Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 4585
Кыргызда “Бакылдаган текени, суу кечкенде көрөбүз” - деген таамай айтылган макалыбыз бар. Бүгүн да бул макалыбыз өз актуалдуулугун жогото элек. Атамбаев сүйлөгөн сөзүнө жооп бербеген адам экени баарына маалым. Анын ойлонбой сүйлөгөн сөздөрү үчүн кыргыз-орус, кыргыз-казак маселелери бузулуп, чек араларыбыз чычкан өтүп кете албай тургандай жабылып калганы эсибизде. Биз, ошондо казак президентин жаман көрүп жүргөнбүз. Балакеттин баары АШАда тура.
Атамбаев балп эттирип койгону менен карапайым дыйкандарыбыз маңдай тери менен тапкан этин, сүтүн жана башка талаа өсүмдүктөрүн Казакстан, ары жагы Россияга өткөрө алышпай канчалаган зыян тартышкан эле. Жакында Казак республикасындагы мурунку элчибиз Жаныш Рустенбековдун (“Учур” гезитинин 17-январь 2013-жылдын № 53 (219) саны) “Саясаттан алысташ кыйын…” деген кенен маеги чыккан. Ал жерде биз билбеген жакшы фактылар айтылып кетиптир. Сөзүбүз калп болбосу үчүн маектен үзүндү бере кеткенибиз оң го.
 
...Сиз Казакстанда элчи болуп турганыңызда, Атамбаев мырза Назарбаевге “тилин” тийгизген”, а тургай, Таластагы суу дагы бекеринен буулбаганы каңкууланган. Сиз муну элчи катары чет-бучкагын билсеңиз керек…
 
— Эми жашырганда не, президент оюна келгенди сүйлөй бергенин көрүп жатасыңар. Россияда нелерди айтты. Назарбаевге орой сүйлөп, катуу айтканы чын. Эгер билсеңиздер, Атамбаев акеңер Назарбаевге эмне деп айтканы президентке санаалаш гезиттерде жарыяланган. Ал эми Назарбаевдин жардамчысы мага чалып, болгон сөздөрдү айтып, көңүлү сынып калганын билдирген. Эми дипломатияда андай сөздөр болбошу керек. “Сууну жабам, кырылып каласыңар.” -деп коркутуу бул туура болбойт. Бирок, залакасы элге тийди...” - деп Жаныш Султанкулович өз маегинде абдан туура айткан.
 
Чынында “сууну жабам, кырылып каласыңар” - деген сөздү президент да айтабы. Бала кезден бир мандеми бар, акылы тайкы, көчөдөгү адам айтса, ага жарашмак. Журт башчысы болуп туруп мындай сүйлөш, президент үчүн уят эле иш. Назарбаев да кыргыздардын арасында чоңоюп бизге боор тартып турат. Ал анын ордуна өмүрүндө кыргыз көрбөгөн казак президенти болуп чек арасын жаап, туугандык мамилени бузуп салса кайда бармак элек. Буга мисал, өзбек президенти менен тажик президентинин мамилеси бузулуп, ушул кезге чейин чек арасын бекем бекитип, кулпулап койду. Айла жоктон биздин жолдор менен жүктөрүн ташып жатышканы калпбы? Казактар да жүргөн жолубузду бууп салышса кимге арызданмак элек. Ким биздин талабыбызды талашмак. Алдыбызга салып, “иттик бизден кетти”- деп Назарбаевдин алдына баргыдай, ага кадыры өткөн кайсы кыргызыбыз бар. Буга чейин казак президентине тили өткөн, биз таянган Чыңгыз Айтматов да жок. Атамбаев коркуткудай Назарбаев анын көзүнө министр, губернатор болуп көрүнүп жатабы? Тең ата болуу, “сууну жаап салам, кырылып каласыңар!” - деген сөз эмес. Тең ата болуунун өз эрежелери бар.
 
Ошол күндөрү Атамбаевдин өдүк-сөдүк, башына келгенди ойлонбой сүйлөп койгону үчүн карапайым адамдар чоң зыян табышты. Кээде карап турсаң президент көчө балдарынын деңгээлине түшүп кетет. Россияга барып не деп ойду-келди тантыраганы элибиздин эсинде. Президентибиздин деңгээли ушул болсо анда бүткөн экенбиз. Качып кайда барабыз?
 
Жакында эле Сохто өзбек жарандары, Өзгөндө кытай жарандары кыргыздарды өз жеринде тепкилеп уруп, сабап жатканы биздин бийликтин баркынын, кудуретинин жоктугу деп эле билем. Президентибиз тың, мамлекетибиз кубаттуу болсо мындай нерсе болбойт эле. “Жаман үйдү, коногу бийлейт” – деген ушул да. Болуп өткөн окуялар боюнча эмнелер жазылды экен деп, Атамбаевдин president.кg сайтын карап көрдүм. Республиканын президенти, башкы командачысы катары кандай пикирлерин айткан экен деп карасам, сайтын жылан сыйпап кеткендей эч кандай маалымат ала албадым. Ушундай да кенебестик болобу? Жалгыз эле Фергана өрөөнү эмес, жалпы ушул аймакты дүң эттирген бул окуя биздин президент үчүн чымын чаккандай болбоптур.Президент катары Атамбаев ошол эле күнү, бул жаңжалга өзүнүн саясый баасын бере албады. Ажобуз эмнеден тайсалдады? Кимден коркту? Ажобуз, карт арстандын алдында бурчка камалган мышыктай калтырап туруп берди деп ачыгын айтсак туура эле болот го. Сохтогу окуяга, эмне үчүн президент катары кайрылуу жасаган жок? Ушундай да кенебеген адам болобу? Бул суроону жалгыз эле мен эмес жалпы элибиз айтып жатат. Дайыма мурдун барбайтып жетип барып, кошомат суроолорун берип маек алган Кубат мырза кайда? Биздин маңдай жылыбаган шордуу элибиз, кимди президент кылып алган! Чынында Атамбаев өлкөнү башкара албай калды. Өзү да кыйналбай, элин да кыйнабай “Кечирип койгула, колумдан эч нерсе келбеди. Мен кеттим!”-деп кызматын таштап кетип калганы оң го. Күндөн-күнгө, айдан-айга, жылдан жылга элибиздин жашоосу төмөндөгөндөн-төмөндөп бара жатат. Көрүнгөн мамлекеттерден алакан жайып, кайыр сурап мамлекетибизди бутуна тургузуп, элибизди да бага албайбыз. Карапайым элибиз жыйырма жылдан бери өзүн өзү багып келет.
 
Бийлик башындагылар, мамлекеттин казынасын тоноп жеген чиновниктер менен саны көп, сапаты жок депутаттарды гана багып жатат. Эл өзү менен өзү убара. Биздин ажобуз, мээнеткеч, өзүн-өзү багып келе жаткан карапайым элибизден айланып кетсе да болот.
 
Ажобуздун түпкү теги, тамыры Баткендик болсо да ал жакты мынча өгөйлөйт? Атамбаев Чүйдөн алыс чыга албаганына караганда, Сары-Өзөн Чүйдүн гана президентиби? - деген ой кетет. Акаев менен Бакиевдин убагында жети дубанды түрө кыдырып чыгышчу. Элет жеринин проблемаларын жакындан билчү. Биздин президентибизге караганда, эки материкти ээлеп турган Россиянын президенти В. Путин менен өкмөт башчысы Медведевдин дайыма кыдырып жүргөнүн көрүп ыраазы болосуң. Элинин башына кырсык түшкөн жерге Путин жетип барат. Президент деген ушундай болушу керек. Атамбаев президент болгондон бери жети дубанды кыдыргандын ордуна Туркияга ат тезегин кургатпай барып келгени элибизге деле жаңылык эмес. Туркияга тынбай каттаганынын сыры эмнеде? Бул жактан топтогондорун ташып, качууга даярданып жатабы?- деген эл арасында сөздөр жүрүүдө.
 
Айла түгөнгөндөн Сохтогу окуя, ажо үчүн мааниси жок, экинчи пландагы нерсеге айланып кеттиби деген ойго келет экенсиң. Сохтогу болгон бул тирешүүнүн аягы чоң трагедияга айланып кетиши да мүмкүн болчу. Президент болгон соң теледен чыгып кайрылуу жасай албаса да, өз сайтында пикирин айтышы керек болчу. Согуш оту тутанып кетчүдөй, ансыз да ириң толгон жарадай жарылганы араң турган Сох проблемасы бир күндө чыга калган жок. Калк өтө жык жайгашкан Фергана өрөөнүн “ливандаштыруу” деген батыш мамлекеттеринин арам саясатын ишке ашырып, улуттар аралык жаңжалды, от чыгарып жиберсе эмне кылабыз?
 
Биздин президентке караганда Өзбек республикасынын президенти И. Каримов Сохтогу окуяга кейип, миңдеген жылдардан бери ынтымакта жашап келе жаткан өзбек, тажик, кыргыз элдерин ынтымакка чакырды. Атамбаев деле ушинтип ынтымакка чакырып койгонго да жарабаганы өкүндүрөт. Атамбаев жакшы бизнесмен болсо болгондур, журт лидери боло турган касиетти ага Жараткан Кудай бербептир. Азыркы президент бул бийликке кан төгүү, мамлекеттик төңкөрүш жолу менен гана адашып келип калган адам экенин мезгил өзү көрсөттү. Журт атасы боло албаган касиетине токтоло кетейин. Мисалы, 7-апрелде Ала-Тоо аянтында балдар окко учуп жатса, Алмаз Шаршенович өз үйүндө эч нерсе болбогондой душка түшүп отурганын өзүнүн жакын адамдары айтып жүрөт. Ал эми, түштүк жергесинде кыргыз-өзбектин ортосундагы кандуу окуяда Атамбаев бир жума бою дайыны жок болуп кеткен эле. Президент катары Сохтогу эки элди тынчтыкка, ынтымакка чакырып койсо эмнеси жаман болмок эле. Ушуга жарабаган адамды кантип журт атасы деп айталы? Атамбаевдин чала жан саясаты Кыргызстанды туңгуюкка алып бара жатат. Анын кошоматчыларына жакпаса да ачыгын айтып коюу менин инсандык парзым деп билем.
 
Кыргызстанды гана эмес, керек болсо Орто-Азияны чүкөдөй калчап жиберчүдөй болгон Сохтун проблемасы, Атамбаев үчүн экинчи планга сүрүлүп калганына токтоло кетейин. Ошол күндөрү Сох маселесинен да КТРКнын эки журналистинин сабалышы, микрофонун жулдуруп салган окуяча да болбоду. Сох проблемасы бул жакта калып, мамлекетиңдин тагдыры таразанын ташында кылтылдап турганда эки журналисттин айланасындагы чыр улуттук телеканалдан түшпөдү. Ушул нерсеге көрүүчүлөрдүн да кыжыры келди. Ал тургай, эки журналисттин ишин президент жеке көзөмөлүнө алат да, ал эми Сох боюнча суу жутуп алган балыктай болуп, унчукпай туруп берди. Азыр деле Президенттин сайтынан окусаңар болот:
 
08–01–2013 жыл. 12:40
КТРКнын журналисттерин уруп-сабоо окуясын иликтөө боюнча тергөө иши президенттин контролунда
КТРКнын кызматкерлери Ширин Асанакуновна менен Бурулай Пусурманкулова сабалган чатакты тез аранын ичинде тергөө иши өлкөнүн укук коргоо органдарына тапшырылды. Бул окуяны тергөө иши Кыргыз Республикасынын Президентинин контролунда турат
Кыргыз республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.
 
Журналисттер менен Кулбаевдин баласы чечип ала турган маселени күнү-түнү КТРКдан байма-бай бердирип жаткан Кубат Оторбаевдин саясый деңгээлине ырахмат. Биз деле жабыр тарткан теледеги кесиптештерибизди түшүнүү менен карайбыз. Азыр ал маселени өздөрү эле ич ара чечишип алды деп уктук. Анда, ушундай жеңил популизмдин, ушундай шоунун кимге кереги бар эле? Бул окуянын аягы ушундай эле бүтмөк, Атамбаев менен Текебаев дегенде өпкө-жүрөгүн чапкан Кубат Оторбаев үчүн Кыргызстандын тагдырын чече турган Сох проблемасын экинчи планга жылдырып койгону өкүнүчтүү. КТРК анчалык чындык издеп пиар кылган соң, орто жерден буйтап кетпей, соттук териштирүүдө аягына чейин бекем турушу керек болчу.
 
Ал эми Сох маселеси боюнча президенттин эмес Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун (17–01–2013-ж. 13:46) гана сөзү жүрөт.
 
Өткөн жылы болсо керек, орус учкучтарынын айланасында Тажикстанда болгон окуяга Путин менен Медведев тикеден тике туруп өз жарандарын соттон сууруп чыгышты го. Биздин жарандарды өз үйүнөн, өз жеринен сууруп тепкилеп урушуп, анысы аз келгенсип Сохтун ичине барымтага алып кирип кеткенде балыктай унчукпаган президентибиз аман эле болсун. Элдин айтымына караганда 500–1000 адамдын биздин чек арабызды бузуп кирип келиши эл аралык маанидеги ЧП экенин биздин бийликтегилер түшүнбөйбү? Өзбекстандын атуулдары биздин жерге кирип келгени бизге согуш ачкандай эле таасир этти. Кыргыз жарандары топтолуп Өзбекстандын коңшу айылына кирип, ошондой тополоң кылып көрсүнчү, чек арачылары ошол жерден баарын атып өлтүрүп салышмак. Мыйзам боюнча алардыкы туура болмок. Сох, Варух, Шаймерден бул Кыргызстандын денесиндеги аппендицит оорусундай нерсе. Ал маселени чечмейин бүтүн организм ооруй берет. Албетте мындай маселени Атамбаев “жүз жылда да чечилбейт”- дегени туура эмес. Чечүүнүн жолдорун Атамбаев издеш керек болчу. Ажобуз “Үйдө баатыр, жоодо жок болсо” не кылалы. Биздин президенттерибиз, качан коңшу мамлекеттердин президенттери менен тең ата болуп түз сүйлөшө алат? Качанга чейин бөжөңдөп, аларды карап калп күлүп, жагынуу үчүн ырсаңдай берет?
 
Сох анклавынын жашоочулары Кыргызстандын чек арасын басып киришип, алдынан чыккандын баарын талкалап, аягында кыргыз жарандарын малдай кылып айдап, өз жерине алып барышып тепкилеп урушкандары кайсы рамкага сыйчу нерсе? Ушундайда элдин атынан айтканга үнү чыкпаган, өз сөзүн айта албаган президенттин кимге кереги бар? Каримовдон корксо да эгемендүү мамлекеттин президенти катары үнүн чыгарып койсо төбөбүз көккө жетмек. Үч-төрт депутатты камап коюп, “үйдө баатыр, жоодо жок” болуп отура бербей президент катары өз сөзүн айтышы керек болчу. Ошон үчүн Атамбаевди кыргыз эли президент кылып шайлаган да. Бир жолу Ташиевге Атамбаев “Түштүгүңөрдүн мага кереги жок. Мадумаров экөөңөр бөлүп алгыла!” - деген сөзү чындыкка чыгып жатабы?
 
Кыргыздын алгачкы жетекчиси А. Орозбеков менен И. Раззаковду берген Баткен жергесин Атамбаев эмнегедир өгөйлөп жаткандай көрүнөт. “Жандоочу кийик аттырат”- дегендей президенттин жанында “баткенчи шопуру” Илмиянов отурса эле, ал жактын проблемасы чечилип калбайт да. Ушундай кысталыш учурда “серый кординал” аталган, эгиздин түгөйүндөй болгон “ак үй акылмандары” Фарид менен Абдил журналисттерди кагыштырбай, кеп-кеңештерин президентке айтышса дурус болмок. Башында Абдилди мен сыйлап урматтаган жигиттерден эле. Башыма кыйынчылык келип, оппозицияда жүргөн кезимде, мени “далымдан таптап” биздин редакцияга компьютер берген учуру да болгон.
 
Абдил менен Фарид мага болгон былгытма саясатын, гезит беттериндеги “террорун” токтотушпаса менин да алар туурасында айта турган сөздөрүм бар. Анда кеч болуп калат. Азыркы журналисттердин ортосундагы тымызын тирешүү иштеринин артында Атамбаевдин оң, сол колу болуп келген Фарид, Абдил экөө жасап жатат дегенди угуп кейип калдым.
 
Атамбаев өзү баш болуп, Сегизбаев, Фариди төш болуп Сохтун кайда экенин деле билишпесе керек деген жыйынтыкка келесиң. Анан алар ал жактын көйгөйүн кайдан билишмек. Эгер жаңылышпасам, Атамбаев президент болгондон бери “түпкү мекени” Баткенге бир ирет барды окшойт. Тиги, ажонун “циам эгиздери” журналисттерди, журналисттерге айдактатып, кайраштырып, бирине-бири боктотуп коюп, кыйраткан жумушту жасап койгондой машырканып, кабинетте шым жыртып отура беришпей Баткенге барып Сохтун проблемасын чечүүгө катышса Атамбаевге жакындан жардам беришкен болот эле. Бул эки эргул убагында Акаевдин түбүнө да жетишкенин элибиз жакшы билет. Балким булар Атамбаевдин кетишин тездетип бергени жаткандай сезиле баштады. Алар таптаган ак үйдүн эшик ырчыдай болгон “жалданма журналисттери” аркылуу чындыкты жазып жаткан журналисттерди боктоп макала жаздыртып, интрига жасагандан башка коомго эмне жакшылык кылышты.
 
Бизге тил кайраган “дүжүр чалдары” жыдып, эми Абдил менен Фариддин “жүжүр балдарды” чыга баштады. Бул бечаралардын күнү ошол жаш балдарга түшкөн экен дейсиң. Кыйын болушса өздөрү колдоруна калем алып Атамбаевди коргоп, байдын кызындай мактап чыгышпайбы. Алардын колун ким кармап, жазганга ким тоскоолдук кылып жатат?
 
Өзгөчө өзбектер менен чектеш райондордогу, ошондой эле Сох, Шаймарден анклавдарындагы чек ара тилкелерин аныктап, мамы жыгачтарын кагып өз жерлерибизди тактай турганга мезгил эбак эле жеткен. Баткендин элине ырахмат айтып, ушул кезге чейин чек арабызды сактап бергендиги үчүн компенсация төлөп берсек да туура болмок. Алар киндик каны тамган туулган жери, ата-энесинин сөөктөрү жаткан ыйык мазарларын сактоо менен жалпы кыргыз элинин чек арасын көздүн карегиндей карап, ушул кезге жеткирип беришти. Баткен элине башыбызды ийип ырахмат айтышыбыз керек. Ошолор гана чек арабызды бекем сактап келгени бул чындык.
 
Жыл өткөн сайын өзбектердин жерибизди тымызын басып алуу “жылма” экспансиясы күч алууда. Биздин мамлекетте канчалык бардак, хаос болсо аларга пайда болуп жатат. Өзбек тарап бир жактуу, өз билемдик менен көп жерлерге бизден сурабай эле кирип алышып, аңдарын терең кылып казышып, чек ара мамыларын орнотушуп жатышкан учур. Биздин бийлик башындагылар кызмат орундарын бөлүштүрүү, папке талаш, чиновниктерге кресло сатуу менен гана убара. Дүйнө жүзү боюнча Фергана өрөөнүндө, Сох, Шахимардан жана башка чек ара тилкелеринде калктын саны жык толуп, жыл санап катуу темп менен өсүүдө. Кыргыздын үйүнөн эки бала чуркап чыкса, анын өзбек кошунасынын үйүнөн алты, жетиден баласы ойногону көчөгө чыгат. Биздин аялдар да гендердик саясат деп эркектер менен жакалашып папке талашып жүрө бербей ушул жагын ойлонушса болор эле. Фергана өрөөнүндө жыл өткөн сайын калктын саны өсүп, дамбага толгон суудай толуп турат. Алар бош жаткан кыргыз жерине көз артып, басып алууга кызыккандары ачык эле сөз. Баткендиктердин өз жеринде туруп, анклавга киргенде кордолгону жаман экен. Баткендин мындай оор маселесин “баткенчилер” гана билишет.
 
Ушундай оор проблеманы көтөрүп чыккан, Баткен жергесинин патриот жигиттеринин бири Улукбек Кочкоровдун өз шайлоочулары менен жолукканда сүйлөгөн сөзүн жакында уктум. Чынын айтайын, Улукбек инимдин, Баткен элинин проблемасы, чек ара, Бүргөндүдөгү газ чыккан жерлерди өзүбүзгө өткөрүп алуу маселеси боюнча президент Атамбаевге атайын кирип, көзмө-көз жолуккандагы сөздөрүн угуп алып, төбө чачым тик турду. Анын ошол сөзүн кандай айтылса ошондой кылып бергенди эп көрдүм. Кытай калемпириндей ачуу болсо да, ошол чындыкты элибиз билсин, уксун деп чечтим. Атамбаевдин көңүлү үчүн айтпай койсом, анда кыргыз эли мени да кечирбейт болсо керек.
 
Улукбек Кочкоров: “… Президентке кирдим, 45 мүнөт кеңири сүйлөшүп отурдук. Ушул маселени айттым. Эл менден эл өкүлү катары талап кылып жатат. Мамлекет, мамлекеттин функциясын аткарсын, анда өзбектер да өтпөсүн, өзбектер да Ошко барып өтүп келишсин деген талапты мага коюп жатат. Ушуну чечип бериңиз десем ал кишинин айткан сөзү ушул болду. “Бүгүнкү күндө Кыргызстандын армиясынын ал-акыбалын билесиң. Өзбекстандын ал-акыбалын билесиң. Эгер чындап согуш боло турган болсо бир күндө түштүктү толугу менен алып коёт. Силер түшүнгүлө Каримов вечно жашабаса керек. Үч-төрт жылда өлсө керек. Өлсө анан чечебиз.”-деген сөздү айтты.
 
Урматтуу окурман, биздин элибиз шайлаган, эң жогорку жооптуу кызматтын башында отурган Кыргыз республикасынын президенти Алмаз Атамбаевдин айтканы ушул болсо анда бүткөн экенбиз. Президенттин ушул айтканы мени аябай өкүндүрдү. Кыргыз элинде “Бирөөнүн өлүмүн тилегиче, өз өмүрүңдү тиле.”-деген жакшы сөзү бар.Өзбек президентинин көзү тирүү турганда, топтолуп калган олуттуу маселерди чечкенге эмне үчүн болбосун. Исламжан Абдуганиевичке Кудай өмүр берсин деп тилешибиз керек. Анын ордуна кыпкызыл улутчул өзбек жигити келип калса эмне болот. Ислам Каримовдун кээ бир саясатын колдобосом да, Өзбекстанды темирдей бекем тартип менен кармап экономикасын көтөрүп жатканын колдойм. Алар өсүп өнүгүп жатышса, биздин чиновниктер кызмат талашып, президентибиз коңшу мамлекеттин президентинин өлүмүн тилеп отурганы жигитчиликке да жатпайт. Атамбаев, Каримовдун өлүмүн тилебей өз өлкөсүн өзбек президентиндей сүйүп, күнү-түнү иштесин. Анын ою боюнча Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө Каримов тоскоол болуп жатыптырбы? Ушундай өлдүр-сөлдүр, сепаратисттик сөздөрү менен ойду-тоону сүйлөй бербей өз мекени үчүн жан үрөп иштегенди Каримовдон үйрөнсүн. Атамбаев Кыргызстандын түбүнө жетпегей эле деп корком. Алмаз Шаршенович, өнүгүп, эли майкөл-сүткөл болуп, телегейи тегиз мамлекеттин президентиндей саат ондо шаардын Манас, Чүй көчөлөрүн кан буугандай бууп, жумушка келип, эрте кетип калып жүрсө анан кайдан өнүкмөкпүз. Атамбаев тизелеп калган экономикабызды бутуна тургузуу үчүн жыйырма төрт саат иштесе да аздык кылат.
 
Андан ары Улукбек Кочкоровдун сөзүн улап кетейин. У. Кочкоров: –“Бир жылдан бери көтөрүп жатам. Бүргөндүдө эмне үчүн кычыраган кышта биздикилер 13 миң сомдон көмүр алып жагып жатса, бизден чыккан нефти менен газды өзбектер бекер алып чыгып кетип жатат. Муну албайбызбы?-деп эки жылдан бери чыркырап келетам. Ушул маселени да айттым. Биз токтомдорду кабыл алып берип жатабыз, “кайтарып алгыла”-деп. Бүгүнкү күндө өзбектер ошол жерге “танковый дивизиясын” алып келип, 50–60 танкасы келди деген маалымат бизге келди. Ушундай кооптонуу болуп жатат, танкаларын алып келип жатыптыр, Бүргөндүдө “мотоаткычтар” батальонубуз, БТРлерибиз бар. Ошол БТРден төртөөнү ошол жерге коюңуз. “Газпромдо” болгону төрт чек арачы солдатыбыз турат. Ошого “подержка” болуп турсун. Ошол жерге застава коюп, 30–40 солдатты алып барып коюп, эгер басып кирип келе турган болсо, муну чыгарыш согуш менен болот. Ушуну кылып койбойсузбу десем да президент түшүнбөдү. Кырк беш мүнөт экөөбүздүкү абысын айтыш болду. Элди кыйнабагыла деген катуу, ачуу сөздөрдү айттым. Президенттин өтө ачуусу келип, 2–3 жолу ордунан туруп, неме кылып. Орозонун күнү болчу. Орозонун күнүндө мен сиз менен урушайын деген ниетим жок эле. Бирок, элдин талабы, айтпасам болбойт, аманат сөз”- деп айтып жеткирдим. Бирок түшүнбөй жатат…”
 
Көрсө, балакеттин баары президентибиз Атамбаевдин өзүндө тура. Баткен жергесиндеги толтура проблемаларды чечкенден тайсалдап, Каримовдон коркуп ал жакка барбай жүргөнүн эми түшүндүк. Баткен элинин өтө курч, нечендеген жылдардан бери чечилбей келе жаткан проблемасын көтөрүп, президент Атамбаевдин безгегине сайгандай коркпой айткан Улукбек Кочкоровго ырахмат айтам. Бар бол иним, дайыма ушундай курчтугуңдан кайтпа, ошондо гана чыныгы элдин кулуну болосуң.
 
Полот-Хан, Раззаковдордун арбактары турмушуңдагы эң кыйын учурларда сени колдоп жүрсүн. Кыргыз элине биринчи жетекчибиз Орозбеков Абдыкадыр, Исках Раззаковду берген Баткен жергеси неге өгөйлөнөт? Баткендеги карапайым эл өзүн-өзү багып, Өзбекстан, Тажикстан менен болгон чек араны сактап, кайтарып келишет. Өз чек арасын кайтара албаган, өз солдатын бага албаган мамлекет да мамлекетпи! Кыргызстандын түндүгүндөгү Кой-Таш, Балыкчыдагы аскер бөлүктөрүн ошол жакка алып барып чек араны бекемдеш керек. Баткенди эл аралык террористтер басып алганда биздин жетекчилер акылына келген жок. Чек араларыбыз дубананын чапанындай тешик, бардык жагынан ачык болуп турганда биздин аскерлерди Бишкектин айланасына кармоонун кандай кажети бар. Сохтун айланасында көмүлгөн миналарга кой багып жүргөн канча балдарыбыз каза болушту. Ошол жерге жакын кыштактардагы тургундарынын канчалаган малдары минага жарылып кырылды. Биздин бийликтин чабалдыгынан Сохтун ичине кирип баратканда конслагерге кирип бараткандай элибиз коркуп, жүрөгү безилдеп турат. Ал жерге Мадумаровго окшогон өз элине күйгөн, башка элди сыйлай билген патриот жигиттерди жөнөтүңүз. Ошондо гана Баткен элинин башы көтөрүлөт. Өзбек чек арачыларына үнүң катуу чыкса, чөнтөгүңөн кантип наркота чыгып калганын өзүң да билбей каласың. Россияда иштеп келгендер өтүп калышса болду, алардын акчасын алып “сындырмайынча” Кыргызстанга оңой менен чыгышпайт. Өзбекстан менен болгон чек ара тилкесинде жоокерлерибизди, биздин атуулдарыбызды ит аткандай атып салышууда. Аларды сурап койгонго Ак үйдө адам жок. Алардын жоокерлери биздин айылдарга чейин киришип, жарандарыбызды уй жетелегендей алып кетишүүдө. Чыркырап, ботодой боздоп ыйлаган ата-энеси гана чындык издеп барбаган жери жок калат. Ак, көк үйдөгүлөр бирөөнүн баласы өлүптүр деп кош көңүл мамиле кылышат.Акыры, бул мамлекеттин кожоюну барбы? Биздин республикабыздын башчыларынын кадыр-баркынын жоктугунан улам элибизди, керек болсо мамлекетибизди да эч ким тоготпойт. Өзбек солдаттары өз үйлөрүнө киргендей биздин кыштактарга киришип тоок, үндүк, кой эчкилерин алып кеткен окуялар абдан эле көп. Адам чыдагыс оор шартта жашап, иштеп андан дагы чек араны кайтарып жаткан Баткен элине өзгөчө статус берилиши керек. Ошондо гана Баткен областы өсүп өнүгүшү мүмкүн. Кыргыз республикасынын президенти болгондон кийин Атамбаев да Баткен жергесин өзү кыдырып, проблемалуу маселелерди кийинкиге калтырбай жеринде чечиши зарыл. Чек ара маселесинен Сохтогудай жаңжал чыкса, Фергана өрөөнүндө чоң от чыгып кетиши мүмкүн. Чала жан кыргыз бийлиги ал отту токтотуп кала албайт го. Биздин, Кыргызстандан башка экинчи мекенибиз жок. Күн өткөн сайын азыркы бийликке болгон элдин кыжыры кайнап, жетер жерине жетип калды окшойт. Анда Атамбаев мурунку президенттердей болуп качып кетүүгө аргасыз болот. Анда кеч болуп калат. Фарид, Абдил ж. б. айтарым, силерди Алмаз байкеңер кошуп алып кетет экен деп үмүт этпей эле койгула. Ал тургай силерден жакын Илмияновду да карабай, качып кетиши мүмкүн. Акаев да силерди алып кетпей, таштап өздөрү качып кеткенин эстеп койгула. Атамбаев качып кетсе да экинчи мекени болгон Туркиясы бар. Анын балдары, бизнеси ошол жакта экени жашыруун эмес. Кыргызстанды ушундай башкара берсеңиз жакында кыргыз эли жапырт көтөрүлүп, сизди да кууп чыгат. Качып кетпес үчүн, эсиңизге келиңиз, урматтуу президент.
 
Бекен Назаралиев