Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3711
Бийликтин жугундусун ичкен “айдактамалар” Кыргыз гезиттеринин биримдигинин (кыскартып айтканда – КГБ) түзүлүшүнө басма сөз күнүнө карата президент, премьер-министр, парламент төрагасы чогуу өткөзгөн “Ала-Арча” резиденциясындагы салтанатта Алмазбек Атамбаевдин кыргыз журналистикасын шыбаган кеби гана түрткү болгонун коомчулукка таңуулап жатат. Бул өтө жаңылыш ой.
 
Анткени, аталган бирикменин максаты, милдети Атамбаевди боктоо эмес, анын түпкүрүндө кыргыз улутунун кызыкчылыгы жатат. Арийне, Атамбаев менен кыргыз журналистикасынын Кыргызстандын келечек тагдырына келгенде түшүнүгү эки ача чыгып жатканын да жаап-жашырып койгонубуз туура эмес.
 
Дал ошондуктан да, бийликке кыргыз тилдүү басма сөздүн “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, улут кызыкчылыгы катылган маселелер боюнча бирдиктүү позицияны карманууга шартташканы жакпай турат. Буга эсил-кайран Акаев менен Бакиевдин ыкмасына салып, “дүжүр” эксперттер аркылуу бирикмени каралоо аракети далил болуп бере алат. Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов кыргыз тилдүү гезиттер бирикмесине чабуулду өзү баш болуп башкарып жаткандыгы да көпчүлүккө дайын. Ошол резиденциядагы “жылуу кабыл алуудан” кийин атайын “Сөз” аттуу макала жазгам. Ошондо Атамбаевге кайрылып, “Акаев, Бакиевге кошоматчылык кылып, түбүнө жеткендин баары тегерегиңизге чогулду. Резиденцияда туура айттыңыз (бир гана ушул жери адилет болду): “Дос күйдүрүп айтат”. Ошол “шыпырындалардан” көрө, биз көбүрөөк дос болсок керек сизге. Себеби, алар мактагандан башканы билбейт, а биз ачуу чындыкты айтып, элдин кебин жеткизүүгө аракет жасап жатабыз. Андан көрө бизди тыңшасаңыз, адилет жетекчи катары атыңыз тарыхтын барактарында алтын тамгалар менен жазылмак. Өзүңүз чечиңиз”,- деген болчумун. Кыргыз тилдүү басма сөз бириккенден кийин Салянова журналисттерди жазганы үчүн жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын билдирип чыкса, ал эми президенттин тегерегиндегилер күчүнүн жетишинче бизди боктоп киришти. Мына ушунун өзүнөн президент өз тандоосун кайрале кошоматчы, Акаев-Бакиевди аңга түрткөн адамдарга карай жасаганын түшүндүк. Буга укугуңуз бар, Алмазбек Шаршенович, эрк өзүңүздө!
 
Фариддин кулагы тикчийип чыгып турган “Фокус.kg” сайты бар. Аты эле айтып тургандай, ал сайт ар кандай “ахалай-махалай” фокустар менен элдин башын айлантуу максатында ачылган. Мына ошол сайт, албетте, кожоюндарынын буйрутмасынын негизинде үч карт журналисттен: Үсөн Касыбеков, Алым Токтомушев жана Шайлообек Дүйшеевден биздин бирикме тууралуу пикир сураптыр (же ушундай мүнөздө ой-пикирин чагылдырып коюуга шартташкан). Ү.Касыбековдун:Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге айткан сынына чычалап, «сөз эркиндигине кысым жасап атат» деген калп шылтоо менен чыгып атышат да. Чынында эле кыргыз гезиттерин ачып карасаң, толтура катын ушак да, кудай урбадыбы?!”, А.Токтомушевдин: “Өлкөдөгү абалды эч кандай изилдөөгө албай, анализдебей эле, бир гана Атамбаевди сөккөндө оппозиция болуп калбайт да. «Биз бийликке каршы оппозицияга өттүк» дегендери Атамбаевди сөгөбүз деген эле кептери да”, Ш.Дүйшеевдин:Чынында эле маданияттуу жазганды үйрөнүшүбүз керек да. Чет элдик маалымат каражаттарында биздегидей мазактап, шылдыңдабай эле факты менен «союшат». Биз дагы ушинтип жазганды үйрөнүшүбүз керек”,- дегенин окуган адам, сөзсүз түрдө бул адамдардын алжып калганын айтып чыгаары турган иш. Үчөө тең үлкөн, алп талант, ага шек жок. Бирок, журналист көзү көрүп турган чындыкты, фактыны гана жазаарын булар унутуп койгондой. Эгерде үчөө тең кыргыз элинин канча убактан бери эксперимент болуп келе жатканын, ал адам чыдагыс операция Атамбаев учурунда да уланып жатканын көрбөй жатышса, жүрөгү менен өз улутунун кыйынчылыкта күн кечирип тургандыгын сезе алышпаса, анда аларга айтаар кеп да, сөз да жок. Түшүнөбүз, карыган чак башка. Карьерасынын аяк ченинде бийликтен болушунча сыйлык алып калууга умтулуп жатышкандыр. Бирок, ал сыйлыктын бири да, элдин алкышына арзый албайт. Бир сүйлөм кошоматчылык – өмүр бою татыган эл арзуусун жууп кетерин унутпоо зарыл. Акыл үйрөткөнүм эмес, бул эл оозундагы кеп. Баарынан да мен кайталангыс акын Шайлообек Дүйшеевдин бул “хорго” кошулуп кеткенине таң калып турам. Кыргыздын акыны ар дайым чындыкты айтып келген, ошонусу үчүн Токтогул атабызга окшоп, сүргүнгө айдалган. Бирок, хандар менен бектер канча кордук көрсөтүшпөсүн, эч качан чындыктан тайган эмес. Бүгүнкү бийликтин Шайлообектей акынды да кошоматчы кылганы ошондуктан кыжырга тийүүдө.
 
Учурда ар кайсы эксперттер журналисттердин жоопкерчилигин күчөтүү зарылчылыгын айтууда. Бир жерине күч келгенде, ар дайым ушуга окшогон демилгелер пайда болот. Эгер бул демилгени эл кадырлаган калыс адамдар көтөрүп чыкса, каршылык болбойт эле. А бирок, аны бийликке жакын адамдар айтууда, маселен – өкмөттүк гезиттин баш редактору. Анан акыл үйрөткөнүнө таң каласың, “журналисттер позиция, оппозиция болуп бөлүнбөш керек”,- таризинде. Чындыгында, ким бөлүнүп жатат? Үч гезитине “өкмөттүк” статусту илип алган өкмөтпү? Бийликтин, кечирип коюуңуз туура эмес осурганын да “туура” деп жазгандарбы? Же болбосо ошонун баарын көзгө сайып көрсөтүп, чындыктан тайбаган журналисттерби? Бөлүнбөш үчүн бийлик баарыбызга бирдей шарт түзүп бериши керек. Почтасына айтышы абзел, “жалаң өкмөттүк гезитке зордоп жаздырганды токтот, эл өзү каалаганына жазылсын да, сатып ала берсин”,- деп. Эгерде бийлик гезиттерди эч болбосо коммерсанттарга салынчу салыктан бошотуп коюп догурунса, анда түшүнмөк элек. А бирок, сөз эркиндигинин өсүшүнө эч кандай кам көрбөстөн, ушундай демилгени көтөрүп чыгышканы – айла жоктук. Айттырып атышпайбы, “ой азыр журналисттерди бычактаган, өлтүргөн эч ким жок, куулганы да болбоду”,- деп. Айтаар элем: качантан бери сөз эркиндиги ушуга окшогон көрсөткүчтөр менен бааланып калды эле? Сөзсүз эле журналист жабыр тартышы керекпи? А сөз менен коркутканыңар буга киреби?
 
Бийлик башындагылардын эмнеге чочулап жатканын билесизби, окурман? Атамбаевди да, демек, азыркы бийликте олтургандын баарын ушул даражасына басма сөз жеткизген. Куугунтукта жүрүп, оппозициялык кыймылды жетектеп жаткан учурунда Атамбаев кыргыз гезиттеринин күчүн нак сезген. Бүгүн бул гезиттер президентти сындап жазууда, анткени, эл турмушунда сезилерлик жылыштар болбой жатат, баалар асмандап кетти, экинчи кыш катары менен тоңуп турабыз, а коррупцияга каршы күрөш “желмогуздарга аңчылыкка” айланды. Басма сөздүн күчүн жакындан билген президент да ошондуктан, жапырт сындан чочулап турат. Элге жүзүн бурайын десе, албетте тегерегиндегилер буга жол бербейт. Ажого суктана тургандай кез эмес, ал да Акаев менен Бакиевди аңга сүйрөгөн адамдардын туткунунда калды. Мамлекет башчысы тез арада ошолордон кутулуп, биздин сынды туура кабыл алып, абалды оңдоп кетпесе, эскилердин кейпин кийип калышы ыктымал. Биз ошондой болбошун тилеп, он жолго түшүүгө сизди үгүттөп жатабыз, Алмазбек Шаршенович. Мурда жазгандай, чечим кабыл ала турган сизсиз...
 
Нургазы Анаркулов,
"Майдан.kg" гезитинин башкы редактору