Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2943
Кыргызстандын калкы дагы бир нече күндөн кийин 2010-жылдын апрель окуясынын үч жылдыгын белгилейт. Ошондуктан бул күндөрү ар бирибизди “Эмнеге жетиштик, оңолуу жолуна түштүкпү, бийликке кимдер келди?” деген бүдөмүк суроолор түйшөлтүүдө.
 
Тилекке каршы апрель окуясы боюнча сот иши туңгуюкка такалып, 90го жакын азаматыбызды кимдер аткандыгы белгисиз бойдон калууда. Мындан тышкары 2010-жылдагы июнь коогалаңынын күнөөкөрлөрү, бакиевдердин байлыгын кимдер тоногондугу, банк кутучаларынан уурдалган миллиондор боюнча маселе да ачыкка чыккан жок. Ал эми 7-апрелден кийин бакиевдердин байлыгынын талап-тоноого тийешеси бар деп эсептелген “Ата-Мекен” партиясынын депуттары Ө.Текебаев, Б.Шер, Т.Мадылбеков жана Р.Төлөгөновдордун “ишмердүүлүгүн” изилдеген К.Осмонов башында турган депутаттык комиссиянын тыянагы “ит жыгылыш” менен аяктады. Себеби, парламенттеги беш фракциянын ар биринен экиден депутат бул комиссияга мүчө болуп кирип, бирок жарымы “ичтен ириткен” иш жасашты же К. Осмоновду буттан чалышты. Анткен менен калайык-калк, жалпы эл кимдин ким экендигин эбак эле билип, өз баасын берип койгон. “Шибегени капка ката албайсың,”- дегендей, элден, тарыхтан чындыкты эч качан жашыра албайсың жана эртеби-кечпи жооп берүүгө туура келет.
 
Бул аралыкта азыркы бийликтегилердин Гүлчөтайдын жоолугу башынан шыпырылып түшкөндөй, чыныгы жүзү ачылууда. Болгондо да алар өздөрүнүн жүрүш-турушу менен ким экендигин жана эмнеге “жөндөмдүүлүгүн” далилдеп жатышат. Алгач бийлик маселесинен сөз баштасак, башкасын мындай коёлу, “Ата-Мекен” партиясы кандай гана жол менен болбосун Бакиевдин бийлигин кулатып, алардын ордун ээлеп калууну көздөгөндүгү белгилүү болду. Болгон айырмасы – үй-бүлөлүк башкаруунун ордуна партиялык-кландык бийлик орноп, Кыргызстанды үч-төрт партия бөлчөктөп бөлүп алды. Макул, алар башкарсын, колунан келсе, өлкөбүздү өнүктүрсүн. Эгер мамлекетибиз алга карай кадам таштаса, анда талаш жок эле. Бирок баары баягыдай эле эскиче болуп жатпайбы. Бүгүнкү бийлик кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз деп канчалык жар салбасын, алардын бул аракети жердешчилик, эски бийликтин учурунда кайсы бир кызматта иштегендердин күнөөсү бар-жок, далилденген-далилденбегендигине карабастан куугунтуктоо, оппозицияны болор-болбос шылтоого таянып камоо менен гана алектенип жатат.
 
2010-жылга чейин көчөдө же Ө.Текебаевдин артынан ээрчип жүргөндөрдүн көпчүлүгү майлуу-сүттүү кызматтарды ээлешти. Мисалы, “Манас” аэропорту, транспорт, социалдык өнүктүрүү министрликтери, бир нече райондук акимдер менен мэрлер, КТР, мамлекеттик кадр кызматын жана башка мамлекеттик мекемелерди “Ата-Мекендин” кадрлары ээлешкен. Баарынан да алар өздөрүн ушунчалык каалагандай сезип, билгенин жасап жатканында. Мисалы, былтыр ушул партиянын лидерлеринин бири болгон К.Самаковдун жакын адамы болуп саналган Нарын шаарынын мэрине Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы коррупциялык аракети үчүн айып тагылып, бирок ал адам чымын чаканчалык да болбой, азыр өз ордунда иштеп жатат. Ал эми байкалбаган менен социалдык өнүктүрүү министри болуп бул тармакка эч кандай тиешеси жок, журналист Кылычбек Султанов да дал ушул Ө. Текебаевдин “амири” менен дайындалган. Акчалуу журналисттин кыялын партлидер жөн жерден эле орундатпаса керек...  
 
Мурдагы спикер А.Келдибековду машинесинин дөңгөлөгүнө, кагаз, калемге шылтоолоп Ө.Текебаевдин өжөрлүгү менен кызматтан алган соң да Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын башчысы баш болгон чарбалык кызматтары азыр ушул партиянын мүчөлөрүнүн колунда.
 
“Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев канчалык коомчулуктун алдына чындык үчүн чыркырап күрөшкөн Данкодой көкүрөгүн кагып кыйкырбасын, иш жүзүндө баары тескери болуп жатат же бул партияда ушундай шылуундар көп жана баары акча менен өлчөнөт. Мисалы, өткөн жумада беш жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкүн конфискациялоо  тууралуу соттун чечими чыккан мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров пара менен кармалганда эле аны партия мүчөлүгүнөн чыгарган билдирүү таратып кутулду. 
 
Кечээ жакында бир атышуунун катышуучусу  “Ата-Мекендин” мүчөсү болуп чыкты. Болгондо да ал Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Алтынбек Арзымбаев деген экендигин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Ички иштер органынын маалыматы боюнча, А. Арзымбаев 6-март күнү борбордогу Токомбаев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде өзүн бычак менен коркуткан адамдан коргонуп, бутуна тапанчадан ок чыгарган. Учурда жабырлануучу адам ооруканада, бутка аткан депутат убактылуу кармоо жайына камакка алынып, 234-беренеге ылайык кылмыш иши козголгон. Ал эми Бишкекте убактылуу жашап жаткан А.Арзымбаевден милиционерлер газ-травматикалык тапанчасын 9 огу  менен кошо алышкан. Анын курал алып жүрүүгө тиешелүү уруксат документи болгон. Канткен менен курал алып жүрүүгө мажбур болгон аймактык депутатты жок жерден эле бирөө бычак такап коркутпаса керек...
 
Баса, аталган партияга залкар жазуучу Ч.Айтматовдун кызы Ширин да мүчө болуп саналат жана ЖК депутаты мандатын алган. Кыргыз эли Ширинди атасынын атак-даңкына татыктуу, жаңыча көз караштагы, эч кимге кошомат кылбаган жана дайыма чыркыраган чындыкты бетке айткан тайманбас эл өкүлү катары билет. Өткөн жумада фракциянын кайсы бир жыйынында ал партия лидери Ө.Текебаев менен депутат К.Осмоновдун тегерегинде кер-мур айтышып, “Мен К. Осмоновго жан тартканым жок, болгону өз пикиримди айтып жатам”,- деди. Бул окуя да учурда “Ата-Мекендин” ичинде биримдик, ынтымак жок экендигин жана лидерге нааразычылык менен ишеним кетип жаткандыгын далилдеп турат.
 
“Ата-Мекен” партиясынын тегерегиндеги дагы бир “бомба” “Жаңы Агым” гезитинин өткөн жумадагы санында жарылды. Анда биз көптөн бери жоготуп жүргөн кесиптешибиз Абдувахаб Мониев (ошол жакта экен) бул партиянын саясый кеңешинин мүчөсү катары “Ата-Мекендин” лидери Ө.Текебаевге кайрылып, март айында партиянын кезексиз курултайын өткөрүүнү талап кылган. А.Мониев маегинде “Ата-Мекен” социалисттик партиясынын Кыргызстандагы акыркы саясый аракеттерине, тутунган позициясына тыгыз байланышкан чалкеш маселелер жаралды. Партия 2010-жылдын апрелинен кийинки тарыхый мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланган жок. Ага удаа көптөгөн тактикалык катачылыктарды кетирди, дагы деле кетирип жатат. Кыскасы, өзү мурда жар салган идеяларынан, карманган принциптеринен таптакыр айнып, стратегиялык негизги максаттарынан тайыды. Ошон үчүн жер-жерлерде “Ата-Мекенге” карата калктын көз карашы кескин түрдө өзгөрүп, ушул тапта теңирден тескери пикир жаралып отурат”,- деген. Эми партиянын саясый кеңешинин мүчөсү өзү ушундай пикири тууралуу республикабыздагы белгилүү гезитке маек берип жатса, анда бул партиянын күнү бүтүп, чыныгы жүзү ачылып калган экен.
 
Мындан да А.Монуевдин ушул мегиндеги төмөнкү сөздөрү жакаңды карматат: “... Ушуга улай ошол 2010-жылкы апрель төңкөрүшүнөн кийин талап-тоноочулук, чет өлкөлүк, маселен, орусиялык компаниядан бир миллион доллар пара алган өңдөнгөн партия жолбашчыларына тагылып жаткан айыптар токтоосуз түрдө төгүндөлүп же тескерисинче тастыкталууга тийиш. Анткени “Ата-Мекен” социалисттик партиясы мамлекеттик кызмат орундарын ачык соодалап акчага сатпагандыгына, ошондой эле жолбашчылардын Кыргызстанда талап-тоноочулук жана каракчылык жараяндарына дегеле катышпагандыгына ириде партия мүчөлөрү өздөрү көзү жетип, толук бойдон ишенүүсү кажет”,- деген. 
 
Ошентип, 2010-жылы апрелде Кыргызстанда эч кандай элдик революция болбой эле бейкүнөө жаштардын каза болушунан шылуундар менен шумпайлар, бийлик жана байлыкка умтулгандар пайдаланып кетишкен. Андыктан бүгүнкү күндө бийликте мындай жеке кызыкчылыгын ойлогондор отурганда өлкөбүздүн жакын арада өнүгүү жолуна түшөрүнө көз жетпейт...
 
Ж. Жамгырчиев,
Булак: “Майдан.kg”, №09, 13-март 2013-жыл