Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2571
«Ата-Мекен» менен «Республиканын» тиреши эки Өмүрбектин эле эмес, эки идеологиянын, оңчулдар менен солчулдардын күрөшүнө айланып, жаңы форматтагы саясаттын башаты болуп бере алаар бекен?! Же айрымдар ата салты деп ашыра мактап келаткан архаикалык (урук-туугандык, регионалдык) саясаттын кучагында кала беребизби?! Бир ок менен эки коенду атып, «Ата Мекен» менен «Республиканы» чабыштырган КСДПнын кашаң харизмасы жаңыланабы же көнгөн адатыбызга салып Сатыбалдиевди садага чабуу менен чолок саясатты уланта беребизби?
 
Эки Өмүрбектин эрегиши…
 
Учурда «компроматтар кармашы каякка алып бараар экен» деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Маселе жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун шарапаты менен татаалдашып, болуп көрбөгөндөй курч мүнөздө өтүүдө. Оппоненттер, айрыкча «Ата Мекен» менен «Республика» бири-биринин абийирин аштай төгүп, коомчулуктун колдоосунан куру жалак калтырсам дегенде эки көзү төрт болуп турат. Бул экөөнүн дээрлик жарым жылдан бери тынымсыз уланып келаткан маалымат согушунун маңызы да ушул шайлоого барып такалат. Парламентке «ит жыгылыш» абалда келип, абысындарча атаандашып турган партиялар үчүн бул шайлоолордун мааниси өтө зор. Анткени алар бул шайлоонун жыйынтыгы менен жер-жерлерде фундаменттерин бекемдеп, финишке, башкача айтканда келээрки парламенттик шайлоого карата ыңгайлуу шарт түзгүлөрү келет.
 
Аталган эки парламенттик фракциялардын кармашуусунда кимиси жеңилип, кимиси жеңип чыгаарын айтуу азырынча кыйын. Бирок кандай болгон күндө да жалпы коомубуз үчүн бул экөөнүн эрегишүүсү жеңиш болду десек жарашат. Анткени саясый топтордун бул өңдүү күрөшүнүн аркасында коом саясатчылардын чыныгы жүздөрүн көрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Маселен, эгемендик алгандан берки дээрлик 20 жыл бою саясый принципиалдуулуктун үлгүсү катары кабылданып, мыйзам чыгаруу жагынан алдына «ат салдырбай» келаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин рейтинги мынчалык төмөндөп көргөн эмес эле. Эми аны кайра канчалык деңгээлде калыбына келтирээри бир топ факторлордон көз каранды. Партиясындагы ишенимдүү деген адамдарынын мародерлордун анабашысы болуп чыга келгени эл үчүн эле эмес, эксперттер үчүн да айгине болуп калды көрүнөт.
 
Ал эми кайсы гана режим болбосун ханзаадалар менен тил табышып, итин чөп жедирип келген бизнесмен саясатчы Өмүрбек Бабановдун өкмөт башчылыкка келгенинен да кеткени бат болду. Ээрден оодарып түшүү миссиясын түздөн түз аткарган адашынын бул аракети үчүн ичи күйүп калганын ачык эле айтып мойнуна алып жатпайбы. Аты окшош, бирок заты боюнча кайнаса каны кошулбаган адашына «ала жатам» деп кол кезеп турганы да ошондон улам болууда.
 
Эки Өмүрбек минтип бири-биринин кылыктарын чукуп отуруп кадырларын кантип кетирип алгандарын аңдабай кала турган болуп калышты. Мындай жагдайда саясый аренага жаңы муундагы саясатчылардын келишине шарт түзүлүп, жаңы күчтөрдүн келиши ажеп эмес. Болбоду дегенде эле бул эки дөөнүн электораттарынын кайсы бир бөлүгү башка бир тараптын этегин кармап ээрчип кетишине шарт түзүлүп турат.
 
…эки идеологиянын тиреши
 
Жаңы муун демекчи, учурда тирешип жаткан ушул эки партия жаңы келе турган ал саясый конструкциянын кайсы бир сапаттарына, көрсөткүчтөрүнө таасир бере турган болуп калды. Себеби эки партиянын күрөшүнүн жыйынтыгы көп нерсени аныктай турган касиетке ээ болмокчу. Анткени кайнаса каны кошулбай турган эки Өмүрбектин жеке тирешүүсү катары башталган бул күрөш акыр аягы эки идеологиянын күрөшүнө айланып, саясый эпопея боло турган болуп калды. Бири 20 жылдан бери саясаттын казанында кайнап келаткан карт социалист. Экинчиси салыштырмалуу жаштыгына карабай кыргыз буржуазиясынын эталону катары кабылданып келаткан бизнесмен. Бири саясый тажрыйбанын жана харизманын капиталына таянса, экинчиси ченемсиз финансылык ресурстардын, демек таасирдин капиталына таянат.
 
Эки Өмүрбектин тиреши эми солчулдар менен оңчулдардын тирешине айланат шекилдүү. Кантсе да саясый процессте инсандардын эмес, идеологиялардын күрөшү пайдалуу келет эмеспи. Жаңы саясый системанын маңызы да ушунда – партиялык-диалектикалык антагонизм болмоюнча өнүгүү мүмкүн эмес. Күрөш күчөп отуруп финалга, тагыраагы кийинки парламенттик шайлоого чейин созулат. Финалда кимиси жеңип чыкса Кыргызстандын жакынкы келечеги ошол платформага байланып калуусу толук мүмкүн. Андыктан кийинки парламенттик айлампага карата Кыргызстандын өнүгүү вектору же солчул маанайдагы күчтөрдүн жетеги менен же оңчул маанайдагы топтордун багыты менен кетмекчи.
 
Ал маселенин тагдыры кайсы бир деңгээлде азыркы «Ата Мекен» менен «Республиканын» тирешинин жыйынтыгынан көз каранды. Анткени Кыргызстандын азыркы саясый талаасындагы оюнчулар негизинен тууганчылык, жердешчилик, регионалдык керек болсо уруулук түшүнүктөрдүн деңгээлинде куралган. Жаңы саясый системанын алкагында саясатчылар жаңы категорияларга таянып, саясат өзү да жаңы форматка өтүүсү абзел. Бул жаңы саясый системанын талабы. Бул талапка жооп бере албагандар эски көчө саясатынын эпкини катары элдин эсинен чыгууга дуушар болот.
 
Партиялык-диалектикалык антагонизм
 
Дээрлик 70 жыл бою социалисттик системада жашап, анын идеяларын кан-жанына сиңирип алган кыргыз коомчулугу «алма быш, оозума түш» деген философиясынан оңой менен эле кутула алчудай эмес. Бул солчул күчтөрдүн таянаар базасын бекемдей турган фактор. Коомчулуктун басымдуу бөлүгү канчалык деңгээлде реалдуу экенине карабай «элдик» саясатка ишеним артып добушун берип жаткандыгы да ушундан. Бирок 20 жыл аралыгында «алма быш, оозума түш» саясаты менен алыска баралбай тургандыгыбызды түшүнүп, өз арабасын өзү тарткандан өтөөрү жок экенине көзү жеткендер да жок эмес. Өкүнүчтүүсү соңку 20 жылдык тарых бул эки идеологиянын айырмасынан сырткары коррупция менен коштолгон картинаны да таасын көрсөттү.
 
Кара күчү менен кардын тойгузуп келген кара таман калктын көзүнө ийгиликтүү ишкер ириде коррупционер катары таанылды. Эски системанын эсеби жеткенин түшүнө албагандардын жардамы менен социалисттик доордун ордуна келген жалпы эле рынок заманы жаманатты болду. Буга мамлекеттик чиновник бизнестин битин сыгып, катардагы кызматкерине чейин коррупциялашып кеткендиги өбөлгө болуп берди.
 
Эки системанын алмашуусундагы коррупциялык доорду өткөөл мезгил деп койсок болчудай. Эми коррупционерлерден тазаланып жаңы дем менен жаңы жашоо баштоого мезгил келди көрүнөт. Бабанов баш болгон «Республикачыларды» оппоненттери коррупционер деп айыптап жатышы да ушундан. Буга ЖК депутаттары И. Пирматовго, Э. Обдуновго жана Бишкек шаардык кеңешке талапкер Б. Түлөбаевге байлынышкан кылмыш иштери кошумча болуп берүүдө.
 
«Республика» партиясы канчалык жаңы, канчалык жаш партия болбосун иждивендик көз караш басымдуулук кылган коомдо «булар биздин ырыскыны жеп алгандар» деп кабылдана берет көрүнөт. Буга Акаев, Бакиев бийлигинин ири функционерлеринин партияга жапырт кирүүсү да себеп болуп берүүдө. Бирок партия инсандары менен эле эмес, идеологиясы менен да балуу эмеспи. Андыктан арасындагы анча-мынча адамдарынан арылса «Республика», айрыкча «Ата Мекендин» «морадерлугунун» фонунда утпаса да упай топтоого мүмкүнчүлүк алат. Эгер анте албай турган болсо анда келечекте башкалар менен упай бөлүшүүгө туура келет. Маселен, «За жизнь без барьеров» партиясы өңдүү либерал-реформаторлук күчтөрдүн баш көтөрүүсү оң тараптан жаңы күчтөрдүн аламан байгеге аралашып калуусу ажеп эмес экендигин айгинелеп турат.
 
Упай бөлүшкөнү ушул – саясый реформалар ишке ашып кезек экономикалык тармакка келди. Эми аны ишке ашуусу күмөн жаратууда. Мындай жагдайда либералдар менен ат салышуу жеңил-желпи иш эмес. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен үлгү кыла турган Грузия адегенде экономикалык реформаларды ийгиликтүү ишке ашыра алды. Андан соң гана барып саясый реформаларга батынып турушат. Ал эми биздин саясый реформа карапайым калктын турмушуна берекесин бере элек. А. Мадумаровдун «Арабаны аттын алдына салып алдык» деген төл сөзү да ушундан улам орун алууда. Демократиянын дивиденддерин алууга али эрте деңизчи, бирок Ж. Сатыбалдиевдин иш-аракеттерин анализ кылып отуруп, алдыга жылганды кой, Брежневчесинен стагнацияга бараткан жокпузбу деген суроо туулат.
 
Сатыбалдиевдин стагнациясы
 
Бабановду ээрден шыпырып түшүп, жаңы коалиция түзүлгөндө премьер-министрликке күндүз чырак менен издеп отуруп Ж. Сатыбалдиевди таап келишкен. Өзүлөрүн жарым-пашаа сезген фракция лидерлери менен тең ата сүйлөп, анчейин баш ийе бербеген чапчаң премьер-министр Ө. Бабановдун күч алып баратканынан чочулап, ордуна Ж. Сатыбалдиевди коюп жатып «компромисстик фигура» деп баа беришкен. Компромисстик дегенин саясый тилден жалпак тилге которгондо «агымга каршы сүзө албаган чала жан балык» дегендей эле болуп калды. Болбосо Сатыбалдиевдин саясатынан стагнациянын элементтери байкала баштаганын кантип түшүндүрөбүз?
 
Эки авторитардан араң кутулуп, эми экономикалык реформаларга киришели деп турганда өкмөт башчы Ж. Сатыбалдиевдин минтип эки тепкичтүү бюджетти кескин сынга алып, бийлик вертикалын кайра калыбына келтирмейинче оңолбойбуз деп опузалап турушу ойлондурбай койбойт экен. Бул реформа эмес, кайра артка буруу дегенди түшүндүрөт. Андыктан Ж. Сатыбалдиевдин фонунда Ө. Бабановдон өткөн реформаторду таба албай калдык көрүнөт.
 
Сатыбалдиевдин стагнациялык саясатынын себеби Атамбаев баш болуп Акүйдө отургандардын ич ара интригаларына барып такалат. Ө. Бабановдун финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө премьер-министр катары топтогон саясый упайлары кошулса анда «Республика» партиясы КСДП жана «Ата Мекен» өңдүү революционерлерди кийинки парламенттик шайлоодо куру жалак калтыруусу ажеп эмес эле. Бул жерде А. Атамбаев бир ок менен эки коенду атууга жетишти. Ө. Текебаевдин колу менен Ө. Бабановду ээрден оодарып түшүп, ошол эле маалда «Республиканын» оозу менен «Ата Мекенди» жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап, бозала чаң абалга алып келип койду. КСДП муну менен эле чектелип калчу түрү жок. Финишке чейин экөөнү мүмкүн болушунча алсыратып, кийинки шайлоого шайдоот кирип баруунун камын көрүүдө. Прокуратура, УКК колдо турган кезинде А. Атамбаев үчүн «Ата Мекенге» карата мародерлер иши, «Республикага» карата коррупция боюнча айып тагып чыгуудан өткөн ырахат барбы?!
 
Негизги эки атаандашын ушинтип талылуу жерден алып алсыратып алса, берки «Ата Журт» менен «Ар намыс» анчейин деле баш оору жарата койбойт. Маселен, 2010-жылы эмоциялардын эпкини менен келген «Ата Журт» ич ара араздашуунун аркасында кийинки сезондо бир муштум болуп чыгаары күмөн болуп калды. «Ата Журттан» бөлүнүп чыккан 10 партизан аз келгенсип, А. Келдибеков менен К. Ташиевдин өз ара тирешүүсү партияны регионалдык деңгээлден кокту-колоттун деңгээлине түшүрөт өңдөнүп калды. Анүстүнө «Ата Журтчулардын» «октябрь жүрүшү» анча-мынча акыл токтоткон электоратынан биротоло кол жуудурат окшоп калды. Ал эми «Ар намыс» партиясы күн тийген жердин күкүгү болгон депутаттары аман болуп турушса кардиналдуу кадамдарга бара албайт. Алардын минтип эт менен челдин ортосундагы оюнун көргөн Кремль деле эмки сезондо да кайрале колдоп ийе тургандай апенди эмес да.
 
Азыркы системада өкмөт башчынын мүмкүнчүлүктөрүн аз деп айтуу күнөө. Бирок Ж. Сатыбалдиевдин «коррупция менен президент күрөшөт, биздин ал жакта ишибиз жок» деп каңкуулашы анын миссиясы чектелүү экендигин көрсөтүп койду. Болбосо Антикоррупциялык кызматка шылтоолоп президентке арта салгыдай коррупция маселеси жалаң гана карателдик жол менен чечилбейт да. Сатыбалдиевдин стагнациясы демекчи, КСДП кризиске баткан Кыргызстанды кыл сууругандай алып чыгып кетээри күмөн жарата баштады. Болбосо КСДП реформанын локомотиви болот эле го?!
 
Учурда Атамбаевдин парламентке болгон таасири өтөле күчтүү болуп турган кези. Бирок партиясы жаңыланып, жаңы форматка өтпөсө кашаң харизмасы менен КСДПны алыска алып кете албайт го. Же 20 жыл бою көнгөн адатыбызга салып өгөй баладай кылып өкмөттү гана күнөөлөп, сааты келди деп Сатыбалдиевди садага чабуу менен чолок саясатты уланта беребизби?
 
Убагында Максим Бакиевдин батасы менен Бишкек шаардык кеңешке келген 19 депутаттын азыр кайра КСДПнын кылычын чаап тизменин алдынан орун алышынан эле жыйынтык чыгара берсек болчудай. Андыктан Д. Морроу айтмакчы, жамгырды да мен жаадырдым деген партия, анда кургакчылыкка да сен күнөөлүсүң деген айыптоого таң калбашы керек.
 
Эгемендик алгандан бери элибиздин көрбөгөн күнү калган жок. Эми саясатчы сөрөйлөрүбүз күн тийген жердин күкүгү болуу адатын калтырып, ити чөп жаткан инсандын гана камчысын чаппай, идеологиялык принциптердин негизинде иш жүргүзө турган мезгил келди. Бүгүнкү «Ата Мекен» менен «Республиканын» тиреши эки Өмүрбектин эле эмес, эки идеологиянын, оңчулдар менен солчулдардын күрөшүнө айланып, жаңы форматтагы саясаттын башаты болуп бере алаар бекен?! Же айрымдар ата салты деп ашыра мактап келаткан архаикалык (урук-туугандык, регионалдык) саясаттын кучагында кала беребизби?!
 
Урмат ИМАНАЛИЕВ
(Кабар ордо)