Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2939
Азыр дал ушул коркунуч Баткен облусунда жашап жаткан элди түн уйкусунан ойготуп жаткан кез. Аталган облустун Бүргөндү массивинде кара алтын (нефть) менен газ өндүрүлөөрү баарыбызга белгилүү. Муну биздикилер өндүрбөйт, өзбек туугандар күм-жам болгон Союздун учурунан бери каалагандай иштетип келет. Өзбектер иштетип келаткан нефти менен газ чыкчу Түндүк Сох кени 1955-жылы бургулоого берилген болсо, ошол жылдан тартып кыргыздар жарытылуу пайда көрө элек. “Фергананефть” нефти менен газды өндүргөн башкармалыгынын маалыматы боюнча 1993-жылы 3 скважина газ өндүрсө, 24 скважина нефти өндүргөн. Суткасына 2 миң куб метр газ, 47 тонна чийки нефти суткасына өндүрүлүп турган. Бул Союз тарагандан кийинки маалымат.
 
2006-жылдын 30-январында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын № 06-токтому менен биз тараптын өкүлдөрү жана Түндүк Сох участогунда жайгашкан газ сактоочу жайды иштетип келаткан “Узтрансгаз” тараптан Р. А. Мойдинов курамына кирген комиссия  участоктогу объектилерди текшеришип, АКТ түзүшкөн. Түндүк Сохто өзбек тарап 3 пункт менен газды иштетишет. Ошол АКТыда ар бир пунктта канча скважина бар экени так көрсөтүлгөн. №1-пунктта 29 скважина бар болсо, анын 25и иштей турган абалда, 4 скважина иштен чыкканы аныкталган. №2-пунктта 26 скважинанын 21и иштей турган болсо, 5 скважина капиталдык ремонтту талап кылынаары такталат. Үчүнчү пунктта 62 скважинанын болгону 8 гана скважинасы иштен чыккан. Бул деген 2006-жылга чейин өзбек тарап биздин аймактан газды каалагандай өндүргөн дегенди билдирет да. Биздин бийлик бул нерсе менен баш ооруткусу да келген эмес. Бул газды өндүргөн гана скважиналар. “Узтрансгаздан” сырткары ал жерде “Андижаннефть” АККсы да иш алып барат. Алардын карамагында 56 скважина бар болгон болсо, алардын экөөсү газ өндүргөн. Нефтини алчу 54 скважинанын 21и иштеген. Орто эсеп менен ошол кезде суткасына 20 тонна нефть алынган. Булардын баары биздин мамлекетке 20 жыл мурун өтүш керек болчу. Ушул кезге чейин өзүбүздүн байлыгыбызды, токочубузду өзбек туугандарга тарттырып олтурабыз. Буга ким күнөөлүү? Албетте бийлик башына келген кыргыздын азаматтары.
 
1992-жылы КМШга кирген мамлекеттер “Ар бир мамлекеттин аймагында жайгашкан финансылык ресурстар, ишканалар, организациялар ошол өлкөнүн менчиги болуп таанылсын” деген келишимге кол коюшкан. Буга Түндүк Сохтогу нефти менен газ чыкчу жерди 20 жылдан бери өткөзүп бербей келаткан Өзбекстан дагы кол койгон. Биздин Жогорку Кеңеш ошол келишимди 1994-жылдын 12-январында ратификациялаган. Ушул келишимдин негизинде эле өзбектерди “ туугандар келишимде мындай деп жазылган экен. Эми силер бизден алыс болгула” деп чыгарып койсо болмок. Бирок, биздин мажирөө бийлик андай сөздү айтмак түгүл, өзбектердин мышыгын “пыш” дей алышпай жатат.
 
Түндүк Сохтогу газ сактоочу жайга “Узтрансгаз” жылына 1,5 млрд куб газ камайбыз деген маалыматты берип келет. Камалган газ Өзбекстандын өзүнүн аймагында өндүрүлгөн жерлерден келет экен. Биздикилер ушул маалыматка муюп келүүдө. 1976-жылы Түндүк Сохтон алынган газдын жылдык көрсөткүчү орто эсеп менен 6,5 млрд куб метрге жеткен. Анан кантип өзбектердин “Биз бул жерге башка жактан келген газды сактап, кыш мезгили келгенде сатабыз” деп айтканына ишенесиң? Бул газ сактоочу жайга камалган газ бүтүндөй Фергана өрөөнүн газ менен камсыз кылат. Өзбек тарап эмнеге бергиси келбей жатканын ушундан эле билсе болот. Кыргызстан үчүн жылына орто эсеп менен 200 млн куб метр газ керектелет дейли. Андай болсо Түндүк Сох менен эле өзүбүздүн элди көгүлтүр от менен камсыз кылса болот экен. Бирок, “Жеген ооз уялат” болуп, биздикилер ала допу достордун сунганын сугунуп коюп, ток этер сөздү айта алышпай жатпайбы. Бабановдун “Түштүктү өзүбүздүн газ менен камсыз кылабыз” деген программасы Түндүк Сохту өзүбүздүн менчикке өткөргөндөн соң ишке ашчудай. Курулай убада берип элди алдабастан, ушул маселенин үстүндө иш алып барганда, Өкмөт башчы программасын иш жүзүнө ашырганга жол ачмак. Жөн гана “Асманда мынча турнам бар” деген сөздү айта бербестен. 
 
Баткен өзүнчө облус аталып, ага алгачкы губернатор болуп Айбалаев дайындалбады беле. Ошондогу Айбалаевдин жасаган ишин, саясий эрктүүлүгүн андан кийинки губернаторлордун бири да жасай элек. Баткенде Өзбекстандын Сох анклавы бар. Ушул жерден өзбектер нары-бери өткөн кыргыздарды текшере берип жүдөткөнү жүдөткөн. Губернатор облустун аймагына тиешелүү болгон жерден газ менен нефтини иштетип жаткан өзбектерди өткөрмө кагаз менен өтө турган кылып, өтмө кагазы жокторун өткөрбөй коюп, Өзбекстанды биздин казынага түшчү 9 млрд сомго жакын салыкты төлөтүүгө аргасыз кылган. Өзбектер карызын техника менен жабууга аргасыз болуп калганда, өкмөттөгүлөр “Эки элдин ортосундагы ынтымакка доо кетирбей эле койгулачы” деп, Айбалаевдин жасап жаткан иштерин токтотуп койгон деген сөздөрдү угуп жүрбөйбүзбү.  Ошол кездеги Ташкентке кылтыңдап турган кыргыз өкмөтүн Амангелди Муралиев башкарып турган болчу. Бул окуяны жакшы билген адамдар Акаевдин айтканы менен Муралиев Айбалаевди өзү токтоткон деген сөздөрдү айткан жайы да бар. Анткен менен 2000-жылы Амангелди Муралиев  “Түндүк Сохтогу газ сактоочу жай “Кыргызнефтегаздын” балансына өтсүн” деген токтомду чыгарат. Эгер Айбалаевди Өкмөт башчысы өзү токтоткон болсо, чыгарган токтому жөн гана көзгө басчу документ болгонбу? Амангелди мырзанын Өкмөтү токуган токтомго 12 жыл болсо, андан бери ал Баткенге жете элек. Тагыраагы аткарылбай ара жолдо калган. Бул маселе тууралуу Муралиев ала допучан туугандарына тарттыбы же жокпу, пикирин учуру келгенде билебиз.
 
Өкмөт башчысы болуп келген кыйындар Түндүк Сох тууралуу ар кимиси ар кандай токтом кабыл алганы менен, анысынан эч кандай натыйжа чыга элек. 2009-жылы И. Чудинов аталган жерди өткөзүп алуу иштерин тездетүү үчүн, кендерди андан ары иштетип, инвестиция тартуу иштерин  “Амин” ЖЧКсына тапшырат. Аталган ЖЧК жарытылуу иш алып бара албай, лицензиясы кайра чакыртылып алынган. “Аминди” мурунку бийликте чоң ролду ойногон адам “калкалап” турган деген маалыматтар да айтылган. Мындан кийин “Кыргызфере” ЖЧКсы ишти алып бармай болуп, ал дагы алсыз болуп чыгат. Өткөн жылы “Главнефтегаз” ЖАКсы Түндүк Сохтогу газ менен нефтини иштетүүгө лицензия алат. Бирок, алар да өзбектерден аталган участокту өткөрүп алыша элек. “Өзүбүздүн аймагыбызда жайгашса эмне үчүн өткөзүп алалбайт?” деген суроо туулса керек. Өзбектер ал жерди талаш, биздин аймагыбыз болуп калат деген ойдо турат. Ал тургай Сох анклавына кирбей, өзүбүздүн аймагыбыз менен Баткенге барчу жаңы салынып жаткан жолду “Биздин жерге салып жатышат” деген сөздөрдү чыгарышууда. Газ менен нефти чыкчу жерден Сох анклавына коридор сурап жатканын уккан жергиликтүү эл “Эгер бүгүнкү бийлик ошол жерден коридор бере турган болсо, ошол коридор аркылуу өздөрүн Өзбекстанга жеткизебиз” деп турат. Анткени, коридор берилди дегиче эле Баткен, Лейлек райондору анклавга айланат да, байланыш үзүлөт. Жаңы салынып жаткан кара жол өзбектердин карамагында болуп калат. Эмне үчүн кен чыкчу жерден, башка жерден сураган жок? Өзбекстан чек арасын адам тургай шайтан өтө алгыс кылып казып таштаган эмес беле. Так ошол кен чыкчу жер менен чектешкен жерлерин казган эмес. Жанындагы айылдар толук казылып салынган. Өзбектердин көздөгөнү Түндүк Сохту өзүлөрүнө өткөрүп алуу. Бир кезде Атамбаев "Назарбаевге чөгөлөсөм да, Каркыраны кайтарып алам" деп айткан эле. Кеткен жерди кайтарып алууга чөгөлөбөй эле жакын арада кете турган болуп жаткан Түндүк Сохту сактап калса эрдик жасаар эле.
 
Өткөн жылы лицензия алган “Главнефтегаз” участоктогу объектилерди өткөрүп алууга барганда өзбек тарап ызы-чуу салып, биздин аткаминерлерге чейин чыгып бир топ болот. Баткен облусунун губернатору Жеңиш Раззаков ОИИБ начальниги менен түнкү саат ондордо барып “Главнефтегаздын” балдарына “Силердин кандай акыңар бар өзбектерди чыгарганга? Лицензияң мени кызыктырбайт” деген сөздөрдү айтканын ошол жерде болгондор айтып жүрөт.
 
Ал эми өзбектер болсо “Биз бир жарым жылдын салыгын берип коюптурбуз, дагы бир жарым жыл бул жерди иштетишибиз керек” деген сөздү айтканы кызык. 20 жылдан бери “Узтрансгаз”, “Андижаннефть” мамлекеттин казынасына бир да тыйын салык төлөбөсө, кимдин чөнтөгүнө бир жарым жылдын салыгын алдын ала төлөп койду экен? Мурунку бийликтегилерге берди дейли десек, андан кийин Роза Отунбаева, Өмүрбек Бабанов ошол жерге барып, көйгөй менен таанышып келишпедиби. Өткөн жылы жергиликтүү эл иштеп жаткан өзбектерди участоктон кууп да чыгышкан экен. Ошондон бери Түндүк Сохто газ менен нефть өндүрүү токтогон. Өзбекстан ошол айыл өкмөттүн өзүнө эле 650 миң доллар карыз. Анда кандай салык төлөп жатты экен? Акаевдин тушунда Өзбекстандын Риштон тарабынан тиешелүү адамдар чоңдордун оозун майлаганы тиешелүү “доляны” алып чыкчу деген сөздөр жөн жеринен айтылбаса керек. Азыр Түндүк Сохто өзбектер 10 кишиден турган топту кароол кылып коюп, аларды 2 суткада алмаштырып турат экен. Кароолдору биздин чек арадан тизме аркылуу өтөт. Нефти скважиналарына көз салгандардын тизмеси чек арачыларга Андижандан берилип, биздикилер мөөрүн басат. Биздин чек ара аркылуу кирип жатканына карабастан өзбектер участок талаш жерде дегенди бекем карманат. Буга газ сактоочу жайдын начальниги Абдувагап Алагушаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө дагы бир жолу ынандым. Абдувагап “Мен бул жерде 10 жылдан бери иштейм. Газ азгына бар болчу. Аны иштетпесе жок болот. Бул жер Кыргызстанга карабайт. Талаш жер. Мен сизге эч нерсе айта албайм. “Узтрансгазга” кат жолдосоңуз, ошол жактан жооп берет” деген сөздү айтып жатпайбы.
Макул, өзбек тарап азыр эч нерсени айтпайт экен. Биздикилер алардан неге талап кылбайт? Ушул жылдын 8-июнунда кароолчуларга “Участка кылдын үстүндө турат. Бул жагын өзүңөр жакшы билесиздер. Бириң аралашып калсаңар жаман абал болот” деген кат келип түшкөн. Өзбектер кен чыккан жерден кол жууп калаарын эмитеден сезип, мындай катты жазып жатса, биздин бийлик  кол куушуруп олтурганына жол болсун. Сак болгула деген тапшырманы алган өзбек кароолчулары “Өзбек ватанинде” жүргөндөй болуп, көк чай ичип эч нерсе билбеген адамдай болуп жүрүшөт.
 
Алар эмес бул жактан барган киши да кудум Анжиянда жүргөндөй эле болот. Коопсуздук эрежелеринен тартып, макалдарына чейин өзбек тилинде бадырайта жазып илип алышкан.
 
Кенди алып кеткени аз келгенсип, өзбек тарап эч нерсеге жооп бербейт экен. Мындан 3 жыл мурун 2 кыргыз баласы нефти сакталчу цистернанын ичине түшүп кетип каза болгон фактысы катталган. Буга эч ким жооп бере элек. Ал тургай мындай маалыматты ишенген мыктычыкмаларыбыз укпаптыр. Муну ошол цистерналарга жооп берген өзбек кароолу айтып жатпайбы. Балдар техникалык эрежелер так сакталбагандыктан цистернага түшүп кеткен. Жергиликтүү элдин маалыматы боюнча мындай окуя эки жолу кайталанган. Түндүк Сохтогу өзбектер биздин бийлик үчүн кыйышкыс ыйык окшойт. Адам өмүрү кыйылып жатса да кыңк дебестен айтканын аткарып жатканына караганда.
 
2011-жылдын 13-майында Жогорку Кеңеш Түндүк Сохтогу газ сакталуучу жай менен газ, нефти чыкчу жерди кайтарып алуу тууралуу токтом кабыл алган. Анда аталган объектилерди кайтарып алуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүнү, Өзбекстан бизге канча зыян алып келсе, ошону төлөтүүнү, газ менен нефтини өндүрүүнү, газ сактоону токтотууну Өкмөткө тапшырган. Андан бери бир жыл убакыт өтсө дагы эч кандай өзгөрүү болгон жок. Бечел бийликтин айынан Бүргөндүнүн багы жакынкы күндөрү ачылбайт окшойт. Бийликтин бул жүрүшү өзбек тарап сураган коридорду берүүгө деле алып барышы толук мүмкүн. Андан кийинкиси кандай болоору белгилүү да.
 
“Багы ачылбаган Бүргөндү”  боюнча журналисттик иликтөөнүн бул болгону алгачкысы гана. Кийинкисинде Өзбекстан душманындай көрүп, телевидениесинен ар кандай маалыматты тараткан Алчыбай Төралиевдин, “Өзбектерди кууганган сенин кандай акың бар?” деп айткан Баткендин губернатору Жеңиш Раззаковдун, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдун аткарылышына көзөмөл салган мурунку отун-энергетика комплекси, жер казынасын иштетүү комитетинин башчысы болгон Азамат Арапбаевдин Өкмөттүн иш аракетине берген баасы, өзбек кароолчулардын айткандары менен уламакчыбыз.
 
Наралы Асанбаев,
"Жаңы Ордонун" журналисти