Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2421
7-марттагы сот олтурумунда жактоочулар тарабынан "Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовду жана алар менен кошо айыпталган үч жансакчынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилди. Себеби, соттук жараяндын эң негизги этабы – күбөлөрдү суракка алуу учурунда темир тордун ичинде олтургандардын бир да күнөөсү далилденген жок. Ошону эске алганда, соттук териштирүүнүн аягына чыгышына булар өздөрү биринчи кезекте кызыкдар болуп турат. Бул жагынан алып караганда, айыпталуучулардын качып кетишине эч кандай негиз жок. Мындан тышкары, жактоочулардын айтымында, камактагы депутаттардын саламаттыгы да начарлап кеткен.
 
Дагы бир жүйөө катары жактоочу, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров депутаттардын тарапкерлеринин нааразылыгын басаңдатуу керектигин келтирди. Себеп дегенде, Ошто, Караколдо, Жалал-Абадда ж.б. аймактарда үч депутаттык бошотуу талабы менен нааразычылык акциялары күч алган. Баатыр энелер Жалал-Абад облакимчилигине кирип алышып, балдарды чыгармайын чыкпастыгын билдиришкен. Эл талабы орундалбаса, митингчилер кескин чараларга өтө тургандыгын да катуу эскертишкен болчу. “Буга чейин деле ушундай окуялар биздин тарыхта болуп келген. Мурда деле бөгөт коюу чарасын өзгөртпөй, камакта гана отуруш керек деп "сокур чечим" кабыл алуу Аксы сыяктуу окуяларга себеп болгон эле. Ошондуктан мындай окуяларга жол ачпаш үчүн депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка байланышпаган чечим кабыл алсаңыз, коомдогу чыңалууну басаңдатууга өз салымыңызды кошкон болот элеңиз”,- деди Азимбек Бекназаров судьяга кайрылып.
 
Бирок, судья Адылбек Субанкулов мамлекеттик айыптоочулардын: “үч депутатка өтө оор айыптар тагылып жаткандыктан, аларды камактан чыгарууга болбойт”,- деген каршы жүйөөсүн колдоп, жактоочулардын талабын четке какты. “Соттолуучуларга, үй-бүлөлүк абалына, ден соолугу тууралуу жагдайларга буга чейин сот тарабынан баа берилген. Ал эми алардын күнөөсү далилденгени же далилденбегени өкүмдөн соң белгилүү болот. Сот айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү чечимин канааттандырбайт”,- деди ал.
Судьянын бул чечими күтүлгөндөй эле чоң нааразычылыктарды жаратты. “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев судьянын чечимин "саясий буйрук" катары мүнөздөдү. “Бул кылмыш ишинин өзү мыйзамсыз козголгон. Ал саясий буйруктун негизинде ачылган. Бийликтин, айрыкча өкмөттүн кемчиликтерин көзгө сайып көрсөткөн депутаттардын оозун жабуу үчүн ушундай чечимдер кабыл алынып жатат”,- деди Ташиев.
 
Мына ушул учурларда сот залындагы суу түтүгү жарылып, ишти кароо 14-мартта жылдырылды.
 
Судьянын кайра-кайра бир багыттагы чечим кабыл алып жатышынан саясий серепчилер да “бийликтин буйругун” көрүшүүдө. Айтпаса деле, азыркы соттордун бийлик бутактарына толук көз каранды экендиги белгилүү. Атамбаев бийлиги деле Акаев, Бакиевден айырмаланбай, “чөнтөк соттор” аркылуу саясий каршылаштарын жазалоону улантууда. Бул ыкманы колдонгон мурунку президенттердин тагдыры азыркыларга сабак болбогондугу гана өкүндүрөт.
 
Ушу тапта үч депутатты бошотуу талабын көздөгөн нааразычылык акциялары уланууда. Айрыкча, Жалал-Абадда эл толкуну өзгөчө каптады. Баатыр энелер облакимчиликтен чыгышканы менен, боз үйлөр тигилүү бойдон турат. Жума башында Жалал-Абадда 5 миңдей адам топтолуп, аларга атчандар да келип кошулду. Бийлик сөрөйүңдүн Алласы оозуна келип, эл ичинде ар кандай ушак-айың тарката баштады. Буларга ишенсең, ыңкылап даярдалып, талап-тоноочулук башталат имиш. Дал ушул ушак элдин үрөйүн учураарын да билишет. 13-мартта, башкача айтканда бүгүн “Кумтөр” алтын кенинин, камактагы депутаттар К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовдордун укуктарын коргоо комитети массалык митинг өткөзүү алдында турган. Ушак таркаткан күчтөр ал аз келгенсип, антимитинг да даярдап койгону белгилүү болгон. Ушул себептен, үч депутат эл тынчтыгын ар дайым биринчи планга коёрун далилдешип, митингди өткөзбөө чечимине келишти. Ал эми депутат К.Ташиев болсо өз шайлоочуларына кайрылып, ар кандай нааразычылык акцияларын токтотууну суранды.
 
Бирок, Жалал-Абадда, Алайда кечээ да митинг уланды. Каз катар тизилип турган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин көргөн митинг уюштуруучулары бийликке “коркпогула, биз мыйзам чегинен чыкпайбыз, мамлекеттик имараттарды басып албайбыз”,- дегенге аргасыз болушту. Бийлик эмнеге мынча чочулап жатат? Анткени, 2010-жылы өздөрү ушул жолду басып өтүшкөн. Мыйзамсыз жолдорду колдонуп, бийликти басып алышканы баарына дайын.
 
Жалал-Абад, Оштун эли Ташиевдин суранычына карабастан, мөөнөтсүз митингге чыга беришерин айтышууда. Анткени, алар буга чейин бир топ жолу алданышканын, эми андайга жол бербей турушканын айтууда. Чынында, бийлик өкүлдөрү буга дейре элди ар кандай амалдар менен жоошутуп келген. Сабырдуу элибиз ушул күнгө чейин күттү. Анан албетте, судьясы күнөөсү далилденбесе да депутаттарын бошотуудан баш тартып жатса ишенбейт да. Демек, эл толкунун бир гана нерсе – адилеттүү сот чечими гана токтото алат. Муну судьяга буйрук берип жаткан Ак үйдөгү бийлик төбөлдөрү түшүнөт бекен же жокпу, убакыт көрсөтөт. Эл биримдигин, тынчтыгын ойлошсо – туура багытка бурулушаар. Болбосо...
 
Автандил Белеков,
Булак: “Майдан.kg”, №09, 13-март 2013-жыл