Кыштын келиши “бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз” демекчи, бийликтин жаз, жай, күз боюу кышка даярдык боюнча саймедиреген убадасынын канчалык деңгээлде экендигин аныктоочу термометр болуп калды. Анткени алардын теориясы практика жүзүндө сыноодон өтүп, турмуш чындыгы менен өлчөнөт.
 
Ооба, учурда бир гана Кыргызстанга кыш келип, суук түшкөн жок. Килейген Россиянын түндүгүндө деле 40-50 даражага чейин суук болуп, жолдор тосулуп жатат. Бул табияттын көрүнүшү. Бирок, бир дагы мамлекетте, өзгөчө быйылкыдай кыш Кыргызстандагыдай карапайым эл үчүн трагедияга айланбаса керек. Болгону 20-25 даража суукка туруштук бере албай, үйүбүздө тончон үшүп-шишип отурабыз. Энергетиктер “көмөк чордондор оорчулукту көтөрө албай күйүп кетип жатат” деп чырылдашууда. Алардын да аргасыздан кезек кезеги менен өчүрүүгө барып, кычыраган жарым түндө жер казып, күйгөн кабелдерди оңдогондугун адам болгон соң туура түшүнүшүбүз керек.
 
Эсиңерде болсо, Бакиевдин кызматтан кетирүүнүн негизги куралы электр энергиясына баанын көтөрүлүшү жана “тезек тергиле” деген сөзү болгон. Ал тургай Нарын, Ысык-Көл облусттарында электр энергиясынын акысы такыр төлөнбөй калган. Азыркы  бийлик - андагы оппозиционерлер эгер эки тизгин, бир чылбырды колго алышса, анда элге жарыкты өз баасында сатууну убада кылышкан. Бирок, жакында президент А.Атамбаев россиялык “Россия 24” телеканалына берген маегинде “Кыргызстанда электр энергиясынын баасы Россиядан үч эсе, Казакстандан эки эсе арзан” деп оозун жыйганча энергетика министрлиги 2016-жылга чейин электр энергиясынын баасы этап этабы менен көтөрүлөрүн жар салды. Кымбатчылык келерки жылдын апрелинде эле 10%дан башталат экен. Бирок урматтуу ажо мырза ошол эле Россия менен Казакстанда бизге карганда маянанын көлөмү эки, үч эмес, беш, он эсе жогору экендигин билбейби же атайылап маңыроо кыргыздар билбейт деп айткысы келбейби? Анда эмне Бакиевди жети желмогуздай жамандап, элге жек көрсөттүңөр? Демек, ал кездеги оппозициянын анабашыларынын жөнөкөй экономикалык түшүнүгү болгон эмес жана эптеп эле Бакиевди кетирүүнүн амалын издешкен. Эгер ушинтип отурсак, анда кийинки жылдары ошол Бакиевдин тезегине да жетпей калабыз.
 
Али кыш чилдеси келбей жатып эле ашыналар (Өзбекстан) менен баурдастар (Казакстан) газды каалагандай өчүрүп, кыргыз бийлиги менен мышык-чычкан ойноп жатат. Акыркы ирет алар газды өчүрүүнүн себебин айтып да коюшпаптыр. Азыр бала-вице-премьер-министр Тайыр Сарпашев Астанада сүйлөшүү жүргүзүп жатат. 17-декабрда өкмөт башчы Ж. Сатыбалдиев 100 күндүк ишмердүүлүгү боюнча отчетунда маселе бир жуманын ичинде чечилип каларын билдирди. Сыягы, ал синоптиктердин “жуманын соңунда аба ырайы жылый баштайт”,- деген божомолуна таянып ушундай оптимисттик ойду ортого таштап жатса керек. Ансыз деле бир жумадан кийин “же өгүз өлөт, же араба сынат” эмеспи. Ошол Бакиевдин заманында кыш Кыргызстанда мынчалык акыр замандай каардуу келбейт эле. Кошуналар газды өчүрсө да мынчалык бир жума, он күнгө узартчу эмес. Себеби андагы бийлик мушун көрсөтүп, жазында сууну токтотуп коёрун кулак кагыш кылчу.
 
Социалдык коргоо министрлиги акыркы сууктан Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында үй-жайсыз сегиз адам тоңуп өлгөндүгүн билдирди. Эл аралык уюмдардын көмөгү менен азыр социалдык башпаанек жайлары ачылып, селсаяктарга күндө бир маал ысык тамак жана убактылуу башкалканч берилүүдө. Көрсө, жазында билинбей ар кайсы кароосуз калган имараттарда жашап жүргөн үй-жайсыздар бизде көп экен. Бирок али кыш алдыда, байкуш көчөдө калгандардын эртеңки көргөн күнү эмне болот? Бул жагынан да бийликтин бир кагаз жүзүндөгү да программа, планы жок. Ошол эле Бакиевдин заманында Таласта өлөрчө сабалган ички иштер министри М.Конгантиев көчөдө калгандарды жыйнап туруп, райондук администрациялардын имаратынын алдына төгүп салчу. Ошондо бир катар бети жалтыраган чиновниктер айласыздан аларды кыштан чыкканча багууга мажбур болушкан.
 
Ооба, азыр кагаз жүзүндө баары жакшы. Кыргызстандын  энергетикалык көз карандылыгын камсыз кылуу үчүн “Датка-Кемин” көмөкчордону жана башка келечектүү долбоорлор ишке ашырылып жатат. Россия менен биргеликте бир эмес, келечекте сегиз ГЭС куруу пландаштырылууда. Эгер ушул долбоорлордун баары иш жүзүнө аша турган болсо, анда Кыргызстан толук бойдон энергетикалык көз карандысыздыкка жетишип, Афганистан жана Пакистанга чейин жарыкты сатып калабыз. Бирок булардын баардыгы СССР учурундагы “коммунизм болот” деген утопиядай эле. Тилекке каршы өкмөттүн бүгүнкү күнгө же жакынкы жылдарга карата план-минимуму болбой жатпайбы.
 
Былтыр эле уулуу көмүр чуусу менен мурдагы энергетика министри А. Шадиев далай ур-токмокко алынып, ал кетсе эле тармактын түйшүгү чечилип кала тургандай болгон. Ж.Сатыбалдиевдин бийлиги анын ордуна кесипкөй катары А. Калманбетовду министр кылып дайындады. Тилекке каршы министрлердин фамилиясы эле өзгөрбөсө, көйгөйлөр ошол эле бойдон калды. Мисалы, карапайым адам азыр Бишкекте кымбат болсо да сапаттуу көмүр сатып ала албайт. Көмүр базасына барууга, сапаттуусун алууга дегеле мүмкүн эмес. Анткени ал жерде мурдагы эле эски бийликтердин тушундагы “көмүр мафиясы” өз схемасын түзүп алган. Казакстандан ансыз деле жарымынан көбү күл болуп келген бир тоннасы 1000 сомдун тегерегиндеги көмүр жок дегенде 2000 сомдун тегерегинде дүңүнөн сатылып, аны ортомчулар керектөөчүлөргө тоннасын 3500 сомдон сунуш кылышат. Андыктан аргасыз алууга мажбур болосуң. Ошентип көмүр карапайым адамдарга жеткенче эки-үч колдон өтүп, баасы үч-төрт эсе жогорулайт. Ал эми жөнөкөй адамдар электр энергиясын жакканда айына канча төлөй тургандыгын жана көмүргө канча кетерин эсептеп, көмүр албай эле коюп жатышат. Натыйжада азыркы күн сайын көмөкчордондор күйүп кеткен күйүттү түндү баштан өткөрүүдөбүз. Баса, 2010-жылы апрель окуясынан кийин элге кайра берилген үч фазалар кайра тартып алынып, адашпай эле азыркы бийлик Бакиевдин жолуна түшүп жатат. Бишкек шаарынын мэриясы жалаң гана кагаз жүзүндө иш жүргүзүп, жарытылуу көмүр базаларын ачкан эмес. Болсо да ал жайларда кызыл кулактар ансыз деле чучуктай ичке каптардын оозун бир карыш кесип, каптап саткан көмүрүнүн баасы 250-300 сомдон. Анысы бир күнгө да жетпейт.
 
Жыл сайын жаңы жылдын алдында жөнөкөй адамдардан тартып, президентке чейин ойлондурган кошуналардан газ сатып алуу маселеси быйыл декабрдын башында эле түйшүккө салды. “Кыргызгаздын” жетекчиси Т. Кулмурзаев оозун куу чөп менен аарчып, Казакстанга “болгону” 3 млн. доллардын тегерегинде карызыбыз бар деп айтууда. Бирок айрым маалыматтарга ылайык, иш жүзүндө карызыбыздын көлөмү он эсе жогору экен. бул маселеге биротоло болбосо да жарым-жартылай чекит коюу үчүн өкмөт “Кыргызгазды” Россиянын “Газпромуна” бекер болсо да берип, республикабыздын түштүгүндөгү кендерди тезирээк иштетиш керек. Ошондо түштүк аймагыбыздагы шаарлар газ менен камсыз болуп, айылдыктар көнгөн адаты боюнча көмүр, тезек жагып, отун маселеси чечилмек. Ал эми республикабыздын түндүгүн электр энергиясына өткөрүү гана маселени жеңилдетет. Ошондо күн сайын Өзбекстан менен Казакстанга кетип жаткан миллиондогон долларлар өз чөнтөгүбүздө калып, экономикабыздын жанданышына өбөлгө түзмөк. Тилекке каршы азыркы бийликтин жогоруда айтылгандай келечектүү планы болгон менен, жакынкы жылдарга карата эч кандай стратегиялык планы жок болуп жатпайбы.
 
Кыскасы, быйылкы кыш А. Атамбаев баш, Ж. Сатыбалдиев төш болгон Акүйдөгүлөрдүн кышкы даярдыгы жок экендигин кашкайта дилидеп койду. Ал эми биз үчүн кышка даярдыктын жогу согушка даяр эместей эле көрүнүш эмеспи...
 
Ж. Жамгырчиев
Булак: "Майдан.kg"