Башкы прокуратурадан алынган маалыматка ылайык, 3-октябрдагы митинг боюнча тергөө аяктап, иш сотко өткөнү турат. Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ мүчүлүштүктөргө жол берилгенин, бийлик акеңдин буйрутмасын аткарып жаткан Башпрокуратуранын желдеттери камактагы депутаттардын тагдыры менен оюнчуктай ойногондугун адвокаттар, коомчулук бир ооздон айтып чыгышты. Баарынан да Камчыбек Ташиевге карата бийликте карасанатай пландар болгондугун адвокат Икрамидин Айткулов айтып чыкты.
 
Эске сала турган нерсе – камактагы оппозициялык үч депутатка Кылмыш-Жаза кодексинин өтө оор беренелери боюнча айып тагылып жатат. “Кумтөр” алтын кениндеги каракчылыкты токтотуп, аны элге кайтарып алуу талабын айтып чыккандыгы үчүн ак жеринен караланып жаткан депутаттарга бийлик эмнеге өчөштү? Чынын айтканда, Ак үй тегерегин курчап турган тосмодон ашып түшкөндүгү үчүн эле бийликтин буларды камакка алгандыгын эл деле колдоого алган жок. Себеби, мыйзамда аталган тосмо тууралуу таптакыр сөз жок. Ал мамлекеттик кайтаруудагы объектиге да кирбейт. Бул тосмону учурунда митингдерден тажаган Курманбек Бакиев салдырган. А бирок, ал тосмо пайда болгондон бери андан канчасы ашып түштү. 7-апрель окуясы учурунда куралчан адамдар бузуп киришкен. Башкасын айтпаганда деле, жаңы бийлик тушунда бул тосмодон ашып түшкөндөр көп эле болду. Каптагаевдин сот реформасын шылтоологон адамдары парламенттин жыйынына чейин кирип барышса деле эч бир жоопкерчиликке тартылган жок го. Же Барыктабасовду алалы, анын бийликти басып алуу ою бар болсо да, Атамбаев бийлиги актап, чыгарып ийди. Эл деле келесоо эмес. Үч депутатка тагылган айып башкалардан мурда ушу Атамбаевге коюлушу керектигин билишет. 2010-жылы баарын былгыткан Атамбаев болбогондо ким болду эле? Демек, үч депутатка келгенде мыйзам так иштеш керек экен да, өзүлөрүнө келгенде иштебеш керекпи? Айтор, бийликтин оппозициялык депутаттарга коюп жаткан дооматтарынын сотко барганда суу кечпей калышы турган иш. Ошону жакшы билгендиктен, Ташиевге күн алыс жуучу жиберишип, соодалашып жатышат. Жада калса тергөөнү жетектеген адамдардан бери Камчыкеңдин башын айлантып жүрүшүптүр. Муну адвокат Айткулов ачык айтты.
 
Икрамидин мырза билдиргендей, бийлик Ташиевди акыл-эси соо эмес адам катары түрмөдөн чыгарып, саясий карьерасына чекит коюуну пландаган. “Биринчиден, психологиялык, психиатриалык экспертизанын бүтүмү кандай экенине түшүнүү кыйын, себеби, дароо эки маани берет: “акыл-эси ордунда” жана “ордунда эмес”  адам катары. Мыйзам боюнча, ар бир адис өзү чыгарган жыйынтыкка кол коюшу керек эле. Булар анын ордуна жыйынтыктын аягына жалпы кол коюп койгон. Бул -мыйзамды одону бузуу болуп эсептелет. Экинчиден,  комплекстүү лингвистикалык экспертиза өткөрүлгөн. Ал жакка ар кандай эксперттерди чакырышкан. Тергөөчүлөр ошолордун айткандары боюнча эле жыйынтык чыгарып коюшкан. Бул дагы мыйзам бузуу. Тергөөчүлөр эч кимден сурабай, өздөрү чечим кабыл алышы керек. Үчүнчүдөн, бул экспертизалар жүргүзүлүп жатканда адвокат катары мени дагы катышщтырышы керек болчу. Андай болгон эмес. Алар биринчи экспертизаны өткөрү бүтүп, адвокатты жыйынтыктары менен жөн гана тааныштырып коюшкан. Төртүнчүдөн, тергөөчүлөр Ташиевди адвокаты жок эле ар кандай сурактарга чакыртышып, документтерге алдоо жолу менен кол койдуртуп алышкан. Менимче, алар Ташиевге кандайдыр бир психотроптук заттарын берип, анан кол койдуртушкан», - дейт И.Айткулов.
 
Икрамидин Айткулов сөзүн мындайча улады: “Башкы прокурор А.Салянова, өзгөчө кылмыш иштерин тергөө бөлүмүнүн башчысы Ж.Салиев иштеген ордуларына ылайыктуу эмес. Мен биринчи жолу ушулардай квалификациясы төмөн кызматкерлерди көрүп жатам. Мисали, өткөндө А.Салянова парламент трибунасынан, депутаттын суроосуна жооп берип жатып, “Ташиевдин адвокаты экспертизанын жыйынтыгы менен макул”.- деп билдирди. Мен экспертизанын жыйынтыгы менен макул экендигимди эч кимге айткан эмесмин жана эч кандай документке кол койгон эмесмин. А.Салянованын ушундай калптарды айткандыгы үчүн президентке, ЖКга кат жолдодум. Башпрокурорго карата дисциплинардык чара колдонуу керек. Башкасын айтпаганда да, Ташиевге карата козголгон кылмыш иштеринин баары мыйзамсыз. Ага Кылмыш кодексинин 295, 297-беренелери боюнча күнөө коюшууда. Ташиев эч кандай бийликти басып алуу аракетин жасаган эмес. Ооба, темир дарбазадан секирип түшкөнү үчүн административдик жазага тартса болот, ал эми “бийликти күч менен басып алуу”,- беренеси боюнча айып тагышканы эч бир адамгерчилик рамкамына сыйбайт. Бийликтин планы – Ташиевди сындыруу болгон. Психологиялык, психиатриялык экспертизага такап, аны “акыл-эси ордунда эмес”,- деп, саясаттан четтетүү пландары бар болчу, тилекке жараша, арам ойлору ишке ашпай калды”.
 
Дүйнөлүк коомчулук да кыргыз оппозициясынын лидерлерине тагылып жаткан айыпты угушуп, каткырып жатышат. Алар деле Ташиев, Жапаров, Мамытовдун саясий туткун экендигин танышууда. Бул окуя болгон учурда бийлик өзүнө таандык маалымат каражаттары аркылуу үч депутатты болушунча шыбаганда, элде Ташиевдер тууралуу терс пикир жаралган болчу. Бирок, убакыттын өтүшү менен эмоциялар да өчтү. Эл өзү баарын таразага салып, ак-караны ажырата баштаган убак. Башында Ташиев эл душманындай кабыл алынып жатса, азыр аны “баатыр” атагандар ар бир көчөдөн чыгат. “Ак ийилет, бирок, сынбайт”,- деген ушул.
 
Адилет Акжолов