Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2083
Жөнөкөй адамдан тартып, каары каттуу мамлекет башчыга чейин анын ким экендиги эң оболу анын адамгерчилиги менен өлчөнөт. Бул айныгыс чындык. Мындай сапатты акчага сатып же алмаштырып ала албайсың. Ошондуктан эл тагдырын чечкен башчылардын эң оболу интеллектуалдык деңгээли жогору болуп, мекенчил болушу кажет. Ансыз бүтүндөй өз өлкөсүнүн тагдырына балта чаап коёрун өткөн эле жерди, алтынды сатып, чет жакта азып-тозуп жүргөн башчыларыбыздын аянычтуу тагдырынан билебиз.
 
Акча ал тургай эсепсиз байлыгы бар (200 миллиард доллар) Ливиянын мурдагы президентинин да өмүрүн сактап кала алган жок. Билим деңгээли төмөн АКШнын экс-президенти Жорж Буш да өз өлкөсүндөгү интеллектуалдык деңгээли төмөн президент бойдон калды. Арийне мындай наадандардын колуна бийлик менен байлык тийгендиги өтө опурталдуу. Анткени алар баарын сатууга жана алмаштырууга жөндөмдүү. Эгер бул айткандарыбызды бүтүндөй бир улуттун мисалында алсак да жаңылбайбыз. Маселен, дүйнөдөгү элдердин интеллектуалдык деңгээли жогоркусу да, экономикалык жактан өнүккөнү да болуп эсептелген Японияга  жана япониялыктарга эң облу өз мекенин сүйгөн мекенчилдик айырмалап турат.
 
Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Нургожоевич Жапаров тууралуу сөз баштоодон мурда бекеринен мындай лирикалык чегинүү жасаганыбыз жок. Ооба, азыркы бийликтин түрмөсүндө жаткан С.Жапаров деле башка кесиптештериндей болуп, унчукпай “балык” болуп отура берсе же кошомат кылса, балким түрмөгө камалбай парламентте көптүн катарында жүрө бермектир. Бирок, ал эң оболу өзүнүн балалык күндөрү өткөн Ысык-Көлдүн “Кумтөр” кениндеги кыргыз бийлигин барымтага алган эл аралык аферисттердин алдамчылыгына жана экологиябызга келтирип жаткан эбегейсиз зыяндуу иштерин ачыкка чыгарам деп курмандыкка чалынууда. Анткен менен, “Ак ийилет, бирок сынбайт” демекчи, эртеби, кечпи, анын айткандары алдын ала кагылган коңгуроо экендигине азыр эл ишенгендей эле, адилет бийлик келип, баа береринен шек жок.
 
Тилекке каршы, 2010-жылы апрель төңкөрүшүнүн арты менен бийликке келгендер карапайым адамдардан тартып, чоң кызматта иштеген жетекчилерге чейин “мурунку, азыркы, бакиевчи” деп бөлгөндү өнөкөт ооруу кылып алышты. Эгер биз ошондой жол менен кете бере турган болсок, анда Кыргызстандын келечегине балта чабылгандык болуп саналат. С.Жапаров ошол “балит” деп айтып жаткан Бакиевдин тушунда эле “элдик комиссар” деп аталышы анын далай коррупцияга малынган чиновниктердин бетин ачкандыгынан улам эл тарабынан берилген калыс баа болуп саналат. Ошондой заманда эл, жер, мамлекеттин келечеги үчүн иштеген адамдын эң оболу жогоруда айткандай адамкерчилик жана интеллектуалдык сапаты жогору болуш керек.
 
С.Жапаровдун “Кумтөр” боюнча алтымыш томдон ашык материал чогултуп, “Эмне үчүн канадалыктар 260 тонна алтын өндүрүп, бизге 1,5 тоннасы гана калган. Ушуга кантип макул болосуңар!”,- деген сөзү бир гана жан дүйнөнүн кыйкырыгы эмес, анын адилетсиздикке, өз өлкөсүнүн келечегине тынчсыздангандыгы жана канадалык эл аралык алдамчылардын тузагына илинген бүгүнкү маңкурт бийликтин бетпардасын сыйрып алган эрдиги. Жан дүйнөсү таза, мекенчил адам, болгондо да эл ишеним көрсөтүп шайлаган депутат ушундай гана ачуу чындыкты айтууга тийиш. Ошондо аны айрым бийликтин союлун чапкан депутаттар трибунадан түртүп түшүрүп, сүйлөтпөй коюшу алардын өз өлкөсүнө, элине жасаган чыккынчылыгы.
 
Албетте, С.Жапаров жалгыз эмес, анын К.Ташиев, Т.Мамытов сыяктуу фракциялаш депутат, достору колдоп, 3-октябрда Ак үйдүн алдында митинг өткөрүү менен өздөрүн курмандыкка чылып, “Бийликти басып алууга аракет кылды” деп үч айдан бери абакта кармап отурушу ошол бийликтегилердин өздөрүнүн кризиске кабылгандыгы. Анда эмне үчүн С.Жапаров Акүйдүн тосмосуна жакын барбаса жана эч кандай ураан-чакырык жасабаса деле камакка алынып, “Кумтөр” боюнча топтогон 60 томдон ашык материалдары ошол замат конфискация болду? Ушундан эле бул иштеги бийликтин негизги максаты кандай экендиги көрүнүп турат. Андан соң Түптөн, Жалал-Абаддан бери Бишкекке жөө келген анын карапайым колдоочулары бийлик тарабынан ар кандай кысымга алынып, мамлекет башчы көңүл да буруп койгон жок. Көрсө, 2010-жылы апрелде Кыргызстанда революция болбой эле, эл аралык мафиянын куурчактары бийликке келген экен.
 
Ушул жумада парламент депутаттарынан турган тиешелүү комиссия С.Жапаровдон кол тийбестик укуту алуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчүн көпчүлүк добуш менен жокко чыгарды. Бирок, андай чечимге беш депутаттын экөөсү каршы болушунун да себеби бар. Ал эми жалал-абаддык баатыр энелер эки күн мурда КР өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укутуу өкүлү Ж.Төрөмаматовго камактагы депутаттарды Жаңы жылга чейин бошотуу талабын коюшту. Алар бул талап аткарылбаса, андан соң жаңы акцияларды уюштурмакчы. С.Жапаров адам өлтүрбөгөн соң, азыр жасалма болсо да тагылып жаткан ыйыптоо тергөө амалында болгондуктан, “Кумтөр” маселеси Жогорку Кеңеште талкууланганда кишен менен болсо да алып келип, трибунадан сөз берүүнү талап кылды. Азырынча бийлик бул сунушка “ак” же “көк” деп жооп бере элек. Эгер С.Жапаровго ушундай мүмкүнчүлүк берилсе, анда “Кумтөргө” байланышкан далай былыктардын бети ачылып калышы мүмкүн. Сыягы, алар дал ушул коркунучтан чочулап, жогору жактагы өздөрүн сырттан башкаргандардан көрсөтмө күтүп жатса керек.
 
С.Жапаров, К.Ташиев азыр кырктын кырында, келечеги алдыда турган кыргыз элинин көптү үмүттөндүргөн азамат уулдары. Бирок алардын канчалык абакта жаткан сайын кадыр-баркы эл арасында жогорулап жатышы бийликтегилердин тамагына кылкандай тыгылып, түн уйкусун бузууда. Себеби көпчүлүк эл аларды колдоодо. Бүгүнкү күнгө чейин С.Жапаров таза иштегендиктен жана эч кандай коррупциялык иштерге аралашпагандыктан, бийликтегилер андан илинчек таппай баштары катууда. Болгону Бишкектин Киев көчөсү-74 дарегиндеги сатып алган имаратты конфискациялап, мамлекеттин пайдасына өткөрүп беребиз деп жатышат. Көрсө, ал имарат бир кезде бала бакча болгон экен. Бийликтегилер бул жерде бала бакчаны да саясатка айлантып, бөбөктөрдүн көлөкөсүнө жамынууда. Эгер алар ошончолук эле балдарга кам көрсө, анда эмнеге башка ит бекер менчиктештирилип кеткен имараттарга тийбейт? Демек, алардын коррупцияга каршы күрөшүү, туура эмес менчиктештирилген бала бакчаларды кайтарып алуу аракети жөн гана саясый курал, акция болууда. Алар ошончолук эле калыс, адилет болушса, апрель окуясындагы банктардын тонолушун, июнь окуясынын чындыгын, Бакиевдердин мүлкүн тоноону ачыкка чыгарышпайбы! Жок. Анда өздөрүнүн былыгы ачыкка чыгып калмак. Ошондуктан убактылуу кармоо абагында жаткан мөөнөтү бүтсө да же эркиндикке же үй камагына чыгара албай жатышат.
 
Айтканга оңой болгон менен 60 томдук материал топтоп, ар бир сөзүн факты менен далилдөө ар бир эле депутаттын колуна келе турган иш эмес. Ал эми С.Жапаров бул иштин артынан өз эсебинен эл аралык эксперттерге карызга акча төлөп бергендиги эле анын чыныгы мекенчил экендигинин дагы бир далили. Кыргыз эли, өзгөчө карапайым адамдар чыныгы мекенчил уулдарын эч качан жерге, аймакка карап бөлгөн эмес. Андай сый-урматка уулуу инсандар И.Раззаков менен С.Ибраимов татыктуу болгон. Бүгүнкү күндө С.Жапаров да Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнө, батышы менен чыгышына бирдей уул. Ар бир карапайым адам анын ак экендигине ишенип, эртеби кечпи эркиндикке чыгарына ишенип, жүрөгү сыздап турат. Анткени “Кумтөр” – бул бүтүндөй кыргыз элинин, Кыргызстандын байлыгы, экологиясы жана келечеги!
 
Ж.Белеков