Өткөн жумада АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысы Роберт Блейктин Бишкекке келип-кетиши бир эле кыргыз бийлиги, президент Атамбаевди эмес, бүтүндөй жогорку элитадагы саясатчыларыбыз менен серепчилерибизди түйшүккө салды окшойт.
 
Анткени Атамбаев бийликке келер алдында да, келген соң да “Манас” аэропортундагы АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрүнүн аскердик базасы чыгырылып, жарандык аэропортко айлана тургандыгын айтып келет. Ал тургай Р. Блейкти кабыл алганда да президентибиз мурдагы позициясында бекем туруп, 2014-жылдан кийин “Манаста” эч кандай аскердик база болбой тургандыгын, жарандык түйүн түзүлөрүн баса белгиледи. Атамбаев канчалык “ары карап ыйлап, бери карап күлбөсүн” мындан башка аргасы жок. Эгер эле Москвага барып бирди сүйлөп, 300 млн. доллар жардам алган соң АКШ базасын “транзиттик борбор” деп аталышын гана өзгөртүп коём деп кууланган “устаты” Бакиевдин жолуна түшсө, анда эле анын тагдырын кайталап калары белгилүү. Ансыз деле алгачкы расмий сапарын НАТО мүчөсү болгон Түркияга жасаган Атамбаевдин тышкы саясаттагы туруксуздугунан улам эки жыл тескери караган Кремлдин таарынычы араң жазылбадыбы. Кыргыз-орус бийлигинин ортосундагы салкын мамиле өткөн жылы В.Путиндин Бишкекке жасаган расмий сапарынан кийин оңолуп, Россия Нарын дарыясынын боюна төрт ГЭС курууга белсенүүдө. Мындан тышкары 100 миң тоннага жакын бекер жана арзан буудай берип, кашаң өкмөтүбүздүн абийирин жаап отурат. Кыскасы, карапайым кыргыздан тартып, мамлекет башчыбызга чейин Россия аркылуу күн көрүп келатабыз.
 
Бирок, ГЭСтер боюнча кыргыз-орус келишими кыргыз парламентине сунушталбай жатып эле Атамбаев менен Россияга кыйшык көз менен караган депутаттар кемчилик таап, туурасынан туруп жатат. Оппозициялык маанайдагы “Ата-Журттун” депутаты Ж.Жолдошеваны айтпаганда да,  Атамбаевдин пикирлеш, санаалашына айланган “Ата-Мекендин” лидери Ө. Текебаев баш болгон командасынын бул келишимди ратификациялоодон баш тартуу боюнча алдын ала комитеттик талкуулар учурундагы эскертүүсү кыргыз-орус мамилесин “банкрот” кылышы мүмкүн. Бул жерде керек болсо кыргыз бийлиги менен оппозициясынын кызыкчылыгын мындай кой, Россия-Америка дүйнөлүк державалардын саясый тирешүүсү жатат. Ортого Камбарата ГЭСтерин курууга каршы болгон Өзбекстан да кыпчыла калышы мүмкүн. Албетте, америкачыл жана батышчыл депутаттар алешем жазылган кыргыз-орус ГЭСтер келишимине оңой менен муюп, макулдук бере койбошу айдан ачык. Алар жок эле дегенде элге жакшы көрүнүш үчүн келишимге өзгөртүү киргизүүгө жетишет. Анда орус тарап чалкадан кетиши мүмкүн. Орто жолдо эле бир миллионго жакын Россияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттары курмандык болуп, алардын иштөөсүнө бир топ тоскоолодуктар жаралат. Демек, Атамбаевдин айласы кетип, ар бири өзүнүн артындагы державалардын кызыкчылыгын талашкан депутаттар менен саясый соодалашууга барат.
 
Бул ортодо жакында эле ШКУнун башкатчылык кызматын тапшырып, кыжылдаган Пекинден бейпил Бишкекке келген кыраакы саясатчы Муратбек Иманалиев жөн жатпай, үстөккө-босток маалымат жыйындарын өткөрүүдө. Ал алгач бүгүнкү күндө Кыргызстан, кыргыз эли гуманитардык кризиске, кабылып, элита жоголгондугун айтса, андан кийин “Манастан” АКШ авиабазасы чыгарылса, кыргыз-америка мамилеси кан буугандай токтоп каларын жар салды. Үлкөн эл аралык уюмду эки жылдай башкарып, президенттерден да жогору турган кыраакы саясатчы жөн жерден кыргыз журтчулугуна эскертүү берип жатпаса керек...
 
Баса, Р.Блейк акыркы сапарында Бишкекте эки күн түнөп, экинчи күнү Ала-Арча резиденциясында кыргыз-америка өкмөттөрүнүн ортосундагы буга чейин аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, келечектеги кызматташтыкты талкуулады. Биздин “жакшылар” үчүн бул “көзүңөрдү ачкыла, базаны чыгарсаңар кредит, гранттан ажырайсыңар” деген кулак кагыш. Кыргызстан АКШдан жыл сайын аскердик базасынан 60-100 млн. (2012-жылы 200 млн. доллар алган) доллардын тегерегиндеги ижара акысынан тышкары эгемендүүлүк жылдары 1,3 млрд. доллар жардам алыптыр. Албетте, араңжан кыргыз экономикасы үчүн бул сумма оңбогондой чоң жардам. Демек, келерки жылы базанын чыгарылышы менен казынабызды толтуруп турган ири кирешеден айрылабыз. Орус бийлиги ушунча жардам бере коёру арсар. Бул деген өнөкөт аракечтик илдетине кабылган адам арак ичип турбаса жашай албагандай, чет элдик кредит, грант, инвестициясыз ийненин көзүн теше албаган кыргыз экономикасы такыр итке минет дегендик. Ал эми бизге мындай жардамдар негизинен Батыш өлкөлөрү менен океандын ары жагынан келип жаткандыгы белгилүү.
 
Баарынан да жердешибиз, Россия Мамдумасындагы ЛДПР фракциясынын лидери В.Жириновский өткөн дем алыш күнү РТР каналынан сүйлөп, бир гана кыргыз-орус, кыргыз-америка эмес, бүтүндөй дүйнөлүк саясый картаны ачып койду. Маселени маалкатпай “мотуевчесинен” тарс-тарс сүйлөгөн Владимир Вольфович “Биз (Россия-автор) эң оболу азыр Борбор Азияны сактап, чек арасын коргоп калышыбыз керек. Мен өзүм ошол жактан болом. СССРдин тушунда светтик жашоо образы өкүм сүрүп, ал тургай Борбор Азияга батыштагылар да суктанышчу. Азыр карагылачы эмне болуп жатат? Бир четинен мечиттер көп салынып, ар кандай эл аралык диний террордук топтор толуп алды. Экинчи жагынан Батыш  демократия орнотобуз деген шылтоо менен чыккысы келбейт. Алардын ар бири кыргыз-өзбек-тажик-казактарды бири-бирине тукуруп, аймактагы бейпилдикти бузууда. Батыш мындан тышкары араб дүйнөсүн бүлүккө салган соң, Африка өлкөлөрүнө шылтоо таап кирди”,- деп бакылдады Жириновский байкебиз. Кремлдин башкы “союлу” катары салган Жириновский ойноп сүйлөсө да ойлонуп сүйлөгөн кыраакы саясатчы. Андыктан анын айтканын бүтүндөй Россиянын Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга карата түзүлгөн планы деп түшүнүүбүз абзел. Бирок бизге караганда баардык жагынан кубаттуу жана жабык Казакстан менен Өзбекстан чет элдиктерди оңой менен өз аймагына киргизе койбойт. Андыктан каалайбызбы, жокпу  биз, президент Атамбаев баш болуп дүйнөлүк державалардын полигонуна айланып, эки оттун ортосунда турабыз.
 
Ушул жумада Өзбекстандын президенти И. Каримов жыл жыйынтыгын чыгарган Ташкенттеги катта масилатта кылымдар боюу базары, мазары бир болуп келаткан кыргыз-өзбек элинин ынтымагын эч ким буза албай тургандыгын, болгону сырттан чагымчыл күчтөр кийлишип жаткандыгын айтып, Борбор Азия элдери үчүн 2014-жылы Афганистандан АКШ базасы чыгарылган соң чоң коркунуч жараларын жар салды. Өзбек президенти оңой менен мындай ачык сүйлөбөйт эле. Сыягы, ал кошуналар менен ынтымакта жашоого ниеттенүүдө. Демек, ал 1-2 жылда аймакта чоң өзгөрүү болорун сезип, ошол коркунучка чогуу каршы турууга чакырык таштады.   Бирок биздин президентибиз кандай ойдо болду экен?
 
С.Жакшылыков