Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3130
6-февралда парламент олтурумунда 2010-жылы апрель окуясы учурунда “Ата-Мекен” партиясынын айрым депутаттарынын (Ө.Текебаев, Болот Шер, Р.Төлөгөнов жана Т.Мадылбеков) бакиевдердин байлыгын тоноого тиешеси бар же жок экендигн талкууланды, ал чуулгандуу окуянын чоо-жайын иликтөө Жогорку Кеңеште бүгүн, 13-февралда кайрадан улантылмакчы.
 
Бүтүндөй коомчулуктун көңүлүн буруп, бүйүрүн кызыткан бул маселе алгач эле кызуу талаш-тартыш менен башталды. “Ата-Журттун” мүчөсү Ж.Жолдошова төрага А.Жээнбековго кайрылып, иштин алты айдан бери сүйрөлүп келатышына анын күнөөсү бар экендигин, ал жогору жактан басып коюууга тапшырма алгандыгын айтып нааразы болду. Ө.Текебаев болсо Ж.Жолдошеваны “катын” деп чыныгы “ морадёрлордун” жаргону менен сүйлөп, кайра өзү каттуу кагуу жеди. Жалдыз айым эгер бийликчил депутаттар көпчүлүккө салып “морадёрчулук болгон эмес” деген тыянак чыгара турган болсо, анда элдик сот боло тургандыгын эскертти. Ал тургай Сузактагы бакиевдердин кичи мекени Тейит айылынын жашоочулары бир эмес, төрт мамлекеттик комиссия түзүлүп, маселени жаап коюшкандыгын айткан арманын угузду. “Өзбектердин кыргыздын желеги менен боз үйүн бакиевдердин үйүнө кошуп өрттөгөнгө духу жетмек эмес, алардын жанында кыргыздар да болгон...”,- деди.
 
Ансыз деле Бул маселе эл арасында андан мурда деле айтылып келген менен өткөн жылы Ө.Бабановду “Ата-Мекендин” лидери Ө.Текебаев тарабынан премьер-министрлик кызматтан алуу боюнча демилге көтөрүлгөндөн кийин Өмүрбектердин ортосунда айгышкан “согуш оту тутанып”, “морадёрчулук” фактысы имиш деңгээлинен “расмий статуска” ээ болгон. Ошентип ортодогу быкшыган түтүн Ө. Бабанов тарабынан каржыланган НТС телеканалынын журналисттери Бишкектеги СИЗОго барып, ал жерде үч жылга жакын бир нече айыптар мойнуна илинип, түшүнүксүз жагдайлардан улам же далилденбей же жокко чыгарылбай жаткан Абдулла Юсупов, Дастан Оморов жана Азамат Шергазиевдер менен маектешкен тасма теледен көрсөтүлгөн соң  жалындаган отко же саясый куралга айлынды.
 
Албетте, А.Юсуповдор  ага чейин эле абактан “морадёрчулук” фактысы тууралуу элден тартып президентке чейин дубай салам жазышып, коңгуроо кагышкан, алардын каты бир нече маалымат каражаттарына жарыяланган. Бирок, анда айтылган сөзгө укук коргоо органдары менен саясатчылар көңүл бурган эмес. Качан гана бул “бомба” кимдир-бирөөлөргө саясый курал катары керек болгондо депутаттык комиссия түзүлдү. Ал комиссияга парламенттеги ар бир беш фракциядан экиден депутат мүчө болуп, төрагалыгына “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов шайланган.
 
Андыктан маселенин чын-бышыгына жетүү үчүн К.Осмонов (“Ата-Журт”) төрагалык кылган депутаттык комиссия 2012-жылдын 6-сентябрында шымалана ишке киришкен. Алар “морадёрчулук” маселесин бир айда карап, парламент алдында ак же көк деген тыянагын чыгарууга тийиш эле. Бирок, иштин көптүгүнө байланыштуу алгач ноябрга чейин, андан кийин жаңы жылдан кийинкиге калып, акыры февралда комиссиянын бүтүмү чыкты. Төрага К.Осмоновдун айтуусунда, бул “кылым кылмышына” тете талап-тоноочулукту изилдеп, ага жогорудагы депутаттардын катыштыгы бар же жок экендигин далилдөө үчүн өтө көп иштөө жана убакыт талап кылынган. Бирок, белгилүү-белгисиз себептерден улам бул комиссиянын бийликтин КСДП, “Ата Мекен” партияларынын жана “Ар-Намыстын” депутаты Кожобек Рысбаевдин бир гана биргелешип иштешүүдөн эмес, тыянакка кол коюудан баш тартышы комиссиянын ишине бут тосуу катары түшүнсөк болот. Анткен менен дасыккан юрист жана саясатчы Курманбек Эргешовичтин бекем эрки, бир гана парламент эмес, эл, тарых, кала берсе маркумдардын арбагынын алдында жоопкерчиликти жогору сезип, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан, ишти аягына чыгарды.
 
Комиссиянын алдын ала тыянагы боюнча,  "Ата-Мекендин" депутаттары Юсуповдун тобун бакиевдердин байлыгын тоноо үчүн  пайдаланган. Комиссия талоончулукка Р.Төлөгөновду айыптуу деп тапкан. Баса, бул аралыкта “морадёрчулукту” изилдеп, ачыкка чыгаруу алдында турган мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин күтүүсүздөн кызматтан алынып, бир аз унчукпай жүргөн соң, андан көп өтпөй майлуу кызмат ГУИНге начальник болушу да табышмактуу суроолорду жаратат. Анткен менен Зарылбек мырза парламенттин трибунасынан чыгып сүйлөгөн сөзүндө Ө.Текебаев тарабынан кысым, коркутуулар болгондугун айтышы бул маселени караган бүтүндөй парламент жыйынындагы кульминациялык учур болду окшойт. Албетте Ө.Текебаев анын бул айткандарын жокко чыгарууга аракет кылып, керек болсо калп детекторунан текшерүү керектигин айтты. Бул жерден суроо туулат. Эмне үчүн Ө.Текебаев ал кездеги ички иштер министрин кысымга алып, коркутууга чейин барган?
 
Албетте, депутаттык комиссия менен кошо Башкы прокуратура да тергөө амалдарын жүргүзгөн. Бирок бул бир эле фактылар боюнча Башкы прокуратура менен депутаттык комиссиянын тыянагы эки башка чыгууда.
Башкы прокуратура кандай иштегенин ким билсин, депутаттык комиссия 19 жыйын өткөрүп, 60 адам менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Тиешелүү органдардан керектүү документтер алынган. Комиссиянын төрт мүчөсү бакиевдердин кичи мекени Тейит айылында болушуп, жергиликтүү жашоочулар менен жолуккан. Юсупов, Оморов жана Шергазиевдердин көрсөтмөлөрү иликтенген.
 
Комиссия да Юсупов, Оморов жана Шергазиевдер “Республика” фракциясына чейин эле 2011-жылы өз арыз, дооматтарын баардык деңгээлдеги органдарга жөнөткөндүгү белгилүү болгон. Ал тургай ошол кездеги ЖК төрагасы А.Келдибековго чейин кат жөнөтүлүп, натыйжада эч кандай жооп болгон эмес же укук коргоо органдары тарабынан көңүл бурулбай, кылмыш иши козголбогон. Демек, ошондон көп өтпөй спикерлик кызматтан машинасына кымбат дөңгөлөк алды деген “чоң” күнөө менен кызматтан алынган төраганын да бул ишке кийлигишүүгө чамасы жеткен эмес.
 
Эң оболу депутаттык комиссия "Ата-Мекен" фракциясынын депуттары Ө.Текебаев, Болот Шер, Т.Мадылбеков, Р.Төлөгөновдун айыпталуучулар Юсупов, Оморов жана  Шергазиев менен байланышы болгонбу (?) деген жана Юсуповдун тобунун жүйөсү канчалык деңгээлде чындыкка жакындыгы тууралуу суроого жооп издеген.
Көрсө, Текебаев, Шер, Төлөгонов жана Мадылбеков  Юсупов менен тааныш болуп, аларды Төлөгөнов кездештирген экен.
 
Бирок, видеотасмада Юсупов Текебаевге ММК аркылуу кайрылгандан кийин “Ата-Мекен” партиясы Юсупов жана анын тобуна эч кандай тиешеси жоктугу тууралуу маалымат таратышкандыгын далилдеген. Бирок кийин депутаттык комиссиянын жыйынында Текебаев, Шер, Мадылбеков жана Төлөгөнов өздөрү Юсуповду тааный тургандыктарын далилдешкен.
 
Мындан тышкары Ө.Текебаев Юсуповду өз партиясынын кеңсесинде көргөндүгүн моюнга алган. Ал тургай экс-министр З.Рысалиевдин Төлөгөнов Юсуповго жети жолу телефон чалгандыгы боюнча көрсөтмөсү бар.
 
Ал эми учурда бийликте турган бул депутаттардын бакиевдердин байлыгын талап-тоноого катыштыгы бар же жок экендигин далилдөө же жокко чыгаруу бир топ кыйынчылыктарды жараткандыгы көрүнүп турат. Комиссиянын Оморов, Юсупов жана Шергазиевдин көрсөтмөлөрүнө таянып чыгарган тыянагы боюнча, алар Р.Төлөгөнов тарабынан түзүлгөн топко бөлүнүп алып талоончулук жасаган. Алардын ичинде бакиевдердин Горький көчөсүндө алтын чайкаган лабораториясынан кошулмаларды алып чыккан куралдуу топ болгон.
 
З.Рысалиев Юсуповдун көрсөтмөлөрүнүн 80-85%ы далилденгендигин өз учурунда зарылдап айтканы бар.  Комиссия Текебаев, Шер, Мадылбеков талоончулукка катышкандыгын жокко чыгаргандыгын белгилеп, бирок Төлөгөнов талоончулук жасалган жайларда болгондугун тана алган эмес.
 
Комиссия “морадёрлор” тобун Р.Төлөгөнов жетектегендиги боюнча көрсөтмө берген таксист Мирбек Бабалиевдин да жүйөөлөрүн белгилеген. Албетте, депутаттар Текебаев менен Шердин талоончулукка катышкандыгы далилденбегендиги тууралуу тыянак чыгарган.
 
Бирок, күбөлөр алардын кыйыр түрдө катышкандыгы боюнча  көрсөтмө беришкен. Анткени Текебаев Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Шер ИИМ жетекчиси, ал эми Мадылбеков Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги катары бул окуялар боюнча маалыматы болгон жана жок эле дегенде моралдык жактан жоопко тартылууга тийиш.
 
Бирок Юсупов, Оморов жана  Шергазиев баштаган топ талоончулук жасаган учурда аларды курал менен жүргөндүгүнө карабастан эч кандай мамлекеттик органдар токтоткон эместиги же ОМОН тарабынан кармалганда бир телефон чалуу менен кайра бошотулгандыгы да таң каларлык. Демек, алар өздөрүнө ишенген жана жогор ужакта кимдир-бирөөлөр “крыша” болгон.
 
Бир чети Юсуповдун командасы өз “миссиясын” аткарып бүткөн соң аларга мурда убада кылынган акча, байлыктын бир бөлүгү берилбей, анын ордуна түрмөгө отургузулушу  ачуу чындыкты ачыкка чыгарууга мажбур кылса керек..
 
Бирок, депутаттык комиссиянын тыянагына "Ата-Журт" фракциясынан  комиссиянын төрагасы  Курманбек Осмонов, анын фракциялашы Надира Нарматова, "Ар-Намыстан" Анвар Артыков, "Республиканын" депутаттары Кенжебек Бокоев жана Абдыжапар Бекматов гана кол койгон.
 
Ал эми экинчи “ар-намысчы” Кожобек Рыспаев, КСДПнын депутаттары Замир Жоошбеков, Бахтияр Кадыров жана  “ата-мекенчилер” Бактыбек Калмаматов жана Наталья Никитенколор убактылуу депутаттык комиссиянын тыянагына кол коюудан баш тартышкан. Булардын бул маселе боюнча өзгөчө пикири бар экен.
 
Биз билгенден бакиевдердин Бишкектин ар кайсы бурчундагы хансарайларын айтпаганда да, Горький көчөсүндө алтын чайкаган лабораториясы болгон. Анда ошол 2010-жылдын 6-7-апрелинде эки тоннага жакын алтын алынуучу топурак болгон. Албетте, бийлигин кокустан алдарган бакиевдер алтыны, акчасы, байлыгы эмес, өздөрүнүн кара жанын араң алып качууга үлгүрүшкөн. Демек, ал алтын, акча жана башка байлыкты кимдир-бирөөлөр талап-тоногондугу кашкайган чындык.
 
Сыягы, көп табышмактуу жагдайлар Зарылбек Рысалиевдин тушунда ИИМ тарабынан бакиевдердин үй-жайындагы талоончулук учурда  тартылып алынган алты сааттык тасмада ачыкка чыгат окшойт. Бирок, эмнегедир парламенттин бул жыйынын толук телевидениеден көрсөтүү тууралуу парламент чечими аткарылбай, “кылым кылмышы” талкууланган ал жыйын элге көрсөтүлбөй жатат. Ал эми алты сааттык ИИМ тасмасы да жабык көрсөтүлөт окшойт. Демек, бийлик апрель, июнь окуялары “морадёрлук” окуясы тууралуу чындыктын ачыкка чыгышын каалабайт жана коркот...
 
Ж. Кадыров,
Булак: "Майдан.kg"