Кыргыз элинде муундан муунга өтүп келе жаткан асыл сапатынын бири бул - боорукерлик. Чындыгын айтканда бул сапаттан ар бир кыргыз куру эмес. Бирок, бул сапатын “унутуп” койгондор, башына кыйынчылык түшкөн адамдын тагдырына келгенде жалтактап же кайдыгерлик кылып боорукерлик сапатты четке сүрүп таштап, бул кылыгы үчүн кийин өзү өмүр бою өкүнүп калгандар четтен чыгат...
 
 
Дал ушул асыл сапатты эл башына кыйынчылык түшкөндө толук колдонуп, ата-бабадан келе жаткан салтты карманган кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Камчыбек Ташиев жөнүндө азыркы учурда ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Айрым адамдар ал жөнүндө толук билип, жакшы жагын айтышса, анын душмандары жок жерден жаманатты кылып, көө жабууга аракет жасашууда. Ошондуктан, К.Ташиевдин эл үчүн жасаган боорукерлик иштерине токтоло кетүүнү туура көрүүдөбүз.
 
Эл тагдырына күйүп-бышып...
 
Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда Нура айылында катуу жер титирөө болуп, теледен көрүп, радиодон уккандардын жүрөгү түшүп, үрөйү учту. Ошондо ал башка бир жетекчилердей болуп, кабар алымыш этип, түндөсү жайлуу жерге барып жатып албай, күнү-түнү эл менен бирге болуп,ал турсун ата-энесинен адашып калган,  коркуп жалгыз уктай албай элирип, чочуп, талаага буюгуп кете турган  бирөөнүн баласын койнуна алып жатып, түнү менен чала уйку болуп карап, тынчы кеткенин сырттан барып көргөн бирөө эртең менен: “Ташиев баласын жер титиреген жерге алып келиптир” деп балп эттирсе болобу. Ошондо жергиликтүү тургундардын бири: “Ойлонбой сүйлөгөн онтобой ооруга жолугат! Бул Ташиевдин баласы эмес. Ата-энеси жанында жок, жүрөгү түшүп калган баланы түндөсү карап, койнуна алып жатып, жакшы уктаган да жок. Ушундай боорукер, кайрымдуу жетекчилер көп болсо анда биз эчак эле оңолуп кетет элек. Азыр таш боордук, кайрымсыздык, мыкаачылык, кайдыгерлик, ушакчылык көп адамга мүнөздүү болуп калды. Сен дагы ошондой ушакчы окшойсуң?!” деп кагып койгонун көпчүлүк айтып жүрөт.
 
Аксыда көчкү жүрүп элдин башына күн түштү. Ошондо бир топ жетекчилер менен кырдаалды көргөнү барган Камчыбек Ташиев ошол кездеги мамлекеттик катчы болуп иштеген Досбол Нур уулунун кечкурун: “ Бул жерде азыр калганда эмне кылмак элең, жылкы союп атыптыр барып тамак ичип, тынч эс алалы” дегенин уккусу келбей көчкү алдында калган кыздын сөөгүн өзү баш болуп, элди кетирбей түндөсү казышып алып чыкканы ал окуяны көргөндөрдүн эсинен түбөлүк чыкпай калды.
 
 “Жаңы жер” айылынын жанында  самолет кулаганда: “... балдардын өлүмүнүн себебин так изилдегеле!” деп окуянын чоо-чайын адилет тактатуу, кайдыгерликке жол бербөө үчүн атайын кызматтардан барган адистерге катуу талап коюп, ал жерден күнү-түнү кетпей көзөмөлдөп туруп алганын көргөндөр таң калып сөз кылышканын азыркы учурда жашырып коюу уят иш.
 
Мындай боорукерлик окуялар Камчыбек Ташиевдин башынан далай эле өттү. Бирок, ал аны милдет кылбай, чоң сөз кылбай эле кыргыздын жөнөкөй, чыныгы уулундай мамиле жасап, өз өмүрүн буга чейин өтөп келди. 
 
Көрүнгөн киши көпүрө кура албайт...
 
Тегирмен салган, көпүрө курган, жол салган, арык казган адам кыргыз элинде илгертеден эле өзүнүн керт башынын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт. Мындай ишти аткаруу ар кимдин оюна да келбейт, ойлосо колунан да келбейт.
 
Эл үчүн эмгектенүү акыры жакшылыкка алып келерин ата-бабалар айтып келгендиги жашыруун эмес. Себеби, көпчүлүк адамдар өзүнүн үй тиричилиги, бай болуп жашашы, атак-даңкка умтулуусу менен алектенсе, айрым бирөөлөр башка бирөө жасаган ишти өзүнө ыйгарып автор болуп алып, ошол аркылуу атак-даңкка, урмат-сыйга, кадыр-баркка  жетүүгө, бирөөнүн эсебинен күн көрүүгө умтулса чанда бирөөлөр дал ушул Камчыбек Ташиевге окшоп, эл үчүн кызмат кылууну күндөлүк турмуштун тартибине кантип киргизип алышкандыгын өзүлөрү да билбей, иштеп жүрүп, көрө албас, ичи тарлардын тоскоолдугуна учурап жүрүп бул дүйнөдөн өтүп кете беришет. Бирок, Кудай баарын баамдап тургандыктан жана жалпы эл көрүп тургандыктан алардын эмгеги элдин эсинен чыкпай жакшы жагынан айтылып түбөлүккө калат...
 
Камчыбек Ташиев Өзгөн-Таш-Дөбө айылынын ортосун жакындатып, кыйналган элдин арыз-муңун угуп, көпчүлүктүн көңүлүн жерге таштабай, чоң сууга 4 миллион 200 миң сомдук көпүрө куруп, эки айыл элди чоң кубанычка бөлөөгө себепкер болду. Чаңгет сайдагы Чокмор айылына дагы деле ушундай суммадагы каражатка көпүрө куруп, совет доорунда да бүтпөгөн ишти турмуш жүзүнө ашырды.
 
 “Башы оорубаган кишинин Кудай менен иши жок” дегендей, бир айылдан экинчи айылга жетиш үчүн күнү-түнү же жаандуу, кардуу күндөрдө айланып тегеренип жол жүрүү кандай азап. Муну башынан өткөрбөгөндөр же башка жерде жашагандар биле беришпейт жана ал жерде жашап азапка батпагандыкка байланыштуу билгилери да келбейт...
Кайдыгерлик, кайрымсыздык деген ошо! Ал эми көпүрө салынган эки айылдын эли болсо көпүрө салган Камчыбек Ташиевдин кадыр-баркын жакшы билишкендиктен, эл уулунун башына күн түшкөндө ошол кездеги анын эл үчүн сиңирген ак эмгегин эстеп, айрым бир душмандар айткандай акча үчүн эмес, адамгерчилик үчүн ачкачылык жасагандарга келип кошулуп отурушуп же ден-соолуктары туура келбегендери көңүл сурап келип жаткандарын айтпай коюуга болбойт.
 
Биринчи байлык ден-соолук...
 
Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн ичинен япондор ден соолукка жана илим-билимге чоң көңүл бурушуп, каражаттын көбүн ушул тармакка жумшашат экен. Себеби, ден-соолугу начар оорукчан, эптеп-септен күн көргөн эли бар мамлекет эртедир-кечтир кулап, урап түшөт. Анткени, андай эл өз өлкөсүн руханий жактан башкара албай, материалдык жүктү көтөрө албай байкуш болуп күн көргөн жандыкка айланат. Натыйжада ал өлкөнү башка элдер келип башкарып, жерин ээлеп алып, өзүлөрүн акырындап жок кылышат. Ден-соолугу чың, илим-билимдүү, акыл-эстүү адамдар жашаган өлкөнү эч качан башка бирөөлөр келип башкара да албайт, жок кыла да албайт. Мына ушул мисалдан алып караганда Камчыбек Ташиев айыл жергесинин деңгээлинде өз миссия-милдетин колдон келишинче аткарды. Тактап айтканда Барпы айылына спорт мектебин куруп, пайдаланууга берип камкордукка алды жана ошол эле айылга эки кабат поликлиника куруп, элдин ден соолугу үчүн камкордук көрдү.  Мындан сытркары айылдын жолун асфальт төктүрүп, зымылдатып, атайын маршруттук микроавтобус сатып берип,ар бир үйдүн алдына токтой турган кылып, элдин жол жүрүү көйгөйүн чечти.
 
Кыргызстандын учурда бийлигинин төрүндө олтурган төбөлдөрдүн бири өткөндө: “Ташиевдин жактоочулары деле жок, анын акчасы түгөнгөндө митингдер токтойт”,- деп алганын укканбыз. Ал адам терең жаңылышат! Себеп дегенде, Ташиевдин өз эли үчүн жанын аябастыгын, аларга ар дайым камкордук көрүп келгенин, чындык үчүн, “Кумтөрдөгү” коррупцияга каршы чыккандыгынын айынан саясий туткун болуп камалганын карапайым адамдар жакшы билишет. Дал ошондуктан, эл К.Ташиевдин сиңирген эмгегин баалап, материалдык кызыкчылыкка берилбей эле чоң митингдерди уюштурушууда. Азыр деле алар президенттен, өлкө бийлигинен адилеттикти талап кылышууда. Камчыбек Ташиев душмандары айтып, жайып, кыйкырып жүргөндөй акча берген эмес, бирок, ошол мезгилге чейин эле өз эмгегин элге сиңирип койгон, ошон үчүн жаны күйгөн адамдардын көпчүлүгү адамдык сапаттарын жоготпой кыйын кезеңде колдоп, нааразычылык акциясын өткөрүшүүдө..
 
“Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт...”
 
Камчыбек Ташиев адамдарды жер-жерге бөлбөгөн, жалпы кыргыз эли үчүн күйгөн жигит экендигин көпчүлүк жакшы билет. Билгиси келбегендер, ичи күйгөндөр, Ташиевге душмандык сезими алоолонуп жангандар жана паспорту, өңү түсү кыргызга окшогон бирок, каны кыргыз эмес, кыргызча сүйлөгөн адамдар экендигин мекенчил инсандар айтып жүргөнү бекеринен эмес...
 
Чаткал районунда тарыхый мурас болуп эсептелип, жергиликтүү элдин асыл кенчине айланып, ыйыкталып зыярат кылып жүргөн күмбөз кылым карыткандыгына байланыштуу суу тамып, талкаланып, бузулуууга аз калган. Мына ушул маселеде башка аймактан келип, күмбөздү суу тамбай турган кылып, арбактардын алдында таазим эткен К.Ташиев күмбөздү 500 метр бийиктикке көтөрүп, көпчүлүк элдин ыраазычылыгына татыктуу болуп, элдин батасын алган.
 
Барпы Алыкуловдун ысымын кыргыз элиндеги жети жаштан жетимиш жашка чейинкилер жадыбалдай жат билет. Бирок, кайдыгерликтен, көңүл бурбагандыктан анын дагы күмбөзү мезгил менен кошо карып, аянычтуу абалга жеткен. К. Ташиевге чейин деле аны менен замандаш көптөгөн ишкерлер, байлыгы менен мактангандар көп. Бирок, алардын бири дагы Барпы акындын күмбөзү тууралуу ойлонгон эмес. Камчыбек  бул маселеде дагы өзүнүн улуттук-патриоттук сезими күчтүү экендигин башкаларга айтпай туруп далилдеп кыргыздын улуу акыны Барпынын күмбөзүн оңдоп, түзөтүп, камкордукка алгандыгын акын-жазуучулар ыраазы болуп айтып жүрүшкөнү бекеринен эмес.
 
Эгерде ар бир кыргыз ишкери, байы же чоң кызматта иштегени К.Ташиевдей, Бекмамат Осмоновдой болуп арбактардын алдында өз милдеттерин жакшы аткарышканда анда Арстанбапка сөөктөрү коюлган түндүк-түштүктөгү кыргыздардын бийлеринин, олуяларынын, баатырларынын жана атактуу адамдарынын сөөктөрү кор болбой, ал жердеги тили буруу элдер башка тарапка көчүрүлүп, музейге-тарыхый корукка айланып, туристтер, зыярат кылгандар келип, арбактар кубанып, кыргыздардын башы биригип, ырыс-ынтымагы күчөмөк.
Кыргыздын бир ынтымакка келбей аткандыгынын себеби, түштүк кыргыздарын айтпаганда деле  Мойт акеге чейинки түндүк кыргыздарындагы олуялардын, эл башкарган бийлердин, баатырлардын, атактуу адамдардын сөөгү коюлган ыйык мавзолей болгон Арстанбапка үйлөр салынып, үйлөргө улай ажатканалар, мал сарайлар, мончолор салынып, бок-сийдик аралашып булганып, сөөк коюлган ыйык жер кор болуп, басырынып, басылып жаткандыгында. Өзүбүздүн өткөн кылымдардагы эл башыларынын сөөктөрүн кор кылууга жол бергенибиз үчүн бизди Кудай жазалап жатканын түшүнүүгө убакыт жетти.
 
Эгерде азыркы Бишкектеги чоңдордун сөөгү коюлган Ала-Арча көрүстөнүн бузуп, ал жерге башка улуттагы элдер үй куруп, ажаткана салып, малкана куруп жашай баштаса эмне болор эле? Элестетүү кыйын! Бирок, Арстанбаптагы биздин эл башылардын сөөктөрүнүн азыркы тагдыры ушундай болуп жатпайбы?! Бул ачуу факт!
 
Эмнеге Ташиевди баатыр санашат?
 
2010-жылдын июнь айындагы каргашалуу Ош окуясы кыргыз элине ойлосо оюнан, уктаса түшүнөн кеткис так калтырды. Бул каардуу окуяны айрым бир куу, кыргызга душман  саясатчылар: “Түштүктөгү этникалык кагылышуу, улуттар аралык араздашуу...” деп элдин башын айландырып, дүйнө элине туура эмес маалымат берип, атайылап саясат жасап жатышат.
 
Акыйкатын алганда түштүктөгү бул окуя этникалык кагылышуу, улуттар аралык түшүнбөөчүлүк же араздашуу эмес. Бул атайылап, ондогон жылдар мурда пландаштырылган, кыргыз мамлекетин бузуп-жарып талкалоого, кыргыз элин кул кылууга, эркиндигинен ажыратууга, мамлекетин жок кылууга ылайыкталган бузуку, өмүр бою кечирилгис куу саясаттын ачуу жемиши.
 
Кадыржан Батыровго окшогон сепаратисттер өзбек ичинде совет доорунда деле жашап, Москвага чейин жазып үгүт-насаат иштерин ачык дагы, жашыруун дагы жасап келишкен. Ошонун кесепетинен 90-жылы Ошто кандуу окуя башталып, (ага чейин да болуп келген бирок, Москва токтотуп калган) он жылдан кийин ал дагы кайталанды...
 
Мына ушул оор учурда далай Кыргызстандын атуулу мерт болду. Дал ушундай кезде Камчыбек Ташиев Ошто, Жалал-Абадда далай адамдарды (кыргызын да, өзбегин да) өлүмдөн сактап калууга себепкер болду. Чабуул коюп, кырып-жоюп келе жаткан сепаратисттерге каршы коргонуу планын түзүп, элди сактап калды.
 
Бул боюнча Камчыбек Ташиевдин жанкечтилигин, эл үчүн башын курмандыкка сайып окко каршы чуркагандыгын айта берсе барак түтпөйт. Оштон келген акын эженин:  “Айланайындар, сеператисттердин мынчалык мыкаачы экендигин аралашып, жашап жүрүп билбептирмин. Алардын кылган кордугун айта берсем чыдап уга албайсыңар. Ошондой учурда Ошко Камчыбек Ташиев бир топ адамдар менен барып калды. Мыкаачылык кыйноо менен өлтүрүлгөн кыз-жигиттердин жайнаган өлүктөрүн көрүп, Ташиев жинди болуп кете жаздады. Көзүнөн жашын төгүп, өкүрүп-бакырып ыйлап: “Элим кырылып калган турбайбы, ушундан көрө өлгөнүм жакшы...!” деп тынбай ок атып жаткан бандиттерди көздөй жүгүрдү. Артынан чуркаган жигиттер араңдан зорго кармап келишти” деп боздоп ыйлап айтканын кулагыбыз чалып, биздин дагы жаныбыз күйгөн.
Мына ушундай оор кырдаалда Камчыбек Ташиев Оштогу, Жалал-Абаддагы ар бир кыргыз үчүн күйүп, жандан кечип, аларды сактап калуу үчүн, Кадыржан Батыров баштаган сепаратист өзбектердин түштүктү бөлүп кетүү аракетин токтотуу үчүн жан кыярлык, баатырдыкты көрсөтүп, уюштуруу иштерин жүргүзүүгө мажбур болду. Ташиев камалганда ачкачычылык жарыялап, нааразылык митинге чыккан адамдар дал ушул оор окуяны башынан өткөргөн, Камчыбек Ташиевдин баатырдык жүрөгүнө таазим эткен карапайым адамдар болуп эсептелет.
 
Ал эми дал ушул түштүк окуясы болуп жаткан кайгылуу учурда “мен улутчулмун, мен патриотмун!” деп теледен сүйлөп, чогулуштарда бакылдаган атак-даңкка умтулган, өзүн көрсөтүүгө умтулган айрым бир кыргыздар К. Ташиевге окшоп окко каршы чуркамак түгүл, кыргыз элин уюштуруп, жайнаган өлүктөрдү аралап коргонуу түзмөк түгүл корккондорунан өңдөрү керсары болуп, аялдарынын алаасына башын тыгып, быгып унчукпай калышты да оор окуя өтүп кеткенден кийин кыргыз улутуна таандык башка маселелер боюнча кайрадан теледен өңдөрүн көрсөтүп,  чогулуштарда бакылдап сүйлөй башташты...
 
“Кумтөр” мафиясы үчүн парламент депутаты кеп бекен!
 
 Айрым бир саясатчылар туура эмес ыплас иштерди жасап коюшат да өзүлөрүн актоо үчүн: “Саясат ушундай ыплас болот экен...” деп элдин күлкүсүн келтирип, көпчүлүктү көк мээ кылууга аракеттенип далбасташат...
 
Акыйкатын алганда саясат ыплас эмес. Эгерде саясатты ыплас адамдар жүргүзсө анда саясат ыплас болот. Саясатты таза адамдар жүргүзсө анда саясат таза болот...
 
 “Кумтөр” алтын кени боюнча эл депутаты Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште отчет берип, аны жалпы эл аны кубаттап, теледен көрүп, радиодон угуп, гезиттерден окугандан кийин элдин бийликке болгон, депутаттарга болгон ишеними кетип: “КР Жогорку Кеңешин таратуу керек!” деген сөздөр бардык жерде айтылып, ар бир адам буга ичинен даяр болуп, бул окуянын турмуш жүзүнө ашырылышын күтүп гана калган.
 
Бүгүн көпчүлүк Ташиевдин эмне себептен Ак үйдүн короосуна секирип киргенине кызыгат. Буга элдин үнүн укпаган, дүлөй, сокур парламенттин да чоң күнөөсү бар. Анткени, ошол күнү миңдеген адам чогулуп талап кылып жатса да, Жогорку Кеңеш бул маселени күн тартибине киргизүүдөн баш тарткан. Ал аз келгенсип, эл талабын айтып трибунага чыккан Садыр Жапаровду сүйрөп түшүшкөн. К.Ташиевдин ошого кыжыры келди. Бийликти басып алайын деген ою болбосо да, сүр берип, депутаттарды ар-намыска чакыргысы келген. А андан кийинки окуялар бийликтин заказы. Алардын деле “Кумтөрдө” үлүшү бар экендиги айтылбадыбы. Дал ошондуктан, бул маселени көтөрүп чыккан депуттарды дүңүнөн камап, максаттарына жеткендей жыргап олтурушат.
 
Анан да... “Манаста” айтылгандай, “эрдиги бар, эси жок” Ташиев жалпы депутаттар үчүн садага болуп чабылып, камакка алынып, парламентти таркап кетүү коркунучунан сактап калгандыгы эл ичинде айтылууда. Башкасы болбосо да, Ташиевдин курмандыкка чалынганына 7-апрель жана Ош окуясын иликтөө, “Ата-Мекен” депутаттарынын мародерчулугу, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнө коюла турган дооматтар, тактала турган айрым бир жашыруун маселелердин унутта калып, коомчулуктун көңүлүнүн бир гана “Ташиев темасына” бурулуп кеткени далил боло алат. Бийликтин арам технологиясынын түпкү максаты дал ушунда болчу: өзүнө карата айтылган эл талабын унуттуруп, башка теманы алып чыгуу. Бул жагынан караганда алар максатына жеткендей. Бирок, канчалык жашырышпасын, акыйкаттык, чындык өз жолун таап, эртедир-кеч чыгат.
 
Соңку сөз ордуна
 
Адилеттүлүк иретинде айтканда, Камчыбек Ташиевдин Ак үйдүн короосунан аттап кириши Бекназаров айткандай “хулигандык жорук” болуп эсептелет. “Бийликти  күч менен басып алуу” деген кылмыш беренеси К.Ташиевдин ошол учурдагы кырдаалда жасаган баладай жоругуна туура келбейт. Бийликти күч менен басып алуу окуясынын көрүнүшү, мүнөзү башкача болот жана окуя башкача өңүттө өнүгөт...
 
Ошондуктан кыргыз элине күйгөн патиот инсан Камчыбек Ташиевди камактан боштуп, актоо маселесинде өлкөнүн президенти А.Атамбаев баш болгон бийлик адамдары терең ойлонуп, олуттуу мамиле жасашса жалпы элди бөлүнүп-жарылуудан сактап, бийликке болгон ишенимге чоң салым кошушмак.
 
"Майдан.kg"