Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1863

 
Убактылуу өкмөттүн чыныгы жүзү көрүндү
 
Өткөн жылдын июнь айындагы каргашалуу окуялардын келип чыгуу себептерин жана ага байланышкан нерселерди иликтөөлөр аягына чыгып, парламенттик талкууда эл кызыккан көп жагдайлар калкып чыкты. Дээрлик бардык иликтөөлөр көрсөткөндөй, бул окуялардын келип чыгышына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү түздөн-түз себептүү. Эгер алар мурдунун учунан бир аз алысыраакты көрө билишкенде, өч алуу сыяктуу көр пенделик сапаттардан өйдө боло алышканда 7-апрелдеги жана май, июнь айындагы кан төгүүлөр келип чыкмак эмес.
 
А муну эч бир иликтөөсүз эле Жалал-Абад областынын эли жакшы билишет жана аларга кайсы бир нерсени далилдеп отуруштун кереги жок. Себеби, аларга Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ким экенин, кандай адамдар экенин төгүлгөн кан, күйгөн үйлөр, таланып-тонолгон менчик, аялдар менен жаш балдардын талаалап аккан көз жашы, тирүүлөй өрттөлгөн бейкүнөө адамдар, үй-жайын таштап качкан качкындар жана башка ушуга окшогон каргашалар далил болуп турат.
 
Элге жек көрүндү болгон Убактылуу өкмөт мүчөлөрү парламенттик трибунадан туруп алып, “июнь коогалаңын алеки саатта эле басып койгонго үлгүрдүк, элге өз убагында жардам бердик”,- деп, өздөрүнүн «каармандыктарын» айткандан тартынышпады. Көрсө, анык баатырлар турбайбы? Биз аны билбей калган турбайбызбы, атаны көрү десе…  
 
Кала берсе Роза Отунбаева да башкалар чай ичип отурганда күнү-түнү чуркап жүрүшкөнүн элге-журтка догурунуп алды. Убактылуу өкмөттү, эл тагдырын мойнуна арткан киши, кийин айкөл элибиздин колдоосу менен президент болуп шайланган киши антип айтпайт. Чай ичип отурса, окуядан алыс тараптагылар чай ичип отурушкандыр, түштүк эли, түштүктөгү жарандар кан жутуп отурушту. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чуркоого, кам көрүүгө, сактап калууга милдеттүү болушкан, тилекке каршы, алар милдеттерин оңдуу аткара алышкан жок. Бир үй-бүлөнүн диктатурасы деген сөздүн артына жашырган өздөрүнүн чыныгы жүзүн май, июнь айларында анык көрсөтүп алышты.
 
 
Кимдин сепаратисттери? Өзбектинби же Убактылуу өкмөттүнбү?
 
Парламенттик талкуу июнь коогалаңынын чыгып кетишине өзбек сепаратисттери күнөөлүү болушканын тастыктады. Түштүктө сепараттык күчтөр бар экени, алар маалымат майданында, саясий структураларда, коомдук-саясий турмушта улам күчтөнүп баратканы тууралуу мурда маалымдалып келген. Бирок, ага кулак салган бийлик да, бийликтин оппоненти да болгон эмес.
 
Мисалы, ошол эле Кадыржан Батыров ар качан бийликтердин өнөгү болуп келген. Экс-президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына 2004-жылы Жалал-Абад шаарынан аттанмак болгондо акаевдик режимдин куйруктары дал ошол азыркы сепаратист Кадыржан Батыровду өздөрүнө өнөк кылышып, ага ар тараптуу шарттарды түзүп берген. Натыйжада, К.Бакиев башка округдан талапкер катары көрсөтүлгөн.
 
Кыргыз бийликтери бир дагы кыргыз жигитин Кадыржан Батыровду эркелеткендей эркелетпеди, бир дагы кыргыз жаранынын аны сыйлагандай сыйлашкан жок. Кадыржан Батыровго бийлик Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорундагы мурдагы «Айылчарбатехника» өндүрүштүк бирикмелеринин бүтүндөй базасын жери менен баланстык нарктан кыйла арзан баада сатып жиберишкен. Ушундай эле жол менен «Айылчарбахимия» өндүрүштүк бирикмелерин да сатып алган. Жалал-Абад шаарында эң ири курулуш мекемелери килтейген аянттары менен ага сатылган.
 
Ал эмнени кааласа эле жергиликтүү бийликтер аткарып турушкан. Эмне себептен? Себеби, ал бийликтин эки тизгин, бир чылбырын кармап тургандардын колуна ири өлчөмдө пара берип турган, биздин бийли Кыргыз Республикасынын эгемендигин Жалал-Абадда капкачан эле Кадыржан Батыровго сатып жиберишкен.
 
Кадыржан Батыров өзүнүн ким экенин 2005-жылдын 27-майында анык көрсөттү. Ушул күнү Кыргызстанда бийликке каршы чоң-чоң митингдердин болушу пландалган эле. Ал эми Кадыржан Батыров өзүнүн эң жакын колдоочулары менен өзбек улутундагы жарандарга чакыруу кат жазып, ушул күнү боло турган митинге келүүнү суранган. Чакыруу барагынын башында «Урматтуу улутташ!» деп өзбекче жазылган болчу. Тексттин мазмунунда өзбек эли өзүнүн улуттук тилине болгон укугун ишке ашыруусу керектигин, ошону үчүн өзбек тилине расмий макам берүүнү колдоо зарылдыгы айтылган.
 
Ошол күнү Жалал-Абад шаарынын борборуна өзбек улутундагы көп эл жыйылып келди, ага каршы кыргыз улутундагылар чогулушту. Жергиликтүү, акыл-эстүү жарандардын активдүү аракети менен гана ошол күнү кан төгүлбөй калган. Бирок, ушундай аракеттен кийин да бийлик Кадыржан Батыровго каршы мыйзамдуу аракеттерди жасаган эмес. Токочтуу бала сүйгүнчүк экен да.
 
Кийин Кадыржан Батыров парламентте депутат катары өзбек тилине расмий статус берүүнү көтөрүп чыккан, бирок анысы ишке ашпай калган. Ошентип, ал өзүнүн мүдөөсүн ишке ашыруунун убактысын күтүп отурду. Анын чырагына майды 2010-жылдын 7-апрели тамызды. Ошону үчүн ал 8-апрель күнү эле Жалал-Абаддын борбордук аянтына автоматчандар менен чыгып барды. Эч кимден жазганбады, чоочубады, себеби өзү маектеринде айтып келаткандай, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү аны колдоп турушкан.
 
Ошентип, Кадыржан Батыров - кыргыз бийликтеринин креатурасы. Бир кезде Пакистан чалгындоо кызматы «Талибан» кыймылын пайда кылгандай эле, аны кыргыз бийлиги пайда кылды, өз мүдөөлөрүнө колдонушту, акыркы иреттеги колдонуу – массалык кыргынга алып келди. Эми анын кечээги кыргыз шериктери – айрым белгилүү саясатчылар “аны менен биздин эч кандай жалпылыгыбыз жок” деп жанын жеп жатышат.
 
 
Кадыржан Батыров менен «Ата-Мекендин» кандай жалпылыгы бар?
 
Кадыржан Батыровду чет жакка кыргыз бийлиги чыгарып жибергени да анык болду. Муну жалабаддыктар мурун эле билишкен. Бирок, бийлик муну эми ачык моюнга алды. Ошол жалалабаддыктар жакшы билген белгилүү саясатчы, Убактылуу өкмөт мүчөсү өз маалында аны чыгарып жибербегенде, ал колго түшмөк, көп нерселердин бети ачылмак. Эч качан сырды ачпоо убадасы менен ал бийликтин жардамында сыртка чыгып кетти.
 
Өткөн жылы 13-майда “бакиевчилер” Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын имаратын басып алышкан. Эртеси күнү – 14-майда экс-президентти жек көргөн «Ата-Мекен» партиясынын адамдары жана Каждыржан Батыровдун куралчан командасы анын менчик университетинин жанында жолугушуп, шаар борборун карай жөнөшкөн. Кагылыш болду, киши өлдү, бирок бийлик кайра алынды. Бирок, экс-президенттин «достору» ошону менен токтоп калышкан жок, алар Тейит айылына барышып, кыргыздын ыйык боз үйүн, мамлекеттик символу – желекти өрттөшкөн.
 
«Ата-Мекен» партиясы менен Кадыржан Батыровдун мындай тандеми жалалабаддыктарды таң калтырган жана нааразылыгын пайда кылган. Деген менен, Кадыржан Батыровдун азыркы кезде камаккта отурган эң жакын айрым адамдары бир кезде «Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү болуп тургандыгы тууралуу да анык маалыматтар бар.
 
 
Убактылуу өкмөт Кадыржан Батыровду кыргыздардан сактап калдыбы?
 
Жалалабаддыктардын Кадыржан Батыровду кармоо жана камоо, мыйзамдуу жазага тартуу тууралуу талаптары бийлик тарабынан аткарылган жок. Ошон үчүн да 19-май күнү жаалданган сүрмө топ Батыровдун университетине чабуул жасаган, ал жерде кыргыздар менен кошо өзбектер да болгон. Себеби, мурдагы «Ак жол» партиясынын өзбек улуттук канаты Кадыржан Батыровдун улутчул аракеттерине түп-тамырынан каршы кишилерден түзүлгөн эле.
 
Ошол 19-майдан кийин да бийлик Кадыржан Батыровду камаган жок. Талаптар боло берди, бийлик ага маани бербеди, акыры июнь окуялары чыгып кетти. Эгерде бийлик Кадыржанды өз убагында камаганда, июнь окуялары чыкпай калышы мүмкүн эле. Эгер Оштон от чыгып кеткенде да, ал Жалал-Абадда ири масштабда улантылбай калат эле. Мисалы, эң опурталдуу деген Өзгөндө абал тынч бойдон калды.
 
Эми суроо пайда болот: бийлик атайылап кайсы бир максатта элдин кыжырдануусун пайда кылдыбы же чындап эле Кадыржан Батыров алардын ушунчалык жакын өз кишисиби беле? Же Кадыржан Батыровдун акыл-эсине ишенип, аны менен чогуу аракеттенишсе, ал өзүнүн акылсыздыгы менен Убактылуу өкмөттүн планын бузуп койдубу?
 
 
Мактанчаактар жана чыныгы баатыр
 
Азыр эми айрым Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өздөрүн ошол кездин баатыры катары көрсөтүүгө аракет жасап жатышат. Ырас, этникалык кагылышта эч ким баатыр болбойт, Кудай андай баатырлыктан алыс кылсын. Бирок, эки элди тынчытуу, акыл-эске чакыруу, дипломатиялык чеберчилик көрсөтүү менен жүздөгөн, а мүмкүн миңдеген өмүрлөрдү алып калгандар болду. Мисалы, Камчыбек Ташиев.
 
Эгер ал 13-14-май күндөрү чындап аракет кылбаса, лидерлик сапаттарын көрсөтпөсө, ок менен отту кечип, өмүрүн тобокелге салбаса, чыныгы эркектик, баатырлык сапаттарын ашкере алып чыкпаса, өзбек менен менен кыргыз кырылышып жатып калмак. Ошол күнү 7-8 миңден ашуун кылкылдаган кыргыз жаштары Сузакка кирип бара турган болду, ошондо өзбектин лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз жаштарын артка кайтууга үндөп, эл тарыхында үлкөн ишке жарады. Ошондо кыргыз жаштарынын алдына бир бийлик өкүлү же башкасы келип койгон жок.
Эми азыр бул тууралуу эч кимдин айткысы келбейт. Алыстан байкагандар, банктагы ячейкаларды, ким-бирөөлөрдүн акчаларын тоногондор, Кадыржан Батыровго ушул кезге чейин жан тартып келаткандар, жеке кызыкчылыктан, бийлик менен байлыктан башканы ойлобогондор чыныгы элдик баатырларды улутчул деп жарлык тагышат. Эки элди сактап калгандар кантип улутчул болсун?  
 
Мына ошол окуяларга да бир жыл болуп калыптыр. Эми ар кимиси тигил күнөөлүү, бул күнөөлүү деп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүн апакай көрсөткүлөрү келишет. Тим элеби, алардын элесин биз орустардын иконасындай тартып алып, ыйык периштерлер катары аларга сыйынып турушубуз керектей. Мүмкүн намазды да кыбылага эмес, алар тарапка карап окушубуз зарылдыр?
 
Июнь окуяларына, Кадыржан Батыров сыяктуу сепаратисттердин кылганына, баарына тыптынч Кыргызстанды ушул абалга кириптер кылгандар күнөөлүү. Алар, албетте, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү.
 
Парламентте туруп Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү “жаңы система түздүк, бийликти унчукпай берип койдук” дейт. Жок, алар бийликти берип коюшкан жок, алардын колунан бийликти адилет, калыс эл алып койду. Мындан кийин да аларга бийликти карматышпайт. Алдыдагы президенттик шайлоодо эл чыныгы ак сөзүн айтат, элди алдаган төбөлдөр төрдөн түшүп, улагада калышат. 
 
Жалил САПАРОВ, Жалал-Абад шаары
Булак: “Майдан.kg” гезити, №21, 9-июнь, 2011-жыл.