Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 9910
Жаңы жылдын алгачкы күндөрү журналисттик кесиптин арты менен өлкөбүздүн түштүк аймагында болууга туура келди. Кайсыл районго же айылга барбагын карапайым калк өзү менен өзү болуп, эптеп жашап жатат. Айылдык, райондук жана облусттук чиновниктер жалаң өздөрүн дайындаган партиялар менен Ак үйгө жалган убада берүү менен алектенишери сырттан эле көрүнүп турат. Ал тургай алар эл менен жолугуудан коркуп, качан гана кайсы бир бизнесмен же эл аралык уюм жардам бергенде гана ортого түшө калып, ошолордун коштоосу менен “даяр ашка” кошула калат экен.
 
Баарынан да мени түштүктө мамлекеттин, мамлекеттик жергиликтүү органдардын эл менен байланышы үзүлүп, алардын ордун дин кызматкерлери же мечиттин имамдары ээлеп жаткандыгы ойго салды. Эгер дагы 2-3 жыл ушинтип жашасак, анда мамлекетибизди чиновниктер эмес, жалаң молдолор башкарып калат го? Мисалы, маркумду акыркы сапарга узатуу, ар кандай жамандык-жакшылыктардагы аш-тойлорду молдокелер каалагандай башкарып, ыксыз ырым-жырымдарга жол берип жатыптыр (аларды чыныгы молдо деп айтууга ооз барбайт, биздеги башаламандыктан пайдаланган шылуундар менен соргоктор) .
 
Натыйжада элдин эсебинен байыган шылуун-шумпайлар байлыгын чачып мактанып жатса, “казга теңелем деп карганын буту сыныптыр” демекчи, алардан кем калышкысы келбеген орто жана жакыр турмушта жашагандар алдамчыларга алданып, той берүү үчүн үйүн күрөөгө коюп кредит алып карызга батып жатышат. Элдин баары эле, өзгөчө түштүктүн алыскы айылдарынан Бишкекке келип сүткорлорго каршы митинг өткөрө албайт. Анткени молдокелериң кала берсе маркумду акыркы сапарга узатуудан да (өздөрү өлбөй тургансып) “бизнес” жасап, жаназада окуган кураны үчүн да 500 сом алат экен. Эгер түштүктө жакынкы эле жылдарда мазарда жер казуу соопчулук иш, “ким жети жолу көр казса бейишке барат” деген түшүнүк болуп, жаштар өз эрки менен жай казса, бул ыймандуулук да жоголуп, ар бир жай казуу эки миң сомго чейин чыгып кетиптир. Эми үйлөнүү тоюндагы ысырапкерчиликти айтпай эле кой. Ал жөнүндө өзүнчө сөз кыларбыз. Баарынан да аким, айыл өкмөт дегендердин элдин эмне болуп жаткандыгы менен иши жок, “кимди ким көрдү, быржыбайды там басты” болуп жатыптыр.
 
Түштүктө мамлекеттин кадыр-баркы эл арасында түшүп бараткандыгын мен көпчүлүк эл президент А.Атамбаевге ишенмек турсун, нааразы болуп жатышкандыгынан билдим. Өзгөчө акыркы Сох окуясынан кийин мамлекет башчыбыз ал жакка бармак турсун, атайын Бишкекке ат арытып келген баткендик энелерди  бозортуп кабыл албай койгондугуна нааразычылык күч экен. Сыягы, анын А.Келдибековго “Мен түндүктүн эле президенти болом, түштүктү Мадумаров экөөң бөлүп алгыла” деп айтканы чын окшойт. Баса, Сох окуясы дал ушул биздин жергиликтүү жана борбордук бийликти өзүбүздүн эл гана эмес, кошуналар да тоотпогондуктан болуп жатпайбы. Өткөндө бир казак тааныштар менен сүйлөшүп калсам айтып жатпайбы алар “Деги кандай эл болуп калгансыңар, жериңерди башкалар басып алып, бала-чака, аялдарыңарды уруп-сабап, барымтага алса да унчукпайсыңар? Президентиңер эмнеге карап отурат?  Каримовго телефон чалып нота жөнөтпөйбү! Эгер казактын жерине бир кадам баскынчынын буту кирсе шешесин көрсөтмекпиз”,- деп.
 
Баса, түштүк элинин азыркы бийликке нааразычылыгы 2010-жылдагы апрель, июнь окуяларында, андан кийинки элди улутка, аймакка бөлүп ыплас шайлоо өткөргөндө эле башталган. Андан соң К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовдорду Ак үйдүн темир тосмосун ашып өттү деп камап коюп, азыркыга чейин мышык-чычкан ойноп жатышы улам чыңалууну күчөтүүдө. Айрыкча ошол Ташиев темир тосмодон ашкан эпизодду күн сайын “кара жащигинен” улам кайталап, мыскылдап көрсөткөн КТРдин кырчаңгы кылыгына кыжырданбаган адам жок экен. Деги түштүктө КТРди көрбөйт деле экен (балким бийликтин кошоматчы жергиликтүү чиновниктери гана көрүшөр?). Качан бурасаң оппозицияны жамандап, Атамбаевдин бийлигин апендинин эшегиндей мактаган жасалма көрсөтүүлөрүнөн ЭлТР, РТР, ОРТ жана башка телеканалардар жогору туруп, бир топ элге рухий жактан азык берип,  маалыматты так, ыкчам кабарлап турат эмеспи.
 
КТР демекчи, 2010-жылы июнь коогалаңы башталган күнү түштүктө сепаратисттер Ошту кызыл канга, кара түтүнгө боёп жатса, бул 1-канал кечке мультфильм көрсөтүп отуруп алган. Ишенбесеңер КТРдин архивдеги 2010-жылдын 11-июнундагы материалдарын текшерип көрүңүз. Андан кийин да Ош окуясын жарытылуу көрсөтө албай, болгону эки кызды жөнөтүп койгон экен, ал байкуштар кескиленген денелерди көрүп жүрөгү түшкөн. Бир гана Гүлбара Кенжеева от кечип, КТРдин абийирин коргогондой болгон. Ал эми директору К.Оторбаев жетекчи катары бир да Ош же Жалал-Абадка барып койгон жок. Болгону бир нече айдан соң  Р.Отунбаеванын көлөкөсүнө  жашынып барганын билебиз.
 
Мындан эки-үч жума мурда “республикачы” депутат А.Сулайманов кичи мекени Ноокат районунда чоң көк бөрү оюнун уюштуруп, Сох окуясынан  кийин түштүктүктөрдүн түшкөн маанайын көтөрүп койду. Бул чоң спорттук оюн бир гана кошуналарга эмес, өзүбүздүн бийликке деле элдин духу жогору экендигин далилдөө болду. Ошондо ноокаттыктар депутат А.Келдибеков аркылуу Ак үйгө, президент А.Атамбаевге К.Ташиев, С.Жапаров  жана Т.Мамытовдорду камактан чыгаруу өтүнүчүн кат аркылуу беришкен. Бул да болсо элдин бийликке нааразылыгынын бир белгиси. Андан соң Кара-Кулжада бир миңдей адам “Ата-Журттун” үч депутатын камактан чыгарууну талап кылып митинг өткөрүштү. Өткөн жумада Жалал-Абаддын өзүндө үч миң адам жана жүздөгөн атчан адамдар аянтка чыгып, жок жерден камакта жаткан депутаттардын эркиндикке чыгышын талап кылышты.
 
Тилекке каршы Ак үй, сот жана прокуратура органдары “Ата-Журттун” депутаттарын камактан чыгарунун ордуна адвокаттардын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү талабын да канааттандырган жок. Сыягы, алардын максаты К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовду биротоло ден-соолугунан ажыратып, саясый аренадан жоготуу экендиги чын окшойт. Бирок К.Ташиев азыр жүрүп жаткан сот отурумдарында “Мен эл үчүн күйүп жатам жана мындан ары да ушул багытымдан тайбаймын. Эч ким эркимди сындыра албайт!”,- деп айтууда. Балким, азыркы бийлик бул үч депутаттын эркин майштыра албаса да, ден соолугунан ажыратып максатына жетер. Бирок ал азаматтардын артында турган элдин эркин майтарууга бийликтин эрки жетээр бекен?
 
Б.Асанов
Булак: "Майдан.kg"