Камчыбек Ташиевдин бейнесине сүртүмдөр
 
Кыргызстандын саясий элитасы карапайым калктын турмушун жакшыртуу багытында жигердүү чараларды көрө алабы? Жан дүйнөдөгү өйүгөн маселенин негизги түбү ушунда турат. Дегеним, биз ким элек, ким болдук? Кайда, кантип баратабыз жана канткенде бейиштин төрүндөй болгон мекенибиз ааламдашкан доордун деңгээлинде башка өлкөлөр менен тең ата боло алат. Кезинде, тээ Атилланын доорунда кыргыз улуту сөзгө бай, айтылган сөздүн кадырын туя билген, эр көкүрөк эл болгондугун айтып келебиз. Бирок, бүгүнкү күндө анын урпактары эмне деген абалга кептелип отурабыз? Кандай болгон күндө да биз күн карамадай бирөөлөрдү ээрчибей, өз жолубуз менен кете алганыбызда гана өз бийиктигибизге жете алабыз. А мындайда, ошол улуу жана татаал жолду жаратууда алдыда ар убак эл ичинен чыккан баатырларыбыз көч баштап келген.
 
Мына ошол кыргыздын туусун көтөрүп келген эл баатырлары ар дайым НАМЫС деген улуу түшүнүктү бийик көтөрүп, даңктап келишкен. Кайсы бир улуу инсан айтып өткөндөй: «Эл-жери үчүн таттуу уйку менен кара жандын жыргалынан кече алса бул –  ар-намыс”,- деген сөз эске келет. Мындайда ошондой элдин көксөөсүнө татый турган, биз кеп кылган намыс туусун көтөрө алчу азаматтарыбыз барбы бизде? Ырас, эч убакта тубаса баатыр жаралбайт. Баатырды согуш жаратат, эл башына түшкөн оор учурлар жаратат. Андай азаматтарыбыздан кыргыз элим азыр да кур эмес. Алардын бири - Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата-Журт» саясий партиясынын төрагасы - Камчыбек Ташиев. Ушул эле акылман кыргызымда «ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол» деген акактай таза, сөз кадырын түшүнө билгендердин аң-сезимине кыттай уючу накыл кеби бар. Дал ушул түшүнүк менен караганда Камчыбек элдин сыймыктана турган уулу экенин ишенимдүү айта аласың.
 
Сөзүбүз кур болбос үчүн анын элине жасаган эмгектеринен бир азын гана айта кетсек. «Ааламга кетчү жол айылдан башталат» дегендей, Камчы мырза чоң саясатка аттанган, киндик каны тамган Сузак жергесине жасаган эмгектерин эле айтсак он эмес, он чакты манжаны бириктирсек да толчудай эмес. Барпы айылындагы жети айылындын адам ыйлай турган абалга келип калган жолдорун бир канча миллиондогон сомдорго оңдоткону, ушул эле айылда курулган спорт интернат, бейтапкана, Өзгөн менен Таш-Дөбө айылын бириктирген заңгыраган көпүрө, деги эле Жалал-Абад өрөөнүндөгү далайлаган айылдарга коюлган трансформаторлор… Мунун баары мамлекеттин эмес, К.Ташиев өз чөнтөгүнөн көргөзгөн жардамдары. Чаткалдагы эскилиги жетип калган, мына-мына урап түшчүдөй болуп калган күмбөздү толук ремонттон өткөрүп, беш жүз метрдей бийиктикте заңкайтып көтөрүп салганын да айта кетпесек болбойт. 
 
Анын жооптуу кызматта жүргөндөгү жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, боорукерлиги жөнүндө да эл ичинде көп айтылып келет. Нура айылындагы болуп өткөн зилзала баарыбыздын эсибизде болсо керек. Анда Камчыбек Өзгөчө кырдаалдар министри эле. Муну айтканым, азыркы айрым чоңдордой көчүгүн жылуу креслодон көтөрө албай, борбордо туруп алып көрсөтмө бергендердей эмес, ошол кырсык болгон жерге өзү барып, күнү-түнү жабыркаган эл менен бирге болуп, алардын оорун жерден көтөрүшкөнү бүт кыргыз элинин эсинде болсо керек. Ошондо өзүнүн бир эскергени бар: «Эшикте кычыраган суук. Түн бир оокумдан өтүп калган. Кучагымда ата-энесинен айрылган бала. Мен аны ар нерселер менен алаксытып олтуруп, бир кезде аны кучактаган бойдон экөөбүз тең уктап кетиптирбиз. Таң эрте мен өз уулум менен уктап жаткандай сезип, көзүмдү ачсам бөлөк бала экен» дейт. Муну менен анын боорукерлик мүнөзүн, айрым чоңдордой бой көтөрбөгөнүн, карапайым мүнөзүн айткым келет. Ушул эле кызматта жүргөндөгү дагы бир окуяны эстесем, Аксыда көчкү жүрүп, бир нече адамдын өмүрү кыйылып, эл мөгдрөп турганда ал жерге да өзү жетип барып, көчкүнү тазалоого өзү да киришип, бир кыздын сөөгүн таап чыккан жайы бар. Аталган министрликти ак эмгек менен өтөсө да, айрым жетекчилер тарабынан ага бут тосуулар болгонун, андайда кызмат эмес, эл тарапта экенин далилдеген. Ал кезде Данияр Үсөнов өкмөт башчысы болуп, ӨКМ башчысына ыксыз асыла бергенде, кызматын таштап, эшикти тарс жаап чыгып кеткен да Камчыбек Ташиев болгон. Муну менен мен кеп кылган каарман кызматка эмес, ириде элге кызмат кылчу азаматтардын бири экенин айтайын деп жатам. Себеби, ар бир эле чиновниктин колунан мындай чечим жарала бербейт. Кадыр-баркы калк арасында нөл болуп, жетекчиликтен жемеден – жеме укса да качан алып тынмайын креслосуна тырмышкан далай эле чиновниктерди көрүп жүрбөйбүзбү.
 
Макалабыздын башында баатырлык жөнүндө кеп кылып өтпөдүкпү... 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө болгон кайгылуу июнь окуясы жөнүндө кеп кылганыбызда, мында да К.Ташиевдин көрсөткөн эрдиктери эске келет. Ал бардык нерсени ачык, бетке чапма мүнөзү менен тарс эткире эле айтып салчу саясатчы. Ошол июнь окуясы жөнүндө өткөн жылы өтө эле жаап-жашырылган, жумшартылган парламенттик комиссиянын отчетуна өз нааразылыгын билгизип, парламент трибунасынан: “Июнь окуясына бирден-бир күнөөлүүлөр - сепаратистер жана бийлик талашкан күчтөр”,- деп ачык эле айтып салган. Тилекке каршы андагы негизги күнөөкөрлөр али да ачыкка чыкпай келет. А чынында эле ошол 2010-жылдагы кара түн түшкөн өзбек менен кыргыздын тагдыры бийликтеги бир ууч адамдардын колунда чүкөдөй калчанып калышы бул мамлекеттик масштабдагы трагедия эмей эмне. Канчалаган эл үй-жайсыз калды. Жакын, эң жакын адамдарынан айрылышты. Азыр болсо мамлекеттик массалык маалымат каражаттары Ош шаарын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин асман айга чапчып, мактап да, даңктап да көрсөтүп жатышат. «Күйбөстүн күйүтү күчтүү» дегендей эки жүздүүлөнүп, бей күнөө шейит кеткендердин мүрзөсүнө кошо жатып алчудай түр көрсөтүшүп, куру намысты кулдуратып жаткан жетекчилерге жол болсун дегенден башка эмне дейбиз. Ошол эки жүздүүлөргө добуштарын беришкен бул – элдин улуу трагедиясы. Дал ушул окуяны да, анын чындыгын талап кылып, бийлик төбөлдөрүнөө желмогуздай көрүнгөн да К.Ташиев… 
 
Негизи эле, К.Ташиев өз терисин аяп, сагызгандай сак, керек учурда өз көмөчүнө күл тарткан айрым саясатчылардан айырмаланып, карапайым эл тарапта болуп көп учурда бийликке мокочо көрүнүп келгени да айныгыс чындык. Далайлардын эсинде болсо керек,  өткөн жылы парламент трибунасында «Бишкек арак заводун» жең учунан КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракция башчысы Чыныбай Турсунбеков текейден арзан баада сатып алганы жөнүндөгү  бийликке жакпаган ачуу чындыкты да ушу К.Ташиев айтып чыккан. Ошондон көп өтпөй чыны менен эле заводдун акционерлеринин бири Александр Ким аттуу адам Жогорку Кеңешке келип, «Заводдун жер аянты эле 3 миллион долларга барабар, бул заводду жеке менчикке чыгарыш үчүн кайсы бир кызыктар тараптар атайлап банкрот кылышкан”,- деп айткан жайы бар. А чынында эле, заводдун аянтынын баасы А.Ким айткандай 3 миллион доллар болсо, бул сом менен 138 миллионду түзөт. А бийликтеги сасыткылар заводду аянты, складдары, жабдуулары менен кошо алгач 133,6 миллион сомго бааланганына карабастан, дагы да 50 пайызга арзандатышып, 66 миллион сомго сатып алышкан. Негизи, заводдун уставдык капиталынын өзү 53 миллион сом болгон. Демек, сатып алган адам уставдык капиталга (53 миллион сомго) кошо ээ болуу менен, бул жерде 66 миллион сом эмес, 13 миллион сом эле төлөп жатпайбы. Бирок, бул чындык да жабылуу бойдон калды. А чынында К.Ташиев айткандай бул заводду кара таман сатып алганга, бийликтегилерге «шапкесин» бергенге каражаты да жетмек эмес. Демек, завод 50% арзандатылганына карганда бийлик чөйрөсүндөгүлөрдүн бирөөсү алгандыгы айдан ачык.
 
Бир кезде А.Атамбаев оппозицияда жүргөн кезинде Ала-Тоо аянтында он миңдеген ага ишенүү менен карап турган адамдардын алдында, «Ак үйгө киргендердин баары ажыдаарга айланып кетерин» айтуу менен, колун Акүй тарапты кезеп, Бакиев бийлигин ашкерелөө менен, жалгыз байпагын да өлгөндө өзү менен кошо көр түбүнө алып кете албай калган карыя жөнүндөгү икаяны айтып, “Биз бийликке барсак эл байлыгын уурдабайбыз, башкаларга да уурдатпайбыз”,- деген эле. Азыр ошол мырза бийликтин эң бийик чокусунда. Анын айланасында болсо революционерлер эмес, кайсы бийлик болсо да ийилип берчү«чыныбайлар» толуп алган. Айтор, азыр бийликте соо азамат жоктой.Ал эми эл деп күйүп, эл таламын талашкан азамттар болсо, болбогон беренелер менен, ачуу чындыкты айткандарынын айынан мамлекетке коркунучтуу адамдардай абакта жатышат. Ошол УКМКнын СИЗОсунда жаткандардын бири Садыр Жапаров белгилегендей, алар учурдагы мафиянын курмандыгы болуп жатышат. Бабабыз Жусуп Баласагын «акча үчүн баары иштейт, адилет үчүн ким иштейт?» деген экен, кезегинде. Биз айтаар элек, карапайым калк жан багыш үчүн Ала-Тоо эмес, чет жерлерде иштеп жүрүшөт, бийлик болсо адилет үчүн эмес, акча үчүн «иштеп» жаткан кези. Же туура эмес айтып жатабызбы?
 
Биздин каарман жөнүндө дагы бир нерсени кошумчалай кетсек: Ташиев саясатта жетиштүү даярдыгы бар, ой келбетин калыптандыруу үстүндө дыкат иштей алган, чечкиндүү, ага кошул – ташыл тубаса эрдиги, баатырдыгы шык берип турган инсан. Кырдаалды туя билүү менен чечим кабыл алууга жөндөмдүүлүгү, былгып олтурбай, бир орунда токтоп калбай кыймылдуу, чыгармачылыкты сүйгөндүгү да байкалган саясатчы. Анан да баса белгилеп кетчү нерсе К.Ташиев мекенчилдиги менен башкалардан айырмаланып турат. Буга анын Ош коогалаңындагы өз өмүрүн тобокелчиликке сайып коюп кандуу кыргыткынды токтотко эрдиги далил. Жоомарттыгы, ак ниет, ариеттүүлүгү бар. Кыйла саясатчыларга караганда туруктуулугу менен айырмаланат. Сатып да кетпейт.
 
Тилекке каршы, ошондой азаматтарыбыз азыр жасалма күнөөлөрдү тагынып, темир тордун артында отурганында. А чынында бүгүнкү биздин оор, экономикалык жактан кыйналып турган кыргыз элине жаш акын Ж.Касаболотовдун ырындай айтылгандай: «Тура бербей бир нерсе кылыш керек, туура жолго тумандан чыгыш керек, шибегенин учу эмес, бүгүн бизге, шилтегени мүрт кеткен кылыч керек». Андай баатырларыбыз жок эмес бар, алардын бири Камчыбек Ташиев! Эртеби кечпи алардын да акталып чыкчу күнү алыс эмес. Эл өтүнүчүн, эл көксөөсүн баспай бийлик да алар тууралуу акыйкат чечимин чыгарат го деген ишенимдебиз.
 
Жазнура Токтоболотова,
"Алиби" гезити, 14.12.2012-ж