Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3645
Акыркы убакта Бишкекте жана жалпы эле Кыргызстанда үч уктаса түшкө кирбей турган окуя-жоруктарды көрүп-билип туруп:
 
“Деги, биз, кыргыздар, кыргызстандыктар, кимбиз? Элбизби, журтпузбу же акылынан адашкан манкуртпузбу? – деп сурагым келет.
 
Эгерде биз бир эл, бир журт болсок, анда элди, журтту башкарган, эли-журту үчүн жооп берген бир эл башы, же бир журт башы болуш керек эле да, туурабы?
 
- Бизде ошондой киши барбы? – деп кошуна, жоро-жолдошторумдан сурасам:
 
- Бар ,- деп жооп беришти.
 
- Ал киши ким? – деп сурасам:
 
- Ал биздин президентибиз - Алмазбек Атамбаев,- деп жооп беришти.
 
Бирок мен аларга ишенген жокмун. Анткени, эгерде ал  эли-журту үчүн жооп берген президент болгондо мындай жосунсуз окуя-жоруктарга жол бермек эмес  го деп ойлойм. Мисалы:
 
- саясий интригандардын кур жалаасы менен Бабановдун кезексиз кетирилиши;
- Кумтөрдүн аферасын ачыкка чыгарууга аракет кылган адистердин камалышы;
-  7-чи апрель революциясынын мародерлорунун көз-көрүнөө акталышы;
- “Президенттин указы менен Бишкекте жана Ошто кыргыз тилдүү бала-бакчалар менен карылардын үйлөрү ачылып, манкурттардан жана талап-тоноочулардан арылып баратканыбыз..”,
-  ...ж.б. у.с. окуялар...
 
Эгерде мага ишенбесеңер, анда, келгиле, жалпы эл-журтка кайрылып, дагы бир жолу сурап  көрөлүчү: - Айткылачы, айланайындар, деги  Алмазбек Атамбаев деген  ким өзү:
 
- Кыргыз Республикасынын президентиби же  КСДП партиясынын крышасыбы?
-“Ата Мекен” партиясынын адвокатыбы же Өмүрбек Текебаевдин жансакчысыбы? 
- 7-чи апрель революциясынын  башкы демөөрчүсүбү  же баягы эле, бийликти басып алган убактылуулардын  убактылуу өкүлүбү?!.
 
Кыргызда: “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” – дейт. Анын сыңарындай, эртең бирөө келип башыбызды алып кеткен күндө дагы, бүгүн, жогоруда коюлган суроо-талаптар азыр эл арасында жоопсуз калып,  абийири таза ар бир кыргызстандык жарандын жанын кейиткен айыкпас дарта айланып баратат.
 
Качанкыга чейин ушинтип “акты кара” деп, “караны  ак” деп,  каратып туруп калп айтып, элди эзип, келекелеп, кемсинтип жашоого болот?!.
 
Карап көрүңүзчү, өткөн 2011 жылдын 1-чи декабринде Алмазбек Атамбаев  президенттик ант берип жатып айткан убада-сөздөрүнүн бири  аткарылдыбы?  Жок. Эмне себептен?  Балким, “алты жылга чейин дагы убакыт бар” деп  өзүн өзү сооротуп жүргөндүр...
 
А балким дагы бир чыр-чатакты, же болбосо дагы бир төңкөрүштү күтүп жаткандыр: “Көрдүңөрбү, мени ушинтип иштетпей коюшту...” деп актаныш үчүн. Ким билет, анын оюнда дагы эмне деген оюндар ойлонуп жатканын.
 
Мурда, өзү айткандай,  Акаев менен Бакиевдер элинин канын-жанын соруп, акыры алты баштуу ажыдарга айланышып, бири Москвага, бири Минскиге качып кетишсе, эми өзү өткөн бир жылдын ичинде эле жети баштуу желмогузга айланып баратышы ( анын 6 башы убактылуу өкмөттүкү жана 1 өзүнүкү болуш керек) бизди абдан өкүндүрөт!..
 
Бул жерде сөзүбүз кур болбос үчүн, өткөн бир жылдын ичинде алга жылбай эле кайра артка чегинүү чегинен чыгып баратканыбызды дагы бир жолу кайталап айтып коюуга туура келип турат:
 
Эң биринчиси: 2010-жылы 7-апрель жана 10-июнда болуп өткөн каргашалуу кандуу окуялар кайталанбас үчүн эң алгач аларга адилет жана так саясий баа берип туруп, анан өзүнүн президенттик иштерин баштаса болмок.
 
Экинчиси: “Мен, Атамбаев Алмазбек Шаршенович, Кыргыз Республикасынын Президентинин ишине киришип жатып, кудай астында жана элимдин астында мамлекет башчысынын ишин адилет аткарууга, адам жана жарандардын укугун коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын так карманып, элдин биримдигин, мамлекеттин бүтүндүгүн жана коопсуздугун сактоого  ант беремин!..” деп айтканы баарыбыздын эсибизде. Эми, мына, кудай турат, эл турат –  ошол айткан сөздөрүнүн бирин адилет аткарууга жетише алдыбы?  Ким айта алат?
 
Үчүнчүсү: “Көптөн бери “Кыргызстан  - жакыр өлкө” деп кулагыбызга кумдай куюп келишти. Бул чындыкка жатпайт. Кыргыздын жери да алтын, эли да алтын. Алтын жерибизде эч ким жакыр жашабашы керек. Бул уят. Бакубат жашоого жетүү үчүн бизде бардыгы бар: асыл жерибиз, касиеттүү Ала-Тообуз, ыйык көлүбүз, акылман, айкөл, эмгекчил элибиз. Анда бизге эмне жетпейт?  Бизге ыймандуу бийлик гана жетишпей турат. Демек, эң негизги милдетибиз – ыймандуу бийликти түптөө!” деп айтканы дагы эсибизде. Натыйжасында эмне болду:
- алтын аферасын көтөргөн патриоттор камакта жатышат;
-ыймансыз, интриган Текебаевди колдоп, карапайым элдин, кесипкөй өкмөттүн реалдуу иштерин көз карандысыз алып бара жаткан Бабановду итке салып беришти;
- 7-чи апрель революциясынын мародерлорун актоого идеалдуу шарт түзүлүп, ИИМдин тергөө иштери  токтотулду.
 
Ушул жосунсуз иштер ыймандуулукка жатабы, президент мырза?
 
Төртүнчүсү: “Акыркы учурда бийлик бутактары биринен бири бийлик талашканы жаман адатка айланды. Биз мындан арылышыбыз керек. Болбосо бул көрүнүш бийликти шал кылып таштайт. Конституциябыздын 60-чы беренесинде жазылгандай - Президент мамлекет башчысы. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат. Президент катары менин негизги милдетим – бардык бийлик бутактарынын  иш аракетин, элдин үмүтүн актоого багыттоо... Ошондуктан, мен бул күрөштө өлкө башчысынын укуктарын толук бойдон колдоном. Сот болобу, депутат же министр болобу – мыйзам алдында баарыбыз бирдей жооптубуз”. 
Бул айтканыңыз талашсыз чындык, бирок  бийлик төбөлдөрү баягыдай эле биринин жүнүн бири жеп, биринин көчүгүн бири чукуп, элдин атын сатып өз көмөчүнө күл тарткан эле шүмшүктөр экени өзүңүзгө жакшы белгилүү...
 
Кечирип койуңуз, эгерде катуу тийсе, бирок президент президент болуп, өлөсөлүү өлкөсүнүн жок дегенде бир нерсесин жакшы жагына кардиналдуу түрдө (кескин, чечкиндүү, алгылыктуу, элдин керегине жарай турган, көзгө көрүнө турган) өзгөртүүгө аракет кылышы керек эле го деп ойлойм, жөн эле жакшы киши болуп карап отура бербей.
 
Бешинчиси: “Нельзя ожидать, чтобы человек уже в зрелом или пожилом возрасте выучил еще один язык. Поэтому изучение государственного языка надо начинать в обязательном порядке с детского сада, с первого класса каждой школы. А государству следует создать для этого все необходимые условия, в первую очередь обеспечить понятными и доступными учебниками на государственном языке”, деп айтканыңыз бизди убагында абдан кубандырган: “Ну, наконец-то, пришел человек, который не боится брать на себя ответственность и сказать любому человеку правду в глаза, чтобы отстоять честь и достоинство своего народа”, - деп.
 
Кыргызча айтканда: “Дили кара, суу жүрөк, кул мүнөз жетекчилердин күнү бүтүп, эми, кудай буюрса, кадимки кайраттуу, дили таза, намысы күч, эр жүрөк жигитибиз келген тура. Демек, мындан ары чөгөлөгөн тизебизден туруп, башыбызды өйдө көтөрүп, эл катары “старший брат, сестраларга” түз карап, өз тилибизде ээн-эркин сүйлөп, иш кагаздарыбызды кыргызча жазып-окуп, уул-кыздарыбызды бала бакчадан баштап  кыргызча тарбиялап-окутууга толук мүмкүнчүлүк болот турбайбы” деп сүйүнгөнбүз.
 
Бирок, андан бери бир топ убакыт өтсө дагы мурдагыдан эч нерсе өзгөргөн жок:
 
- баягыдай эле кыргыз тили боюнча сөз сүйлөгөн, оюн айткан же бир иш-чара көрүүгө аракет кылган инсандарыбыз орус тилдүү прессалар тарабынан ур-токмокко алынып, өзгөчө орус тилдүү кыргыздар, б.а. чала-кыргыздар, манкурттар, улуттук нигилистер жана ашынган интернационалистер тарабынан кадимкидей зордук-зомбулукка кабылып келишет. Бул эмне деген шумдук?
 
Мисалы, ушул эле жылдын март айында Жогорку Кенештин депутаты Урмат Аманбаева айым тарабынан киргизилген “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил  жөнүндө” мыйзам долбоору парламентте жана орус тилдүү прессаларда катуу сынга алынып, жалпы кыргыз коомчулугунда: “20 жылдык эгемендүүлүгїбїзгө карабастан баягыдай эле өз тилибизде ооз ача албаган макулук (манкурт) бойдон калган турбайбызбы” деген абдан оор жана өкүнүчтүү сезим пайда болду. Ошондо кыргыз элинин ар-намысын коргоп, кыргыз тилин жана Аманбаева айымдын демилгесин колдоп Кыргыз Республикасынын бир расмий өкүлү бир ооз сөз айтканга жарадыбы? Жок. Бул эмнени билдирет?
 
Бул өкүнүчтүү факт, чын-чынына келгенде, “кыргыздар эл катары, мамлекет катары өзүн өзү башкарууга дагы да жетиле элек” дегенди туюндурат...  
 
Айтайын дегеним:  Ушундай, эл тагдырын чече турган олуттуу маселе жалпы коомчулукта көтөрүлүп жатканда өзүн өзү сыйлаган, элин-жерин сыйлаган, намысы бар, кайраты күч өлкө башчысы өлкө башчысы катары өзүнүн принципиалдуу позициясын так айтып, маселенин туура чечилишине жол ачып бериши керек эле. Бирок биздин мамлекетте андай болбоду.
 
Ушул эле маселе 1993-жылы Казакстан Республикасында кызуу талкууланып жатканда өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаев коркпой-үркпөй эле Казакстан элине кайрылып ачык эле айткан: “Эгерде кимдир бирөө Казакстанда казак тилин үйрөнбөйм десе Казакстандан чыгып кетсин” – деп.
 
Өзүңүз билгендей, казак тилин билбегендиги үчүн Казакстандан эч ким чыгып кеткен жок. Азыр Казакстанда казак тили мамлекеттик тил катары толук кандуу өнүгүп- өсүп, турк тилдүү мамлекттердин руханий байлыгын артырууга өзүнүн чоң салымын кошуп жатат. Ошол эле убакта орус, англис ж.б. белгилүү эл аралык тилдер, расмий тил болбосо да, өз ордунда, керек болушунча кеңири колдонулуп келет.
 
Кыргызстанда кыргыз тилине ушундай эле шарт түзүп берүүгө Кыргыз Республикасынын президентинин эмнеси жетишпейт:  - укугубу же эркиби?
 
Акылыбы же ар-намысыбы?  Андай болсо ал жерде ал эмне президент болуп олтурат?  Бизге ушундай президенттин кереги барбы?
 
Акырында, президент мырзанын берген антын дагы бир жолу эсине салып,  айкөлдүккылып, дагы бир жолу шанс берип көрөлү:
 
“ Урматтуу мекендештерим! Азыр тайгак кечүүдөн өтүп бараткан убагыбыз. Ушу тайгак кечүүдөн тайгаланбай, аңга түшпөй өтүш үчүн шашпоо керек. Ошондуктан мен Сиздерди сабырдуулукка чакырам. Элибизди бөлүп-жарган айрым саясатчыларды ээрчибей, “эртең эле жыргал заманды курабыз” деген алдамчыларга ишенбей, сабыр этелик. Кудайга шүгүр дейлик. Көч бара-бара түзөлөт.  Өлкөбүзгө, элибизге тынччылык, ынтымак керек. Баш аламандыкка, митингдерге тойдук. Иштей турган заман келди. Сабырдын түбү - сары алтын.  3 – 4 жылда өлкө жакшы жакка өзгөрөт, элдин үмүтү акталат. Мен буга толук ишенем!”- дегенсиз.
Ишенич, албетте, жакшы нерсе деңизчи, президент мырза, бирок биздин азыркы абалыбызда ар-бирибизге жана мамлекетибизге  керектүү, пайдалуу  жана конкреттүү иш-чара, аракеттерге эмне жетсин! 
Ошол жагын эсиңизге алсаңыз, президент мырза. Анткени көп сөз кандай сөз экенин өзүңүз жакшы билесиз. Ошондуктан, колуңуздан келсе, аз болсо да, карапайым элге жана мамлекетибизге азыркы учурда абдан зарыл болуп турган  көйгөйлүү маселелерибизди бир аз чечкиндүүрөк чечип берип турсаңыз деген эле каалоо жана аруу-тилегибизди билдиребиз.
 
Сиздин мекендешиңиз 
                                                    Карыбай Турусбеков
Булак: "Алиби" гезити