого, чечим чыгарууга болбойт. Бул мыйзамды бузгандык.
 
Токтогул Абдиев, С.Жапаровдун жактоочусу: Үч мамлекеттик ишмердин темир тордо олтурганын биринчи жолу көрүп жатабыз. Адвокаттар айыпталуучулардын күнөөсүз экенин толук далилдеп беришти. Садыр Жапаровду “Кумтөрдөй” кенибиз туруп, Кыргызстандын тышкы карызы 2,5 миллиард долларды чапчыганы кашайткан. Эгерде биздин мамлекет “Кумтөрдү” туура багытта иштеткенде, элибиз кедей болмок эмес. Сыртка тентип жүрүшмөк эмес. Дал ушул маселе жүрөгүн ооруткандыктан, С.Жапаров “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыккан. А.Салянова депутат С.Жапаровдон “Кумтөрдүн” карызын кечүүгө тийешеси бар экендигин айткандыгы үчүн өчөшкөн. Ал эми анын орун басары Н.Жээналиев өз укуктарынан ашып түшүп, кылмыш ишин козгоп ийди. Мамлекеттик айыптоочулар жашыруун күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн иш жүзүндө камсыз кыла алышпады. Эми арга кетип, жасалма күбө Осмонкулованын, “Кожоналиев менен Жапаровдун шыбырашканын уктум”,- дегенине ишенип турушат. Ал айым сотто өз көрсөтмөсүн үч жолу өзгөрттү. Антпегенде деле, ошончо ызы-чууда Осмонкулов Жапаров менен Кожоналиевдин шыбырашканын кантип уга алат? Ушул да далилби?
 
Оппозициянын түпкү максаты – бийликти алмаштыруу. Бул ар бир мамлекеттеги оппозициянын иш-аракети. Жактоочу Бабаев мамлекеттик айыптоо тарабынан табылган далилдер жасалма экендигин айтып өттү. Мен ага толугу менен кошулам.
 
Жылдыз Жолдошева, ЖК депутаты: Бардык адвокаттар далилдер жасалма экенин айтып чыгышты. Эгерде сиз, урматтуу судья, адилет чечим чыгарсаңыз, тарыхта каласыз. Буларды камакка алып, бийлик туура эмес иш жасады. Деги биз кайда баратабыз? Кыргыздын мыкты эр-азаматтары темир тор артында олтурат. Булардын артында эл бар. Эми ушуларды сындырып жатышса биз кантип түтөп карап турабыз? Урматтуу судья, сиз гана ушул адилетсиз системаны буза аласыз, бузуңуз! Акыйкаттуу болуңуз. Саясий буйрукту аткарбаңыз!
 
Соңку сөз ордуна
 
“Майдан.kg” гезитинин позициясы: Урматтуу окурман! Өзүңүздөр сан сайын күбө болуп жаткандай, үч депутаттын, жансакчылардын жана генерал Кожоналиевдин мамлекеттик айыптоочу тарабынан коюлган айыбы далилин тапкан жок. Биздин сот залынан жасаган репортаждардан сиз да буга күбө боло алдыңыз. Ошондуктан, кыргыз эли бир гана адилеттүү, эл уулдарын актаган чечимди күткөнгө акылуу. Алар сот залынан бошотулушу керек. Башка чечим болуп, депутаттар камала турган болсо – аны көп болжобой эле бийликтин буйрутмасы катары санасак болот. Буга негиз толтура. 29-мартта сот аяктайт. Эл депутаттарына боштондук!
 
Автандил Белеков
Булак: “Майдан.kg” гезити