Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2856
Убактылуу өкмөт, Роза Отунбаеванын жана Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу кыргыздын башына түшкөндөн бери өсүш тууралуу сөздөр кескин токтогону баарыбызга маалым. Мурунку Акаев менен Бакиев заманында жок дегенде “өндүрүш мынча пайыз”, “салыктар мынчага көп жыйналды” таризиндеги мактанууларды угуп калчубуз. А булар келгенден бери талкан сугунуп алгансып, бир да жетекчи эл алдына мактанып чыкпайт. Буга туура түшүнүү керек, анткени, мактана турган иш жок болсо, асмандан алып айтышмак беле! Бирок, бийлик жөн гана талкан сугунуп алыптыр. Көрсө, өсүш бул бийликтин тушунда да бар экен! Коррупция өсүптүр, коррупция, тууугандар!
 
Аз күн мурда Transparency International уюму 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээли боюнча рейтингдик көрсөткүчтөрдү жарыялады. Кыргызстан 176 мамлекеттин ичинен (100 баллдык ченемден) 24 балл топтоп, 154-орунду алды. Бул тыянак - Кыргызстан жылдагыдай эле эң коррупциялашкан мамлекеттердин катарында тургандыгын далилдеп турат. “Transparency International - Kyrgyzstan” борборунун төрагасы Адылбек Шаршенбаев “Азаттыктын” талкуусунда билдиргендей, канча сандагы кылмыш ишинин козголушу, момунча адамдын жоопко тартылышы менен эле коррупциянын деңгээлин аныктоо татаал: “Ошондуктан биздин көрсөткүч коррупцияга көз карашты аныктаганга багытталган. Биз ишенимдүү маалымат булактарын, ишенимдүү изилдөөлөрдү алып туруп, ошонун ичинен коррупция боюнча көрсөткүчтөрдү эсептеп чыгарып, өзүбүздүн ыкмабыздын негизинде коррупцияга көз караш көрсөткүчүн чыгарабыз. Анан албетте, саясатка эч тийешебиз жок”.
 
Аталган рейтинг жарыялангандан кийин бийликтин бир да өкүлү комментарий берген жок. Кечээ эле коррупцияга каршы катуу күрөш башталганын, министрлер, депутаттар тузакка илине баштаганын айтып, мактанып келген жетекчинин бири да каршы пикир айта албады. Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүн суктануу менен мактаган серепчилери да унчукпайт.
 
Бийликтин эл аралык кадыр-барктуу уюмдун тыянагына каршы чыга албагандыгынын да жөнү бар. Себеби, аталган уюмдун рейтингине дүйнөнүн бардык өлкөсү сый-урмат менен мамиле жасайт, бири каршы айтып, “ишенбейм” дей турган болсо, кадыры огобетер түшөт. Экинчи жагынан, бийликтин өз оюн айта албастыгына коррупцияга каршы күрөштүн эч кандай жемиш бербегендиги да себеп. Мына маселен, министр Равшан Сабировду чоң суммадагы каражатты пара катары алганы үчүн кармашып, аны тимеле чоң пиарга айлантышты эле. Жыйынтыгы эмне болду? Ага коюлган киненин бири да далилин таппады, министр соттон толук акталды. Буга окшогон көрүнүштөр өтө көп. Албетте, бир тоок же ширеңке уурдаган, майда, 1, 5, 10, 20 миң сом пара алып жаткандардын иши аягына чыгып жаткандай. Бирок, мындан кайсы коррупция азайып кетчү эле? Маселенин баары – чоң чабактардын торго түшүп, кайра чыгарылып жатканында. Бекеринен элибиз “буларды атайын камашып, акча өндүрүп жатышат”,- деп айтышкан жок окшойт.
 
Коррупция – көзгө көрүнбөгөн кубулуш болгондуктанбы, анын бар же жок экенин так аныктоо ар дайым кыйын. Бир далил. Учурда Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы коррупция тууралуу өтө көп сөздөр айтылып жатпайбы. Маселен, кечээ жакында Кыргызстандын Медициналык академиясы билдирүү таркатып, студенттер арасында сурамжылоо жүргүзүп, “кара ректор” жана “эң паракор адам” катары “З.А.” деген окутуучу табылып, иштен айдалганын сүйүнчүлөдү эле. Буга студенттер өздөрү да таң калышып, интернет барактары аркылуу “З.А.” аттуу окутуучу аябай издешип, кечке кабарлашып жатып да, таппай коюшту. Ошондон улам Медакадемиянын расмий билдирүүсүндөгү “З.А.” – ректор “Зурдинов Ашыралы” болуп жүрбөсүн маанайында студенттер жетекчилигине кайрылышкан. Эн кызыгы, ал “кара ректор” Зурдинов Ашыралы да эмес экен. Көрсө, кеп тээ бир жыл мурун жумушунан башка себеп менен кетип калган окутуучу тууралуу болуп жаткан экен. Ошол бир жыл мурун кеткен адамды ушул 2012-жылдын декабрында жаманатты кылып чыккан окуу жай басма сөз кызматына ректор жок дегенде чара көрүш керек. Бул бир гана Медакадемиядагы эмес, башка бардык окуу жайлардагы коррупцияга каршы күрөшүүсүнүн ыкмасы. Алар бир персонажды табышат да, “мына ууруну кармадык, ууру таптык”,- деп кыйкырып чыгышат. А чындыгында ууру жок. Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөш дал ушул шартта жүрүп жаткан соң, ал кантип азайат да, рейтингибиз көтөрүлөт?
 
Баарынан да жаманы, эл аралык уюмар да белгилегендей, бизде көп учурда коррупцияга каршы күрөш саясий каршылаштарга колдонулчу куралга айланып кетти. Мисалы – Нариман Түлеев. Аны, сөздү түз маанисинде айтканда, Бишкекке арзан автобус сатып келгени үчүн камап олтурушат. Камалган учуру – Бишкек шаардык кеңешине шайлоолордун башталган убагы. А борбор шаарда Түлеевди эл жакшы көрөт, эмгегин баалайт, өз партиясы менен катышса, жыйынтыгында кайра мэрликти алып жыгылмак. Укук коргоочулар эми Түлеев боштондукка чыгаарын, кылмыш иши сотто таш-талканы чыгып кетерин айтышууда. КСДПнын борбор шаарда утуу үчүн катуу жанталашканын көрүп туруп деле Түлеевдин иши саясий заказ экенине ынанасың да, туурабы?
Айтор, коррупциянын өлбөй эле, биздин бийликтин тушунда өсүп жатканы – айныгыс факт. Буга бийликти бир беткей күнөөлөгөн деле болбойт. Себеби, барган жеринде пара бергенге көнгөн коомчулук да турат. Бирок, бул майда коррупция болуп жаткандыктан, 1 жылдык убакыт аралыгында Атамбаев чыныгы күрөш кандай болорун көрсөтүп койсо болмок.
 
Асанбек Садыров
Булак: "Майдан.kg"