Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3521
Өткөн жумада “Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет” жана “Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык” беренелери боюнча мыйзамсыз козголгон кылмыш иш алкагында айыпталып жаткан парламент депутаттары К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов, генерал-майор К.Кожоналиев жана “Ата-Журт” лидеринин үч жансакчысынын үстүнөн жүрүп жаткан сот иши улантылды.
 
Талашка түшкөн дарбаза
 
3-октябрдагы окуяга байланыштуу сот процессинде “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов да көрсөтмө берди. Анын айтуусуна караганда, Ак үйдү тегерете курчап турган темир тосмонун, деги эле анын ичиндеги аянттын өзгөчө кайтаруудагы объектилердин катарына кире турган документтин жок экендигине да көңүл буруу керек. “Негизи, митинг учурунда 3-октябрдагыдай кырдаалдар боло берет, эн негизгиси карапайым адамдарга анын зыяны тийбесе болду. Бирок, майда бир ээнбаштык окуяны бөйрөктөн шыйрак чыгарып, бийликти басып алууга жоруган туура эмес. Бийликти күч менен басып алыш үчүн митингге келгендердин колдорунда курал болушу керек. Жеке мен андайды көргөн жокмун. Ташиевдин аракетин мен түшүнөм. Элге карай ок атыла турган болсо, мен деле ага окшоп дарбазаны ашып түшмөкмүн”,- деди Ф.Кулов.
Кошумчалай кете турган нерсе, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева да президенттин иш башкармалыгына кайрылып, Ак үйдүн жана анын тегерегиндеги объектилердин статусун тактаган документтерди сураган. Бирок, ал жактан мындай документтин жоктугу тууралуу жооп келген. Ж.Жолдошева президенттин иш башкармалыгынын бул катын судьяга тапшырды.
 
Ф.Кулов бул объектилердин статусу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап жатканын да белгилеп кетүү абзел. Чындыгында, Ак үйдү курчап турган темир тосмонун өзү мыйзамсыз тартылганын буга чейин бир катар эксперттер айтып келишкен. Эсиңизге салсак, аталган тосмону куруу чечимин учурунда экс-президент К.Бакиев кабыл алган. Буга Бакиевдин кетишин талап кылган митингдердин күчөшү себеп болгонун айтып коюу керек. Тосмону го тартышыптыр, бирок, кашайгырдыкы, аны мыйзамдаштырып койгонго жарашпаптыр.
 
Баса, коомчулукту көптөн бери кызыктырып келе жаткан: “Ташиев Ак үйдүн дарбазасынан эмнеге ашып түштү?”- деген суроого Нарындан келген күбө, 7-апрель окуясы учурунда жалгыз уулунан ажыраган Жаңыл Иманкулова так жооп айта алды. Анын айтымында, Ташиевдин Ак үй дарбазасынан ашып түшүшүнө ичтен элге карай ок атыла баштагандыгы себеп болгон. “Биз болгону депутаттарга жолугуп, “Кумтөр” маселесин чечтиргибиз келген. Ак үй тарапка ошон үчүн басканбыз. Дарбазага жакын келгенде К.Ташиев колун көтөрүп, бизди токтотту. Бирок, ошол учурда ичтен ок атылып, кулакты дуулдаткан шашкелер атылып кетти. Ташиев “элди аткыча мына, мени аткыла!”- деген бойдон дарбазадан ашып түштү. Ок аткандарды токтотуу максатын менен ушул кадамга барды. Мен Камчыбектин бул аракетин баатырдык катары баалайм”,- деди күбө Ж.Иманкулова.
 
Өтө оор беренелер менен айыпталып жаткан үч депутатта күнөө жоктугун сотко атайын келген Үсөн Сыдыков да белгилеп өттү. “3-октябрда митинг учурунда мен Бишкекте жок болчумун. Бирок, окуянын чоо-жайына өз алдымча саресеп салдым. Бүгүн айыпталып жаткан депутаттардын эч кандай күнөөсү жок. Булардын баары келечекте кыргыз элинин гүлдөп-өсүшүнө зор салым кошо турган инсандар. Ошондуктан, урматтуу судья, калыс караңыз”,- деди ал.
 
Акаевдин Карыпкулову, эми Атамбаевдин Оторбаеви
 
Сот процессине 3-октябрдан бери Коомдук телеканалдын бир жактуу, камактагы депутаттарды атайын каралаган материалдарды үзбөй берип келе жаткандыгы үчүн Кубат Оторбаев да келип, көрсөтмө берди. КТРКны көргөн адам бийликтин үч депутатка карата саясий буйрутмасы бар экенин так ажырата алат. Анткен менен КТРК жетекчиси саясий буйрутма бар экендигин эч бир моюнга албай, канал ар бир тарапты калыс чагылдырууга аракет кылаарын айтты. “Жалал-Абадда, Ошто, Кара-Кулжада, Алайда, Аксыда, Ала-Букада, Ноокенде, Өзгөндө ж.б көптөгөн жерлерде миңдеген адамдар менин укугумду коргоп, митингге чыгып жатат. Мына ушул адамдардын арманын эмнеге көрсөтпөйсүңөр? Же булар Кыргызстандын жараны эмеспи? Кана сиз айтып жаткан калыстык?”,- деп Ташиев кайрылганда да, Оторбаев оңдуу жооп бере албай, “митинг болорун билген эмесмин, сиздер айтып туруңуздар”,- деп кутулду.
 
Депутат К.Ташиев Коомдук телеканалдын аны 3-октябрдагы митингге чейин Лондон менен Минскиге чалганы тууралуу таркаткан маалыматына кызыкты. Мындан эч бир кабары жоктугуна байланыштуу, Оторбаев кийинки сот олтурумуна маалымат топтоп келип, араң жооп берди. КТРК жетекчиси билдиргендей, аталган маалыматты журналисттер “Дизель” интернет-форумунан алышыптыр, ал Токтогул Какчекеев аттуу эксперттин пикири менен коштолгон. Башта, өзүнүн калпыстык кетиргени далилденсе, эл алдында Ташиевден кечирим суроого Оторбаев сөз берген болчу. К.Ташиев 3-октябрга чейин эле эмес, өмүрүндө Лондонго же Минскиге бир да ирет телефон чалбаганын айтып, кылмыш ишине тиркелген өзүнүн телефондук сүйлөшүүлөрү камтылган “Мегаком” компаниясынна алынган маалыматты Оторбаевге көрсөтүп коюуну судьядан өтүндү. Кубат мырза өзү жеке ал маалымат менен таанышып чыкты. Тергөөчү тарабынан атайын ушул максатта Ташиевдин телефондук сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат алынган, бирок, Оторбаев “Дизелден” көчүрүп алган номурларга таптакыр чалынбагандыгы аныкталган. Эгерде Ташиевдин ал жакка телефон чалгандыгы чын болгондо, кылмыш ишине тиркелип, анын күнөөсүн оорлотууга аракет жасалмак. Бул жагдай толук билингенден кийин да, Оторбаев өзүнчө шоу жасап, “ой бул иште толук маалымат жок экен”,- шылтоосу менен кечээ берген жигиттик сөзүнөн танып чыкты. Кечирим суроодон баш тартты.  
 
Кимге, качан, каякка телефон чалганымдын баары жазылып турат. Сиз айткан номерлерге мен эч качан чалган эмесмин. КТРдин журналисттери, жетекчилиги саясий кызыкчылыкка алдырышып, мени жаманатты кылып жатышат. Кайдагы Лондон, кайдагы Минскиге чалды деп каралап жатышат. Менин бардык чалууларымды караганда Орусияга гана эки жолу чалган экенмин. Жеке мен Оторбаевдин кечирим суроосуна муктаж эмесмин. Эл ансыз деле билип турат. Мурда Акаевдин Карыпкулову бар болчу, эми болсо Атамбаевдин Оторбаеви деген пайда болду”,- деди Камчыбек Ташиев.
 
Мындан кийин танапис жарыяланганда К.Оторбаев эмнегедир тор ичиндегилерге карай басып барып, бирдеңкелерди сүйлөп жатты. Балким, эл алдында кечирим сурагандан тартынып, кулагына шыбыраса керек. Эмнеси болсо да, КТРКнын чектен чыгып, бийликтин куралына айланып, камактагы депутаттарды шылдыңдоо менен өлкөдөгү ансыз деле оор кырдалды курчутуп жаткандыгы талашсыз. Коомдук жактоочу, укук коргоочу Азиза Абдрасулова ошондуктан Кубат Оторбаевге кайрылып, “Аксы окуясы дал ушул КТРдин айынан чыкканын жакшы билесиң. Акаевдин да түбүнө ушул канал жеткен. Бакиевдин да түбүнө жетти. Ушунун баарын сен Кубат жакшы билесиң. Бирок, билип туруп арыкты чаап жатканыңа түшүнбөйм”,- деди. Андан тышкары, сот процесси тууралуу сөз жүрсө эле Ташиевдин дарбазаны ашып атканын тажабай, кайра-кайра көрсөтүп жатканы да эч бир этикага сыйбай турган жорук экендигин Азиза эже баш, залдагылар төш болуп айтышты. Оторбаев эл пикирин эске алууга ошол жерде сөз берди, а бирок, кечинде “Ала-Тоо” программасын карасак, баягы эле эски пластинка ойноп жатыптыр.
 
Укук коргоочу Роза Нурматованын айтымында, Оторбаев жигитке жарашпаган иш кылды. “Эгерде ал жигит болсо, эркек болсо, эл алдында өзү жетекчи болгон телеканал аркылуу кечирим сурашы керек. Эркек деген эрки күчтүү дегенди билдирет. Эрки күчтүү экенин көрсөтүп, кара жащиги аркылуу Ташиевден кечирим сурап койсо, сыйга жетмек”,- деди ал.
 
Анткен менен, Оторбаевдин деле өз абалы суктанарлык эмес. КТРКдагы коррупциянын тамыры жөнүндө көп сөз айтылууда. Ошонун негизинде жакында кызматтан кетерин эксперттер болжошууда. Анын кетиши менен гана КТРК оңолбосо, бул турушунда Оторбаев ажо Атамбаевдин да түбүнө жетчүдөй болуп турат.
 
Күбөлөр иргелет
 
Сот олтурумунда адвокат Жайлообаев тарабынан көрсөтмөлөрү бүт окшош болгондуктан, күбөлөрдү иргөө өтүнүчү келтирилди. Бул сунушту прокурорлор да колдоп, бирок, өздөрүндө кошумча күбөлөр бар экендигин айтып чыгышты. К,Ташиевдин жактоочусу И.Айткулов буга караманча каршы чыкты. Анткени, анын айтымында, айып коюп жаткан тарапта иш тергелип жатканда бүт мүмкүнчүлүктөр болгон: “Эми тергөөнү сапатсыз жүргүзгөн болсо биз күнөөлүү эмеспиз да. Булар бир жактуу иштеп, колдорунан келгенин жасашты. Иш сотко өткөндөн кийин минтип күбөлөрдү кошконго айыптоочулардын укугу жок. Мындай укук бизде гана бар. Өзүбүздүн чындыгыбызды коргоо үчүн кимди болбосун чакыра алабыз. Мыйзам боюнча да прокурорлордун сунушу туура эмес. Ошончо кыйын экен, анда эмнеге “Патриот”, “Охотник” атуу жашыруун ысымга жамынган адамдарды алып келишпейт. Бүт кылмыш иши ошол эки адамдын көрсөтмөсүнө жараша түзүлгөн. Булар көрсөтмө бербесе, анда өзүнөн-өзү иш жабылышы абзел”.
 
Садыр Жапаров прокурорлорго кайрылып, ачык эле “дүжүр күбөлөрдү алып келгенден прокурорлор уялбайсыңарбы!”- десе, Ташиев УКМУнын 9-бөлүмүнүн жетекчиси Замир Саабаевдин калган кызматкерлери келе турган болсо каршы болбостугун билдирди. “Эгерде Саабаевдин адамдары болсо сураш керек. Буга чейин анын бир да кызматкери командиринин айтканын далилдеген жок. Булар деле ошону айтышат”,- деди Ташиев. Жыйынтыгында, судья буга каршы эместигин айтып, анан да адвокаттардын күбөлөрдү иргөө сунушун колдоду.
 
Укук коргоочу А.Абдрасулованын айтымында, жашырынган адамдарга жамынып иш ачуу өнөкөткө айланып кетти. “Аксы окуясы боюнча кылмыш ишинде да ушул “Охотник” бар. Ал аксылыктардын куралдарды тартып алганын айткан. Бирок, өзү сотко келбегендигине байланыштуу, сот иши үзгүлтүккө учуроодо. Азыр да ушуларга барып такалып атабыз”,- деди ал.
 
К.Ташиевдин оюнча, бул эки күбө өз сөзүн бул жерге келип далилдеп бере албаган соң, соттун деле кереги жок. “Андай болсо минтип сот уюштуруп эмне кыйналып жатабыз. Бизди түз эле күнөөлүү тапкыла да, камап салгыла”,- деди ал.
 
Талант Мамытов да Ташиевди колдоду. “Өңүн өзгөртсүн, парик кийсин... Деги эмне деп гана жалдырап жаткан жокпуз. Бул абсурд. Була күбөлөр эмнеден коркот? Маскасыз эле бул жакка келип, көрсөтмө бербейт беле. Булардын келбей жатканы, алып келбей жатышканы бир гана нерсени далилдеп турат: иш бир тараптуу, өйдө жактын буйругуна жараша тергелген”,- деди Мамытов.
 
Судья да бул күбөлөрдү алып келүүгө тапшырма бергенин, бирок, ал талап аткарылбай жатканын, эгерде келишпесе, мыйзам боюнча бул көрсөтмөлөргө карата чечим кабыл алаарын билдирди. А мыйзам боюнча, К.Кожоналиев билдиргендей, бул адамдардын көрсөтмөсү далил болуп табылбайт.
 
Сот иши эртең улантылат.
 
Автандил Белеков,
Булак: “Майдан.kg”